presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Талас эли намыскөй болчу эле

"Агымга" Айгүл Саматова деген кыз келип, Таластагы Шекер айылындагы Чыңгыз Айтматов туулуп өскөн үйдү мастар ээлеп алганын, үй таштандыга айланып калганына чырылдап, намыстанганын айтып кетти. Мүмкүн шекерликтер окуса уялып, кыргыздын атын алыска чыгарган залкар жазуучунун үйүн корукка алаар деген үмүттөбүз. Анда Айгүлдүн кебине көңүл бурсаңыз, окурман!

Айтматовдун армандуу үйү
- Талас облусундагы Ч.Айтматовдун туулуп-өскөн Шекер айылына коңшу Аманбаев айылынан болом. Ч.Айтматовдун Шекер айылындагы жашаган жери "Эски мектеп" деп аталат. 1987-88-жылдары Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата Шекер айылындагы анын жашаган жерине жазган чыгармаларынын каармандарына айкел жасоо үчүн бул жактан скульпторлор барышкан. Ошондо мектепте ашпозчу болуп иштеген апам, дагы башка аялдар менен аларга тамак жасап беришчү. Айылындагы айкелдердин ачылышына Ч.Айтматов өзү келалбай, Ильгиз Айтматов келип, чоң той болгон эле. Андан кийин мектепти аяктап калган кезде бардым. Агезде айкелдердин каралышы эң мыкты эле. Сырттан келген конокторго айылдыктар Ч.Айтматовдун жашаган үйү деп көргөзүп, сыймыктанып кетишчү.
2000-жылдары мектепти бүтүп атканда Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуп, анын жашаган үйүнө барып, каармандарын көрүп келчүбүз. Экскурсия катары мектепте мугалимдер окуучуларды да алып барышчу. Ал биз үчүн музей сыяктуу эле. Окууну бүткөндөн бери өзүмдүн туулуп өскөн Аманбаев айылына барып жүргөнүм менен, Ч.Айтматовдун Шекер айылына барбаганыма он чакты жыл болуп кетиптир.
Мындан эки ай мурун кайын сиңдимди, жездемди, жолдошумду ээрчитип барып, Ч.Айтматовдун жашаган үйүн, "Эски мектебин", ал жердеги чыгармасы боюнча коюлган айкелдерди көргөзөйүн деп барып, ыңгайсыз абалда калдым. Ч.Айтматов жашаган үй деп сыймыктанып көргөзөйүн дегем. Анүстүнө кайын журтум чүйлүк болгондуктан Таластын жерин биринчи жолу көрүшүп, Ч.Айтматовдун үйүн да кошо көрө кетели дешкен эле.
Ал жерге барсак, шекерликтерби же ошол жерди кайтаргандарбы билбейм, айтор, топтошкон мастар Ч.Айтматовдун үйү деп биз таазим кылып барган жерде арак ичип отурушуптур. Ушунчалык каралбай калганын көрүп, ичим ачышты. Ал жерде отурган мастар жаратылышка эс алганы чыккансып арак ичип, тамеки тартып отурушат. Алар менен катар айылдын мас жаштары да эс алышат экен. Ошол жерде ичип отургандар башка жактан келгенибизди билип, "акча төлөбөйсүңөрбү, арак алып бербейсиңерби?" деп ырсалактап тийишип атышты. Мен таластык экенимди айттым. Аларды сүрөткө деле тартып алайын дедим, бирок, маска теңелбе деген сөз бар го, алардын ошол кездеги жүрүм-турумдарынан корктум. Келген коноктор менен урушуп, дагы уят болбоюн деп унчуккан жокмун.
Ал үй айылдын эң четинде ажайып кооз жерде жайгашкан эле. Жанында булак, бир кезде Чыңгыз Айтматов өзү жашаган үй жана чыгармаларындагы башкы каармандарды чагылдырган айкелдер бар болчу. Тегерегинде мөмө бактар, гүлдөр өсүп турчу. Жазуучунун көзүнүн тирүүсүндө ал жер абдан жакшы каралчу дешет. Азыр айкелдердин кээси сынса, бир-эки айкели орду-түбү менен кулап, кээ бири ордуларында да жок. Мен ээрчитип барган коноктор Чыңгыз Айтматовдун туулуп-өскөн жери тарыхый жер, буга чейин көрбөгөн жаңылыкты көрөбүз деген максат менен барышкан.
Ал жерден мурда жакшы аура сезилип турчу, ошондой аурадан энергия алчумун. Азыр тескерисинче, терс энергияга туш болдум. Эгер мен Шекер айылынан болсом, жанагынтип арак ичип отургандарды урушмакмын. Коңшу айылдан болгонум үчүн гана айла жок, кызыл кандуу таластыктар дагы бир нерсе деп жибербесин деп унчукпай калдым.
Үйгө келип ата-энемен эмне үчүн Чыңгыз абанын үйү каралбай калган деп сурасам, билбейбиз дешти. Ч.Айтматовдун көзүнүн тирүүсүндө сыймыктанып, аны үйүнө конокко чакырууга ашыгып, мамиле түзгүсү келген шекерликтер азыр ал үйдү карабай калганына ыза болдум. Дүйнөгө кыргыздын атын чыгарган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үйүн жок дегенде айылдаштары же туугандары карап койсо болмок… Мисалы, дүйнө жүзүндө кыргыз деген калк бар экенин революцияга чейин кээ бир мамлекеттер билбесе керек. Азыр го, революция болуп, кан төгүлгөндөн кийин атыбыз ошол жагынан чыгып кетти. Ал эми мурдатан эле кыргызды билбеген чет элдиктер Чыңгыз Айтматовду билишчү. Эмне үчүн Чыңгыз абанын көз жумганына эки жыл айлана электе эле анын балалык кези өткөн үйүн таландыга калтырып, талкалап салышыбыз керек?...
P.S. Бул тууралуу Роза Айтматова эжеге кайрылганыбызда, ал Шекер айылындагы "Эски мектептин" көйгөйүн, эмне үчүн кароосуз болуп атканын кийинки санда айтып берүүнү убада кылды.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, 38-67-13, nazik@vb.kg




