07.05.10 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  От дегенден ооз күйбөйт

Энергетиканы кантип омкорушкан?
(Уландысы. Башы өткөн санда)

"Агымдын" өткөн санында энергетика тармагындагы техникалык база эскирди дегенге негиз жоктугу жана энергокомпаниялардын текейден арзан пулданышы кенен баяндалган. Бу саам сырттан келген инвестиция өлчөмү, коммерциялык жоготуулар туурасында сөз кылабыз.
Мурдагы расмий бийлик өкүлдөрүнүн техникалык жабдуулардын дээрлик жарактан чыккандыгы боюнча тараткан маалыматы бири-бирине шайкеш келбейт. Төртөөнүкү төрт башка. Экс-премьер Данияр Үсөновдун "энергетика тармагынын 90%ы эскирип бүттү" деп ач айкырык салганына кошулалы. А бирок, кайсы энерго ишкананын кайсы жабдыгы "шал" болуп калгандыгын бир дагы чиновник, жадагалса агездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиев көрсөтүп бералган эмес. Анан кайдагы техникалык базаны реконструкциялоо боюнча кеп жүрүшү мүмкүн?
Мурдагы режим тушунда энергетика системасы таптакыр жараксыз абалга кептелгендиги, андыктан, тарифтерди эселеп жогорулатпаса болбостугуна гана басым жасалган. Ошол эле учурда бу тармакка миллиондогон долларлык инвестициялар тартылгандыгы эч жерде айтылган жок. Маселен, өнөржай, энергетика жана отун ресурстар министрлигинин маалыматына ылайык, 1994-2008-жылдар аралыгында энергосекторго грант, кредит түрүндө 390 млн. доллар келген. Каражаттын көпчүлүк бөлүгү электр өткөрүүчү линияларды реконструкциялоого жумшалган. Мындай шартта техникалык база эскирмек тургай, тескерисинче, жакшырары калетсиз.

Банкрот кыл да, жайлай бер!
Энергетика тармагында жоготуулар абдан жогору экендиги талашсыз. Айрыкча 2004-2005-жылдар аралыгында энергия бөлүштүрүүчү компанияларда жалпы продукциянын 47%ын жер "жутуп" кеткен. Ал эми "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсынын маалыматына ылайык, бу көрсөткүч 50%га жеткен.
Акыркы үч жылдагы статистикага көз жүгүртсөң, Бакиев бийлиги энергетика системасындагы жоготууларды "тизгиндөөгө" катуу чара колдонгондой (таблицаны караңыз) таасир калтырат.
Мунусу колдоого аларлык экен дейли. Ошентсе да жоготуулар эмненин эсебинен азайып жаткандыгын Ак үй билермандарынын бири да ачык түшүндүргөн жок. Мындан улам кыргыз өкмөтү энергетика тармагындагы коррупция менен кагаз жүзүндө гана күрөшүп аткан эмес беле деген суроо туулары мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Энергия бөлүштүрүүчү компанияларды чыгашалуу ишканага айландыруу "оюну" Акаев заманында эле калыптанган. Алсак, 2003-жылы министрлер кабинети 4 ири компаниянын ("Түндүкэлектро", "Чыгышэлектро" "Ошэлектро" "Жалалабадэлектро") 1 млрд. 78 млн. сом өлчөмүндөгү карызын жойгон. 2007-2008-жылдар аралыгында "Түндүкэлектро" карызга белчесинен батып, Чудинов өкмөтү 850 млн. сомду кечүүгө аргасыз болгон. Бирок, ишканалардын карызга батууга кандай жагдай түрткү болгонуна расмий бийликтин кызыкпаганы бүдөмүк ойду жаратат. Мына ушул жерден суроо туулат, компанияларды банкротко учуратып, өлкө казынасына миллиондогон сом зыян алып келген чиновниктердин аты-жөнү ким? Неге алар сот жообуна тартылган эмес? Буга конкреттүү жооп жок. Демек, кыргыз бийлиги энергетика тармагындагы коррупция менен чындап күрөшпөгөнү айтпасак да түшүнүктүү.
Коррупция тууралуу сөз жүргөндө бир окуя эске түшөт. Экс-президент Курманбек Бакиев кайсы бир иш-чарада "чыныгы ууруларды энергокомпаниялар менен килейген особняктарда жолуктурууга болот" деп "балп" эттирген. Буга улай энергетиканы "уурдоонун" жөнөкөй схемасын да түшүндүрүп өткөн. "Чоң особняктарда жашагандар айына 3000 сом төгүшү керек дейли. Электрик үй ээсине 1000 сом бериңиз, калганын кечейин дейт. Ал акча кайда кетет? Албетте, энергетик аны сол чөнтөккө урат. Андыктан, мына ушуга окшогон коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюш керек". Көрдүңүзбү, энергетика системасындагы жемсөөлүк президентке чейин жеткен. Тилекке каршы, коррупцияны ооздуктоого келгенде өлкө башчысы деле алсыздык кылды.

