presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
Турсунбек ЧЫҢГЫШЕВ,
коомдук ишмер:
- Бул суроого жооп бериш азырынча эрте...
Касым ИСАЕВ,
персоналдык пенсионер:
- Мага Мирослав Ниязов ага да, ини да эмес. Туугандык жайыбыз деле жок. Үч жылдан бери таанышпыз. Пикир алышып жүрүп жылдызыбыз келишти. Анын ички жандүйнөсү, турмуш жолу, иш тажрыйбасы көңүлүмө жакты. Мен билген адамдардын ичинен эң тазасы ушул киши. Мындан улам Ниязовду президенттикке татыктуу деп эсептейм.
Курманбек ОСМОНОВ,
коомдук ишмер:
- Мамлекет башчылыгын аркалачу инсандар арбын. Утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана анын орунбасарлары өлкөнү өргө сүрөрүнөн үмүтүм чоң. Алардын ар бири президенттикке шайланса, Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун астында уятка калтырбасына ишенем.
Бегалы НАРГОЗУЕВ,
экс-депутат:
- Президенттикке талапкерлигин көрсөтөм деп ачык айткандар аз. Мен билгенден Өмүрбек Субаналиев менен Мирослав Ниязов келерки шайлоого катышарын жарыялашты. Ушул эки инсандын ичинен Субаналиевге көбүрөөк ишеним артат элем. Анткени Өмүрбек Исаковичтин карапайым калк арасындагы кадыр-баркы жогору. Бажы, финполиция, министрлик, губернаторлукту аркалады. Кайсы тармакка барбасын майын чыгара иштейт. Осол иш жасап, эл астында уятка калганын укпаптырмын.
Жыпар ЖЕКШЕЕВ,
коомдук ишмер:
- Жаңы Конституция долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары чектелген. Ал бир мөөнөткө гана шайланууга акылуу. Буга улай кол тийбестик макамынан ажырады. Андыктан, өлкөнү башкарчу инсан коррупцияга малынбай, таза болушу абзел. Мындай сапаттагы уул-кыздар бизде жетишерлик. Биринин ысымын атап, экинчисин таарынткандан алысмын.
Сулайман РЫСПАЕВ,
балдар жазуучусу:
- Роза Отунбаева өлкөнү башкарса деп ойлойм. Себеби, ал аялзаты. Ал эми аялзаты - мээрман эне. Менин жеке пикиримде, Роза Исаковна дагы камкор энеге окшоп Кыргызстандын экономикасын, калктын социалдык абалын жакшыртууга салым кошмок. Буга анын тажрыйбасы, билим деңгээли, акыл көрөңгөсү жооп берет. Отунбаева канчалаган жылдар бою дипломатиялык тармакта эмгектенди. Сырткы карым-катнашты чыңдоонун методун мыкты билет. Бизге ушундай инсан керек.
Болот ЖАНУЗАКОВ,
"Кут" партиясынын төрагасы:
- Тигинден мыкты президент чыгат деп так кесе айтыш саясатка жатпайт. Ошентсе да өлкө лидерлигине татыктуу жигиттер көп. Алардын ким экени жалпыга маалым.
Бейшенбек АБДЫРАЗАКОВ,
экс-депутат:
- Утурумдук өкмөт бир талапкерге токтолсо жакшы болмок. Маселен, "Ата мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 20 жылдан бери саясатта жүрүп бышып бүттү. Эл, мамлекет байлыгын уурдаган жок. Бөлөктөргө окшоп эки фронтто ойнободу. Ал дайыма түз позицияны тутунган таза инсан. Булганбаган адам гана өлкөнү оңдойт.
Жаркынбек КАСЫМБЕКОВ, "Элиме" коомдук бирикмесинин жетекчиси:
- Азыркы убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү президенттикке татыктуу. Бирок, мурдагы, кийинки окуялардын бардыгын эске алсак, Кыргызстанды аял киши башкарганы ылайык болуп турат. Тилекке каршы, мамлекеттик ишмерге тиешелүү мыкты сапаттар биздин аттуу-баштуу эркектерде жок. Ошол себептүү Роза Отунбаеваны президенттикке талапкер катары көргүм келет.
Медер ИТИБАЕВ,
чыгыш медицинасы боюнча адис:
- "Мекен туу" партиясынын төрагасы Урмат Барыктабасов бийликке келсе, Кыргызстан дүйнөлүк масштабда өнүгөр эле.
