presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

2020-жылга чейин эч ким өзгөртө албайт

Эки жума бою Конституциялык кеңеште талкууланган жаңы Конституциянын долбоору убактылуу өкмөткө сунушталып, акыркы вариант катары бүгүн-эртең элге жарыяланганы турат. Төмөндө Конституциялык кеңештин секретариатынын жетекчиси Данияр НАРЫМБАЕВ менен жаңы Конституциянын айрым жагдайлары тууралуу болгон маегибизди окурмандарга сунуш кылабыз.

- Конституциялык кеңеш-теги талкуунун жүрүшүндө "светтик" деген сөздүн айланасында кызуу талаш-тартыштар болду. Себебин айта аласызбы?
- Менимче, мурдагы Конституцияны даярдап иштеп жатканда, котормосунан жаңылыштык кеткен. Конституциялык кеңештин жүрүшүндө "светтик" деген сөздүн кыргызчасы динден тышкары, динди тааныбайт деген маанини туюнтат дегендей көп сөздөр айтылбадыбы. Азыр бул сөздүн ордуна "дин мамлекеттик башкарууга аралашпайт" деген ойду даана, так берген сөз каралып жатат. Бул боюнча атайын адистер дагы өздөрүнүн ой-сунуштарын айтышууда. Канткен күндө да демократиялык мамлекеттин динге каршы эместигин, аны тааный тургандыгын аныктаган сөздү жазышыбыз керек болуп турат. Конституция жарыяланганга чейин бир чечимге келебиз го.
- Буга чейин 8 жолу Конституцияны өзгөрттүк. Жакынкы референдумда кабыл алына турган Конституция кимдир бирөөлөр же кандайдыр бир саясый күчтөр тарабынан дагы өзгөртүүлөргө тушукпайбы?
- Ар бир Конституцияны кабыл алып жатканда анын иштөө тартиби, тактап айтканда, кандай учурларда өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизиле тургандыгын аныктаган атайын жоболор, мыйзамдар каралат. Ошондой мыйзамдар, жоболор жаңы Конституцияга тиркелди. Ага ылайык Жогорку Кеңеш 2020-жылга чейин Конституцияны өз демилгеси менен өзгөртө албайт, ага укугу да болбойт. Бир гана аргасы - референдум жолу.
- Убактылуу өкмөттүн укук-милдеттери жаңы Конституцияда каралганбы?
- Бул маселе Конституциялык кеңешмеде талкууланган. Бирок, чечим кабыл алуу Конституциялык секретариаттын укугу эмес болучу. Ал убактылуу өкмөт чече турган маселе. Жеке оюмду айта турган болсом, өлкөбүздө стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн элибиз референдумда жаңы Конституцияны гана кабыл албастан, убактылуу өкмөттүн укук-милдеттерин да бекитип бериши керек деп ойлойм.
- Азыркы күндө партиялардын саны 100дөн ашып кетти деген маалымат бар. Мынча партия кандай шартта шайлоого катыша алат?
- Партиялардын шайлоого катышуу жолдору Шайлоо кодексинде аныкталат. Анткени 10 жылга чейин Конституция өзгөрбөйт деп жатпайбызбы. Ошондуктан ал жерге так жазылып калса, кийин көп проблемаларды пайда кылышы мүмкүн. Мамлекетте, коомдук, саясый турмушта ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдар, жаңы шарттар келип чыгышы ыктымал. Ошого жараша ийкемдүү иш алып баруу үчүн бул маселелер Шайлоо кодексинде көрсөтүлөт.
- Конституциялык кеңешке юристтерди айтпаганда да, ар түрдүү бейөкмөт уюмдардан, саясый партиялардан, жарандык коомдордон, кала берсе дин өкүлдөрүнөн да тартылышты. Бул өзүн-өзү актадыбы? Же Конституцияны жалаң гана юристтер жазышы керек беле?