47 тыйын кайда, өкмөт ака?
Коомдук ишмер, энергетика тармагын мыкты билген адис Карыпбек Алымкулов башында турган атайын топ электр жарыгына болгон тарифтин 2,2 эсеге жогорулаганын изилдеген. Карыпбек мырза Үсөнов өкмөтүнүн маалыматына таянып, "ильич шамынын" 1,5 сомго көтөрүлгөнүн мындайча эсептеген: электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларга - 43,5 тыйын, берилүүчү тариф - 25 тыйын, бөлүштүрүүчү компанияларга сатуудан түшкөн салык - 1,73 тыйын, жоготууларга кетчү каражат - 18,8 тыйын, бөлүштүрүүчү компаниялардын чыгымы - 42,5 тыйын. НДС - 18 тыйын. Буларды эсептей келгенде 149,53 тыйын келип чыгат. Расмий бийлик калган 0,47 тыйын эмнеге жумшаларын айткан эмес.
Жогоруда тарифтин эселеп өсүшүнө жоготуулар да зор таасир эткени ачыкка чыкты. Кызык, энергокомпаниялардын жоготуусу карапайым калктын эсебинен жабылышы керекпи? Анда өкмөт энергоишканалардын карызын неге жойду?
Жаңы бийлик энергетика системасындагы коррупцияны терең изилдеп, тийиштүү чара колдонгону талапка ылайык. Коррупцияга бөгөт коюлса, бу тармак чыгашалуу эмей эле кирешелүү тармакка айланат. Андан мамлекет капчыгына оңбогондой каражат түшөт. Натыйжада өлкө экономикасынын өнүгүшүнө азыноолак болсо да салым кошулмак.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Өпөң-чычаң...

Башкы прокуратурада иш көп, ачылганы жок
Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев "Азаттыкка" берген маегинде тергөө органдары тарабынан мурдагы президент Курманбек Бакиевге тиешелүү далилдер топтолгонун, жакын арада аны Кыргызстанга алып келүү боюнча кескин чаралар көрүлөрүн билдирип, "азыр тергөө органдары тарабынан мурунку президентке тиешелүү бардык далилдер топтолуп калды деп айтсам жаңылбайм. Жакынкы арада ал кишини алып келүү үчүн кескин чаралар көрүлө баштайт" деген эле.