  Таба эмес тобо

Үсөн акенин кейиштүү "керик" жүрүшү
О-уу, качанкы Үсөн Сыдыков... Усубалиев, Масалиев заманынан бери келаткан, салыштырып айтканда, муз доорунан калгансыган саясаттагы кериктердин бири эле. Бу керик түшкүрүң өтө коркунучтуу жаныбар. Терисинин калыңдыгы беш эли. Көзү да анча жакшы көрбөйт. Алдынан пил чыгабы, жин чыгабы, аңдап отурбай эле качырып барып бир тиймейи бар. Олдоксондугу андан. Жарыктык Үсөн акенин акыркы жоругу ошол керикти эске салып турат. Бакиев бийлигинин күнү бүткөнүн, өзү дайыма ачык-жабык жамына калып жалпы журтту үркүтүп туруучу түндүк-түштүк саясый тону азыр жыртылып, жамынганга жарабай калганын аңдаганга үлгүрбөй, качырган бойдон барып тумшугун сындырып алды. Кайран гана кере кулач тумшук ай. Не бир салмагы пилдей саясатчыларды челип ыргыткан тумшук эмес беле. Керик карыган сайын тумшугу да ошончо өсүп, жаш кериктер жакындай албай ыраактап турушат. Үсөн аке ошондой болчу. Жанына киши даап бара алчу эмес. Масалиевди матап, Акаевди айдап жиберген. Курманбекти да хан кылгандардын ана башында өзү турган. Анын К.Бакиевди алдына салып, түштүктү түгөл алып, түндүктү бет алгандагы жүрүшүн кезегинде (Үсөн Сыдыковго "Окей, Опей", "Алас" гезити, 12- октябрь, 2006-ж.) мындай деп жазганым бар:
…Бакырыгы таш жарып,
Бакиевди башчы алып.
Алты жүз катын кошчу алып,
Адегенде Ошту алып.
Айкырып кирип келгенде,
Болбойт деп буга тутулган,
Бозоруп өңү бузулган.
Жерден кармап алат деп,
Желкеми кесип салат деп.
Жетик экен Акаев,
Желмаяндай вертолет
Жетип минип кутулган.
Кармаганынан кан чыгарган Үсөн аке айрыкча кайсы тармак болбосун катуу киришип, К.Бакиевге сөзү өтүп турду. Айрыкча кадр саясатында Үсөн акесиз маселе чечилбей, жердешчилик жетээр чегине жетип, калк арасында К.Бакиев бийлигинин кадырын кетирип жиберген.
…Байке десең балталайт,
Ака десең калкалайт.
Элди бөлүп жатканын,
"Эстүү киши" байкабайт.
Не бир түрдүү иш кылып,
"Неужели" чарчабайт.
Башкаңдын келбейт чамаң


