30.04.10 - 7-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  От дегенден ооз күйбөйт

Энергетиканы кантип омкорушкан?

Данияр Үсөнов премьерлик-министр болору менен "энергетика тармагынын 90%ы эскирип бүттү. Техникалык жабдууларды тез аранын ичинде жаңылабасак, энергетика системасын жоготуп алышыбыз ыктымал. Анүчүн, тарифтерди жогорулатып, төрт энерго-компанияны ("Түндүкэлектро", "Жалал-Абадэлектро", "Ошэлектро", "Чыгышэлектро",) жеке менчикке өткөрүш керек" деп күпүлдөй баштаган. Ошентип жаңырган жылдан тартып энергетика, жылуулук жана ысык сууга болгон төлөм 2-5 эсеге өссө, "Түндүкэлектро" 3 млн., "Чыгышэлектро" 1,2 млн. долларга сатылды. Бирок, бу жерде бир ууч топтун гана кызыкчылыгы негизги ролду ойногондугу ошо замат айтылган, азыр алардын ким экени ачык айтылууда.
Коомдук ишмер, энергетика тармагын мыкты билген адис Карыпбек Алымкулов башында турган топ атайын иликтөө ишин жүргүзгөн. Изилдөөнүн жыйынтыгында "техникалык база дээрлик жарактан чыкты" дегенге негиз жоктугу ынанымдуу аргументтер менен тастыкталган. Маселен, экс-өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Игорь Чудинов 2007-жылы энергетика тармагындагы техникалык жабдуулардын 50%ы эскиргенин айтса, 2009-2011-жылга карата өлкөнүн стратегиялык өнүгүү программасында бул көрсөткүч 60%ды чапчыганы кашкайып жазылган. Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев тарифтердин эселеп көтөрүлгөнүнө байланыштуу журналист журтчулугунун суроосуна мындайча жооп узаткан:"Ооба, өтө оор. Бирок, кырдаалды өзүңөр деле анализдеп көргүлөчү. Эски бийликтин шалаакы саясатынын айынан техникалык жабдыктардын 70%ы эскирди". Көрүнүп тургандай, расмий бийликтин тараткан маалыматы бири бирине шайкеш келбейт. Анан "энергетика системасы талкаланып бүтмөй болду" деп кокуйлагандарына кантип ишенесиң?
"Энергетика тармагында техникалык база эскирди" деген сөз суу кечпестиги ГЭСтердин ар кыл жылда ишке киргенин да далилдейт (таблицаны караңыз).
Алсак, Токтогул ГЭСинин "төрөлгөнүнө" 35 жылдын жүзү толуптур. Айрымдар ушул фактыны бетке кармап "35 жыл ичинде техникалык жабдуулар жарактан чыкты" деши мүмкүн. Бирок, гидростанциялардын иштөө мерчеми жыл менен эмес, саат менен эсептелерин адистер эң жакшы билет. Ошол эле Токтогул ГЭСин мисал тарталы. Ал жылына орточо 4 млрд. 400 млн. кВт/саат энергия өндүрүп, 3650 саат тынымсыз иштейт. Мындан улам, Токтогул каскадынын 35 жыл эмес, 14,5 жыл токтобой иштегенин баамдап алганыбыз жетиштүү.
Эң кызыгы башкада. 2006-2007-жылдары Токтогул ГЭСинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. №2 агрегат ремонттолгон. Андан бери төрт жылга жетпеген убакыт өттү. "Ушул аралыкта аталган станция авариялык кырдаалда" дегенге ким ишенсин?
Негизи электр станциялардын иштөө мөөнөтү анын техникалык жабдуусунан көзкаранды. Айрымдары кылымдап "былк" этпей иштей берет. Жөнөкөй мисал. Коңшу Россияда 70-80 жылдан бери элге жарык берип келаткан ГЭСтерди кездештирүүгө болот. Демек, республика аймагындагы электр станцияларынын техникалык базасынын 40-50%ы гана (Үсөнов маалымдагандай, 90% эмес) жаңылоого муктаж экенин акыйкаттык үчүн айта кетүүбүз абзел. Аны жүзөгө ашыруу үчүн сөзсүз эле тарифтерди асмандатыш керекпи? Жок. Себеби, элден жыйналган каражаттын 10-12%ы энергетика тармагын оңдоого жумшалат. Андай болсо, ошол жыйналган каражаттар кайда? Бул суроого эч ким так жооп бералбайт. Убактылуу өкмөт ушул маселени акыйкат териштирип, энергетикадан опсуз байлык жыйнаган аткаминерлерди жоопко тартышы зарыл.
