14.05.10 - 18-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Карынын орду төрдө

"Биз кайдыгер боло албайбыз"

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата "7-апрель жаштар кыймылынын" мүчөлөрү Бишкектеги Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндөгү ардагерлерди куттукташты. Карыларга музыкалык окуу жайынын окуучулары концерт коюшту. Бул иш-чара менен биргеликте ишкер айым Калмира Абдыказакованын бул жердеги байбичелерге берген кийим-кечектери да улгайгандарды бир сыйра кубандырды. Ардагерлерди улуу майрамы менен куттуктаганы келген жогорудагы кыймылдын мүчөсү Эрмек МАМЫРКАНОВ төмөндөгүлөрдү айтты.

- 7-апрелде болуп өткөн окуядан кийин Бишкектин аянтында чогулган жаштар биригип, Кыргызстанга жакшы иштерди жасоо иретинде уюм түзгөнбүз. Уюм түзүлгөндөн бери күнүгө кошулган жаштардын саны көп. Учурда уюмда он миңден ашуун жаштар бар. "7-апрель жаштар кыймылын" партияга айлантып, конкреттүү иштерди аткарабыз деген жакшы тилектер бар.
Улуу жеңиштин 65 жылдыгына карата карылар үйүндө согуштун ардагерлери бар бекен деп бул жакка келгенбиз. Негизи бул ардагерлердин эле эмес, карылардын да майрамы эмеспи. Анткени азыркы улгайган адамдар ошол кезде жаш болгон, алардын ата-энелери согушка катышкан, ал кездеги кыйынчылыкты көрүшкөн. Ошондон улам бул ишти карылар үйүнөн баштайлы дегенбиз. Бул карылар үйүндө согуштун он эки ардагери бар экен. Он эки ардагерге акчалай сыйлык жана белектерди бердик. Бул жерге кеңсе буюмдары, кир жуучу каражаттар жетишпейт деп жетекчиликтин айтканын эске алып, керектүү буюм-тайымдарын сатып бердик. Биз карылар үйүнүн жетекчилигинен карыялар майрамдарда эмнени жакшы көрүшөт деп сураганбыз. Алар улгайып калган кишилер бир сааттан ашык концертке чыдай алышпайт, негизи мындай күндөрү майрамдык тамак-аш күтүшөт деп айтышты. Ошондуктан биз майрамдык дасторконду колубуздун келишинче жайнатып даярдап бердик.
- Куттуктоо ушуну менен эле токтодубу, же…
- 8-майда Ысык-Көл облусунун Тосор, Тамга айыл өкмөтүнө бардык. Ал жакта буга чейин согушта курман болгон баатырларга айкел тургузулган экен. Бул жерде согуштун ардагерлеринин тизмеси толук эмес, болгону баатырлардын гана аты-жөнү жазылыптыр. Биз ошол эстеликти жаңыртып, согушка катышкан ардагерлердин баарынын аты-жөнүн жазууну туура көрдүк. Кыргызстандын бардык аймактарына барып согуштун ардагерлерин куттуктадык. Биздин уюмдун алыскы региондордо да өкүлдөрү иштейт. Андан тышкары, 10-11-майда Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун студенттери жана улуттук биринчи каналдын кызматкерлери менен биргеликте кичи футбол турнирин өткөрдүк. Бул 7-апрелде көз жумган жарандарды эскерүү турнири болду. Кандуу шейшембиде көз жумгандарды унутпоо үчүн жыл сайын ушундай турнирди өткөрүүнү салтка айландыруу максатыбыз бар. Он эки командадан турган бул турнирдин жеңүүчүсү деп Бишкек гуманитардык окуу жайынын студенттери табылып, телевизор утуп алышты.
- Бул кыймыл жаңы түзүлсө да алгылыктуу иш-чараларды жасап баштаган экен. Эгер бул жаштар кыймылы партияга айланып калса, парламенттик шайлоого катышып, саясатка аралашуу пландары барбы?
- Чындыгында биздин саясатка аралашуу максатыбыз бар. Себеби, жыйырма жылдан бери баягы эле саясатчылар жүрөт, коомдо эч өзгөрүү болгон жок. Биз да саясатка аралашып, таза саясат жүргүзүп, коррупцияны токтотуп, Кыргызстанды өнүктүрүүгө аракеттенели деген ойдобуз. Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабай, конкреттүү иштер менен өлкөнүн өнүгүшүнө таасир бергибиз келет.
- 17-майда да Кыргызстанда башаламандык күтүлүүдө деген маалымат тарады. Буга силердин уюм кандай карап атат?
- Азыр абдан көп коомдук уюмдар түзүлдү. Биздин байкашыбызча, мурунку эле саясатта жүргөн лидерлер өзүлөрүнүн жаш канаттарын жаштар кыймылы деп атап, саясатка мурдагыдай эле таасир эткиси келишет. Андан тышкары, биз "7-апрель жаштар кыймылынан" башка дагы жаштар уюмдары менен биригип сүйлөштүк. 17-майда болчу митингге биз каршыбыз. Убактылуу өкмөт менен аларга каршы чыккандардын ортосунда туруп көпүрө бололу деген максаттабыз. Биздин кыймылда 18 жаштан 44 жашка чейинки ар кандай кесиптеги, коомго көрүнүп калган мыкты жаштар жана активдүү студенттер бар.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, сүрөттөр автордуку