presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Өз жеринде пайгамбар жок дечү беле?

Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!

Урмат Барыктабасов деген ким? Чынында бул собол 2005-жылдагы президенттик шайлоодон бери кыргыз коомчулугунун бүйүрүн кызытып келет. Анткени так ушул жылы президенттикке кыргыздын "кыйындары" ат салышып, алардын арасынан Урмат Барыктабасов БШК элегинен өтпөй калган. БШК бул талапкерди Кыргызстандын жараны эместиги үчүн каттоодон баш тарткан эле. Көп өтпөй 17-июнда анын жактоочулары Ак үйдү басып алышып, түштөн кийин аларды милиция кууп тараткан. Апрель окуясынан соң Кыргызстан кайрадан ажосуз калып, эл ичинде ажолукка татыктуулар манжалап санала баштады. Алардын катарына кайрадан эле Урмат Барыктабасов кирип, бирок, негедир ал Бакиевдер кетсе да өз өлкөсүнө ачык келе албай жүрөт. Алыстан "Азаттыктан" салам айттырган бул мырза деги эмне кылмыш жасаган?

Башкы прокуратура башка кылмышы жок дейт
Учурда Башкы прокуратуранын билдиришинче, 2005-жылы 17-июнда Урмат Барыктабасовго УКК тарабынан кылмыш иши козголгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 295-статья "бийликти зордук менен басып алуу", 233-статья "массалык башаламандыкты уюштуруу" деген айыптар тагылып, камакка алуу чечими чыгарылган. Айыпкер сурак берүүдөн качып, из жашырып кеткендиги үчүн издөө жарыяланып, кылмыш иши убактылуу токтотулган. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Бектемир Ибраев "кыргыз Абрамовичинин" адвокаты Акин Токталиевге КР Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, козголгон кылмыш ишин өзгөртүү үчүн айыпкер сотко кайрылышы керектигин билдирген.
Адвокат Акин Токталиев эмне дейт?
Урмат Барыктабасовдун адвокатынын айтымында, анын өз мекенине келбей жатышына Башкы прокуратура менен УККнын келсең камап коебуз деген коркутуусу себеп. "Урмат мекенине маданияттуу, тынч келип, президенттик шайлоого катышайын деп жатат. Анын пикет, митинг уюштурайын деген ою жок. Мен учурда Биринчи май райондук сотуна анын кандай кылмыш жасаганын тактап берүүнү суранып кайрылдым. Тилекке каршы, ага айып тагып жаткан Башкы прокурор Байтемир Ибраевдин, УКК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин кишилери келбей жатышат. Алар сотко жактоочумдун айыбын тастыктаган бир да документти алып келишкен жок. 2005-жылы Урматтын жактоочулары аны талапкерлик тизмеге кошууну гана талап кылып чыгышкан. Жакында түштүктөгү, Бишкектеги пикет, митингдерди да Барыктабасов каржылаган деген маалымат таркатышты. Кезинде Үсөн Сыдыков, Бакиевдер Урматты жоготконго аракет кылышкан. Урмат анан кайра аларды каржыламак беле? Урмат Барыктабасов беш маал намаз окуган, бай адам. Ал эч качан убактылуу өкмөттө отургандардай байлыкка жутунуп, алдым-жуттумдукка барбайт. Ошондуктан Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Азимбек Бекназаров анын бийликке келишин каалабай жатышат. Аны криминалдык чөйрөнүн аркасында байыган деген сөз да болбогон жалаа. Мына эл көрүп жатат, криминалга байланышы барлардын баары атылып кетти. Урмат Казакстанда бизнес кылып, нефти иштетип байыган".