Банкрот кылуунун кыргызча жолу
Өткөн жылдын соңунда энергетика министрлиги "төрт энерго-компаниянын техникалык жабдуусун реконструкция кылууга 200 млн. доллар сарпталат. Мындай ири көлөмдөгү каражат табууга чамабыз жетпейт. Анүстүнө, ишканалар өзүн өзү актабай калды" деп алакан жайган. Анын кесепетинен, дагы бир жолу кайталап коелу, "Түндүкэлектро" менен "Чыгышэлектро" итбекер пулданды.
Мамлекеттик мүлк министрлиги "Түндүкэлектронун" 3 млн. долларга сатылышын "буга чейин эки ирет тендер жарыяланып, экөөндө тең ылайыктуу кардар табылбады. Мындай шартта биз конкреттүү баа кое албайбыз" деп түшүндүргөн. Турсун Турдумамбетов жетектеген мекеме элдин мээсин кантип айландырганы ушу жерде даана байкалат. Анткени, кыргыз өкмөтү 2009-жылдын башында "Түндүкэлектро" менен "Бишкек жылуулук борборун" чогуу сатуу тууралуу токтом токуган. Маммүлк эки жолу жасалма тендер өткөрүп, экөөндө тең капчыктуу кардар табылбаганын шылтоолоп "компанияларды бөлүп сатпасак болбойт экен" деп демилге көтөрүп, Жогорку Кеңешке сунуштаган. Мүлк министрлигинин сунушу парламенттен колдоо таап, "Түнкдүкэлектро" арзыбаган баага "оомийин" болуп отурат.
Чындыгында "Түндүкэлектро" чыгашалуу эмей эле, жылыга миллиондогон "жашылбайга" капчыкты кампайтчу кирешелүү ишкана экенин "тирүү" цифралар айгинелейт. Расмий статистикада, былтыр аталган компания 3 млрд. 89 млн. кВт/саат электр энергия сатканы баяндалат. Андан түшкөн киреше 2 млрд. 250 млн. сомду (болжол менен 56 млн. доллар) түзүптүр. Чогултулган каражаттын 50%ы жумушчулардын маянасы өңдүү чыгымдарга сарпталсын дейли. Калган 28 млн. долларды (1 млрд. 125 млн. сом) жабдууларды алмаштырууга жумшасак, үч жылга жетпеген убакыт ичинде "Түндүкэлектронун" техникалык базасы жакшырмак ( Энергетика министрлиги "Түндүкэлектро" ААКсынын техникалык жабдуусун жаңыртууга 64 млн. доллар керектелерин билдирген - Н.К.).
"Түндүкэлектро" ААКсын жасалма банкротко учуратып, аны жеке колго өткөрүү процесси тээ мурдатан башталгандай. 2007-жылы "Түндүкэлектронун" "НЭСК" ААКсына болгон 450 млн. сом өлчөмүндөгү карызы жоюлган. Андан туура бир жыл өткөн соң кыргыз өкмөтү "Түндүкэлектронун" кезектеги 400 млн. сомдук карызын жоюу боюнча токтом токуган. Агездеги эл өкүлү, азыркы утурумдук өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева "Түндүкэлектро" кайсы бир компанияга электр энергиясын саткандыгы, акчасын төлөөгө келгенде андай ишкана жок экендигин парламент жыйынында жарыялаган…
"Түндүкэлектродон" кийин кезек "Чыгышэлектрого" жетти. Мамлекеттик мүлк министрлиги тендер жарыяланардын алдында "Жалал-Абадэлектро" "Чыгышэлектро" жана "Ошэлектро" ишканаларынын ар бирине 15 миллиондон 30 миллион долларга чейин баа коюлгандыгын билдирген жайы бар. А иш жүзүндө, "Чакан ГЭС" ишканасы "Чыгышэлектрону" да 1,2 млн. долларга сатып алды. Аукциондун шартына ылайык, аталган компания 15-30 млн. доллардын тегерегинде пулданышы керек эмес беле? Мунун себебин расмий бийлик ачык түшүндүргөн жок…

