кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
21-май, 2010-ж.:
1-бет
Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?
2-бет
Чегара ачылды
3-бет
Телефон шантаж
4-бет
Жалал-Абадда улуттар аралык чатак эмнеден башталды?
5-бет
Актанмай менен мактанмай
6-бет
"Бийликтин мага кысым кылганы чын…"
7-бет
Актанмай менен мактанмай
8-бет
Мирослав Ниязов:
"Баланча улут лидери деп айталбайм…"

9-бет
Алманын андагы жана азыркы баасын билдиңерби?
10-бет
Бизнес менен бийлик достугу мүмкүнбү?
13-бет
5 миң долларды, дагы 5 млн. долларды ким териштирет?
14-бет
Жаңы үмүт...
жаңы Конституция

15-бет
Сиздин оюңузча, Кыргызстандын үчүнчү президенти болууга ким татыктуу?
16-бет
Сергей АЗИМОВ:
"Жаш муун кыргыз-казак достугун, туугандыгын билбей жатат"

17-бет
Жакшы сөз айтчы мага…
18-бет
"Атам Калык, Тоголок Молдо менен үзөңгүлөш жүргөн"
19-бет
Акылдууң да, байың да көп, анда неге жардысың?!
20-бет
Түнөргөн түштүк.
"А", "Б" пландары же Кыргызстандын жок болушуна кимдер кызыкдар?
22-бет
"Мыйзамдуу" рейдерлер, уктап жаткан УКК, иши жүрүп жаткан митингчилер ж.б. жөнүндө
23-бет
Талас эли намыскөй болчу эле
24-бет
Монголияда момундар жашабайт
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Назарбаевдин назарын тапкан ким, же түйүнү көп тор желе
27-бет
"Каналдан адамдын өлүктөрү көп табылат"
28-бет
"Ата, биз сизди сагындык…"
29-бет
Кыргыз кайгы


Телефон шантаж
Кимге ишенебиз?

