presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Өх-х!

Чегара ачылды

Шаршембиде Казакстандын тышкы иштер министрлиги "Кыргызстандагы кырдаал толук нормалдашкандан жана турукташкандан азырынча алыс. Казакстан Республикасынын аймагына ок атуучу куралды, баңгизаттарды жана башка тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз ташуу фактылары бар. Бирок коңшу өлкөдөгү социалдык-экономикалык оор абалды, бизге дос өлкөнүн жарандарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен президент Нурсултан Назарбаев өкмөткө чегара бекеттерине убактылуу киргизилген чектөөлөрдү жоюуга көрсөтмө берди" деген кайрылуусун коомчулукка жарыялаган. Анын негизинде кечээтен тартып эки мамлекет ортосундагы өткөрүүчү пункттар ачылды.
Кыргызстандын чегара кызматы Ак жол, Чалдыбар, Чоң-Капка бекеттери кадимкидей иштей баштаганын билдирет. Тартипке ылайык, чегара постунан жүргүнчү адамдардан тышкары, азык-түлүк, дары-дармек, айыл чарба продукциялары, күйүүчү-майлоочу майлар, жүк ташуучу унааларды өткөрүүгө уруксат берилген. Ошого жараша көзөмөлдөө иштерине өзгөчө көңүл бурулду. Маселен, бажы, чегара, миграциялык көзөмөл күчөтүлгөнүн кулак кагыш кылсак. Андыктан баурдастардын мекенине сапар тартардын алдында керектүү документтерди такташтырып алганыңыз оң.

(Чегара көйгөйлөрү тууралуу кеңири маалымат 9-бетте)





  Эр албаган кыздай болдук го

Бизде эми президент да, өкмөт да бар, бирок убактылуу
19-майда өткөн жыйында убактылуу өкмөт "Өткөөл мезгилдин президенти" жөнүндөгү декрет кабыл алды. Аталган документке ылайык жаңы Конституциянын негизинде жаңы президент шайланганга чейин Кыргызстанда өткөөл мезгилдин президенти кызматы киргизилет. Башкача айтканда, өткөөл мезгилде убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага президенттин ыйгарым укуктары берилет. Өткөөл мезгилдин президентинин кызмат мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабры деп белгиленди.
Декреттин жоболору боюнча өткөөл мезгилдин президенти эч бир партиянын катарында болбойт. 2011-жылы президенттик шайлоого катышпайт. Эч бир саясый күчкө жан тартпайт. Калыс жана бейтарап позициядан парламенттик жана президенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылууга милдеттүү.
Өткөөл мезгилдин президентине Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланып, ишин баштамайынча президенттин милдетин аткаруу жүктөлөт. Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин жаңы курамы биринчи жыйынын баштаган күндөн тартып дагы президенттин милдетин аткарууну улантат. Жаңы өкмөт куралып, ишин баштамайынча премьер-министрдин дагы милдетин аткарып турат.
Бул жобо азыркы чукул кырдаалдан чыгууга өбөлгө түзүү максатында айрым саясый партиялар, саясый күчтөр тарабынан сунушталган.
Убактылуу өкмөттүн төрайы-мынын орунбасары Өмүрбек Текебаев аталган декрет кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирди деп билдирди. Анын айтымында, эми аны референдумда эл колдоп берсе, бул өткөөл мезгилдеги президентти легитимдүү деп эл аралык деңгээлде тааныганга негиз болуп берет. Азырынча референдумга аталган декрет бүтүндөй чыгабы, же Роза Отунбаевага өткөөл мезгилдин президентинин ыйгарым укуктарын берүү жөнүндөгү маселе гана коюлабы, бул боюнча түшүндүрмө бериле элек. Айрым маалымат каражаттары Роза Отунбаеваны 2012-жылга чейин президенттик кызматка бекитүү Башмыйзамдын жаңы редакциясына жобо катары киргизилерин жазып чыгышты.
Эми Кыргызстанда 19-майдан баштап өткөөл мезгилдин президенти бар. Ал - Роза Отунбаева. Бирок бул кызмат референдум өтүп, эл бекитип бермейинче легитимдүү эмес. Ал эми кээ бир жергиликтүү серепчилердин пикиринде, Роза Отунбаеванын альтернативасыз бир жарым жыл президент болуп алышы демократиянын принциптерине карама-каршы. Жөн эле дайындап койгондой өлкө башчысы деген бир компаниянын директору эмес. Аны эл шайлаш керек. Анүстүнө убактылуу өкмөт буга чейин күзүндө парламенттик жана президенттик шайлоо болот деп жарыялаган болчу. Эгер күздө Кыргызстан президенттүү болсо, азыр өткөөл мезгилдин президентин бекитүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Дагы бир коркунуч, өткөөл учурдун президентин жанындагы коллегалары чымын чаккандай көрбөй (жаңы Башмыйзам боюнча президенттин укугу чектелүү болот) чыныгы президент келгиче өлкөнү тоноп бүтсө эмне болот? Негизи эле мындай норма "акжолчу" депутат Ажыбай Калмаматов айтмакчы, "азырынча башкаруу реформасын жасай берели, кийин мыйзамга тууралап алабыз" дегендей эле иш болду. Өткөөл мезгилдин президенти деген түшүнүк негизги мыйзам баш болгон бир да документте жок.
Анткен менен өлкөнү азыркыдай абалдан чыгарыш керек. Бул чечим ошондой ниетте кабыл алынганы түшүнүктүү. Бирок бир айдан ашык убакыттын ичинде эле артынан жеп-ичти деген кеп ээрчите баштаган убактылуу өкмөт мүчөлөрү Роза Отунбаеванын "президентчелери" бир жарым жыл ичинде Кыргызстанды таптакыр нөлгө отургузбайбы?

