presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар


Л€У…Р’Жђ

  Каржалган казына толоор

Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
Көз карандысыздыкты алгандан бери Кыргызстан тогуз жолдун тоомунда деп төш кагып келебиз. Албетте геосаясый жактан алып карасак, Кыргызстан Орто Азиянын чок ортосунда. Бирок саясый-экономикалык жактан талдай келсек, Кыргызстандын алыскы, жакынкы өлкөлөр менен толук кандуу кызматташуусуна мүмкүнчүлүк жокко эсе. Мунун кесепетинен өлкө экономикасы кыйла аксап, экспортунан импорту басымдуулук кылып келатат. Дүйнөлүк практикада болсо сыртка өз товарын, сырьесун чыгарбаган өлкө эч качан өнүкпөсү белгилүү. А экспортту көбөйтүш үчүн Кыргызстанда ири ишканаларды, завод-фабрикаларды куруу зарыл. Буга албетте, кыргыз өкмөтүнүн чамасы чак. Экономикалык кризистен чыгуу үчүн Кыргызстанда бир гана жол бар. Ал кичи жана орто бизнести өнүктүрүү.

Кагаз жүзүндө баары жакшы, а иш жүзүндөчү?
Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан бери үчүнчү жолу бийлик алмашып отурат. Албетте Акаев, Бакиев бийлигинин убагында кичи, орто бизнести өнүктүрүү боюнча бир катар токтомдор токулуп, инвестиция тартылып, ишканалар ачылган. Тилекке каршы, ал ишканалардын басымдуу бөлүгү мамлекеттик мыйзамдуу колдоонун, көзөмөлдүн жоктугунан үстөккө-босток негизсиз текшерүүлөрдөн, салык салуулардан улам жабылып тынды. Өз күчү, чет өлкөдөн алган тажрыйбасы менен ишкана ачып, жеке бизнесин баштагандар да мамлекет тарабынан мыйзамдык колдоо таба алган жок. Кыскасы, кичи, орто бизнести өнүктүрүү боюнча кагаз жүзүндө жомоктогудай иштер аткарылды. Бирок, иш жүзүндө мамлекет менен жеке ишкерлердин, бизнесмендердин ортосунда өлкө экономикасын көтөрүүгө түрткү бере турган ымала, байланыш болбой келгени жашыруун эмес. Ошого карабастан бүгүнкү күнгө чейин ар кандай кысымдарды жеңип өтүп келаткан бизнесмен, ишкерлерибиз арбын.
Жок дегенде шарт түзүп берсеңер
2005-жылы болгон мародерлуктан жеке ишкерлер биртоп чыгымга учураган. Бирок, мамлекеттин алар менен чынында эч кандай иши болгон эмес. Быйылкы апрель окуясынан кийинки талап-тоноочулуктан буга чейин ири салыктарды төлөп келген ишкерлер көп чыгымга учурашты. Убактылуу өкмөттүн алардын чыгымын мамлекеттин эсебинен төлөп берүү демилгеси албетте, колдоого аларлык иш. Бул убактылуу өкмөттүн ишкерлерге карай, өлкө экономикасын өнүктүрүүгө карай жасаган эң туура кадамы болду. Түшүнгөн адамга учурда бизнес үчүн эң оор мезгил. Чегаралар жабык, соода жок, айрым ишкерлер мародерлуктун кесепетинен айлантуудагы товарларынан толук кол жууп калган. Мындай убакта мамлекет эмне кылуусу керек? Албетте өлкө стабилдүүлүгүн орнотууга, мародерлуктан жапа чеккен, башаламандыктан кийин бизнесин улантуудан кооптонуп турган бизнесмендерге кол сунуп, алардын эркин иштешине шарт түзүп берүүсү керек.
Текшерүүлөр кыскарса тешигибиз бүтөлөбү?
