07.05.10 - 17-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Өңү өчкөн күндөрдөн

"Өрүктүн данегинен нан жедик"

Улуу Ата мекендик согуш жылдарынын апаат күндөрдөгү жашоосу жөнүндө ардагер апа АБДЫЛДА кызы Саткын төмөнкүчө кеп салып берди.

- Күйөөм согушка кеткенде колумда беш жаштагы кызым калды. Ага чейин бир уулум чарчап калган. Бир коргондун ичинде эки абысыным, кайненем менен чогуу жашайбыз. Улуу кайнагам кызыл шапке кийген милийса эле. Аны эл инкүбүдү дешет. Андан кийинкиси колхоздо иштейт.
Өтө оор турмуш согуш учуруна туура келди. Бүт баарын согушка жөнөттүк. Жаздан баштап күзгө чейин талаада иштеп, эмгек акыбызга болгону нан алабыз. Кээ бир аялдар норманы эки эсе жогору аткарып, нанды көп алчу. Нанга кошуп жегенибиз өрүк. Кайненем кечинде өрүктү баарыбызга ченеп бөлүп берет. Кышында тамды өрүк отун, тезек менен жылытабыз. Түнкүсүн өрүктүн чогун чакага салып, үстүн күл менен жаап сандалга коюп, ага бутубузду катып жатабыз. Эртең менен чакадагы күлдү ачсаң өрүктүн чогу кызарып турган болот. Ошону менен денебиз жылыйт. Анан аны очокко салып үстүнө кайра отун таштайбыз.
Кайнагам тамаркага зыгыр айдап, аны май жубаздан өткөрүп келет. Ошого тамак жасап жейбиз. Анда азыркыдай дүнүйөнү, акчаны, кийимди ойлоо кайдан. Нан кенен болсо, согуш тез эле аяктаса дегенди тилек кылчубуз.
Милийса кайнагам таң заарда атын токуп чыгып кетип, кечинде эл жатарда келет. Эки аргымагы боло турган. Аларды кезектеп минет. Эртеден кечке согуштан качкандарды издейт. Районго барат. Айрым учурда оозуна наар албай үйгө келет.
43-жылы күйөөм согуштан оор жарадар болуп келди. Алты айдай госпиталда жатыптыр. Ошого карабай колхозго бригадир болуп дайындалды. Анда согуш үчүнчү жылга аяк басып, элдин турмушу өтө начарлап кеткен. Кээ бир үй-бүлөлөр өрүктүн данегин тегирменге тартып, ошондон нан жаап жеп жатышты.
44-жылы күзүндө милийса кайнагам качкындарды таап колго түшүрүп, Ошко жеткирип келди. Адам ээн талаада көпкө чейин ач жүрүп жырткычка окшоп калат экен. Эртең менен атын сугарып жатса анын куралы жок экенин билип, дагы үч качкын кайнагама кол салат. Карылуу эле, эптеп суурулуп чыгып, үйгө келип беш атарын алып аларды тоого чейин кубалап барган. Качкындар кутулуп кетишип, эртеси райондон отряд чакырып үчөөнү тең атып салышты.
Ал мезгилде Сталиндин буйругу бар эле. Баарынан да алардын жесирлери чиедей балдарын ээрчитип келип ыйласа, чыдап туралбайсың. Көрсө, качкындар үй-бүлөсүн кыя албай согуштан качкан экен. Эмнеси болсо да апаат күндөр ошондо болгон. Бир күнү качкындар кайнагамды абысыным менен уктап жаткан жеринен атып кетишти. Тарсылдаган добуштан сыртка чыксак кан суудай агып жатыптыр. Баарыбыз чуру-чуу түшүп ыйладык. Аты Барат эле, дубандын эли тааный турган. Тажиясына көп киши келди. Кайненемдин аты Алия болчу. Таң заардан кошок кошуп ыйлап, акыры тамагы бүтүп үнү чыкпай калды.
Ошол жылы кышында эл бирин-серин ачкадан өлө баштады. Үрөндүк буудай күйөөмдүн колунда эле. Кыйналган ачка элдин убалынан корктубу, айтор, кампадагы үрөндүк буудайды элге бөлүп берди. Анда бул үчүн закүн катуу эле. Тез эле камакка алышты. Анан түз эле Ошко алып барып Камчыбектин түрмөсүнө тыгышты. Эми экинчи көрбөйбүз го дегем. Бирок фронтовик болгондуктан сот ырайым кылып актап жиберди. Элди өлүмдөн алып калсаң кантип камайт элек дептир. Ошондо Оштогу достору ат мингизип, жаңы кийим менен жөнөтүшкөн.
Андан кийин деле турмуш оңолуп кеткен жок. Он бир бала төрөп, бешин жерге бердим. Улуу кызым учук оорусунан каза болду. Өзүм бир жашымда ата-энемден ажырап, томолой жетим калыптырмын. Энем канча төрөсө да балдары турбай чарчай бериптир. Акыры мен төрөлгөндө эмизбей туруп бирөөгө беришип, кайра мени ырымдап сатып алышкан экен. Бир жашымдан баштап таякемдин колунда чоңойдум. Согуш жылдары жокчулук болсо да элде мээрим бар эле. Барына топук кылып, амандыкты тилеп жашадык. Андан бери көп жыл өтсө да согуш күндөрүн көп ойлойм.
Кайсы бир үйдөн ый чыгып, кишилер чуу салса, кара кагаз келгенин билет элек. Башкы арман - согушка кеткендердин баары кайра аман келген жок. Айрым үйлөргө бир эмес эки кара кагаз келген күндөр болду. Эчен эр азаматтар бөтөн жерде калып калышты. Эми ойлосом, ошондо айылда кыркка жетпеген там болсо, элүүдөн ашуун киши согушка катышыптыр. Улам эр жеткендерди алып кетип жатты.
Акыры биз күткөн жеңиш келди. Согуштун жараты оңой менен өчкөн жок. Менин баамымда, өкмөт согушка катышкандарды союз учурунда да жакшы урматтаган жок. 9-май болгондо эле кичине бир белек берип койчу. Азыр алар өтө эле аз калды. Азыр биздин айыл өкмөтүндө болгону эки эле ардагер калды. Экөө тең токсон жаштан ашты.
Эми тилегенибиз, жаштардын келечеги жакшы болсун. Баарына сабыр кылыш керек. Ылайым согуш болбосун. Согуш каарын биз тарттык. Анын кайгысын тартпаган үй-бүлө калган жок. Күйөөлөрү согушта курман болгон келиндер атасыз балдары менен жаңы үй-бүлө курууга мажбур болду. Турмуштагы көп окуялар унутулду. Анын ичинде жакшысы да, жаманы да бар. Бирок согуш каары унутулган жок.

