presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Чыры бүтпөгөн чегара

5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?

Жакында мамлекеттик чегара кызматынын (МЧК) төрагасы Аскарбек Жапаров жана анын 1-орунбасары Кубаныч Сарыбаев кызматтан четтетилди. Убактылуу өкмөт "Чегарачылардын 6-7-апрелдеги тополоңдо Талас ички иштер башкармалыгынын имаратын кайтарууга көмөктөшкөнү мыйзамсыз. Ошондой эле экс-премьер Данияр Үсөнов менен мурдагы ИИМ ачендиги Молдомуса Конгантиевдин сыртка оңой-олтоң чыгып кетишине МЧК жетекчилиги күнөөлүү" деген жүйөөнү бетке кармап, ушундай чечим кабыл алган. Ал эми ээрден шыпырылган Кубаныч САРЫБАЕВ тагылган айыптардын бардыгы негизсиз экенин "Агымга" курган маегинде билдирди.

- Молдомуса Конгантиев Ош-Москва аба каттамы менен учканы белгилүү. Менин маалыматым боюнча аны аэропортко чейин милициянын жоон тобу, УКК кызматкерлери коштоп барган. Ал бөлөк жүргүнчүлөр сыяктуу расмий каттоодон өткөн. Конгантиев неге жайбаракат учуп кетти деген суроо туулушу ыктымал. Себеби жөнөкөй. Агезде ага издөө салынган эмес. Андыктан, экс-чиновникти кармоого негиз жок эле.
Мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун таржымалы деле ошондой. Бейрасмий маалыматтарга караганда, Данияр Токтогулович 7-апрелдин түнү Алматыга сапар тартыптыр. Ал убакта Үсөновду ойломок тургай, утурумдук өкмөттүн өзү түзүлө элек болчу. Анүстүнө, чегарачылар - техникалык кызматкерлер, алар жогору жактын буйругун аткарат. Бизге кандайдыр бир буйрук берилбеген соң, кантип чара колдонмокпуз?
- Сыртка безген аткаминерлердин ар бири МЧК жетекчилеринин алкымын 5 миң долларга "майлаган" дешет го?
- Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков бизге так ушундай кине койду. Бирок, интернет булактары утурумдук өкмөт жең ичинен соодалашып, Үсөновдон 5 млн. доллар алганын жарыялады. Логикага ылайык, убактылуу өкмөт 5 миң долларга улай Данияр Токтогуловичтин 5 млн. долларын кошо териштириши керек. Ошондо кимдин ак, кимдин кара экени дайын болот.
Ал эми 6-апрелде окуя мындай болду. Таластагы чегара отрядынан телефон чалып, облуста кырдаал көзөмөлдөнбөй калганын кабарлашты. Ал жакка МЧК төрага орунбасары Рыспек Мырзаматов башында турган өздүк курамды жөнөттүм. Талас элине ыракмат, биздин жигиттерди анча сабашпаптыр. Тополоңдо болгону беш чегарачы жарат алды.
Кандуу шаршембиден кийинки күндөргө көз чаптыралы. Чегарачылар Ошто өткөн антибакиевдик митингде коомдук тартипти сактоого активдүү катышып, обладминистрацияны кайтарууда да зор салым кошту. Мунун бардыгы Исмаил Исаковичтин буйругу астында жүзөгө ашкан. Анда жогорудагы эки окуяда тең чегара кызматкерлери мыйзам бузган десек жарашабы? Жарашат. Бу туурасында эч ким ооз ачпаганы таңгалычтуу.
Жакшылап ойлонуп отуруп, МЧКдагы кадрдык жүрүштөрдүн түпкү маңызын түшүндүм. Генерал Исаков коргоо министрлиги менен кошо чегара кызматын да көзөмөлдөө максатын койгондой. Буга далил катары МЧК төрагасынын 1-орунбасарлыгына Ильяз Субанкуловдун дайындалышын айтсак жарашат. Анткени, Ильяз мырза Исаковдун күйөө баласы. Кеп, туугандык карым-катнашта деле эмес деңизчи. Субанкулов мыкты офицер жана армиячы. Бирок ал чегара кызматында бир күн да эмгектенген эмес. Демек, аны бу тармакты жакшы билбейт десек аша чапкандык болбос.
Чегара кызматкерлери жаңы жетекчи Курманакун Матеновдун таржымалы камтылган кайрылууну убактылуу өкмөткө жолдоду. Аны кайталап отурбайын. Мен креслого тырмышкан жан эмесмин. Кудайга шүгүр, чакан бизнесим бар. Үй-бүлөмдү бакканга дараметим жетет. Бир гана МЧК жетекчилигине дасыккан адистер келсе демекчимин. Арабызда чегара институтун, училищаларын аяктаган офицерлер бар. Маселен, Дуулан Маатов, Закир Тиленов жана Искендер Мамбеталиевдин МЧКны талаптагыдай башкарганга тажрыйбасы да, билими да жетет.
- Бийлик алмашканы биртоп аткаминерлер "журт которду". Чегара кызматы неге аларды көзөмөлдөгөн эмес?
- Чиновниктердин басымдуу бөлүгү 7-8-апрелде качканы айтпасак да түшүнүктүү. Балким, чегараны мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Мыйзам чегинде кеткендерди токтотууга акыбыз жок. Анткени, утурумдук өкмөт айрым аткаминерлерге издөө салынганын 9-апрелде жарыялаган.
- Экс-президенттин туугандары жана жакындары кайсы жакка качканына токтолсоңуз?
- Сурооңузга так жооп бералбайм. Менде президенттин уулу Марат Бакиев 7-апрелде кыргыз-казак чегара бекетинен расмий өткөнү тууралуу маалымат бар. Ал эми Максим Бакиевдин өнөктөшү Евгений Гуревич март айында өлкөдөн качкан. Калгандары кайда жүргөнүн мен эле эмес, убактылуу өкмөт так билбейт.
- Бөлөк мамлекеттерге салыштырмалуу кыргыз чегарачылары алсыздык кылат дейбиз. Мунун себеби неде?
- Себеби көп. Биринчиден, МЧК башына чыныгы адис дайындалбай келет. Алсак, экс-төрага Аскарбек Жапаров кезинде коргоо министрлигинде башкы штабды жетектеген. Кийинчерээк Ош чегара бөлүмү командирлигин бир жылдай аркалаган. А киши чегаранын күңгөй-тескейин жеткиликтүү билчү эмес. Андан мурдагы жетекчи Замир Молдошевдин кесиби танкист. Жаңы төрага Курманакун Матенов деле армиянын кишиси.
Экинчиден, МЧК кызматкерлеринин саны жетишсиз. Бизге бери дегенде 15 миңдей чегарачы керек.
Эң негизгиси, каражат көп бөлүнбөйт. Былтыр мамбюджеттен 700 млн. сомго жакын каражат чегерилген. А коргоо министрлигине 1,5 млрд. сомго жакын каражат бөлүнөт. Биздин кызматкерлер күнүгө чегара кайтарууга чыгат. Ошол эле маалда кыргыз армиясы эмнени кыйратып жатканы бүдөмүк.
Маектин соңунда айтарым, келечекте чегара системасын реформалоо зарыл. МЧКны улуттук коопсуздук комитетинин курамына кошуш керек. Коңшу мамлекеттерде мындай система эбак түптөлгөн. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан чегара кызматтары коопсуздук министрлигинин курамына кирген. Ошого жараша чегаралары бекем, көйгөйлөрү аз.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Конституциянын күңгөй-тескейи

