Ат жалында маек
Убактылуу өкмөт деги иштейби?!
Өмүрбек СУБАНАЛИЕВ, генерал-майор
Атамбаевдин өнөктөштөрүн аяйм
- Кырдаал курчугандан курчуп барат. Абалды канткенде турукташтырабыз?
- 7-апрелде кырчындай жаш жигиттердин өмүрү кыйылды. Эми экинчи ирет кан төгүлбөшү зарыл. Мамлекеттүүлүктүн тамырын кыркып, кезектеги революцияны жасоого эч кимдин моралдык акысы жок. Ошондой күчтөр чыкса, алгачкылардан болуп мекенимди коргойм. Биз, кыргызстандыктар, эгемендүүлүгүбүздү, эл бейпилдигин сакташыбыз керек. Анүчүн ар бир жаран кайдыгер карабай, убактылуу өкмөткө көмөктөшсүн!
-
Алмазбек Атамбаев УТРКдан сизди уят сөз менен атады. Буга не дейсиз?
- Акыл-эси жайында адам минтип айтпайт эле. Мындай инсандын бийликтин бийик тепкичинде турушу мамлекетке кедергисин тийгизет. Анын абалы "жаз мезгилиндей" окшойт, сүйлөгөн сөзүнө, кыймыл аракеттерине жооп бералбай калыптыр. Алмазбек Шаршеновичке психиатриялык экспертизадан өтүп коюшуна кеңеш берер элем. Жеке мен Атамбаевдин өнөктөштөрүн аяйм. Ушундай кишиге чыдап аткандарына рахмат.
Мирослав НИЯЗОВ, генерал-майор
Аларда ынтымак жок
- Убактылуу өкмөт абалды стабилдештирүү үчүн эмне кылышы керек?
- Менимче, утурумдук бийлик кырдаалды көзөмөлдөй албай калды. Себеби, аларда ынтымак жок. Ар кимиси өз көмөчүнө күл тартууда. Кадр маселесинде да бир мунасага келе албай жатышат. Ынтымак жок жерде иш кантип алга жылсын?
Эмилбек КАПТАГАЕВ, утурумдук өкмөттүн аппарат жетекчиси
Көз караш, пикирлер ар башка
- Эмне үчүн утурумдук өкмөт кырдаалды көзөмөлдөй албай жатат?
- Бул чындыкка толук туура келбейт. Республикадагы абал көзөмөлдө. Айрыкча экономика жана каржы жаатында. Айталык, айлык акы, пенсия, жөлөк пулдар толук берилип атат. Жакын арада буюрса, бюджеттик мекемелерде маянаны көбөйтүү маселеси да чечилиши мүмкүн. Ал эми укук, тартип жана мыйзамдуулук боюнча көйгөй бар. Анткени элдик революция ар бир айыл, шаар, облуста болуп өттү. Ал ар кайсы жерде ар кандай саясый күчтөрдүн үстөмдүгү менен ишке ашты. Ошол себептен коомдук жана саясый маселелерге келгенде көз караш, пикирлер ар башка болуп жатканы чын. Дароо эле бардыгы мунасага келиши мүмкүн эмес экен. Бул жагдайды да туура түшүнүш керек деп ойлойм.
Иса ӨМҮРКУЛОВ, Бишкек мэринин милдетин аткаруучу
Бакиевчилер менен сүйлөшпөйбүз
- Нариман Түлеевдин жактоочулары сизди жана Өмүрбек Текебаевди эл алдына чыгуусун талап кылышты. Бирок, алардын үнүн утурумдук өкмөт уккан жок. Себеп?
- Түлеевди эмес, мурдагы президент Курманбек Бакиевди жактаган адамдар митинг уюштурду. Эски бийликтин таламдаштары менен убактылуу өкмөттүн атынан эч ким сүйлөбөйт. Коомчулукту козутуп, түрдүү провокациялык чакырыкка үндөгөндөр жоопко тартылышы керек.
Адахан МАДУМАРОВ, коомдук ишмер
Кошуналар расмий бийликти гана тааныйт
- Кыргызстан экономикалык блокадада калды. Туңгуюктан чыгуунун жолу барбы?
- Жайлоолоп кеткен болбойт. Укуктук талаага кайтып келишибиз керек. Өзүн сыйлаган мамлекет легитимдүү бийлик менен гана кызматташат. "Революциялык жолду тандадык" деп тырышып отура берген кайсы акылга сыят? Утурумдук өкмөт өзүн мыйзамдаштырса, коңшу өлкөлөр менен саясый, экономикалык, социалдык карым-катнаш уланат. Биз үчүн ал чоң утуш болор эле. Отунбаева өкмөтү ушул жагына көңүл бурганы оң.
Жамин АКИМАЛИЕВ, коомдук ишмер
Акыр заман болбосун десек
- Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө алабы?
- Жок. Анда бизде акыр заман орнойт. Кыргызстан мамлекеттүү-лүгүнөн айрылып, улуу державалардын же кошуна өлкөлөрдүн кулуна айланат. Ушуну саясый элита, жаштар түшүнүшү керек.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ
Бөлүнбөй, эсибизге келели
Бакиевдин жактоочулары кечээ кечинде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук администрацияларынан убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн кууп чыгышып, экс-губернаторлорду эски ордуна кайра отургузушту. Оштун экс-губернатору Мамасадык Бакиров ден соолугуна шылтоолодубу же алда кандай болуп кетет дедиби, губернаторлук тагын экс-орунбасары Айтмамат Кадырбаевге өткөрө салды. Аларды көрүп турган жалал-абаддык үч жүздөй бакиевчилер "биздин эмнебиз кем" дештиби, обладминистрацияны басып жыгылышты. Губернатордун убактылуу милдетин аткаруучу Бектур Асановду "төпөштөп" жиберишип, экс-губернатор Кошбай Масировду ит менен издеп таап келишип, тагына кайра мингизишти. Баткенге кимди алып барышканын биле албадык. Ал эми убактылуу өкмөттүн атка жеңил тайга чак саясатчысы Э. Байсалов "обладминистрацияларды 300 киши басып алгандан бийлик колдон чыгып кетпейт" деп компоюп турган чагы.
Ошондой эле убактылуу өкмөт-төн күч структураларынын жетекчилери И.Исаков жана Б.Алымбековдун түштүккө аттанганы белгилүү болду. Оштогу аэропорт да бакиевчилерге өттү.