presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Мишаке мине дейт?

"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө

Төмөндөгү маалыматтар эл оозунан жыйналды, демек, бардыгынын тең аныктыгына кепилдик бере албайбыз. Сергек окурмандар дан менен чарды өздөрү ажыратып алаар деп ойлойбуз.

? Басма сөз кызматы кимдин колунда?
Буга чейин президенттин басма сөзүн Оксана Малеваная сыяктуу жөөттөр башкарып, Ак үйдөн кыргыз тилдүү журналисттер четтетилип келсе, эмки утурумдук өкмөттүн басма сөзүн татар туугандар "менчиктештире" баштады деген имиштер тарады. Муну Алмаз Атамбаевдин аялы татар улутунан болгону менен байланыштырышат. Бул имиштер чын болду бекен деп байкап көрсөк, утурумдук өкмөттүн басма сөзүн Роза Даудова, Фарид Ниязов, Тимур Шаршеналиев деген жердештерибиз тескешет экен. Айрыкча Роза айым ал жердин ханайымына айланып, Максимдин жүргөн-турганын чагылдырып жүргөн балакайларды өз бооруна тартып жатат дешет.

?"Мыйзамдуу" рейдерлер барышат, сак болгула!
Бакиев режими кулатылары менен утурумдук өкмөттүн атына жамынган "мыйзамдуу" рейдерлер ар кайсы кирешелүү ишканаларды басып алышууда деген имиштер тараганына көп болду. Көрсө, алар нотариалдык мекеменин кызматкерин мөөрү менен жанына салып алып, ишкерлердин алы жеткенин сабап, алы жетпегенин камаласың деп коркутуп ишкананы өзүнө өткөртүп, аны мөөр менен тастыктатып коюшат экен. Баса, "БНК" деген май куюучу жайларды убактылуу өкмөттүн атын жамынган күчтөр "бербесеңер өрттөп жиберем" деп өзүнө өткөрүп алса, Шампанвинкомбинаттан да бир чо-оң убактылуу өкмөтчүнүн кулагы көрүнүүдө дешет.

? Мага, мага! Келе акча!
Буга чейин түштүктө болуп жаткан Бакиевди колдоо митингдерине катышкандарга күнүнө 3 миңден 5 миң сомго чейин, анын таламын талашып сүйлөп койгондорго 15 миң сом берилип жатат деген маалымат тараган. Ал эми жакында Сыдыков жана Түлеев көңтөрүшүнө катышкандар "бизге күнүнө 100 доллардан берилди" деп кудуңдап жүрүшөт. Ал эми аларга каршы митинг уюштургандар баягы эле бечара административдик ресурс болгону угулду. Жалал-Абаддагы бюджеттик мекемелердин биринин кызматкеринин бизге берген маалыматы боюнча Сыдыков чатагында убактылуу өкмөттү колдоп баргандарга ошол райондун акими жол киресин төлөп, чөнтөктөрүнө миң сомдон салып, чай-чамек уюштуруп берген. Ал эми ошол эле аким аталган аймакта К.Батыровго каршы чыккандар уюштурган кечээки митингдерде "эгер силер кыргыздар тарап болуп бара турган болсоңор, өз чыгымыңарды өзүңөр тапкыла" дептир.

? Кыргызстан эми өзбек оппозициясына курал болобу?
Учурда түштүктө кыргыз-өзбек чатагын чыгарууга өз өлкөсүнөн сыртта жүргөн өзбек оппозициясы астейдил аракеттенип жатат дешет. Аларга аталган өлкөнүн ичинде жашап жана иштеп жаткан айрым өзбек чиновниктери да жең ичинен жардам берүүгө макул болушту деген имиш тарады. Бул жердеги максат - түштүктө тополоң уюштуруп, атуулдук согуш чыгарып, анын шылтоосу менен өзбек чегарасын жарып кирип, Каримов режимине каршы күчтөрдү ойготуп, бийликти кулатуу. 1999-жылы Өзбекстанга кирүүгө коридор сурап келген өзбек ислам кыймылынын негизги максаты халифат куруу экенин эстесек, бул маселе өтө олуттуу.
? Бакиевдер УКК уктагандан кийин келет тура
Учурда Лукашенко Курманбек Бакиевди эле эмес, анын эки бир тууганын да багып жатат деген сөз бар. Биздин күч структуралар күндүзү чырак менен издеп да Бакиевдердин "б" тамгасын таба албай жатканына караганда, бул имиштин чындыгы бардай. Ал эми Жаныш Бакиев түнкүсүн өлкөнүн түштүгүн жойлоп, күндүзү Тажикстанда уктап жатканы тууралуу маалыматтар бар. Бул имиштерге улай, эл ичинде жакында Минскиде жаткан Курманбек Бакиевдин сөөгүнөн рак экени, жакында инсульт болгону да айтылууда.

? Гумандуулуктун артындагы тумандуулук
Мурдагы чиновниктер Каныбек Жороев, Оксана Малеваная үй камагына бошотулганы үчүн утурумдук өкмөттүн бир мүчөсүнүн чөнтөгүн жашылбайларга толтурду дешет. Кийинки кезде кылмыш иши козголгондор табылбай, колго илингени темир тордон кайра бат эле бошотулуп жатканынан улам, укук коргоочулар гумандуу болуп кеткен го деп сүйүнө баштадык эле. Көрсө, кеп башкада окшойт. Ырас, эми Каныбек Жороев, Оксана Малеваная дегендер Бакиев системасынын айдап кел, байлап кели. Көрөсүңөр го, жакында контртөңкөрүш жасоого аракеттенген Үсөн Сыдыков, Исхак Масалиев да эркиндикке чыгат дешет.

? Берешен аким ким?
Кечээ Жаныш Бакиевдин Ысык-Көлдө жаңы курулуп жаткан пансионаты бар экендигин айтып чыгышты. Ал Чолпон-Атадагы тоонун бооруна түшө баштаган. Биринчи кабатында ресторан жайгашып, имарат баш-аягы сегиз кабат болмок экен. Учурда төрт кабаты туруп калыптыр. Кезинде бул жерди президенттин инисине Ысык-Көл районунун акими эч кандай документи жок эле берип жиберген имиш.
Даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«