07.05.10 - 25-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Роберт де Ниро
Атактуу америкалык киноактердун бир күйөрманы кумири Роберт де Ниро менен бир отуруп пиво ичиш үчүн 8500 (сегиз миң беш жүз) доллар төлөптүр. Бул отуруш мындайча башталган. Нью-Йоркто уюштурулган аукционго Роберт де Ниро чакырылат да, актер менен отуруп пиво ичкенге лот ачылат. Анан, аукциондо бул лотту жеңип алган күйөрман ашык-кеми жок 8500 долларды пивого жумшаган экен, чиркин ай-йе!..
Роман Полански
Белгилүү поляк кино режиссеру Роман Полански ушу күндө сот тарабынан чыккан өкүм менен бир нече айдан бери үй камагында отурат. Ушу күнгө чейин "былтыйып" унчукпай отурган режиссер өткөндө "баң!" эткизе жарылды. Өзүнө карата жүргүзүлгөн кылмыш изилдөө аракеттери сот жообуна тартуу үчүн эмес, маалымат каражаттарынын канын суюлтуп, калтасын жылытыш үчүн жүргүзүлгөн дейт Полански. Себеп дегенде, анын күнөөсүн далилдеп, АКШ түрмөсүнө чынжырлап келем деп чыккан Лос-Анжелес аймактык соттун прокурору Стив Кули, Калифорния штатынын генпрокурорлук кызматы үчүн боло турган шайлоого белсенип кирген, демек, ага сөзсүз түрдө маалымат каражаттарынын колдоосу зарыл болгон, дейт камактагы режиссер.
Эске сала кетсек, 76 жаштагы Поланскини тээ илгери, 1977-жылы жашы жетелек кыз Саманта Геймерди интим иштерине тартканы үчүн АКШ бийлиги күнөөлөп, жакында эле айыпкерди колго түшүргөн.
Сот амалдарынан кийин Роман Полански Швейцариядагы вилласында үй камагында "отурган" кезеңи.
Юрий Никулин
Жакын арада Баку шаарында айтылуу актер жана цирк өнөрпозу, жалпы СССР элинин сүймөнчүгү маркум Юрий Никулинге эстелик тургузулмакчы. Скульптуранын түшө турган орду белгилүү - атактуу "Бриллиантовая рука" фильминде Никулин тайып жыгылып… "Шайтан алгыр!" деп кейип жиберген жер бар эмеспи. Дал ошол "точкеге" Никулиндин "кыйшайып" бараткан абалын чагылдырган скульптура даярдалып бүтүп калган экен, арбагың сүйүнгүр!
Стивен Спилберг
Атактуу кинорежиссер жакын арада согуштук ат жөнүндө фильм тартууга билек түрө киришет. Жаңы фильм жазуучу Майкл Морпургонун "Согуштук ат" деген китебинин негизинде тартылат. Бул китеп 1982-жылы жарык көргөн. Китепте 1914-жылы башталган биринчи дүйнөлүк согуш аракеттери сүрөттөлөт. Жоуи деген жылкыны аты-жыты сиңген фермадан түз эле фронтко жөнөтүшөт. Согушта Жоуи эрдиктин не бир үлгүлөрүн көрсөтүп, жоокерлерге бийик дем берет. Бирок, жүрөгү туулган жери жөнүндө дүкө-дүк согуп, фермада калган кичинекей досу Альберт деген баланы сагынат…
Уве Митцшерлих
Германиядагы кайсы бир почта кызматынын жумушчусу Уве Митцшерлих катуу оорулуу мышыгына үйлөнүүнү чечкенин билдирди. Мышыктын аты Сесилия. Мышыктын өлөөрүнө көзү жеткен ээси Сесилия "эрге" тийбей көз жумбасын деп ушул кадамга бараткан экен. Германияда айбандар менен адамдардын никеге туруусуна тыйуу салынгандыктан, үйлөнүү үлпөтү бейрасмий түрдө өткөн. Үлпөттү эл сыяктуу өткөрүү үчүн Уве 260 еврого немис актрисасы Кристин-Мария Лорини жалдаган.




  ДҮЙНӨКҮН


Туйдүйнө. Германияда ар бир үчүнчү наристе никеден тыш төрөлөт экен. Азыр жарыкка келип жаткан балдардын 32 пайызы "мындай эле" төрөлүп жатат. Ушул эле көрсөткүч мындан 10 жыл мурда 15 эле пайыз болгонун расмий статистика тастыктап турат. Бул жаатта Саксония-Анхальт жергесине 64 пайызы туура келет экен. Никесиз балдар Баден-Вюртемберг жергесинде баарынан аз төрөлөт - 22 пайыз.



Сотдүйнө. АКШда CBS телеканалынын мурдакы продюсери Роберт Хэлдемэнге сот өкүмү окулду. "Жо" деген тескери ысым менен белгилүү бул шантажчы белгилүү тележурналист, алып баруучу Дэвид Литтерманды коркутуп, үркүткөн. Кезинде, 2009-жылдын сентябрь айларында Хэлдемэн телеканалдын кыз-келиндерин өз катыныңдай "сыйпалап" жүрөсүң, ошону элге жайып жиберем деп, 2 миллион долларлык "оозбасырык" талап кылган. Бул айыбын шантажчы мойнуна толук алды.



Күнөөдүйнө. Берлиндик полицей 1-майда болуп өткөн башаламандык учурунда жыгылып түшкөн демонстранттардын бирин көк желкеге бир тепкен. Анысын өзү мойнуна алып, өз эрки менен полицияга келген. Полиция кызматкери керилип туруп башка тепкен жерин көчөдөн видеого тартып алган бирөө пленканы полицияга жөнөтүп жиберген. Тепки жеген киши эч кандай арыз жазып кайрылбагандыктан, ким экени алигиче белгисиз.



Майдүйнө. Жакында океандын ары жагындагы Мексика булуңунда нефтекатастрофа катталып, мунайзат өндүрүү техникасы жарылып кетип, иштеп жаткан нефтичилердин арасынан 11 жумушчу мүрт кеткен. Жарылган түтүктөн агып чыккан нефть 12 күндөн бери оозу бүтөлбөй, айланасын бүт каптап келатат. Нефти сордуруу суу астында жүргүзүлгөндүктөн, гидро-аймак булганып, океан түбү балык-салыгы менен чоң "үркүнгө" дуушар болгон чагы. Жер-сууну челген нефти "буламыгы" Луизиананын эң четки "бутагы" Шанделюр аралдарына чейин жетип келди дейт расмий маалыматтар.