п»ї
  Гүлчамбар

Түнкү таң, же өлүм неге сулуу көрүнөт?
(Башы өткөн санда)
- Бейшебай, эшикке чыга турасыңбы - дечү. Мен чыгып кетчүмүн. Мени эмне чыгарып ийишти деп ойлоп коер элем өзүмчө.
Бир жолу баатыр эне жөнүндө жазган макалам жарыяланып калды. Ал медсестра болуп иштесе керек эле да, он бир баласы бар болсо керек эле. Анда эмне, өмүр баянын, анан алган сыйлыктарын жазмай. Кыскасы, өмүр баян, анан сыйлыктары гана бар, а адамдын өзү жок сыяктуу… Эже менин үстөлүмө акырын басып келди да, - Бейшебай, - деди аяр, - бул макалаңды берерден мурда мага окутсаң болмок экен. Кургак болуп калгансыйт. Мына, сен мен кечинде үйүнө кирип барганда кичинекей балдары карап калышты деп жазыпсың. Алар жөн карашпайт да, үрпөйүп карашат да. Сен чоочунсуң да. Алар бала да. Балдарынын үрпөйгөнүн көрүп эне кандай абалда калды? Ал кантсе да эне да…
Мен адатымча үндөбөдүм. Эже бир аз турду да, өз бөлмөсүнө кирип кетти. А мени азыр ушул "үрпөйүп" деген сөз ээрчип жүргөнсүйт. Мен анын артынан ошол балдарды, алардын энесин, Жумакан эженин өзүн көрөм.
Эми ойлосом, эженин жүрөгү көзүндө окшойт. "Кургак" деген сөз да "үрпөйгөндүн" жанында жүргөнсүйт мага. Анын артынан маркум Барктабас байкени (Абакиров) көрөм. Ал да абдан сылык-сыпаа, назик жана жароокер киши болчу. Ошентсе да кээде жарылып кетер эле:
- Жолдош Раимбеков! - дечү ал көбүнчө өнөржай бөлүмүнүн башчысына - Макалаңызга кичине жан киргизсеңиз боло. Киши деген сиз жазган дүкөндөрдөгү товар эмес да.
- Баары эле турбайбы - дечү Раимбеков моюн бербей. - Фактылар, ичип-жебегени.
- Ооба, баары эле турат. Бирок кургак болуп жатпайбы. Тил деген куураган жыгач эмес го.
- Эми кургак болгондо… - Раимбеков мукактанып бир аз турат да, артта отурган бизге кайрылып акырын шыбырайт: - Элдин баары сендей акын болбосо… Биз жылмаябыз.
Кургак дегени эмнеси деп ойлоп койчумун мен анда.
Көрсө, жүрөк кургабашы керек экен.
Мына азыр Жумакан эже жөнүндө жазып жатканда мага негедир ушундай ой келди.
Мен билгенден эжени өзгөчө ыракатка бөлөгөн бир керемет болор эле. Ал керемет - кыздары тууралуу айтып берүү. Эже айта берчү, а жанындагылар уккандан тажашчу эмес. Бир жолу, кыш айлары болсо керек, эженин бир кызы редакцияга келип калды. Эже аны кирип-чыккандардын баарына үзүлүп-түшүп тааныштырып жатты: - Менин кызым болот. Каникулга келиптир. Университетте окуйт. Жалаң "бешке" окуйт. Дүйнөдө жакшы нерселер көптүр. Бирок ошонун бирөө да өз балаң жөнүндө кимдир бирөөлөргө ак дилиңден ыраазы болуу сезими менен айтып бергенге татый албас.
Баса, азыр боолголосом, эженин ошол кызы азыркы илим кандидаты, доцент, КТУнун кафедра башчысы Рая эже болсо керек. Рая эже муну эстейби же эстебейби билбейм, а менин эсимде Жумакан эженин ошондогу үзүлүп-түшкөнү түбөлүк калды окшойт.
Бир жолу летучкада жооптуу катчыбыз менин бөлүм башчымды карап алып эле жер сабап кирди: - Эмне үчүн силердин Усубалиевиңер жалаң эле өзүнүн айылын жазат. Жазгандарын окуй келсек эле Оттук айылы. Китепканасы, мончосу, медсестрасы, айтор, бирден терип бүттү. Бир гана жазбаган дааратканасы калды окшойт, жакында анысын да жазат, чын эле айылында ал бар болсо. Биздин гезит "Нарын правдасыбы" же "Оттук правдасыбы"? Эмне үчүн Усубалиевиңер командировкага чыкпайт?