Жакында убактылуу өкмөт 2010-жылдын 31-декабрына чейин 6-7-апрелдеги башаламандыктан жабыр тарткан ишкердик субъектилерге текшерүүнү токтотуу декретин чыгарды. Документте ишкерлердин экономикалык ишмердүүлүгүн турукташтыруу үчүн натыйжалуу мамлекеттик көзөмөлдү, тескөөнү камсыз кылуу үчүн салык кызматынын, ишкердик субъектилерди текшерүүгө укугу бар органдардын текшерүүлөрүн 70 пайызга кыскартуу каралган. Албетте мындай кыскартуу, буга чейин болуп келген текшерүүлөрдү чектөө ишкерлер үчүн чоң жардам, эркиндик. Бирок, мындай эркиндиктин аркасында бюджеттин 20 пайызын толуктап келген салыктык киреше азайбайбы? Кардардын коопсуздугуна коркунуч туулбайбы? Ишкерлер салык төлөбөй калса казына кандай толукталат? Ишкерлер мамлекеттик эрежелерди, нормаларды сактабай өз билгенин кыла башташпайбы? Ачыгын айтканда, бул суроолор ар бир жаранды ойлондура турган маселе.
Эркиндик болгондо гана экономика оңолот
Жакында кыргыз фондулук биржасынын пресс-клубунда экономикалык тескөө министринин милдетин аткаруучу Эмил Үмөталиев, Башкы прокуратуранын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Владимир Краснокуцкий, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев, салык консультанттары палатасынын төрайымы Татьяна Ким, Бишкек ишкерлер клубунун төрайымы Нелли Симонованын жана бир катар массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү. Эмил Үмөталиевдин айтымында, убактылуу өкмөттүн текшерүүлөргө мораторий жарыялашы экономикалык шашылыш чара эле эмес, экономиканы, кичи, орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган жаңылык, максаттуу кадам. Анын пикиринче, азыр мамлекет ишкерлерге жөнөкөй, түшүнүктүү шарт түзүп берүү менен, алардын ишине болушунча аз кийлигишүүсү керек. "Калктын 70-80 пайызы кичи, орто ишканаларда эркин эмгектенгенде гана экономика оңолот. Бийликте, экономикада, базарда монополия болбошу зарыл. Өлкөдө дайыма бизнес менен мамлекеттин мамилесин оптималдаштыра турган, стабилдештире турган экономикалык, ишкердик эркиндик керек. Экономикалык кыйын кырдаалда салыктарды убагында төлөп, мыйзам чегинде иштеп жаткан ишкерлерге болуп жаткан текшерүүлөрдү токтотушубуз зарыл" дейт Эмил мырза. Министрдин милдетин аткаруучунун айтымында, адамдын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү субъектилерге текшерүү мораторийинин тиешеси жок. Тактап айтканда, курулуш, тамак-аш, медицинага байланышкан ишкердик субъектилер мурдагыдай эле тиешелүү органдар тарабынан текшерилип турат.
Текшерүүнү кыскартуудан салык азайбайт
Мамлекеттик салык кызматынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиевдин айтымында, 13-майдан баштап бардык пландык текшерүүлөр токтогон. Убактылуу өкмөттүн декретине ылайык, мындан ары текшерүүлөр ишкерлердин арызынын, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроолорунун, салыктарды жашыруу фактыларынын, милдеттүү же ыктыярдуу патент сатып алуу менен салык төлөөнүн негизинде гана текшерүүлөр жүргүзүлөт. Баш салыкчынын билдиришинче, салык кызматы жыл аягына чейин убактылуу өкмөттүн декретин ишке ашыруу механизмин башка текшерүү органдары, экономикалык жөнгө салуу министрлиги менен бирдикте иштеп чыгат. "2011-жылы кыйынчылыктар болбосу үчүн салык төлөбөө тобокелчилик факторлору автоматташтырылат. Бул ишке ашса, кайсы мекеме, ишкананы текшерүүнү салыкчы эмес, техника тандайт. Бул боюнча жыл аягына чейин атайын программа түзүлөт" дейт Адылбек мырза. Мындан сырткары, ал текшерүүлөрдү кыскартуу менен салык азайбай, тескерисинче көбөйгөнүн кошумчалады. 2009-жылдын төрт айында 3192 ишкердик субъектиге текшерүү жүргүзүлүп 453, 5 млн. сом өндүрүлгөн. 2010-жылдын төрт айында 2530 текшерүү болуп, 384 млн. сом казынага түшкөн. "Андыктан биз жыл аягына чейин өкмөт декретине ылайык 30 пайыз гана текшерүү кылабыз" дейт министрдин милдетин аткаруучу.