Зайырбек АЖЫМАТОВ




 "Шут" жөн бакылдабайт

Үчүнчү жол

Жума башында кадимки В.Жириновский "Кыргызстан менен Тажикстанды Россияга кошуп, тогузунчу федералдык округ кылалы. Себеби бу эки өлкөнүн келечеги жок. Ошондо бизде мыкты жер-жемиштер, эт да болот, ооругандар жок болот" деп бакылдады. А өткөн жумада Россия президентинин Кыргызстандагы атайын өкүлү болуп шайланган Владимир Рушайло келсе, ага удаа казак президентинин атайын өкүлү Болот Утемуратов да келип, убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ар бири менен жолугуп чыгышты. ОДКБ жетекчилиги болсо шашылыш түрдө тынчтык күчтөрүн түзүп жатканын билдирип, эгер керек болсо аларды Кыргызстанга кийирүүгө боло турганын билдирди.
Бул окуялардын бардыгын бир байланышта кароого болот. Себеби Кыргызстандагы азыркы абал биякта жашагандарга эле эмес, коңшу өлкөлөргө да жакпай турат. Жириновский өз алдынча бакылдамыш болгону менен, ал дайыма Кремлдин "шуту" экендигин, аяк менен акылдашпай туруп эч нерсе айталбасын саясатчылар жакшы түшүнөт. А балким акылсыз кыргыздарды ушинтип коркутуп көрбөйлүбү, жок дегенде ошондо акылына келишээр деп атышкандыр. Балким… Анткени Россия баштаган көп өлкөлөр кыргыз бийлиги тезирээк легитимдешсе болот эле деп какшай берип тил тешилгендей болду. Баарыбыз көрүп тургандай, дүйнө жүзү азыр Кыргызстанга гуманитардык гана жардам берүүдө. Саясый, экономикалык кызматташтык жөнүндө сөз жок.
Акыркы кезде убактылуу өкмөтчүлөр байма-бай колдонгон тышкы башкаруу азыр Кыргызстандын босогосунда тургандай. Себеби В.Рушайлонун, Б.Утемуратовдун биякка келишинен тышкы башкаруунун элементтерин байкоого болот. Убактылуу өкмөтчүлөр болсо Конституция менен кызуу алек.
Россиянын акыркы кездеги саясатына азыр бүт дүйнө көз салып турат. Украина иш жүзүндө Россияга тизе бүктү. Россия, Украина, Белоруссия славян эли, демек түпкүлүгүндө бири-бирин кыйбайт. "Батька" Лукашенко анда-санда кыр көрсөтүп бакылдаганы менен, принципиалдуу маселелерде Россиянын жетегинен чыкпастыгын дайыма көрүп келебиз. Акыркы кезде Казакстан менен Өзбекстан да Россияга ыктап турганын байкоо кыйын эмес. Ушундай шартта Кыргызстандын абалы өтө оор. В.Рушайло менен Б.Утемуратовдун "саясый стабилдүүлүктү жөнгө салууга жардамдашуу" үчүн келгени жөн эле ширма, а чындыгында экөө колуктуларды сындан өткөргөндөй, Кыргызстандын келечектеги президентин тандоо үчүн келди деп айтса да жарашат. Азыркы шартта "колукту" боло тургандар да өтө көп экени белгилүү. А Москва Жириновскийдин оозу менен Кыргызстанга эмне каалап турганын айттырып алды.
Ошентсе да бөлүнбөсүбүзгө, эч кимге округ болбой турганыбызга ишенгим келет. Бүгүн бир кезде акаевчи болгондорду, азыр бакиевчилерди жок кылуу керек деген ач айкырыктар каптап турат. Антип бөлө берсек, деги Кыргызстанда соо киши калабы? Анткени, 5 млн. эл Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда жашабады беле. Элдин баарынын эле граждандык позициясы активдүү болбойт. Ошонүчүн бир кезде эмне үчүн оппозицияга өткөн эмессиң деп кокодон алуу, бери дегенде акылсыздык. Антип өткөнгө тиш кычыратпай, мындан ары Кыргызстанды кантип сактап кала алабыз дегенге көп баш ооруткан оң.
Ооба, революция болду. Ооба, кыргыздар алдым-жуттум эки президентти кууп жиберишти деп суктангандар да арбын. Эми кыргыз элинин чындап эркиндикти сүйгөн, эрки күчтүү эл экенин дүйнөгө биротоло далилдөө үчүн таза шайлоо өтүп, бийлик легитимдүү жолго түшүп жана өлкөнүн бардык аймактары бөлүнүп-жарылбай, ал бийликти таануусу, баш ийүүсү абзел. Андай болбосо…
Бири да мамлекеттик ишмер деңгээлине чыга албаган эки президентти көрдүк. Балким үчүнчү революция көчөдө эмес, ар бирибиздин башыбызда, жүрөгүбүздө болуп, бири-бирибизди кажып жесек да акырындап тазаланып, Жириновский сыяктуулардын айтканынан кайра чыйралсак, үчүнчү ирет оң жолго түшөөрбүз.

Аскер САКЫБАЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«