presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эртеңиң барбы, Кыргызстан?

Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?

Бул жумада Кыргызстандын саясый-экономикалык абалы күндөн күнгө оорлоп турду. Утурумдук өкмөт легитимдүү боло албай, түштүк түнөрүп, ал ортодо ар кандай күчтөр пайда болуп дегендей… Убактылуу өкмөт кандай жол менен болсо да легитимдүүлүк макамга барыш керек эле.

Кеч болсо да эсине келишип, "Өткөөл мезгилдин президенти" жөнүндөгү декретти кабыл алды. Аталган документке ылайык жаңы Конституциянын негизинде жаңы президент шайланганга чейин Кыргызстанда өткөөл мезгилдин президенти кызматы киргизилет. Биз азыр саясый талаш-тартыштарды, амбицияны кое туруп, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн биригиш керек. Ачка калсак бир күнү тоюнарбыз, асты мекенсиз калбасак экен! Эгер 7-апрелдеги окуялардын акыры Кыргызстанды мамлекет катары жок кылууга алпарса, анда Ак үйдүн алдында өлгөн балдар, убактылуу өкмөт, элди ушундай тагдырга туш кылган бакиевдик клан өз өлкөсүн жок кылууга салым кошкон адамдар катары тарыхта калабы? Чындыгында 7-апрелден кийин убактылуу өкмөт ар кандай экстремисттик күчтөрдүн, чегара чырларынын ордосу болгон түштүктү түрө кыдырышып, өзбек-кыргыз алакасын чыңдоого аракеттенишпеди. Түштүктүн Камчыбек Ташиев сыяктуу кадыр-барктуу жигиттерине кол сунушкан жок. Албетте Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров сөз болуп жаткан регионго үзүл-кесил баргандай болуп жатышты. Бирок формалдуу гана. Тескерисинче, бакиевдер үчүн жалпы жалал-абаддыктарды күнөөлөгөндөй маанай жаралып турду. Эл ичинде ошол облуста эле бакиевчилер бар деген түшүнүк пайда болду. Албетте мындай мамиле элдин кайсы бир катмарын кыжырдантмак.

План "А": түндүк менен түштүктү бөлүү ишке ашпады
Кыргызстандагы интригалар тарыхына кулак төшөсөк, түндүк-түштүк маселеси так ушул так талаштан улам чыгып, ал "кой үстүнө торгой жумурткалаган" союз учурунда эле канат-бутагын жайып, кадимкидей тамырлаган. Бул узун тарых Исхак Раззаковдун бийликтен кетирилиши, Турдакун Усубалиевдин такка отурушу менен байланышып, андан ары өнүгүп-өрчүп, элди ичара былгытып келген. Ал советтик интеллигенциянын оорусу. Бул бөлүнүүдөн өзүнө пайда тапкан түштүктүн кээ бир аткаминерлери түндүктүктөрдү "хан көрбөгөн эл мамлекеттүүлүк деген эмне экенин түшүнүшпөйт" деп келжиресе, түндүктүн кээ бир жакшы чыкмалары "түштүктөн билимдүү кадр чыкпайт, буларды кетмен берип эле талаага кое бериш керек" деп керкейип келишкен. Үсөн Сыдыковдун муунундагы мындай трайбализм дарты менен ооруган жетекчилер бул ооруну өздөрүнүн кадрларына да жуктуруп кеткен.
Союз кезинде карапайым калк азыркыдай аралашкан эмес. Ал эми эгемендик алгандан кийин түндүгүң деле, түштүгүң деле стихиялуу түрдө аралашып, бардык жагынан теңелип, бири-бири менен камыр-жумур болуп калды. Ички миграция күчөп, түштүктүктөрдүн көбү соода-сатык кылуу үчүн Бишкекке көчүп келип, эки региондун улан-кыздары үй-бүлө күтүшүп, бул жыйырма жыл ичинде чоңойгон балдар өздөрүн чүйлүк деп эсептеп, жер-жерге бөлүнүү илдетинен арылды. Сырткы миграциянын басымдуу бөлүгүн түштүктүктөр түзүп, алардын бүгүн Россия сыяктуу өлкөлөрдүн мектептеринде окуп жаткан балдарында түндүк-түштүк деген эмес, Кыргызстан деген улуу сезим өсүп жетилүүдө. Андыктан бул учурда Кыргызстанды ушул географиялык шарттын негизинде экиге бөлөбүз деген сөздү бир гана акыл-эсинен ажыраган адам айтат.
Ал эми кадрларды тандоо жолуна келсек, капиталисттик доор ошол адистин кайсы жерден экенине эмес, кандай кызматкер экенине кызыкдар. Мисалы, сиз өзүңүздүн жеке компанияңызга таптакыр эч нерсе билбеген иниңиздин жетекчи болушуна эмес, ишти андан ары жылдырып, ал компанияны байытып, сизге кызылдай киреше бере турган адамдын башчы болуп турушуна кызыкдарсыз. Сизди кызматкериңиздин кайсы жерден экени, керек болсо кайсы улуттан экени деле кызыктырбайт. Мамлекеттик башкаруу деле ошондой. Алдым-жуттум тууганын, иштин көзүн билбеген жердешин жооптуу кызматка дайындап алган президент эмне болорун Бакиев мисалынан көрдүк. Бул жагынан алып караганда да түндүк-түштүк болуп бөлүнүү модадан калган. Бирок моюнга алыш керек, бул оору өлүп бараткан же азыр бийликте турган муундун аң-сезиминен таптакыр өчө элек. Азыр да система алмаштыруу шылтоосу менен "сен бакиевдик кадрсың, түкүнчө акчаны жеп коюпсуң" деп кылмыш ишин ача коюп, кээ бир таптатынакай эле иштеп жаткан түштүктүк кадрларды куугунтуктап жаткан фактылар бар.