Чолпон СУЛТАНБЕКОВА,
коомдук ишмер:
- Өмүрбек Текебаев далай кыйынчылыктарды башынан кечирди. Бирок, абийирин, адамдык сапатын кызматка айырбаштабады. Мен ушу кишинин өлкө лидерлигине ат салышуусун каалайм. Калганы Өмүрбек Чиркешовичтин өзүнөн көз каранды.
Бегиш ААМАТОВ,
коомдук ишмер:
- Кыргызстан укуктук талаага түшө элек. Демек, октябрда мыйзамсыз президент шайланат. Анан мен кантип тиги же бул адам мамлекет башчылыгына татыктуу деп айта алам?
Анаш КАДЫРОВА,
коомдук ишмер:
- Илгертен кыргыз ата-бабалары Борбор Азиядагы бөлөк улуттардан айырмаланып, энени ардактап келген. Эне үйдүн гана эмес, мамлекеттин да куту болгон. Ошон үчүн Роза Отунбаева президенттикке талапкерлигин койсо эл, бардык партиялар колдойт эле. Аны утурумдук өкмөттөгү эркек жетекчилер туура түшүнүп, бут тосушпаса, алты айдын ичинде аброюн кирдетпесе дегендер көп. Мен да ошондой пикирдемин.
Ибраим НУРАКУН уулу, журналист:
- Башкаларга караганда Роза Отунбаеванын өмүр жолу, тажрыйбасы президенттикке ыңгайлуурак…
Каныбек ИМАНАЛИЕВ,
коомдук ишмер:
- Роза Отунбаева кыйын кырдаалда өлкөнү жетектеп атат. Оппозициянын башын бириктирүүдө орчундуу роль ойноду. Анын эл аралык аренада түшүнүгү кеңири. Менин көз карашымда, ал президенттикке ылайыктуу адам.
Жумакадыр АКЕНЕЕВ,
экономика илиминин доктору, профессор:
- Президенттикке татыктуулар оголе көп. Алардын арасынан Өмүрбек Текебаев өзүнүн туруктуу позицияда жүргөндүгү, мыйзамды чемичкедей чаккандыгы менен айырмаланып турат.
Табылды БАЙБОСУНОВ,
Чуйков атындагы сүрөт окуу жайынын деректири:
- Убактылуу өкмөт төрайымы Роза Исаковна президенттик шайлоого катышпастыгын билдирди. Бирок, ал дараметин сынап көрсө демекчимин. Анткени анын Кыргызстанды башкарганга мүмкүнчүлүгү бар. Билими, тажрыйбасы, адамдык сапаты буга бап келет.
Айылчы САРЫБАЕВ,
экономика илиминин доктору, профессор:
- Президенттикке ылайыктуу адам көп. Бу жарайт, тиги жарабайт деп адамдарды кемсинтүү туура эмес. Тилекке каршы, ушу күнгө чейин кыргыздардын багына мамлекеттик деңгээлдеги ой жүгүртө ала турган көсөм адам бийлик башына шайланбай койду. Негизги көйгөй ушунда. Эми кимдер президенттикке өз талапкерлигин койсо, ошондо оюбузду айтабыз.
Асланбек САРТБАЕВ,
"Учур" гезитинин башредактору:
- Менин көз карашымда Алмазбек Атамбаев, Аликбек Жекшенкулов, Бакыт Иманалиев сыяктуу саясатчылар журт атасы болууга татыктуу.
Марс САРИЕВ,
саясат таануучу:
- Бизде азырынча президенттикке татыктуу инсан жок.
Мелис АЙДАРКУЛОВ,
коомдук ишмер:
- Кыргыз элин бириктирип, мамлекеттин аброюн көтөрчү бир эле инсанды көрүп атам. Ал - Роза Отунбаева.
Семетей ТАЛАС уулу,
"Апта" гезитинин башредактору:
- Роза Отунбаева мурдагы режим тушунда Бакиев бийлигинин былык-чылыктарын экономикалык жана юридикалык жактан көзгө сайып көрсөткөн жападан жалгыз оппозиционер депутат болгон. Ал эми Өмүрбек Текебаевдин саясый репутациясы таза. Буга чейин эки бийликке тең сатылган жок. Менин жеке пикиримде, ушул эки инсан президенттик шайлоого катыша алат.
Айбек КАРЫМОВ,
эстрада ырчысы:
- Мамлекет башчылыгына ылайыктуусун көрө албай жатам…
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы





??.??