Ушул "кара нөшөрдөн" кийин мен Нарын шаарынын четиндеги бир айылга командировкага барып калдым. Көнүп калган жаным шыдыр эле китепканасына баш бактым. Бир кемчилигин тапсам керек, блокнотко толтурдум да жазам деп жөнөп калдым. Тиги болсо кемчиликтерди азыр эле ордуна келтирерин айтып, жазбай эле койсоңуз деп жалдырап, суранып кала берди. Эки-үч күн өтпөй редакцияга келиптир. Мен дал ошол макаланы жазып жаткам, бөлмөгө кирип келди да ооз учунан учурашымыш болуп, түз эле төркү бөлмөгө өтүп кетти. Эмнеге келди болду экен деп мен таңданып калдым. Көп деле отурган жок, тез эле чыгып кетти. Ал кетери менен ичкериден эже чыга келди да, мага карап:
- Иштеп жатасыңбы? - деди сырдуу, анан эшикке башын жаңсай. - Азыркы чыгып кеткен эжеңди тааныбайсың го, ал мага келиптир. Атайы. Ал сенин эжең болот. Биздин айылдын кызы. Сен командировкага барган айылга турмушка чыккан. Китепканачы. Сен жазып жаткан турбайсыңбы. Биздин айылдын кызы. Сен экөөбүздөн айылыбыз эки бөлөк болгон менен бир эле атанын балдарыбыз. Ал сенин да эжең болот, тууганың болот. Тууганды биле жүргөн жакшы. Сен айткандардын баарын оңдодум дейт. Сен жазам деп кеткен турбайсыңбы. Ал сенин эжең болот, ал силердин айылдын да кызы. Кыздарды сындырбаш керек, башкалардын алдында жер каратпаш керек.
Эже ушинтти да, акырын өз бөлмөсүндө кирип кетти. Мен эчтеке түшүнгөн жокмун. Бирок жазгым келбей калды. Жазган да жокмун.
Эженин сөзү эмес, сүйлөп жаткандагы үнүнүн доошу денемди тешип өтүп, жүрөгүмө сайылып жаткандай болду. Ошол доош азыр да кулагыма жаңырып тургансыйт. Жаңырган сайын, аны Айтматовдун кушунун жаңырыгы коштой берет: "Сенин атаң Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай!"
Тууганды биле жүргөн жакшы… Ал сенин эжең болот… Кыздарды сындырбаш керек… Адамга мындан бөлөктүн эмне кереги бар?
Япондордун ааламга аты чыккан Кабавата деген жазуучусу бар. Ага Нобель сыйлыгы япондордун ой жорумунун өзгөчөлүгүн таасын ачып бергендиги үчүн ыйгарылган.
Кыргызды кыргызча кайсы кыргыз, ким ачып берер экен?
Жок, ачып берип аткандар бар. Алардын бири Жумакан эже эле. Мен поэзиясын айтып жатам. "Ай чыкты тоодон суйкайып…" Минтип кыргыз кызы гана жазмак. Ал Жумакан эже болду. Дагы далай суйкайган ырларды жазды да, кырк алты жашында суйкайган бойдон кете берди.
Биз өзүбүзгө келе да, өзүбүздү өзүбүз ача да албай жаткансыйбыз. Өзүн-өзү ачуу адабияттан башталышы керек. Жумакан эженин поэзиясы да ачылууга муктаж. Адабиятчылар буга киришүүгө милдеткер. Алар Жумакан эженин поэзиясын ачуу аркылуу өздөрүн да ачмак. Муну түшүнүүгө мезгил жетпедиби…
Бир студентим эне жөнүндөгү дил баянында минтип жазыптыр: "Балдар санаасы жок төрөлөт, анткени аларды сыртта энелери күтүп турган болот."
Балким, өлүм биз ойлогондой анча деле коркунучтуу эместир, ал болгону өмүрдүн уландысыдыр. Өмүрдүн уландысы болгон соң күткөнү да, күттүргөнү да бардыр. Жумакан эже да ымыркай сымал санаасы жок уктай берсе болот. Анткени аны сыртта баягы өзүн суйкайып узатып калган ырлары дагы эле суйкайып күтүп жатат.
Ушул үчүнбү, өлүм да сулуу көрүнүп кетет…
Бейшебай УСУБАЛИЕВ