"Б" планынын биринчи көшөгөсү ачылды

Түндүк-түштүк урушун чыгаруу идеясы ишке ашпай калгандан кийин элди бөлгүсү келген кара күчтөр "Б" планын - улуттар аралык чыр чыгаруу аракетин башташты. Албетте мындай чырларды уюштурууга кулатылган президенттин кланынын да салымы зор. Бирок акылдуу эл ансыз деле беш колундай билип туру. Айрым карасанатай кошуналарыбыз учурдан пайдаланып, Кыргызстанда эптеп эле атуулдук согуш отун тутантып, анан өзүбүздүн жарандарыбызды коргошубуз керек деген шылтоо менен алакандай жерибизди бөлүп алууну максат кылууда. Анүстүнө орус президенти Медведев Маевка чатагынан кийин "эгер Кыргызстанда орус жарандары жабыркаса, биз бул өлкөгө күч структурабызды киргизип аларды коргойбуз" маанисинде балп этип, Кыргызстанга көз арткандарга дем берип койгон. Албетте дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчынын минтип айтышы жан-жагыбыздагы өлкөлөрдүн бүйүрүн кызытышы турган иш. Мына ушундан улам коңшу өлкөлөрдүн атайын кызматтары Кыргызстанда ар кандай чагым уюштуруп, эптеп эле бир чыр-чатак чыгарууга аракет жасап жатышы мүмкүн.
Түштүк региону улуттар аралык чыр-чатак чыгарууга эң ыңгайлуу аймак экени белгилүү. Ошондуктан акыркы күндөрү бул региондо айрым күчтөр кыргыз-өзбек ортосуна кайра-кайра от жагып келүүдө. Кандай болгон күндө да ушул учурда кыргыздар нарк-насилдүүлүгүбүздү көрсөтүшүбүз зарыл. Айрыкча бүгүн биз дүйнөлүк коомчулукка талкалоочу, кыйратуучу катары эмес, илим-билимдүү журтчулук катары көрүнүшүбүз керек. Эң күчтүү адам - бул жумшак адам деген сөз бар. Албетте мындай учурда акылдуусунуш оңой. Бирок аныгында эле бүгүн өлкөбүздө түпкүлүктүү эл ынтымактуу, сабырдуу, кечиримдүү болууга аргасыз экенин айтпай коюуга болбойт. Себеби канчалык көкүрөк койгуласак да, азыр биз алсызбыз. Орус президенти Медведев айткандай, учурда бизде бийлик жок. Расмий бийликсиз калган өлкөдөгү адамдардын тобуна өзүн сыйлаган өлкөлөр жардам бербесин туюп калдык.
18-майда Жалал-Абад шаарында жүз берген окуя биз сөз кылып жаткан "Б" планынын бет ачары катары кабалдасак болот. Кудай анын бетин ары кылсын, эгер бул окуя андан ары өнүгүп кетсе, анда бүтүндөй Орто Азияда атуулдук согуш оту тутанып кетиши толук мүмкүн. Эң өкүндүргөнү, убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева дал ошол күнү саат 15.00дүн тегерегинде Бишкекте журналисттерге өткөргөн маалымат жыйынында "учурда Жалал-Абаддагы кырдаал оор. Бирок биз толук көзөмөлдөп жатабыз. Кечээ эле коомчулук биздин күчүбүз канчалык экенине ишенди. Биз мыйзамсыз иштердин болушуна жол бербейбиз. Так ушул мүнөттөрдө беш жүзгө жакын демонстранттар Эл достугу университтетинин алдына келип, ректор Кадыржан Батыровдун чыгышын талап кылып жатат. Бул окуя биздин көзөмөлдөн чыгып кетпейт" маанисинде маалымат берип турган убакта Жалал-Абадда окуу жайдын ичинен демонстранттарга карата ок жаап жаткан экен. (Аталган аймактагы кырдаал тууралуу гезиттин 4-бетиндеги материалда сөз болгон)