- Конституцияны юристтер гана жазышы керек деген туура эмес. Кеп алардын катышуусу менен Конституциянын юридикалык нормаларга ылайык жазылгандыгында. Эң башкысы, жаңы Конституцияда чагылдырылган тигил же бул маселе боюнча жеке адамдардын, саясый күчтөрдүн, жалпы эле коомчулуктун позициясын билдик. Акыры талаштан тактык жаралып, коомдук келишимге келдик. Конституциялык кеңешке 20дан ашык саясый партиялардын, ушунчалык сандагы коомдук, бейөкмөт, диний уюмдардын, жарандык коомдордун, укук коргоо бирикмелеринин өкүлдөрү тартылды. Бир сөз менен айтканда, жаңы Конституциянын долбоорун талкуулоо кеңешине Кыргызстандагы көпчүлүк саясый күчтөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты
- 27-июнда өтө турган референдумга жаңы Конституциядан тышкары убактылуу өкмөттү легитимдештирген мыйзамды же болбосо президенттин милдетин аткаруучуну, премьер-министрди бекитип алуу маселесин коюуга болобу?
- Бул өтө актуалдуу, кечиктирбей чечүүнү талап кылган маселе болуп турат. Азыр саясый кырдаал туруктуу эмес. Керек болсо мамлекеттүүлүгүбүзгө көлөкө түшүрүп койчу жагдайлар түзүлүп калды. Мындай абалдан чукул чыкпасак болбойт. Ушуга байланыштуу кечээ убактылуу өкмөт Роза Отунбаевага Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин жүктөдү. Референдумда Роза Исаковнаны өткөөл мезгилдин президенти катары бекитип алышыбыз керек.
- Роза Отунбаева мамлекеттин саясый түзүлүшүндөгү кыйын кезеңде журт башылык милдетти мойнуна алды. Ушул өткөөл мезгилдеги бийликтин мөөнөтү Конституцияда кандай аныкталган?
- Өткөөл мезгилдин президенти 2007-жылдын октябрь айында кабыл алынган Конституцияга таянып иш алып барат. Ал эми жаңы Конституция боюнча парламент шайланып, биринчи жыйынын өткөргөндөн күндөн баштап иштей баштайт. Мөөнөтү 1,5 жыл, тагыраагы, 2011-жылдын аягына чейин. Өткөөл бийлик ушул мөөнөттүн аралыгында өлкө ичиндеги саясый, экономикалык стабилдүүлүктү жөнгө салган, шайлоолордун уюшкандыкта өтүшүн камсыз кыла алган, эл аралык мамилелерде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргой алган, дегеле, мамлекеттин тагдырына жооп бере турган толук кандуу бийлик болуп саналат. Ошондой эле мөөнөтү бүткөндө бийликти мыйзамдуу өткөрүп берген Кыргызстандын соңку мезгилиндеги алгачкы бийлик катары тарыхта калышы керек. Баса, кошумчалап айта кетейин, Роза Исаковна мындан ары эч бир партияга мүчө боло албайт. Мунун баары өлкө жетекчисинин тигил же бул партияга тартпай, алдыдагы шайлоолордун таза, чыр-чатаксыз өтүшүн камсыз кылуусу үчүн жасалууда.
- 10-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Убакыт, саясый кырдаал шаштырып турган учурда ушул мөөнөттү чукулдатууга болобу?
- Парламенттик шайлоонун эрежеси биздин мыйзамдарда так жазылган. Бул боюнча биздин өлкөнүн бай тажрыйбасы бар. Тагыраак айтканда, парламенттик шайлоого даярданыш үчүн эң эле аз дегенде үч айлык мөөнөт талап кылынат. Анткени партиялар да даярданышы керек. Элибизге да шайлоого аттанган партиялардын программасы менен таанышып чыкканга, ойлонгонго, өздөрү ылайык көргөн партияларды тандап алганга убакыт бериш керек. Ошон үчүн үч айлык мөөнөт туура эле. Андан чукул өткөргөндө болбойт.





  Чырдын башы оңой эле

Ортого чок салгандар бар

Кечээки Жалал-Абаддагы улуттар аралык тирешүүнүн келип чыгышы коомчулукту тынчсыздандырган жагдайды пайда кылды. Ушуга байланыштуу журтка төбөсү көрүнгөн, оозунда сөзү бар адамдардын ой-пикирин жарыялайбыз.