деп,
"Бауман" бүткөн балам деп.
Айланып гана кетейин,
"Аппагы укмуш" караң деп,
Аэропортко чоң кылды.
Араңдан чыкпайт мындай деп,
Атпай журтту кор кылды, - деп жазган элем.
Баарынан дагы өзүнүн уулу Бакытты эл алдында апендинин кызындай мактап туруп кызматка койгону, койгондо да "бул иш силердин колуңардан келбейт" деп көпчүлүктү кемсинте сүйлөп турушу учурунда уу-дуу кептин чыгышына алып келген. Көрсө, Ү.Сыдыковдун майлуу жерлерге бармагын мала баштаган кербези турбайбы.
Үсөн акенин тарыхый табылгасы, ааламдын эч бир элинде кездешпеген ОБОНчу аялдардын тобун түзгөндүгүндө болду окшойт. Ушуну көп айтып жүрөм. Акабыздын бул чыгармачылык идеясы башкалар тарабынан ушунчалык тездик менен кабыл алынып, кызматтан алынабы же депутат шайланбай калабы, же башка нааразычылыктары чыга калабы, айтор, чиновниктердин эң мыкты саясый куралына айланган. Азыр да ошондой. Аларга кала берсе мамлекеттин да күнү түшүп турган учурлар болгон.
Ажылдашып топтошуп,
Агыткан итке окшошуп.
Жулунуп келип турганда,
Жумуртка менен урганда.
Тастаңдап келип турганда,
Таш менен атып урганда.
Айласын эч ким табалбайт,
Алдына адам баралбайт.
Ооздон аккан көбүгү,
Он кило беттер салаңдайт… Астапыралла! Жазып алып өзүм чочуп кеттим. Эл болгондон кийин ушундай аялдар да чыгат турбайбы. Үсөн акеге айла жок экен, айрым аялзатында кездеше калчу ажаандыкты да саясый максаттарына колдонуп жүрдү.
Убагында Үсөн акенин оозунан "тарыхта алтын тамгалар менен калуу керек" деген сөз чыгып кеткендей болгон. Аттиң, калалбады. Калмак да эмес. Кур дегенде мамлекеттин бир тармагына бараандуу из салалбаган акебиздин түбүнө бийликке жетүү үчүн алакандай кыргызды алты бөлгөн арамза саясаты жетти. Мындай чирик саясаттын авторлорунун бири да өзү болчу. Карапайым эл эч качан бөлүнбөстүгүн, элди саясый кызыкчылыктары үчүн бөлүп-жарган, көзүнө бийлик-байлыктан башка көрүнбөгөн айрым саясатчылар боло тургандыгын өтө кеч түшүндү.
Буга түштүктү көтөрө коем деп керик сымал адыраңдап барып, канча жылдан бери өстүрүп келаткан саясый тумшугун сындырып алганда ынанды окшойт. Бөөдө ортодо кан төгүлдү. Бишкектегидей эле аткан окко төшүн тоскон эки азамат шейит кетти. Баатырларча курман болгон алар карапайым адамдардын балдары эле. Бакиевдер, Сыдыковдор кантип байуудан башка элди ойлогон эмес. А эл деген баарын көрүп турат. Кимдин ким экенин да көрүп турат. Ашынып баратканда Акаеви, Бакиеви, Сыдыкову болобу, кези келгенде алып ыргытып жиберет. Түптүү журт качан да болсо өзүнүн келечегин, ынтымагын ойлойт. Бул элдин өзү-өзү сактоо инстинкти. Алакандай кыргыз элинин доорлордун тереңинен бүгүнкү күнгө жетишинин сыры да ушунда. Аны аңдагысы келбеген Үсөн ака өңдүүлөрдүн трагедиясы да ушунда.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел 38-67-73



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«