(Уландысы бар)
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, Карыпбек АЛЫМКУЛОВ




  Ханституциядан Партитуцияга...

Багы ачылбаган Башмыйзам

Кечээги оппозиция, учурдагы убактылуу өкмөт тыңчыкмалары жаңы Башмыйзам жазабыз деп элге дүңүнөн убада берген. Иш жүзүндө анысы жүзөгө ашкан жок. 2007-жылкы Конституцияга өзгөртүү-толуктоолор киргизүү аркылуу жаңы Башмыйзам долбоору "төрөлдү". Ал 19-майга чейин талкууланып, сунуш-пикирлердин негизинде дагы такталат. Чийки долбоор бышып жетилген соң 27-июнда жалпы элдик референдумга коюлат.
Конституция долбооруна ылайык президент бир мөөнөткө гана шайланат. Айрым ыйгарым укуктары чектелген. Өлкө башчысы тышкы саясатты тейлеп, бир катар мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу укугуна ээ. Парламентте көпчүлүктү түзгөн партия өкүлүн өкмөт башчылыгына, ага катар министрлер кабинетинин курамын бекитет. Ал эми кадр дайындоо (жергиликтүү администрация башчыларынан тартып - Н.К .) "устуканы" Жогорку Кеңешке ыйгарылган.
Башмыйзамды жазган адамдар анча элес алган эмеспи же атайын жасашканбы, айтор, президентке эки чоң укук берилген. Биринчиден, ал жалпы эл тарабынан шайланат. Бул ажонун авторитети мурдагыдай эле сакталарын каңкуулайт. Экинчиден, парламентти таратууга мүмкүнчүлүгү бар. Тактап айтканда, Көк үйдө көпчүлүк менен азчылыкты түзгөн топтун ортосунда пикир келишпестик орносо, парламентти "садага" чаба алат. Ушундай фактордон улам президенттик институт өз таасирин дээрлик жоготпогонун билсе болот.
"7-8 президент башкарат"
Конституция "туулбай" жатып коомчулуктун сынына кабылды. Асыресе парламенттик башкаруу системасына өтүүгө көпчүлүк каршы. Маселен, коомдук ишмер Мирослав Ниязов "Азаттык" үналгысына курган маегинде "Нака демократияга жеткенче бизге дагы көп убакыт керек. Бүгүнкү жаңы Конституциянын мурункусунан айырмасы деле жок. Партиянын күчү менен парламентти шайлайбыз деп атышпайбы, антүүгө партиялар чийки, быша элек. Эл партиялардын лидерин карап добуш берет. Анын артында кимдер турат? Же болбосо өз алдынча мамлекеттик түзүлүш, мамлекеттик көз карашы бар адамдар ошолордун арасында бар бекен? Ушул жагы бүдөмүк" деп агынан жарылган.
Башмыйзам долбооруна ичи чыкпагандардын катарында Кыргызстан коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак МАСАЛИЕВ да бар. Биз а кишиге байланышып, кепке тарттык.
- Чындыгында парламенттик башкаруу системасына каршы эмесмин. Бирок, учурдагы сунуш кылынган долбоордун негизинде парламенттик республика курабыз дегенден алыс болушубуз керек. Бу жерде күчтүү президент, күчтүү парламент түзүлгөнү таасын байкалат. Жөнөкөй мисал, өлкө башчысы жалпы эл тарабынан шайланганы биртоп маселени туудурат.
Чынында долбоордо биртоп мүчүлүштүктөр кеткен. Бири-бирине дал келбеген жерлери бар. Маселен, президент бардык бийлик бутактарынын бирге иштешине көзөмөл кылат экен. Эгер укугу жок болсо кантип көзөмөл кылат? Кантип тартип сактамакчы? Ушунусу жеткиликтүү чечмеленген эмес.
- Кыргызстан парламенттик башкарууга өткөнгө даярбы?
- Президенттик же парламенттик өлкөгө айланабыз деп элдин мээсин айландырбаш керек. Негизги маселе башкада. Бардыгы бийликке келген адамдардын абийири, тазалыгы, тажрыйбасынан көзкаранды. Дагы бир ирет кайталап коеюн, азыркы долбоор референдумдан жактырылса, мамлекетти бир эмес 7-8 президент башкарып калат. Накта кызык ошондо башталышы ыктымал.
Менин жеке пикиримде, мыйзам долбооруна алымча-кошумчалар киргизилиши зарыл. Парламент, өкмөт жана президенттин ортосундагы ыйгарым укуктары так ажыратылышы керек. Бири-бирин кайталап, бири-бирине карама-каршы келген беренелер такталбаса болбойт. Ошондо гана чыныгы Башмыйзам тууралуу сөз кылсак жарашат.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