Кадыр МАЛИКОВ, саясат таануу илиминин доктору:
"Бүтүндү бүлдүргөн оңой"
Жалал-Абаддагы улуттар аралык чатактын чыгып кетишине айрым жоопкерчиликсиз адамдардын аракети себеп болгон. Натыйжада, ортодон от чыкты. Адамдар майып болду. Ошондой эле беш пункттан турган К.Батыровдун амбициясы ашынган талаптары да бир тараптын кыжырдануусун пайда кылган. Анын өзбек тилин мамлекеттик тил катары киргизүү, өзбек улутундагыларга күч органдарынан орун берүү өңдүү ж.б. талаптары орунсуз. Өзбек мектептери, килейген жогорку окуу жайлары иштеп жатат. Күч органдарында деле иштеп жаткан өзбек туугандар арбын. Болгону бул маселелерди саясатка айландырып, улуттар аралык араздашууну чыгаруу аракети жакшылыкка алып барбайт. Азыркы эки элди чабыштырып жаткандардын каражаты арбын. Акыбал кыйындаса сыртка чыгып кете беришет. Кайдагы бир провокациялык сөздөргө ишенип, кан төгүшүүгө чейин барган карапайым адамдарга эле убал болот. Муну күчөтпөө үчүн бардык чараларды көрүшүбүз зарыл. Бул жерде элдик дипломатиянын, журт сыйлаган аксакалдардын, диний ишмерлердин аракеттери өтө маанилүү. Ушул жерден бакиевчилерден тышкары, дагы бир үчүнчү күчтөрдүн ( баңгизаттар менен алек болгондор, кылмыш чөйрөсү ж.б.) болушу да ыктымал. Аларга мыйзамсыздык өкүм сүргөн, башаламан кырдаал абдан жагымдуу. Жаныш Бакиевдин артында Тажикстан наркобарондору турат деген кеп бар. Ошондой эле диний экстремисттер да кирип кетиши мүмкүн. Демек, Кыргызстандагы тынчтыктын, улуттар аралык ынтымактын ыдырап кетишине кызыккан күчтөр жок дегенге болбойт. Мындай шарттарда улутуна карабай, Кыргызстандын ар бир атуулу жеке жоопкерчилигин унутпаш керек. Бүтүндү бүлдүргөн оңой. Кыргыз-өзбек кылымдардан бери бир-бирине арка-жөлөк болуп келген бир тууган эл. Дагы кылымдарга бирге барабыз. Тарыхый тагдырыбыз ушундай. Бизди бөлүп-жарам дегендерге жол бербешибиз керек.

Анвар Артыков, коомдук ишмер
(19-май, УТРК):
"Азыр өзүн-өзү лидер атагандар көбөйдү"
Биринчи иретте элдин өзү ойлонуш керек. Каякка баратабыз? Кимдин сөзүн угуп жатабыз? Жакшылыкка алып барабы деген суроону өзүнө бериш керек. Бүгүнкү күндө элге барып алып эле өзүн-өзү мен баланча улуттун лидеримин деп жарыялагандар көбөйүп кетти. Алар элге жамынышат, бирок элдин сөзүн эч качан айтышпайт. Жалал-Абаддагы окуяларда кыргыздар тарабынан өзбектерге каршы ураан айтылган жок. Бир гана К.Батыровдун аты айтылып жатат. Анан ушул бир кишинин акмакчылыгы үчүн жалпы өзбек эли жооп бериш керекпи? Ушуну өзбектер дагы туура түшүнүп, кимдир бирөөлөрдүн тилине кирбесе дейм. Дүйнөлүк практикада дестабилизация кылуунун оңой жолу ушул улуттар аралык чыр-чатактарды чыгара салуу. Ушул жерден бийликке дагы кайрылып, өздөрү да митинг уюштурууну токтотсо дейм... Силерди эл колдоду. Эки айга жакындап барат. Эми силер элди колдогула. Элге жүгүңөрдү артпагыла. Ар кандай деңгээлдеги митингдерди уюштура салганга уста болуп баратасыңар. Эл топтолгон жерде ар кандай провокациялар болбой койбойт. Айрымдардын жаман ойлорун ишке ашырганга шарт түзүлөт. Ушул жагын эске алышса.

Бетти даярдаган Темирбек АЛЫМБЕКОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы





??.??