Барыктабасов кантип байыган?
Урмат Барыктабасов Тоң районунун Барбулак айылында 1963-жылы туулган. 90-жылдардын башында ал бизнеске аралашып, "Ысык-Көл", "Наристе-инвест" инвестициялык компанияларын, "Урмат" банкын түзөт. Кийинчерээк Акаевдердин аксымдыгынан банкрот болот. "Мен Акаевге өчөшүп мекениме байып келем. Президент болуп Кыргызстанды жардылыктан чыгарам. Ал мезгил келет" деген билдирүү жасап, ал 1999-жылы Казакстанга кеткен. Ал жакта бизнес кылып жүрүп Япония, Бирикккен Араб эмираттарында, Америкада өздүк фирмаларын ачканга жетишет. 2001-жылы Кыргызстанга келип "Кыргызгаз" АКсынын жетекчисинин биринчи орунбасарлык кызматын ээлейт. Андан соң Нарын дарыясына курулуучу 4 млрд. долларлык ГЭСти инвестициялоо долбоорунун, автомобиль, темир жол, аэропорт курулуштарын каржылоо боюнча экономикалык долбоорлорду жетектеген. Акаев режими кулаган соң, "Алга Кыргызстандын" негизинде "Мекеним Кыргызстан" коомдук кыймылын уюштурган. Барыктабасовдун жакындарынын айтымында, кезинде Айдар Акаев, Адил Тойгонбаев Урмат Барыктабасовду Рысбек Акматбаевдин колу менен муунтуп, жакшы эле "саап" турушкан дешет.
Кийин Майрам Акаева, Чолпон Баекова Урмат Барыктабасовдун бизнесине кызыгып, Рысбек Акматбаевди Россиянын түрмөлөрүнүн биринен чыгарып келип, ага каршы коюшкан дешет.
Жооп берем десе сот даяр
Кайсы бир интервьюсунда Урмат Барыктабасов жеке бизнесин чоң атасынан үйрөнгөн темир, жыгач устачылык менен баштаганын айткан. Буга улай ал Кыргызстандагы бир катар алтын, графит чыкчу жерлерди билип, ага инвестиция тартып иштетээрде өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Албетте анын кандайча бизнес баштаганын талашып-тартышуу үчүн биз сот, адвокат же тергөөчү эмеспиз. Болгону 1999-жылы 23-апрелде "Вечерний Бишкек" гезитине жарыяланган макаланын ток этер жерин берсек.
"1996-жылы агездеги депутат Султан Урманаевдин баласын үйүндө жаткан жеринен белгисиз бирөөлөр кыйнап, үйдөгү баалуу буюмдарды шыпырып кетишет. Эки сааттык кыйноодон эс-учун билбей калган баланы ооруканага алып келип эсине келтиришкен. Ошол эле жылы "Ынтымак" АКсына балдар ууруга кирип жатканда тартип сакчылары көрүп калып кармоого аракет кылышат. Уурулар туш-тушка качышып, алардын бири имараттан кулап жан берет. Бирөөсү - Айбек Рахимов колго түшүп, темир тор артына кетет. Кыңыр иш кырк жылда билинет болуп, 1999-жылы Айбек Рахимов, анын досу Сагынтай Айтбеков Султан Урманаевдин баласын кыйнаганы тууралуу көрсөтмө беришкен. Иликтөөдө бул кылмыштуу топто жетөө: Айбек Рахимов, Сагынтай Айтбеков, Андабек Чалов, Нурлан Салиев, Урмат Барыктабасов жана "Ынтымак" АКсынын имаратынан кулап өлгөн бала да болгон. Бүгүн бул "жетиликтин" ишин тергөө токтотулган. Булар качан жазасын алат? Буга жооп берүүгө эч ким шашылбайт".
Убактылуу өкмөт башчынын орунбасары Азимбек Бекназаров жогоруда айтылгандар чындык экенин айтып, Урмат Барыктабасов сот алдында жооп берсе жол ачык экенин билдирди.
Жарымы төгүн, жарымы чын