Келдибек НАЗИРОВ




  Таазим

Унутулгус эрдик, улуу майрам

Улуу жеңиштин 65 жылдыгынын алдында турабыз. Адамзат тарыхында болуп көрбөгөн, 50 млн.дон ашык өмүрдүн гүлүн соолуткан бул алаамат согушка Кыргызстандан 372 миңден ашык адам катышкан эле. Алардын дээрлик үчтөн экиси кайтпай калды. Бул алакандай элибиздин кабыргасын кайыштырып, улуттук генефондубуздун кенемтесин кыйла эле мертинтип кетти. Не бир, улуттун уугун сайып, керегесин кеңите турган, канчалаган үй-бүлөлөрдүн түндүгүн көтөрүп, очогун жылыткан карапайым эр азаматтар, таланты ташкындаган акын жазуучулар Ала Тоону айланып көрбөй калышты. Кайткандары деле алты саны соо келишкен жок. Ал эми жеңишти жакындаткан оорукта калган кары-картаңдардын, апаларыбыздын, жаштыгы ошол оор күндөргө туш келген улуу муундагы адамдарыбыздын эрдигичи. Азыркы күндө Улуу Ата мекендик согушка катышкан аталардын, оорукта оор күндөрдү өткөргөн апалардын катары жыл сайын суюлуп, республика боюнча 3500 гана ардагерлер калды. "Агым" гезити жеңиштин 65 жылдыгына карата мындай адамдарды эл ичинен издеп таап, ар бир санында жарыялап келди. Мындан ары да ушул бейпил күндөргө жеткирген ардагерлердин өрнөктүү өмүрүнө кайрылып турууну парзыбыз деп эсептейбиз.


