presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Окшошуп турат го

Монголияда момундар жашабайт

Тарыхта айтылуу Чыңгызхан менен таанылган Монголия мамлекети көп жагынан Кыргызстанга окшош. Бул өлкө да тоолуу келгендиктен, экономикасы айыл чарбасынан көз каранды. Монголдордун басымдуу бөлүгү кыргыздарга окшоп мал киндиктүү келишет. 1924-жылы Кыргыз автономиялуу республикасы түзүлсө, ушул жылы 26-ноябрда Монголия республика болуп таанылган.


Каржы каатчылыгы кажыган жылдар
Калкынын басымдуу бөлүгү шаарда жашаса да Монголиянын экономикасы айыл чарбасына, кен байлыктарына байланыштуу. Жез, көмүр, молибден, вольфрам, алтын казып алуу өнөр жай өндүрүшүнүн негизги бөлүгүн ээлейт. 1924-жылдан 1991-жылга чейин Монголия СССРден ири финансылык жардамдарды алып келген. Кээ бир жылдары мындай жардамдар Монголиянын ИДПсынын үчтөн бир бөлүгүнө чейин жетип турган. 1990-жылдардан тарта өлкө экономикасы кыйла начарлап кетет. 2001-2002-жылдардагы жайкы, кышкы кургакчылык айыл чарбасына өтө терс таасирин тийгизген. Бирок башка киреше булактарынын жардамы аркасында өлкө ИДПсынын өсүшү токтогон эмес. 2008-жылга чейин Монголияда базарлардагы товарлардын баасынын төмөндөөсүнүн натыйжасында инфляция болуп көрбөгөндөй асмандаган. Дүйнөлүк кризис өлкөдө көптөгөн өндүрүштүк тармактарды токтотуп, сырттан келүүчү инвестициялардын агымы азаят. Климатынын катаалдыгынан республикада (Монголияда кышкысын суук катуу болуп, жайкысын күн ысык болот) айдоо аянттарын кеңейтүү мүмкүн эмес. Алардын 80 пайызы жайыт катары пайдаланылат. Ошол себептен айыл жерлериндеги монголдордун көбү кой, эчки, уй, ат, төө багышат. Дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен жан башына тийген малдын көптүгү боюнча Монголия биринчи орунда турат.
Жумушсуздук бир гана пайыз
Кыргыздардай эле монголдор картошка, арпа, буудай, дарбыз, помидор көп айдашат. Өлкө ИДПсы жылына 10 млрд. долларга жакын болсо, киши башына 3200 доллардан айланат. 2008-жылы жумушсуздук 2,8 пайыз болсо, 2010-жылы 1 гана пайызды түзүп калган. Монголия экспортко жез, тирүү мал, тыбыт, жүн, тери, көмүр, арпа, буудай чыгарат. Экспорттун жылдык көлөмү мындан эки жыл мурун 2,5 млрд. долларды түзсө, быйылкы жылы 4 млрд. долларга жакындаган. Монголиянын экспорттук товарларынын 76 пайызын Кытай, 9 пайызын Канада, 3 пайызын Россия сатып алат. Монголияга сырттан күйүүчү май, жеңил автоунаалар, өнөр жайга керектүү жабдыктар, жер семирткич, химикаттар, курулуш материалдары, кумшекер, чай киргизилет. Кыскасы, жылына 3,6 млрд. долларлык импорттук товарлар пайдаланылат. Монголия керектүү товарларды Россия, Кытай, Япониядан алат. Өлкө 1997-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө. Бүгүнкү күндө мамлекеттин 2 млрд. долларга жакын тышкы карызы бар.
Монгол боз үйү
Кыргыздардай эле боз үй монголдордо улуттук өзгөчөлүктүн негизги бөлүгү болуп эсептелет. Тоо-талааларда көчүп-конуп жүргөндүктөн, айыл жерлериндеги монголдордо меймандостук биринчи орунда.