Элдин айтымында, Урмат 90-жылдары Балыкчыдагы базар, дүкөндөргө "крыша" болуп биртоп каражат чогулткан. Кийин ал Рысбек Акматбаев менен тил табышып, жергиликтүү "авторитетке" айланат. Кийинчерээк Көлгө арабдардан инвестиция тартып үч жылдыздуу отель ачып, казак бизнесмендерин колго алган. Ошол эле мезгилде эл оозунда кыргыз миллиардеринин Рысбек Акматбаев, Кулов, Бакиевдер, Акаевдер менен мамилеси болбогону айтылат.
Бир жылдары казак ажосу Нурсултан Назарбаевдин кызы Алия Ысык-Көлгө эс алганы келип катуу ооруп калат. Муну билген Урмат дароо санитардык самолет чакыртып, Астанага жетүүгө жардам берген. Назарбаев бул жакшылыкты унутпай болочоктогу "кыргыз Абрамовичине" материалдык жардам берет. Ошентип жакшылыкка жакшылык болуп, Назарбаевдин аркасы менен Урмат улуу бизнес жолун баштаган дешет.
Тандемдештер таарынычы, 17-июндагы чагым
2005-жылы Урмат Барыктабасов президенттикке ат салышуу убагында кыргыз тил экзаменин "5ке" тапшырып, бирок кийин негедир талапкерлик мандатын албай калат. Ошондо ал калыстык болбосуна көзү жетип, ат салышуу айлампасынан чыгууну чечет. Бирок, кыргыздын элге төбөсү көрүнгөн адамдары ага жолугуп, 17-июнда аны талапкерлер тизмесине киргизүү талабы менен тынчтык митингине чыгышарын билдиришкен. Ошентип тынчтык митинги тууралуу маалыматтар бир жума мурун ММКларга да жарыяланат.
Бирок так ошол күнү Урмат Барыктабасовдун адамдарынын терисин жамынган жалданма балдар Ак үйгө чабуул коюп кирип кетишкен. Кийин "Мекеним Кыргызстан" шапкесин кийген, колдоруна аталган кыймылдын гезитин кармашкан бул балдар Бакиевдин кишилери тарабынан жалданып келингени анык болгон. Ал балдардын бири "бизди Жаш Гвардия бульварынан 500 сомдон жалдап келишти. Урмат Барыктабасов ким экенин билбейбиз" деп, муну уюштурган Данияр Үсөнов, Бакиев, Кулов, Субаналиевдин айыбын ачып беришкен. Тигилер Ак үйдү алып атышканда Кулов, Бакиев экөө өкмөт үйүн таштап, атайын кетип калышат. Алардын "сценарийи" боюнча Урмат Барыктабасовду элге баскынчы көрсөтүп, андан соң аларды курал менен таркатуу керек болгон. Буга биринчиден, бийлик кумары, экинчиден, "тандемчилер" таарынычы себеп болгон. Көрсө, бир кезде Кулов да, Бакиев да Урмат Барыктабасовдон акча сурап барып, бирок кур кол кайтышкан экен. "Кыргыз Абрамовичи" Бакиевге Анвар Артыковду Ошко губернатор кылганы үчүн, Куловго кыргызча билбегени үчүн бир сом карматпай койгондугу эл ичинде айтылып жүрөт.

"Урматтуулар" неге унчукпайт десе
Көптөн бери көрүнбөй, дайыны билинбей кеткен Урмат Барыктабасов кечээ "Азаттыктан" үн катты. Анын айтымында, анын жакынкы арада мекенине кайтуу ою жок. Буга улай ал 12-13-майдагы убактылуу өкмөткө каршы уюшулган митингге эч тиешеси жоктугун маалымдады. Урмат мырзанын сөзүнө караганда, 2005-жылы 17-июнда болгон Ак үйдү басып алуу чабуулунда убактылуу өкмөт мүчөлөрүнөн Роза Отунбаева менен Азимбек Бекназаровдон башкаларынын салымдары чоң.
P.S. Учурда Урмат Барыктабасов сыртта болгондуктан байланыша албадык. Кези келгенде анын өзү менен да маектешер күн келээр.
Мамат АЛИК



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«