"Күчтүү бийликти" эңсөөдөн качан арылабыз?

Жаңы кабыл алынуучу Башмыйзам табияты боюнча парламенттик башкарууга бет алды. Бул карапайым эл арасында да, саясат изилдөөчүлөр, айрым коомдук ишмерлер тарабынан да каршылыкка учурап, президенттик бийликти колдон келишинче жактоо процесси жүрүп жатат.
Эмне үчүн? Бул суроого жооп издеп көрөлү.

Падышалык режимдин карааны
Кыргыз мамлекети ХIX кылымдын экинчи жарымынан баштап, өткөн кылымдын аягына чейин Россиянын тутумунда болду. Мамлекеттүүлүктүн негизги атрибуттары да ошол мезгилде түптөлгөн. Адегенде падыша, андан кийин компартиянын чексиз бийлиги өкүм сүрүп, эгерде бийлик башына мыкты адам келсе өлкөнүн да, калктын да жашоо турмушу кескин оңолот деген психология элдин калың катмарына сиңип калган. Бул психологиядан бат эле арыла коюу мүмкүн эмес. Жеке адамдын авторитардык бийлиги менен өзөктөш "темирдей тартип" түшүнүгүнүн тамыры үзүлө элек. Падышалык Россиядан бери келаткан "бир гана адамга баш ийүү" теориясы оңойлук менен ордун берчүдөй эмес.