Элдин атына жамынганды токтоткула
Жакшылап абай салып карасаңыз, эгемендик алган жыйырма жылдан бери кыргыз саясат майданында жалаң саясатчылардын, бийликке умтулгандардын гана талашы болуп келүүдө. Чындыгында негизги эл катмары бул жылдар аралыгында саясатка катышпаптыр деле. Компартиялык билетин ыргытып ийип демократ, анан "алгачы", "акжолчу", же учурда "атамекенчи" же сдпкчы болуп келген көзүр саясатчылардын бардыгы эле тааныш жүздөр. Жыйырма жыл бою ошолор эле бийликте жүрүп, бийликтен куулуп калса ошолор эле тууган-уругун, жердештерин топтоп алып ар кандай чуулгандуу окуяларды уюштуруп, ээ-жаа бербей элдин атынан сүйлөп келиптир. Албетте аларга ишенген топтор да бар деңизчи.
Бирок керек болсо Акаевди кетирген 2005-жылы да, кечээ жакындагы Бакиевди кетирген ызы-чууга да бүтүндөй өлкөнүн калкынын ашып кетсе 10-20 пайызы гана катышкан. Калганы ач кулактан тынч кулак деп эле өз тирилигин кылып келгендер. Албетте бул 5 млн. калктын тагдырын чече турган күч эмес. Эгер өлкөдөгү калк санынын 51 пайызы көчөгө чыкса бир жөн эле. Демократияны азчылыктын көпчүлүккө баш ийиши деп түшүнсөк, калктын калган бөлүгү эмне үчүн өз тагдырына кайдыгер? Эмне үчүн карапайым калктын тагдырын 10-15 саясатчы жана аларды ээрчиген үркөрдөй топ чечиш керек? Эл чечет деген шайлоолордун кандай өтүп келгени белгилүү. Кыскасы, бүгүн кыргыз калкы ойгонбосо болбойт. Антпесе элге жамынган шылуундар өлкөнү өйдө-төмөн калчап бүттү. Эгер кыргыз элинин негизги катмары саясатка батыл аралашпаса дагы деле чиновниктер элдин жонунан кайыш тиле берет.
Биздин коомдо жыйырма киши бириксе деле элдик деген атка жамынып алышы адат болуп баратат. Бул жакта утурумдук өкмөт элдик бийлик түзөбүз деп жатса, Кыргызстандын булуң-бурчтарынан миңдеген "элдик" деген атка жамынган кыймылдар өздөрүнүн ар кандай талаптарын сороктотуп туру. Менин түшүнүгүмдө, элдик деп аталган топ менин да, сенин да, анын да көз карашын камтыш керек го. Алардын менин, сенин, анын атынан сүйлөгөнгө кандай акысы бар? Кыскасы, пикирлер, сунуштар, талаптар көп. Азыркы доордо элдик деген атка жамынганды таптакыр тыйыш керек.

Түштүктү түнөртпөгүлө
Негизинен ар бир эле нерсенин бир системадан экинчи системага өтүүсү оңой оокат эмес. Анүстүнө килейген өлкөнү системалык түрдө жаңылоо өтө опурталдуу. Айткан башка, иш жүзүндө мындай процесс ар кандай курмандыктарды талап кылары мыйзам ченемдүү. Ошенсе да аттын кашкасындай болгон аз кыргызды бири-бирине кырылыштырган саясатчыларды аеосуз жазалаш керек. 5 млн. калктын амандыгы үчүн өлкөбүздү жок болуу жолуна түрткөн элүү лидер сөрөй курмандыкка чалынса эч нерсе болбойт. Эмнеси болсо да азыр карапайым эл ушул кыйынчылыктан чыгуу үчүн бардык нерсеге даяр. Мындай учурда эгер жакындан иштешип турбаса, убактылуу өкмөт электоратын башка бир күчтөргө тарттырып ийиши толук мүмкүн. Ырас, Башмыйзам жазуу, аны талкуулоо, ал ортодо тууган-урук менен тааныш-билишке папке бөлүштүрүү деле керек. Бирок ир алдыда убактылуу өкмөт элдин ишениминен чыкпай, бизди ушул тар жол, тайгак кечүүдөн аман-эсен чыгарып кетүүгө милдеттүү. Жана айтып кеткендей, убактылуу өкмөт эң оболу кыл үстүндө турган өлкөнүн түштүгүн ийге келтирсе.
Зайырбек АЖЫМАТОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы





??.??