Буга жооп катары Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко "Рейтер" агенттиги аркылуу К.Бакиев Беларусь мамлекетинин жана өзүнүн жеке коргоосуна алынгандыгын, убактылуу өкмөттүн Бакиевди экстрадициялоо жөнүндө аракети пайдасыз экенин айткан.
Шейшемби күнү Башкы прокуратура тарабынан "Кыргызгаз" ААКнын мурдагы башкы директору Игорь Чудиновго карата 171-215-221-беренелер боюнча (Мүлктү таратуу жана өзүнө алуу, каржы жеңилдиктерин мыйзамсыз берүү жана алуу, коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин кызмат абалынан пайдалануусу) кылмыш иши козголду. Көрсө, И.Чудиновдун көрсөтмөсү менен "Кыргызгаз" ААКсы "Бишкекэнергокомплекс" ЖЧКсына газды төмөндөтүлгөн баа менен сатып, ортодо калган акчаны өзү мойсоп турган. Бул эргул кичирээк кезинде ушунча жеген экен, бакыйган премьер-министр болуп турганда таптакыр куруткан го.
Жакында ММКга убактылуу өкмөт кыргыз элинин алдына оор кылмыш жасаган адамдарды кармап берген же кармаганга көмөк көрсөткөн жарандарга 20 миңден 100 миң долларга чейин сыйлык берүү чакырыгы менен чыкканы жарыяланды. Эгер кимде ким Жаныбек Бакиев, Максим Бакиев, Акматбек Бакиев, Каныбек Бакиев, Марат Бакиев, Данияр Үсөнов, Игорь Чудинов, Алексей Елисеев, Алексей Ширшов, Сапарбек Балкыбеков, Акимжан Муйбиллаев, Курманбек Темирбаев, Нурлан Темирбаев кай жерде жүргөнүн билсе, УКК менен ИИМге (0312) 62-11-71, 62-38-74, 66-30-29, (0-555) 30-46-83 телефондору аркылуу кабарлап, тигинче доллар алса болот экен. Ырас, кыйналып турган учурда күч органдарына жардам бергенге не жетсин. Эң кызыгы, кокус ошол эле убактылуу өкмөтчүлөрдүн бири табууга акчалай сыйлык коюлган жогорудагы мурдагы мамлекеттик чиновниктерди өздөрү качырып же жаап-жашырып жатсачы? Мисалы, эл ичинде премьер-министр Данияр Үсөнов баштаган экс-чиновниктерди ким канча миллион доллар алып качырганы тууралуу шыбыштар жүрүүдө. Анда эле 100 миң доллар алам деген үмүт менен издөө салынгандардын бирин жетелеп келген кишинин шору да. Экинчиден, кимиси канча миң доллар турат? Маалымат кандай жол менен бааланат? Көрсөтүлгөн телефон боюнча ИИМге же УККга маалымат берген кишиге "ой, анын ошол жерде жүргөнүн биз деле билебиз" деп 20 миң доллар эмес жыйырма тыйын бербей койсочу? Баса, ММК өкүлдөрүнүн бири учурда түштүктө Жаныш Бакиевдин жигиттери ээн-эркин эле даң салып жүргөнүн, "аларды кармагыла" деп Роза Отунбаевага телефон чалганын, бирок бул боюнча эч кандай чара көрүлбөй жатканын айткан.
Учурда Башкы прокуратура тарабынан Бакиевдерге жана аларга тиешелүү чиновниктерге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин саны арбын. Бирок алардын кантип тергелип, кандайча изилденип жатканы тууралуу коомчулукка шардана болбой туру. Баягы эле 2005-жылдагыдай тигил мынча жеп коюптур, бул мынча жеп коюптур, кокуй, Бакиевдерге байланышкан түкүнчө кылмыш иши ачылды деген маалымат чыгат да, анын арты тергөө кызыкчылыгы үчүн азырынча маалымат берилбейт деген көнүмүш шылтоо менен бүдөмүктөлөт.
7- апрель окуясы боюнча мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Д.Дунгановго жана мурдагы коргоо министри Б.Калыевге күнөө коюлуп, камакка алынганын, мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы төрагасы Ж.Бакиевге, улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы жардамчысы М.Бакиевге, ушул эле мекеменин мурдагы төрагасы М.Суталиновго, мурдагы премьер-министр Д.Үсөновго жана мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын мурдагы биринчи орунбасары Н.Темирбаевге күнөө коюлуп, аларды издөө жарыяланганын, президенттин коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча мурдагы мамлекеттик кеңешчиси Э.Сатыбалдиев өз ыктыяры менен келип көрсөтмө берип жатканын, ал эми мурдагы ички иштер министри М.Конгантиевге күнөө коюлуп, камакка алынганын билебиз. Бирок азыр эл камакка алынгандар тергөөдө эмне деп жооп берип жатканын угууга куштар. Атургай 86 жигиттин өлүмүнө себепчи болгондорду тергөө көгүлтүр экран аркылуу жүргүзүлүшүн каалашат. Бирок туура бир айдын жүзү болду, жанагынча адамдын канын төккөндөр сыртынан гана күнөөлөнүп жатканы менен, бул кан төгүү конкреттүү далилдер аркылуу күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен кантип уюштурулганы, атууга ким буйрук берип, аны кимдер аткарганы тууралуу коомчулукка так маалымат айтыла элек. Бул жакта опол тоодой эр жигиттердин каны төгүлүп, алардын жакындары кан жутуп отурса, укук коргоо органдары Курманбек Бакиевге көп аял алуу боюнча, Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарларды мыйзамсыз багып жүргөнү үчүн кылмыш иши козголду деп жанды кашайтышат. 12-майда балдардын кыркы өткөрүлөт. Жакынын жоготуп отурган жарандардын көкшүнү качан сууйт?
Зайырбек АЖЫМАТОВ