presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


КИТЕПТЕР

  Жакшы сөз айтчы мага…

Гүлнара ТОЙГОНБАЕВА:
"Сагынган жанмын сага окшоп"
- Бир өлкөдө жашап аткандан кийин азыркы кырдаалдан четтеп кете албайт экенбиз. Чыгармачыл адамдын жандүйнөсү өзгөчө назик болот эмеспи, мамлекетибиздеги ар бир жагымсыз нерсени жүрөгүмөн өткөрүп, келечегибиз кандай болот деп жакшылыктан үмүт үзбөй жашап келем. Чет мамлекеттеги досторум интернет аркылуу Кыргызстанда абал кандай, эмне болуп атасыңар, биз биякта жүрүп башкаларга уят болуп атабыз деп атышат. Бул уят эмес, биз эркиндикти сүйгөн калкпыз. Башкалардай болуп диктатурага чыдап жашай албайбыз. Азыр бизге сынтагып аткан мамлекеттер кудай буюрса, келечекте бизге суктануу менен карашат дедим. Биздеги болуп өткөн кандуу окуя көпчүлүк мамлекеттерге үлгү болду. Жакында эле дагы бир мамлекеттен оппозиция өкүлдөрү чыгып, "не будите в нас кыргызов!" деп жазып алышыптыр. Буга кээ бир менин тааныштарым арданып, чычалап атышат. Мага тескерисинче, алар бизден үлгү алгандай, атүгүл бизге суктанып атышкандай сезилди.
- 7- апрелде болуп өткөн тополоң ырчылардын чыгармачылыгына таасирин тийгизип атса керек?
- Биз революцияда көз жумган балдардын кыркы өтмөйүнчө эч кандай оюн-зоок, көңүл ачууларды, шоуларды өткөрбөйбүз деп айтканбыз. Эл кайгыга батып атса кантип ырдайсың. Болгону 9-майда ардагерлерибизди куттуктап ырдадык. Мурдагыдай той-топур, кечелер да азайды. Эми булардын баары убактылуу, тынчтык болсо баары өз нугуна түшөт деп ойлойм. 7-апрелде кызмат өтөгөн жаштар коому 1-июнда Кыргызстандагы ырчылардын башын бириктирип, ошол күнү көз жумгандарды эскерүү иретинде кайрымдуулук концерт уюштуруп атышат. Бул концертке бардык ырчылар катышат. Концерттен түшкөн каражат 7-апрелде курман болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жардам иретинде берилет. Ошондуктан 7-апрелде көз жумгандардын жакындарына жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктор, кайрымдуулук концертине келип беришсе чоң жардамын берген болот эле.
- Чет мамлекетке көп чыктыңыз, Кыргызстандын эмнесине мактанып, кайсы жагына арданчу элеңиз?
- Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына, кыргыз болуп төрөлгөнүмө, Ата мекениме сыймыктанам. Ардана турган деле эч нерсебиз жок. Бирок, мындан он чакты жыл илгери чет мамлекетке барып, башка ырчылар менен теңтайлаша ырдаганда алардын кийген кийимдери, ырдаган ырларынын аранжировкасы жогорку деңгээлде экенин көрүп, суктанчумун. Биздин өлкө жарды, ошондуктан эл менен кошо чыгармачыл адамдардын капчыгы да калың эмес. Чет мамлекетке барып дос күтүп, аларды сыйлаганга чөнтөгүңдүн жукалыгы тоскоол болчу. Ошондо эмне үчүн биз ушундай жарды мамлекетпиз деп ичимен арданчумун.