Парламентаризмге каршылар кимдер?
Булардын ана башында отставкадагы генерал-майор Мирослав Ниязов турат. Анын эң негизги аргументи "Биздин коом парламенттик башкарууга даяр эмес. Партиялар чийки". Бул жерде өзүнөн-өзү мыйзамдуу суроо пайда болот. Андай болсо биздин коом эки жолу тең кризиске тушуккан президенттик башкаруунун гана алкагында калышы керекпи? Кийинки мезгилде генерал өткөөл мезгилге күчтүү президенттик бийлик убактылуу болсо да керек деген ойду көптөгөн интервьюларында айта баштады. Ал убакыт канчага созулат? Бир жылбы? Же он бешпи? Партиялардын чийкилиги чын. Бирок аны "бышырыш" үчүн парламентти партиялык тизме менен түзүүнү күчөтүү зарыл. Ким бийликте болсо ошонун партиясы гана өтөт деген түшүнүк да күч. Бирок бул маселе авторитардык президенттик башкаруу менен тыгыз байланышта экендиги да белгилүү. Аты чуулуу Адахан Мадумаров да "темирдей тартип" ыкмасынын ашкере жактоочуларынын бири. Ал "темирдей тартипти" күчтүү президент гана камсыз кыла алат деп эсептейт. Балким бул ишмерлер темирдей тартипти кармоочу президент катары өз фигураларын көрүп жаткан жокпу? Ал эми Бакиевдин тарапкер-жакындарынын президенттик авторитардык бийликти жактоосу түшүнүктүү маселе.

Жеке бийликке бөгөт
Немис радиостанциясынын саясый баяндамачысы Фрида Браун биздин өлкө боюнча даярдаган материалында: "Кыргызстандын парламентаризмге бет алуусу бүгүнкү күндүн талабына жооп берчү маселе" деп баа берди. Далай жылдан бери Европада жашаган коомдук саясый ишмер Жоомарт Оторбаев да парламенттик башкаруу оптималдуу экендигин айтты. Көптөгөн маселе чындап эле бар. Маселен, парламенттин курамына кимдер кирип кетиши мүмкүн? Бир партиянын диктаты орнобойбу? Демек, чыныгы демократиялык негиздеги шайлоо камсыз болуусу өтө маанилүү. Буга чейинки президенттик болобу, парламенттик болобу шайлоолордун кандай өткөндүгү күдүк ойлорду жаратпай койбойт. Бирок ошондой проблемалуу маселелер бар экендигине карабай парламенттик бийликтин артыкчылыктары айдан-ачык эле көрүнүп турат. Эң негизгиси, парламентаризм жеке адамдын чексиз бийлигине бөгөт кое алат. Азыр Кыргызстан үчүн мындан актуалдуу маселе жок.

"Ак жолчулар" чапкан айры жол
Партиялар белгилүү бир ишмердин тегерегинде же жердештик, аймактык негизде түзүлүп келгендиги белгилүү. Бирок бул маселе да акырындык менен калыбына келүүдө. Себеби, партиялык тизме менен шайлоого баратканда бардык аймактардын өкүлчүлүгүн кармоого аракет кылышат. Мунун өзү жердешчиликке каршы алгачкы сокку.
Бирок ошондой болсо да регионалдык боек партияларда байкалбай койбойт. Партиялык тизменин дагы бир оң жагы өлкөнүн кыргыз эмес улуттарынын жана аял затынын өкүлчүлүгүн камсыз кыла алгандыгында. Бирок бул жерде да чоң проблема жатат. Себеби, партиялык тизме менен киргендердин сапаттык деңгээли төмөн болуп калышы мүмкүн. Буга мисал өткөн парламенттин "ак жолчу" көптөгөн депутаттары. Алар жөн гана кол көтөрчү статист-депутаттын ролун гана аткарып калган. Демек, чыныгы мыйзамчы депутат боло алуу мүмкүнчүлүгү жогору адам гана партиялык тизмеге кириши керек.

Дебаттан качпагыла
Биздин оюбузча биринчи кезекте калктын калың катмарына парламенттик бийликтин артыкчылык жактарын кеңири түшүндүрүү зарыл. Ал эми бардыгын түшүнүп туруп, президенттик бийликти эңсегендер менен ачык дебаттарды күчөтүү керек. Мындай мисал бар. Биртоп убакыт мурда ошол эле Мирослав Ниязов менен Ишенбай Кадырбековдун "Азаттыктагы" дебаты биртоп маселени ачыкка чыгарып, президенттик бийликти жактоонун аргументи өтө аз экендигин далилдеп салган.
Эң эле негизгиси, интеллектуал Акаев да, колхоз бригадирине окшогон Бакиев да бийлик кумарынан баш тартпай тургандыгын кашкайта көрсөттү. Демек, "мыкты" президент келип абалды оңдойт деген аргумент эч качан суу кечпейт. Парламенттик традиция жок деген да туура эмес. Себеби, илгертен эле көп маселени кыргызда кеңешип чеччү.

Олжобай ТОКТОСУНОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«