14.05.10 - 30-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "Пейджер" - Сиздин үнүңүз!

11-майда "Пейджер"менен сүйлөшкөндөр:
Урматтуу окурман!
Туугандарыңызга, жакындарыңызга, теңтуш, досторго жакшы пикир, куттуктоо, сунуш айткыңыз келсе, мындан сырткары, жашоодогу өзүңүз байкаган түркүн көрүнүштөрдү элестүү, куйкумдуу чагылдырган кыскача ой-пикирлерди ортого салыңыз. Сиз үчүн 386706 телефону шейшемби күнү 10дон 12ге чейин кенен-кесир иштейт.

П-378. Биздин мамлекетке 70 депутат туура болот. Ар бир райондон бирден депутат. Президентти эл шайласын. Премьер-министрди президент өзү шайласын. Өкмөт курамын премьер өзү курап алсын. Өкмөт элдик курултайга отчет берип турсун. Ушул туура болот го деп ойлойм. Казакбаев Рысбек, Борду.
П-379. Бөтөн элге кул болбой, бий болгун. Караш Насер.
П-380. Былгытма кыргызчылык мите курттай,/ Бийликке жуурулбаска алдан кирип./ Өкмөттү түзгөн - бекте каттап култтай,/ Ылайым жолобосун таппай килит. Эркин Жаныбеков.
П-381. Кыргызстанга келген гранттарды, каалаган сыйлыктарды, наамдарды бөлүп алышып, Бакиевдин эрке баласына айланган Нур уулу Досбол жана анын командасын, "Ак жол" партиясынын активдүү мүчөлөрүн, депутаттар Кубанычбек Исабеков, Турдукан Жумабекова, Алишер Мамасалиевге окшогондорду эл алдына алып чыгып, беш жыл бою К.Бакиев менен элге зыян алып келгендерди жооп бердириш керек болчу. Акаевдин убагында да ушундайлар жоопсуз кала беришкен. Рая эже, Бишкек.
П-382. Президентти жети-сегиз жылга шайлайбыз деген мырзалар! Президенттик бийликке беш жыл дагы көптүк кылары эсиңерден чыктыбы? Же эки президенттен сатылбай калган жерлер сатылып, тентибей калган эл түп көтөрө тентип кетсин деп турасыңарбы? Бакиев бийликти колго алгандан кийин беш жылга жеткирбей бардык байлыкты басып алып, аялынын төркүнүнө чейин талатып, баш көтөргөндү аттырып, каматып салбады беле. Силер жети жылга шайлаган президент андай болбойт, элдин турмушун оңдойт деп кепилдик бере аласыңарбы? Б.Алымбекова, Бишкек.
П-383. Ташкул Керексизов Акаев доорунда майлуу жерлерде иштеп тапкан-ташыганын башка алдым-жуттумдардай көрүнө ала жатчудай катып албай керемет көлүбүзгө Рух ордосун куруп, ага улай Аалам ордосун улантууда. Атаң жарыктык, өзүм Керексиз болсом да уулум эл-журттун керегин жараса экен десе керек, кайран киши. Жолдош.
П-384. Бирөөгө жамандык тилебе, бүлөңдүн амандыгын тиле. Караш Насер.
П-385. Убактылуу өкмөт Конституцияны талкуулоодо Масалиевди коюп, Алмамбет Матубраимовду чакыртышса болмок. Курултайда Матубраимов эч кимден коркпой-үркпөй эле айтпадыбы, "падышанын баласы болсо да соттош керек" деп. Сарсанаа болгом, бул кишинин өлтүрүп кетишеби деп. Кудай буюруп өкмөт алмашып, ажалы жок экен аман калды. Мен бул кишини жакындан тааныбайм, эч кандай тууганым эмес. Окурман.
П-386. Командасы менен тоноп хандарың,/ Сан жаранды жалмап төгүп кандарын./ Ата журтум, качты сени оорутуп,/ Эл журтуңда эми сенин камдарың./ Алдын атып, мүлкүн алып ортого,/ Сүрсүтөлү көбүн тордо онтомо. Эркин Жаныбеков.
П-387. Ак үйдүн алдында "Патриот", "Мекен шейиттери", ж.б.у.с. 40тан ашык жаштар коому түзүлүптүр. Ушулар Ак үйдүн алдындагы өңү өчкөн кагаздарды, куурап калган гүлдөрдү тазалап коюшса боло. Балдардын сүрөттөрүнүн тегерегинде балмуздактын кагаздары жатат. Боз үйгө киргенде демитип кол койгула дебей, ошолорду жыйнап коюшса. Анан "Патриот" деген гезитти ошол жерден 10 сомдон кол койдуруп отургандар сатып жатышат. "Патриот" гезитин элге бекер тараткыла дешпеди беле? Азыртан эле коммерция кылып жатсаңар, өкмөткө жулунган жаштарга келечегибизди кантип ишенебиз? Окурман.