- Жакында бизге туристтерди, атүгүл сырттан ырчыларды чакыруу оор болуп калды окшойт…
- Мына, жакында туристтик сезон башталат. Албетте буга учурдагы кырдаал терс таасирин тийгизет. 7-апрелден кийин ар кандай ызы-чуулар болуп келатат. Ошол ызы-чууларды басууга алың жетпесе, жок дегенде аларга аралашпай койсоң, Кыргызстандагы тынчтыкты сактоого чоң салымың болот эле деп ойлойм. Апрель айынын аягында боло турган концертке Кыргызстандан чыккан "Город-312" тобун Россиядан чакырышкан экен. Бирок алар чет мамлекетке кетерин маданияттуу түрдө айтышыптыр. Кыргызстандагы абалдын тынч эместигинен алардын маданияттуу баш тартканы түшүнүктүү.
- Эми сөз нугун өзүңүздүн чыгармачылыгыңызга бурсак?
- Мындан бир нече жыл мурун Рыспай Абдыкадыровдун Сюита деген кызына жолуксам, ал атамдын ырларынан тандап ырдасаңыз деген сунушун айткан. Жакында Рыспай аганын "Сагынган жанмын сага окшоп" аттуу лирикалуу ырын өзүмө жараштырып, заманбап аранжировкасын жасап чыгардым. Бирок, ырды өтө эле өзгөртүп жиберген жокмун. Сөзүнүн автору акын Айгүл Узакова эжекебиз. Ырда аялзатынын жандүйнөсү камтылган. Бул ырды илгери Рыспай ага өзү, андан кийин башка ырчылар да ырдаган. Жаз айынын башында жаңы клип тартууну баштаган элем. Бирок, азыркы кырдаалга байланыштуу токтоп турат.
- Курманбек Бакиевдин экинчи аялы жөнүндө не дейсиз?
- Кыргызстанда кош никелүүлүк бар экени белгилүү эле болуп келген. Албетте мен бирөөнүн жеке жашоосуна кийлигишүүгө акым жок. Бирок, биздин коомдо эки жүздүү, кош стандарт ачыкка чыкты. Бир чети аял катары экс-президенттин экинчи жубайын, андан төрөлгөн кичинекей балдарын аяйм. Курманбек Бакиевди эл каргап атат, каргыш деген жаман, ал укум-тукумга кетет. Аялзаты ишенчээк болот эмеспизби, ал деле убагында Бакиевдин мынчалык канкордукка барышын сезбесе керек.
Жакында болуп өткөн тополоңдон кийин биздин маданияттагы чиновниктер да кээ бир ырчыларды, артисттерди бул "Бакиевдин ырчысы, артисти болчу" деп бөлө баштаптыр. Чыгармачыл адамдарды, өзгөчө ырчы, артисттерди саясатка аралаштырбаш керек. Биз элдин көңүлүн, маанайын көтөрүп, оюн-зоок гана тартуулайбыз.
- Жакынкы аралыкта чыгармачылык пландарыңыз кандай?
- Чет мамлекетке концерттерге чакыруу түшүп атат. Азырынча ал тууралуу айтуу эрте.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Котур ташы койнунда