Ардагерлерди ардактай алдыкпы?
КМШ өлкөлөрүнүн ар бири ардагерлерин ардактап, болгон сый урматын көргөзүп жаткан учуру. Бизде деле көңүл бурулуп жаткансыйт. Тагыраагы 1-апрелден баштап, согуштун катышуучуларына, Ленинград блокадасында калгандарга, концлагерлердин туткундарына айына 3 миң сомдон кошумча каражат төлөө чечими чыккан. Ошондой эле пенсиясы 1000 сомго жетпегендерге 500 сомдон, ал эми миң сомдон 2000 сом пенсия алгандарга айына 350 сомдон төлөп берип туруу каралган болчу. Учурдагы саясый кырдаалга карата бул айтылгандар аткарылып жатабы жокпу, айта албайбыз. Чындап келгенде бул адамдарга ат башындай алтын берсек да аздык кылаары бар эмеспи.

Улуу-кичүү муундардын жолугушуусу
Бишкектеги финансы-экономикалык академиясынын студенттери Жаш гвардия бульварындагы Баатырлар аллеясында ардагерлер менен жолугушту. Колдоруна гүл беришип, студенттик дасторконуна чакырышты. Кыргыз улуттук консерваториядан атайын чакырышкан өнөрпоз курбулары кеңири концерт беришти. Айтор, улуу-кичүү муундун жолугушуусу эсте калаарлык өттү окшойт.

Баатырыңды билесиңби?
Кыргыздын жоокердик мүнөзүн, кылымдык кайратын кан күйгөн согушта даана көрсөткөн баатырларыбыз биздин түбөлүк сыймыгыбыз. Кыргызстандан 76 баатыр чыккан. Алардын бири майданга Таластан аттанган пулеметчу Асанбек Оторбаев. Ал 25 фашистти жок кылуу менен бирге, эки граната менен өзү жүрүүчү замбиректин алдына бой таштап, аны жардырып жиберип курман болгон. Бул эрдиги үчүн ага 1945-жылдын 31-январында Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Ал болгону 20 гана жашта эле.

Эрдик эскирбейт
Согуштагы эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы эң кеч берилген (1991-жылы ыйгарылган) Ысмаилбек Таранчиев болду. Ал учкуч эле. 1944-жылы Эстониянын Тарту шаарынын үстүндө өткөн аба чабуулунда душмандын үч истребителин атып түшүрүп, өзүнүн самолетуна да снаряд жаңылган. Бирок, Ала Тоонун шумкары парашют менен секирип, жанын сактап калуунун ордуна күйүп бараткан самолетун темир жол түйүнүндөгү күйүүчү май, көптөгөн курал-жарактар сакталган складга багыттап, дээрлик бардыгын жардырып жиберген. Ата мекендик согуш тарыхында мындай эрдиктер саналуу гана.

55 ардагер үйлүү болот
Улуу жеңиш күнүнө карата Бишкек мериясы тарабынан 64 ардагерге үй берилет деген чечим бар эле. Анча болду жеңиштин 65 жылдыгы болуп атса, дагы бирди кошуп толук эле 65 үй беришсе болмок экен деп жазганбыз. Азыркы саясый кырдаалдан улам ал убадалар аткарылбай калабы деп турсак, мэрия унутпагандыгын, ушул күндөрдө 55 ардагерге берилчү үй даяр экендигин, калган тогуз үй жакында берилээрин басма сөзгө жарыя кылышты. Ошондой эле Бишкек мериясы тарабынан согуштун катышуучуларына 10 миң, оорукта иштегендерге 5 миңден сом берилери белгилүү болду. Учурда Бишкек шаары боюнча 1007 ардагер калган.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