Жетимиш эмес, жети эле ЖОЖ бар
Өлкө элинин басымдуу бөлүгү мал менен алек болуп көчүп-конуу көп болгондуктан, 1990-жылдарга чейин сабатсыз балдар көп болгон. Муну эске алган өлкө жетекчилиги көчмөн эл үчүн мезгилдүү мектеп-интернаттарды көбөйтөт. Бул жакшы натыйжа берип, 2003-жылы сабатсыздык эки пайызды түзгөн. 2008-жылга чейин 6 жаштан 18 жашка чейинкилер он жылдык билим алууга милдеттүү болсо, 2008-2009-жылдар үчүн 12 жылдык милдеттүү билим алуу киргизилген. Учурда өлкөдө жети ири университет бар. Анын ичинен биринчи түптөлгөн, ири мамлекеттик университет мамлекет борбору Улан-Батордо жайгашкан. 2006-жылы бул университетте 12 миңге жакын студент окуган.
Чын эле дени сак улут
Акыркы жылдары Монголияда саламаттык сактоо тармагы кыйла жакшырган. Өлкөдө балдардын өлүмү 4,3 пайызды түзсө, монгол аялдарынын орточо жаш узактыгы 70 жаш. Эркетердики 65 жаш. Саламаттык сактоо тармагы өзүнө жыйырмага жакын адистештирилген оорукананы, төрт регионалдык диагностикалык-дарылоочу борборду, 9 райондук оорукананы, 21 аймактык, 323 айылдык оорукананы өзүнө камтыйт. Мындан сырткары, 536 жеке-менчик клиникалар иштейт. Учурда 10 000 адамга 90 дарылануу койкасы туура келет.
Сөз эркиндиги биздегидей эле
90-жылдардагы демократиялык реформаларга чейин Монголия өкмөтү ММКлар үстүнөн катуу көзөмөл кылып келген. 1999-жылдары гана мамлекеттик гезиттер менчиктештириле баштайт. 1990-жылы гезиттердин жалпы нускасы 134,1 млн. болсо, 2003-жылы 18,5 миллионго чейин кыскарган. Бүгүнкү күндө өлкөдө күн сайын чыгуучу гезит жок. Алты улуттук, 500 эркин гезит бар. 1934-жыл түзүлгөн малекеттик Mongolradio радиокомпаниясы жана Mongolteleviz телекоманиясы бар. Радиокомпанияда үч: экөө монголчо, бирөө казакча каналдар уктурулат. Телекомпания эки каналды өзүнө камтыйт. Бирок, калктын үчтөн бир бөлүгү мамлекеттик каналдарды көрө алышпайт. Булардан сырткары республика ичинде 30га жакын жеке радио, телестанциялар элге кызмат көрсөтүшөт.
Армиябыз да окшош го, ыя
Монголиянын куралдуу күчтөрүндө 8,6 миң жаран кызмат кылат. Жылыга атайын чакыруулар менен аскердик толуктоолор жүргүзүлүп турат. Кызмат өтөө мөөнөтү 12 ай. Аскерге 18 жаштан 25 жашка чейинкилер алынат. Мобилизациялык ресурс жылына 819 миң адамды түзсө, анын 530 миңи аскердик кызматка жарактуу. Акыркы эки жылда Монголиянын армиясында бир катар реформалар жүргүзүлүп, ички аскердик-техникалык база толугу менен жаңыртылган. Бул жагынан америкалык адистер жакшы жардамдарды берип келишет. 2002-жылдан бери Монголия ар кандай тынчтыкты калыбына келтирүү иштерине катышып келатат. Буга чейин беш миңге жакын монгол аскери ар кандай эл аралык согуштук операцияларга катышкан.