"Бакиев - накта президент!" дегенди ким жасаган?

Сиздерге революциянын шарданы менен эски бийликтин камчысын чаап жан аябай кызмат өтөп келген айрым кызматкерлерден арылып, алардын ордуна жаңы, ишбилги кадрларды дайындасаңыздар деген өтүнүч менен кайрылып жатам.


Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрөйымы Р.И.Отунбаевага,
Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн төрайымынын биринчи орунбасары А.Ш.Атамбаевге

Урматтуу Роза Исаковна! Урматтуу Алмазбек Шаршенович!
Эски бийликтин камчысын катуу чапкан ошондой чала-моңол кызматкерлердин бири, мурдагы маданият агенттигинин орунбасары Улан Төлөнович Түркмөнов. Бул жигит Алматыда соода-сатык менен бизнес кылып жүргөндө капысынан маданият агенттигинин директорунун орунбасарлыгына отуруп, искусство чөйрөсүн катуу таңгалдырган болчу. Иш башкаруу тажрыйбасы таптакыр жокко эсе, эне сүтү оозунан кете элек жаш бала бул орунга кантип келип калды деп. Мунун себеби кийин түшүнүктүү болду. Бул жигит мурдагы президенттин эң жакын кеңешчиси, Максим Бакиев экөөлөп мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону ойлоп чыккан, Бакиевдерге кошулуп алып Кыргызстанды чексиз бийлөөгө умтулган, Кудайын да тааныбай көпкөн айым Оксана Малеванаянын командасында иштеп, 2009-жылы Курманбек Бакиевдин шайлоо кампаниясынын пиарщиктеринин командасына кирген экен.
Мурда УТРКда клипмейкер болуп эмгектенип жүргөнү ушул шайлоодо бул жигитке өтө пайдасын тийгизди. "Бакиев - биздин президент!", "Бакиев - накта президент!" деген рекламалык роликтерге бүт Кыргызстан "тойду" го ошондо.
Пиарщиктер шайлоо учурунда Бакиевге үч бүгүлүп ак кызмат кылышып, атаандаштарына, анын ичинде Алмазбек Атамбаевге каршы "кара пиарды" катуу уюштурушканы да коомчулукка маалым эмеспи. Маселен, Алмаз Атамбаевди "ичип алды" кылып көрсөткөн клипке - "кара пиарга" Бакиевдин пиар командасынын тиешеси жок болчу десе ким ишенет? Анын ичинде ошол командада жүргөн анабашы клипмейкер У.Түркмөновду жок болчу деп айтыш да кыйын. Командада катуу кызмат этсе керек, клипмейкер У.Түркмөновго ыраазычылык иретинде, анын иш башкаруу тажрыйбасынын жоктугуна карабай, ушундай мамлекеттик жооптуу кызматка кое коюшуптур.
Урматтуу Роза Исаковна, Алмазбек Шаршенович, КСДП лидерлери бүгүн бийлик башына келген учурда кечээки Бакиевдин шайлоо кампаниясынын пиарщиги кайра сиздерге кызмат кылууга жанталашып чуркап жүргөнү, башкасын айтпаганда да моралдык жактан кандай кабыл алынат болду экен? Эл кандай түшүнөт болду экен муну?
Эми клипмейкер У.Түркмөновдун жетекчилик сапатына келели. Элдин, өзүнөн башкалардын пикири менен эсептешкенди билбеген, туурабы-туура эмеспи, өз оюндагысын бербеген жетекчи болуп чыкты. Бакиевдердин учурунда эмне маселе болбосун "мен муну 7-кабат менен кеңешишим керек, Оксана Малеванаяга айтышым керек" деп чакчалаңдап турду. "Мени Максим Бакиев дайындаган" деп мурдун балта кеспей жүрдү.
Улан Түркмөнов бир сүйлөсө делбеленип токтоно албаган, кебинин маңызы жок, ою чаржайыт, ишке келгенде эч нерсени жөндөп чече албаган, бирок, жакындарын, досторун кызматка коюуга, аларды коргогонго келгенде ар түрдүү амал-айлаларды колдонгон, өзүм билемдикти өтө жакшы көргөн, калпты да катуу айткан, а кошоматтыгы жагынан алдына киши салбаган "кадр" болуп чыкты. Маданияттын мурдагы жетекчилеринин оозун тиктеп, гүлүн көтөрүп тызылдап чуркап жүргөнүн көрүп, баланын кошоматка кой сойгонду эң сонун өздөштүргөнүнө баш чайкап койчу элек.
Бакиевдер элди атып, Кыргызстанды канга батырып туруп качып чыкканда бул жигит өтө катуу кайгырды. Кадимкидей күйүп жүрдү шефинин кеткенине. Далай күн аза күткөндөй болду. Анысын көрүп аттык. Баягы чакчалаңдаган бала кой оозунан чөп албаган момун боло түштү бир заматта. Анык артист экен!
Бийлик алмашканда Бакиевдин кечээки пиарщиги, клипмейкери кожоюндары ушунча кан төккөндөн кийин уяты болсо өзү эле кызматтан кетип калат го деп ойлогонбуз. Андай болбоду. У.Түркмөновдо ыйман, адеп, уят деген түшүнүктөр жок. Кызмат дегенде баарына даяр экен. Азыр жаңы жетекчинин ичи-койнуна кирүүгө жандалбастап жүрөт. Мына, цинизмдин жеткен чеги!
Урматтуу Роза Исаковна, Алмазбек Шаршенович, маданият министрлиги кайрадан түзүлүп, коомубуз жаңыруунун, тазаруунун жолуна түшкөн кезде, эски бийликтин камчысын эселеп чапкан У.Түркмөновдой жаштайынан мансапкор, иш башкарууга жөндөмсүз, мажирөө, циник, жалганчы кадрларды жооптуу жетекчи кызматка дайындабасаңыздар экен. Буга окшогондор бийликке жармашса, жең ичинен эскисин эңсеп, Ү.Сыдыков өңдөнгөн козголоңчуларга тымызын кызмат кылбайт деп ким айта алат?
Марат АЛЫШПАЕВ, КР эл артисти, Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«