База түзүлсө казына калыңдамак
Башкы прокуратуранын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Владимир Краснокуцкий Башкы прокуратура тарабынан текшерүүлөрдү 30 пайызга кыскартуу көрсөтмөсү райондук, облустук, шаардык прокуратураларга берилгенин кабарлады. Салык консультанттар палатасынын жетекчиси Татьяна Кимдин билдиришинче, буга чейин ишкерлер менен мамлекеттин ойлору бири-бирине каршы болуп келген. "Май айындагы декреттин чыгышы салык кызматынын буга чейин баштаган саясатын улантууга жакшы өбөлгө болду. Декрет бир жагынан ишкерлердин эркин иштөөсүнө мүмкүндүк берсе, экинчиден, көмүскө экономиканын ачыкка чыгуусуна шарт түзөт. Бирок, биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Учурда салык төлөбөй киреше таап жаткан ишкерлер көп. Мисалы, курулуш бригадаларынын мыйзамдуу катталган-катталбаганына аларды жалдаган адамдардын көбү кызыкпайт. Ошол эле мезгилде алар бюджет эмненин эсебинен түзүлүп, пенсия, пособия кайдан келип жатканын түшүнүшпөйт. Ошондуктан салык кызматы бардык текшерүү органдарына жеткиликтүү болгон ар бир салыкчы тууралуу материалдык-техникалык база түзүш керек. Ошондо азыркыдай негизсиз текшерүүлөрдүн зарылчылыгы да жок болот. Бул ишке ашса, салык кирешеси эки-үч эсеге өсмөк" дейт Татьяна айым.
Айрым текшерүү органдары ашыкчабы?
Бишкек ишкерлер клубунун төрайымы Нелли Симонованын билдиришинче, жеке капчыкка кетип жаткан салык кирешелерин мамказынага түшүрүү өтө оңой. Ал үчүн кирешесин жашырып салык төлөөдөн качкан ишкерлерди ММКларга жарыялап, мындай адамдар жоопкерчиликке тартыларын калктын аң-сезимине жеткирүү керек. "ММКларга жаман ишкер катары чыгууну эч ким каалабайт. Ошондуктан бул схеманы колго алсак, биртоп натыйжа болот" дейт "Сенти" финансы компаниясынын директору Нелли Симонова. Нелли айымдын пикиринче, Убактылуу өкмөттүн мораторийи албетте жакшы кадам. Ошентсе да экономикалык жөнгө салуу министрлиги анализ жүргүзүп, кимди текшерүү-текшербөө керектигин билип турушу керек. Экономикалык жөнгө салуу министринин орунбасары Санжар Муканбетовдун маалыматын карасак, 31-декабрга чейин министрликте башка текшерүү органдары менен биргеликте көзөмөлдөө-текшерүү чөйрөсүн оптималдаштыруу иштерин жүргүзүү каралган. Ушунун негизинде министрлик, тиешелүү органдар менен эларалык финансылык институт өкүлдөрү жолугушкан. "Жолугушууда текшерүү иштери боюнча атайын жумушчу топ түзүү каралды. Бул топко мамлекеттик текшерүү органдары, эл аралык финансы институттары жана бизнес ассоциациялары кирет. Жумушчу топ түзүлгөндөн баштап текшерүү органдарынын функционалдык анализи боюнча атайын методологияны иштеп чыгышат. Ал документтин негизинде айрым текшерүү органдарынын жоюлушу мүмкүн" дейт министрдин орунбасары.

Мелис СОВЕТ уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы
а ­е¦Є.НҐй«