Миң тарам жол
Монголияда автомобиль, суу, темир жол жана аба транспорттору жакшы өнүккөн. Селенга, Орхон дарыялары, Хубсугул көлү кеме сүзүүгө ылайыктуу. Чойбалсан-Борзя темир жолу өлкөнү Россия менен байланыштырса, Трансмонгол темир жолу Кытай менен байланыштырат. Өлкөнүн автожолдорунун көбү шагыл төшөлгөн жолдор. Улан-Батордон орус-монгол чегарасын карай кеткен жолдор гана асфальтталган. Өлкөдө бир нече ички аэропорттор жана эл аралык Чыңгыз Хан аэропорту бар. Аэропорт аркылуу Монголиядан Түштүк Корея, Кытай, Япония, Германияга аба каттамдары ачылган. Монголия - Казакстандан кийинки территориясы чоң, эч бир океан менен байланышы жок экинчи мамлекет. Ошентсе да Монголия өз желегинин астындагы кемелерди көбөйтө баштаган. Мунун аркасында өлкө казынасына 2003-жылы 20 000 доллар киреше түшкөн.
Элди бөлгөн эки партия
2006-жылы Монголияда министрлер кабинетиндеги пикир келишпестиктер менен коштолгон ички саясый кризис башталат. Элдик-революциялык партиясы (ЭРП) (мурдагы коммунисттик партия) коалициялык өкмөттөн чыгаарын билдирип, 12-январда Улан-Батордо массалык башаламандыктар болгон. Ошогездеги премьер-министр Цахиагийн Элбэгдождун бир жарым миңдей жактоочулары (Демократиялык партиянын мүчөлөрү) ЭРПнын чечимине каршы акциясы менен борбордук аянтка чыгышкан. 300 полиция кызматкеринин каршылыгына карабай демократиячылдар ЭРП штабын талкалап кирип, төрт-беш саат имаратка ээлик кылышат. Мындай кадам 2004-жылы эптеп бир келишимге келген өлкөнүн эки ири саясый күчтөрүнүн ортосундагы чыр-чатакты ырбаткан. 13-январда парламент эки партиянын өкүлдөрүнөн турган коалициялык өкмөттүн отставкага кетишине добуш берет. 2008-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо ЭРП көп добушка ээ болуп, 76 депутаттык мандаттын 46сын алат. Ошого карабай ЭРП өкмөттүк портфелдин 60 пайызын алып, 40 пайызын демократиялык партияга берип коалициялык өкмөттү түзөт. Буга ыраазы болбогон демократиялык партия жана башка оппозициячыл партиялар шайлоо бурмалоо менен өткөндүгүн бетке кармап митинг уюштурушат. Натыйжада Улан-Батордо башаламандык күчөп, үйлөр, имараттар өрттөлүп, шаарда талап-тоноо өкүм сүрөт. Жаңы бийлик менен оппозициянын ортосундагы кагылышуудан 5 адам өлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алышат. Кийин көп адамдар камалган. 2009-жылдын 18-июнунда оппозиция лидери Цахиагийн Элбэгдож президенттик тактыга отурган.
Жакшылыгы бизге жугар бекен?
Экономика аналитиктеринин айтымында, жакынкы он жылдыкта Монголия эң бат өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. 2010-жылы өлкөдө жан башына эсептелген ИДП үч эсе өскөн. Монголия экономисттеринин айтымында, быйыл өлкө бюджетин 240 млн. долларга жеткирүү пландашылган. Мындан сырткары, быйыл монголдордун байыркы Цаган сар майрамына карата ар бир жаранга 150 доллардан дивиденд төлөө башталган. Бул сумма 2013-жылга чейин 1000 долларга өсөт дешет монгол чиновниктери. Бүгүнкү күндө Монголияда орточо айлык 270 доллар. Жашоо-турмуштун жакшырышынан улам акыркы эки-үч жылда Кытай, Россияда жашаган монголдордун мекенине кайтып келүүсү күчөгөн. 2010-жыл өкмөт тарабынан бизнес-чөйрөнү реформалоо жылы деп жарыяланып, бул боюнча алгылыктуу иштер жасала баштады.
Кылымдар бою кытайлар басмырлап, кечээ эле бизчилеп эки жаат болуп кырылышкан монголдордо акыбал ушундай, замандаш. Балким, бизге да экономика тууралуу ойлонууга мезгил жеткендир.
Мелис Совет уулу







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«