  Көңүл чордонунда

Биз күткөн бакыт


Эне болуу - аял бактысы. Балалуу болгондон тартып жашоонун маңызы өзгөрөт, өзгөчө сезимдер ойгонуп, энелик касиеттен дүйнө жаңырат. Турмушта ар бир нерсе өз убагында болгон жакшы. Күтүлбөгөн кош бойлуулук дайыма эле бакыт алып келе бербейт.

Эгер үй-бүлөнү пландаштыруу же эне болуу азырынча кандайдыр бир шарттарга байланыштуу күтүлбөсө, бойго бүтүүдөн сактануу - заман талабы. Аялдын ден соолугуна жакшы таасир берген жана колдонууда оңой сактануу жолу - оралдык контрацептивдер (ОК). 28 күндүк айыз циклине чакталган, күнүгө кабыл алуучу кичинекей ак дарыда микродозадагы гормондор бар. Гормоналдык дарыларды колдонууда дыкаттык керек. "Ярина" ОК табигый гормонго жакындаштырылган дроспиренон заты кошулганы менен айырмаланат. Анын кошумча артыкчылыгы -жалпы ден соолукту сактоо, келбетти, аны менен бирге маанайды жана жашоо сапатын жакшыртуу касиетинде.
Айыз келердин алдында шишик басып, бел жана ичтин ылдый жагы ооруп, маанай түшкөн кездер көптөргө жакшы белгилүү. Бул көрүнүштөр организмдеги эстрогендердин таасиринен келип чыгат. "Ярина" болсо эстрогендердин таасирин жокко чыгара алат. Андан сырткары, "Ярина" ОК колдонгондо организмде ашыкча суюктук чыгарылып, салмак маселеси чечилет. Аялдарда болуучу дагы бир гормондун түрү - тестостерон (эркек гормондору) көбөйүп кетсе, беттин териси, чач майланышып, жагымсыз нерселер менен күрөшүүгө көп күч кетет. "Ярина" анын да таасирин жоюп, келбетти жакшыртууга шарт түзөт.
Көпчүлүктө ОК колдонуу бойго бүтүүгө тоскоол жаратат деген туура эмес пикир бар. Бул андай эмес. "Ярина" колдонгондо овуляция жайлап, жумурткалар "жартылай" күчтө иштейт. "Яринаны" токтоткондон баштап толук кандуу бойго бүтүрө аласыздар. Акушер-гинекологдор тарабынан тукумсуздукту дарылоонун бир жолу катары 2-3 ай ОК колдонуу сунушталат. Анткени ОК токтотулганда жумурткалар күчтөнүп иштеп, эгиздер бойго бүткөн учурлар көбөйөт.
Балалуу болуу - айтып бүткүс керемет. Биз ал жөнүндө кыялданып, бала биз күткөндө төрөлүшүн каалайбыз. "Ярина" оралдык контрацептивин колдонуп, жашообузду ишенимдүү пландаштыруу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал эми препаратты токтоткондо биз баланын жана өзүбүздүн ден соолугубузга коркунуч келтирбей балалуу боло алабыз.

Сурап билүү үчүн байланыш телефондору: +996-312-56-15-14; +996-772-51-90-70
Товар тастыкталган



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Убактылуу өкмөт деги иштейби?!
2-бет
…Айдар жокто Максим бар.
3-бет
Убактылуу өкмөтчүлөр ичин кара мышык араладыбы?
4-бет
"…Светтик" деген сөздү алууга болбойт!!!
5-бет
Ата-Журтубузга айкөл Манас абадай зарыл болуп турганда,
Алмаз Атамбаевге ак халатчандар зарыл болуп калгандай…

6-бет
Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө алабы?
7-бет
Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА:
"Азиза Абдрасулова бийликке иштеп, чагым чыгаргысы келген"

8-бет
Азиза АБДРАСУЛОВА:
"Токтайымдын "оппозицияда курал, акча бар, кан төгүлөт" дегени чын"

9-бет
Өмүрбек СуВаналиев:
"Алар Нариман Түлеевди премьер-министрликке дайындашы ыктымал"

10-бет
Баатырлар эстен кетпейт
13-бет
"Эмки шайлоо таза өтпөсө, арбактар бизди кечирбейт"
14-бет
Өмүрбек БАБАНОВ:
"Мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен жогору максат жок"

15-бет
КР баатыры, эл акыны Сооронбай ЖУСУЕВ:
"Эл мажүрөө, эл маңыроо дебеңер,Такыр күч жок эл күчүнө теңелер"

16-бет
Элдик саясат
17-бет
Ишенгүл БОЛЖУРОВА:
"Мен Лукашенконун адвокаты эмесмин. Мен элимдин элчисимин"

18-бет
"Биз кайдыгер боло албайбыз"
19-бет
Мөңгү - бул нымдуулук, саясый туруктуулук, ден соолук жана тынчтык
20-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
22-бет
Май айына гороскоп
23-бет
"Кошундун" артында кимдер турат?
24-бет
Жумушум дагы, сунушум дагы
25-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
26-бет
Дин жанданганда эмне болчу эле…
27-бет
Мектепке дени сак деректир керек
28-бет
Кыргыздын миң кыр өнөрү
29-бет
Түнкү таң, же өлүм неге сулуу көрүнөт?
30-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
а ­е¦Є.НҐй«