19- майда интернетке болжолдуу түрдө Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен иниси Жаныштын үндөрүнө окшош орус тилиндеги сүйлөшүүлөр, мындан сырткары дагы болжол менен убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмаз Атамбаевге, Азимбек Бекназаровго жана Темир Сариевге таандык делген кыргызча сүйлөшүүлөр чыгарылган. Биз булардын кыргызчасын кыргызча, орусчасын которуп, окурмандардын сотуна коебуз.
Болжол менен А.Атамбаев менен А.Бекназаровго таандык делген сүйлөшүү:
А.Б.: - Алло… Алмаз
А.А.: - Да, досум
А.Б.: - Эмнеге албайсың телефонуңду?
А.А.: - Кандай? Албадымбы.
А.Б.: - Сен азыр, Кулматов барып алып сенин айтканыңды жокко чыгарыптыр. Сен бул, бул деп айтпадың беле. Эми капа болмой жок, досум. Сен өз билгениңди кылыбатасың. Эми мен өз билгенимди кылам. Биринчиден, мен экөөбүз отуруп жакшы сүйлөшүп алалы десем, жакшы "разговор" болбойт окшойт. Бүгүн мен конституциялык талкууда байкадым. Чоң партия, чоң партия деп шайлоону баштапсыңар, жер-жерлерди кыдырып келдим. Мен да өзүмдүн партиямды ачам. Эгерде мени бир нерсе кылам десеңер, эртең революция кылам. Күчүм жетет.
А.А.: - Азике, башка бирөөнү коркутчу, мени коркутпай.
А.Б.: - Жо-ок бул коркутуу эмес, достук сөзүм.
А.А.: - Мен мисалы, сенин сураганыңды аткарып ветеринарияга коюп койдум. А сенин бажыга койгон балдарың ууру экен. Мага аякта уурунун кереги жок.
А. Б.: - Мен сага азыр ууруну далилдеп берем.
А.А.: - Далилде, болуптур далилде.
А.Б.: - Мен азыр кылмыш ишин козгоп жатам. Санкция бердим, Кулматовуңду бүгүн камайм.
А.А.: - Кама.
А.Б.: - Сенин койгон адамдарыңды текшерүүгө команда берип, анализ жүргүзүп, алардын ким экенин тактайм.
А.А.: - А мен эмнеге камарыңды айтып чыгам.
А.Б.: - Айт, айтып чык. Экөөбүз айтышалы. Керек болсо мен сени эртең теледебатка чакырам, келгиниң деп. Өзүм чакырам.
А.А.: - Кылар ишиң болбосо бара бер.
А.Б.: - Анткени, силер эмитен минтип жашоо бербей жатасыңар, айланайындар. Эртең, Бакиевден ашып жашоо бербейсиңер. Каматып коюшуңар ыктымал. Мен түшүндүм силердин ким экениңерди.
А.А.: - Эми эки таможенник үчүн эрегишсең уят.
А.Б.: - Эки таможенник эмес. Вот, так. Ал жакка Жээнбеков мобуну коюп бер деп суранды эле. 400 миң доллар алып башканы койдуңар.
А.А.: - Кимди койдук?
А.Б.: - Кимди койдуңар. Сооронбай ыйлабатат азыр Ошто. Сенин балдарың койду деп.
А.А.: - Менин балдарым койгон жок, сенин балдарың койду да.
А.Б.: - Мен Сооронбайдын преставлениесин алып келип бергем. Аны берсе "кто они такие?" деп ыргытыптыр Кулматовуңар. Жакшы. Эгер колуңардан келсе мени вице-премьерликтен алгыла. Колуңардан келсе.
А.А.: - Сага эрегишкен эч ким жок.
А.Б.: - Колуңардан келбесе көрүшөбүз азыр.
А.А.: - Сага эрегишкен эч ким жок. Мени коркутпачы.
А.Б.: - Жок, Алмаз мен коркуткан жокмун, бул досчо. Силер тымызын осурак, Бакиевден өткөн адам экенсиңер. Акырында, бүгүн Отунбаева экөөңөрдү чогултуп алып айтайын дедим эле. Кылган ишиңерди көрдүм, Жалал-Абад, Баткенден бери. Мен да теледебатка чыгам. Ушундайыңарда, силер мени бошото элегиңерде тамырыңарды кыркыш керек. Бүт эски "крахоборлорду" коюбатасыңар. Бүт бардыгы ошондой.
А.А.: - Сен алып барган балдар жаңыбы анан, айтчы?
А.Б.: - Мен алып барган балдар баарына даяр. Любой жерге перед судом бара алат. А сенин адамдарың кантип келалсын. Мына, кечээ Сооронбай ыйлап жаткан адамдан да 400 миң доллар алып, башка адамды коюпсуңар.
А.А.: - Эгер алган киши болсо кама. Ким каршы?
А.Б.: - Камайм.
А.А.: - Кама. Мына силер билесиңер мен эч кимден бир да нерсе албайм.
А.Б.: - Революцияны силер эле кылып, көрүнгөн жерге адамды силер коюп калдыңарбы. Биздин да мээнет бар. Бирөө Токтогулдан ыйлап келди азыр. Ал шайлоодо сенин өкүлүң болчу Токтогулда. Кечөө 7-мартта окко төшүн тосуп турушкан. Алардын каршылаштарын коюбатасыңар.
А.А.: - Эми мен Токтогулга киришкен жокмун го, досум.
А.Б.: - Киришпесең ал сенин алдыңда отурат. Кабыл албай жатасыңар, Отунбаева да кабыл албай жатат. Ордуна башкаларга колду коюп зыңкылдатып жөнөтүп жатасыңар.
А.А.: - Мен дайыма кабыл алам.
А.Б.: - Мына жүрөт ошол жерде кабыл алынбай. Мен Болотко жиберип, чалдым, "жок дегенде, ушуну кабыл алып койсунчу, убагында бул өкүлү, шайлоочусу болчу" деп. Ишенбесең Болоттон сура.
А.А.: - Казыр кабыл алам.
А.Б.: - Жакшы, раз ушундайбы, давайте. Ооба, 7-8-апрелге чейин чогуу келдик. Силер буяктан башка оюнду кылдыңар. Мен 2005-жылдагыдай Бакиевге жем болгондой болбойм. Мен өз оюнумду баштайм азыр.
Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевге таандык делген сүйлөшүү:
М.Б.: - Менин түшүнү-гүмчө, алар өздөрүнүн тарыхый миссиясын алар үчүн аткарып бүттү (сөгүнүп). Алардын кимге кереги бар? Баары билет, алар бүтүп калган келесоолор, туурабы?
Ж.Б.: - Ооба, иштөөгө такыр мүмкүн болбой калды.
М.Б.: - Албетте, албетте. Алар да биз билгенди билет. Ошондуктан азыр бул бүткөн жок. Алар азыр көмүскө пайдаланып жатышат. Кийин баарын беришет.
Ж.Б.: - Албетте.
М.Б.: - Азыр Нариман Москвада отуруп соодалашып жатат. Мына ошону алар сатышы мүмкүн. Ал жөндөмдүү, өзгөрүлмө, макулдашууга ылайыктуу жигит.
Ж.Б.: - Ооба, ал маневр жасашы толук мүмкүн.
М.Б.: - Ушундай бир нерсе болушу мүмкүн. Азыр Акмат, Камчылар Ашиев менен чыгышты. Кийинки жумада мени менен жолугууну көздөп жатышат. Бизде эл бар, материалдык, интеллектуалдык жактан колдогула дейт. Аларда мээ, аналитиктер жок да. Телевидение аркылуу пиар компания жасоо деген эч кимде жок.
Ж.Б.: - Алар кимди алып чыгууну каалап жатышат?
М.Б.: - Алар кеңеш сурап, кезигүүнү каалап жатышат. Бирок, алар жеткен келесоолор. Силер түштүктө жүргөндө, кырдаалды өзгөртүүгө мүмкүн болуп турганда "отпорка" бериш керек эле.
Ж.Б.: - Ооба, биз аларды канча издедик. Төрт жарымга чейин күттүк.
М.Б.: - Эл чогулганда алар жашынып жатышкан. Булар ойлогон тигилер бир нерсе берет деп. Бирок, алар эч нерсе беришпейт.
Ж.Б.: - Албетте.
(Уландысы 3-бетте)






PDF формат







Яндекс.Метрика