Улуу Жеңиш майрамыңар менен!
...Өчөөр кезде үмүт кайра жангандай,
Жанган үмүт кайра өчүп калгандай...
Жеңиш күнү - арман анан кубаныч,
Жеңиш күнү - эмес жөн бир майрамдай.
Жолугуулар... сагынуулар... күтүүлөр...
Жоготуулар, жалгыздыкка түтүүлөр...
Кандай жакшы күткөнүңдүн келгени,
Кандай жаман үмүттөрдү үзүүлөр.
Күлкүлөрдөн кайгы арбын элдеги,
Бир айылдан бир нече эр келбеди.
Согуш, сенин жүзүң курсун билгенге,
Белгисиздей кимдин чындап жеңгени...
Оп, майда
УКК да унчугат экен, ээ
Кечээ УКК укуругу Бакиевге жакын 20 адамга илинди. УКК тизгинин убактылуу кармап турган Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, кармалгандардын арасында Бактыбек Калыев, Молдомуса Конгантиев, Тажикан Калимбетова, Вугар Халилов, Мелис Эшимканов, Сергей Ибрагимов, Оксана Малеваная, Акматбек Келдибеков, Улугбек Ормонов бар. Кармалгандар суракка алынып, күч структураларын жетектеген эки экс-министр камакта. "Эми күнөөлүүлөрдүн күн астындагы жашоосу күбөлөргө жараша болот" дейт башкы УККчы. Буга улай ал улуттук коопсуздук кызматы Нурлан Сулайманов, Алексей Елисеев, Турсун Турдумамбетов, Мурат Суталиновго байланыштуу үч кылмыш ишин иликтээрин маалымдады.
Күндүзү издешип, түнкүсүн чай куюп…
Андан ары К.Дүйшөбаев "…Акмат, Жаныш Бакиевдер Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстанда эле ары-бери жортуп жүрүшкөндүктөрүн, куйруктан алайын дегенде куу немелер буйтап кетип жатышкандыктарын" билдирди. Анын айтымында, Максим Прибалтикада, Марат Түркияда имиш. Ошондой эле укук коргоочулардын айрымдары күндүз Бакиевдерди издешип, түнкүсүн таап алып, аларга чай сунуп жатышыптыр. Эртеси эле кайра сыйпалап таппай калышат экен. Баракелде, издөө деп ушуну айт.
Улуттук банк, "ухону" айт
УКК билдиришинче, колго түшкөн М.Конгантиев 2005-жылы Жалал-Абаддагы Улуттук банк филиалынын тонолушу жана президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркуловго "белекке" берилген кулак, мурун, манжалар тууралуу сурак берет.
7-апрель эми кайталанбайбы?
14-16-17-майда айрым күчтөр Ала-Тоо аянтында нааразычылык акциясын уюштурууну пландаштырууда. К.Дүйшөбаевдин айтымында, бул митингдер Бакиевдер тарабынан каржыланат. Бирок бул күндөрү 6-7-апрелдеги окуялар кайталанбайт. Эгер митингичилердин арасында куралданган адамдар болсо, укук коргоо органдары аларды ит аткандай атып салышы мүмкүн. Андыктан криминал чөйрөсүнүн саясатка аралашпай тим туруусун эскертти УКК башчысынын милдетин аткаруучу.
Силер бар, биз бар
30-апрелде жарык көргөн "Агымды" гезит күркөлөрүнөн табалбаган окурмандар ушу кезге чейин редакцияга чалып, ошо санды кайра басууну суранып жатышат. "Агымдын" сүйүктүү окурмандары туура байкагандай, гезиттин өткөн саны "Учкун" басмаканасынын күнөөсү менен аз санда чыгып, окурмандарга толук жетпеди. Алортодо "досторубуз" "Агым" эми чыкпайт деген ушак таратып жиберишиптир. Аларга "Агым" жөн эмес, мындан ары ташкындап агаарын айтмакчыбыз.
"Агым"-пресс