П-388. Мурунку президент Акаевди "Алга, Кыргызстан!" партиясы бийликтен шыпырып түшсө, Бакиевдин хоп-майли каражолтой "Ак жол" партиясы карапайым калк турмушуна ылайык келбеген мыйзамдарды кабыл алып, жыйынтыгында мекенчил патриот жигиттер өлүмдөн коркпой төшүн окко тосуп, Бакиевдерди Ак үйдөн айдап чыгышты. Жолдош.
П-389. Мамасалиев эмне эле убактылуу өкмөттү сотко берем деп желденип жатат. Өзүнүн легитимсиз, анан Бакиевге "чөнтөк" депутат болгон кошоматтын кучагындагы мезгилин унутпасын да. 6-7-8-апрелдеги окуяда 86 шейит болгондор, жүздөп жарат алгандар сага окшогондордун кесепетинен болгон. Ушуну эсиңден чыгарба! Досторуң.
П-390. Садыкбек Аблесов, совет доорунда жакшы иштеп, жакшы жүрчү элең. Эми сага эмне болгон? Чындыкты унуткансың го. Революциядан кийин убактылуу өкмөт декрет чыгарып мурдагы калкка каршы иштеген легитимсиз шайланган уюмдарды жокко чыгарып, бүт милдетти өз мойнуна алат да. Өйдө-төмөн сүйлөбөй, андан көрө колунан келишинче аракет кылып жаткан убактылуу өкмөткө иш менен болбосо да оң сүйлөп сөз менен жардам берели. Чоң-чоң мамлекеттердин башчылары байланыш аркылуу убактылуу өкмөттүн жетекчилери менен сүйлөшүп, өкүлдөрү келип жардам да берип жатпайбы. Карысаң да жөн кары дегенди унутпачы. Бир кезде бирге иштешкен кесиптештериң.
П-391. 2005-жылы төңкөрүштөн кийин суракка алынган Акматбаев, Пак, ж.б. ал кезде башкыпрокурор болуп турган Бекназаров аягында аларды боштондукка кое берген. Эми дагы ошондой болуп азыркы кылмыш иши козголуп жаткандар тийиштүү жазасын албай, аягында кумга сиңген суудай болуп кетпесе экен. Ушуну Бекназаровдун эсине салып коелу. Акман.
П-392. Эми "Ак жолдогу" депутаттар кайсы беттери менен убактылуу өкмөттү айлыгым кана, машинем кана, кабинетим кана деп сотко берип жатышат? Окурман.
П-393. Кечээ эле Бакиев эле Бакиев, Жаныш жан досум, Максим кан досум, Жусуп Бакиев фондусу эң башкы колдоочубуз деп кино тартып, концерт коюшкан арзымат куудул, обончу-ырчылар кай жакка житип жоголушту? Ошентип айкырып Таласка бир келип кетпейсиңерби, кучак жайып тосуп алалы. Талас эли.
П-394. Көрсө, Жалал-Абаддагы банкты Жаныш, Конгантиев баш болуп тоногон экен да. Ошол кездеги Жалал-Абад банкынын башчысы гезитке ачык айкын интервью бербеди беле. Улуу орус эли абдан туура айткан "что написано не отрубишь" деп. Ошол эле Жалал-Абаддагы "топором" деп банктын башчысы (ошол кездеги) сүрөтү менен гезитке чыгып интервью бербейт эле да. Р.К.Дада.
П-395. Роза апче! Ү.Сыдыков, Ю.Тойчубеков, А.Мадумаров, Э.Узакбаев, А.Тагаев, К.Исабеков, ж.б. дегендерге иш бермек турсун, учураша көрбөңүз. Алар менен учурашсаңыз Акаев менен Бакиевдин кейпин кийип каласыз. Талас элин уятка калтырбай иштей беришиңизди тилеп, Айчүрөк менен Каныкей.
П-396. Милициянын майору улуу урматуу Торгоев Кеңешбек мырзаны Токмок шаарына МАИ начальниги болушу менен куттуктайм. Адаттагыдай эле жашоодогу жакшылыктардын баарын каалайм. Урматтуу Кеңешбек мырза, азыркы чаң-чуң чыгып турган убакта шоопурларга кара кылды как жарган калыс болбосоңор, алар дагы оңой калк эмес. Не болсо дагы бардык жагынан этият болбосоңор, өлкөдө жагдай дагы эле жакшы эмес. Тынчы жок кызматыңарда ийгиликтерди каалайм. Р.К.Дада.
П-397. Роза Отунбаева, сизге эле ишенип турабыз. Жок дегенде камалгандарды теледен көрсөтүп турсаңар боло? Элмурза Сатыбалдиев эмнеге эркиндикте жүрүп сурак берет? Башпрокуратураны өрттөткөндүгү үчүн эле отуруш керек болчу. Же Бекназаров "карга карганын көзүн чукубайт" оюнун ойноп жатабы? Набыт кеткен нарындык 25 баланын туугандары.
П-398. Бийликке жанталашып далбастагандар, Мамакеев аксакалга көзүңөрдү текшерткиле. А то, обу жок банкрот болуп каласыңар. Беккелди.
П-399. Парламенттик башкаруу деп эле атасыңар, эки үй-бүлөнү багып атып эсибиз ооду эле отуз-кырк кишинин үй-бүлөсүн багып кырылып калбайлы. Келдибек.

Даярдаган
Гүлжан ИЛИЯЗОВА