30.04.10 - 22-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Билгенден билелегиң көп
Акыреттен аэропортко келген абышка
Жакында Англияда жашаган эки немис аял өлгөн адамды самолетко отургузабыз деп кармалышты. Берлинге уча тургандарды каттоодо аэропорт кызматкерлери майыптык арабада отурган кары адамды байкашкан. Ал күндөн коргоочу көз айнек тагынып, кыймылсыз отургандыктан шектенүү пайда болот. Көрсө, 91 жаштагы Курт Вилли Ярант эбак эле өлүп калган. Курттун аялы Гитта Ярант жана өгөй кызы Анке Анушич аэропортко алып келишкенде анын тирүү экенин айтып актанышкан. Полициянын билдиришинче, абышка аэропортко чейин эле көз жумган.
?????
102 жаштагы мектеп окуучусу
Кытайдын Шандунь провинциясынын жашоочусу Ма Сюсиань 102 жашында мектепке барып, дүйнө элинин оозун ачырды. 13 жашынан тарта оор жумушта иштеп, 18 жашында турмушка чыккан Ма өмүр бою мектепке барууну тилеп келген. Ал бул оюн жергиликтүү гезитке берген маегинде билдирген. Кемпирдин аруу тилегин бир мектеп ишке ашырып, аны биринчи класска кабыл алды. Ма мугалимди жакшы угуш үчүн угуу аппаратын, китепти окууга лупаны колдонот. Кытай басылмаларынын билдиришинче Ма Сюсиань тогуз бала төрөп, алардын көбү жогорку билимдүү болушкан. Кемпирдин 58 жаштагы баласы И.Фенсинь "апамдын эң биринчи тилеги окуу болчу, ал аткарылды" дейт кубана.
?????
Эң жаш Эверест багындыруучу
АКШ жашоочусу, 13 жаштагы Жордан Ромеро Эверестти багындырууга бел байлады. Эгер калифорниялык өспүрүм муну ишке ашыра алса, жердеги эң бийик тоону багындырган эң жаш альпинист болуп калат. Жордан альпинизм чөйрөсүндө буга чейин бир катар ийгиликтерге жетишкен. Ал он жашында Африканын эң бийик Климанжаро тоосуна чыгып, эң жаш америкалык альпинист аталган. Мындан соң ал дүйнөдөгү эң бийик тоолорго кирген Аляскадагы Маккинли сыяктуу төрт чокуну багындырган. Жордан, анын атасы Пол жана Карен Лундгрен аттануучу сапарга жалпысынан 150 миң доллар сарпталат. Буга чейин Эверестти 16 жаштагы Темба Чери багындырган. Тилекке каршы, катуу сууктан анын беш манжасы жарабай калган.
?????
Бөтөн планеталыктарга бөйрөк керекпи?

Жакында англиялык фермерлер Шропшир графтыгынан бөтөн планеталыктардын койлорго кол салганына күбө болушкан. Алардын айтымында, март айында капысынан асманда пайда болгон жаркырак учуучу табактар талаадагы койлорго нур чачыраткан. Алар жок болгон соң фермерлер көздөрү, мээси, ички органдары жок койлорунун өлүктөрүн табышкан. Көп жылдар бою малдын өлүмүн изилдеп жүргөн адистердин айтымында, табылган койлор таптакыр башкача технологиялар менен өлтүрүлгөн. "Акыркы кездерде бул аймактан учуучу табактар жүздөгөн койлордун көздөрүн, ичеги-карын, өпкө-боорун алып кетишти" дейт фермер Фил Хол.
?????
Энесинин эсин чыгарган эгиздер

Австралиялык аял бири ак, бири кара эгиздерди төрөп, элдин оозун ачырды. Эгиз кыздардын Алисиясы негр, кара көздүү, Жасмин көк көздүү, өңү ак. Эксперттердин айтымында, мындай эгиздерди төрөгөндөр миллиондон бирөө гана болот. Эгиздердин 35 жаштагы апасы Наташа Найттын тамыры англиялык, атасы Микаэль Зингерл таза кандуу немис. "Кыздарыбыздын эки башка расада экенин көргөндө, көргөн көзүбүзгө ишенген жокпуз. Азыр көчөдө жүргөндө ишенишпей экөө чын эле эгизби деп сурай беришет" дейт эки башка түстөгү эгиз кыздардын апасы. Генетиктердын билдиришинче, ата-энеси ар башка расадагы аялдардын жумуртка клеткасында гендердин аралашмасы болот. Ошондуктан ушундай мулаттар төрөлүшү мүмкүн.
?????
Кемчилигине кейибеген Кенни

35 жаштагы америкалык Кенни Истердей омурткалардын туура өсүшүнө жолтоо кылуучу оору менен жарык дүйнөгө келген. Хирургдар аны аман сактап калуу үчүн эки бутун кесип салышат. Эс тарткандан баштан Кенни майыптык арабадан, жасалма буттардан баш тартып, кол менен басууга көнгөн. Тагдырдын татаалдыгына баш ийбеген ал бош убактысында теннис, боулинг менен алектенип, кадимки адамдардай эле иштеп акча табат. Азыр Кеннинин сүйүктүү аялы бар. Аз убакытта балалуу болом деп кубанып жүргөн кези.
?????
Катуу ыйлаган бала кадырлуу

Жакында Токиодо ыйлаак балдардын кезектеги фестивалы болуп өттү. Фестивалдын шарты боюнча эки сумо балбаны колдоруна бирден наристе кармап, маңдай-тескей турушат. Кимдин колундагы бала биринчи ыйласа ал жеңүүчү болот. Эки наристе бир убакытта ыйлап калса, үнү катуураак чыккан наристе жеңүүчү аталат. Эгер эки бала тең ыйлабаса, калыс адам коркунучтуу беткап кийип, баланы ыйлатууга аракет кылат. Бул фестиваль Японияда 400 жылдан бери өткөрүлүп келет. Мелдеш убагында ыйлаган баланы болушунча өйдө көтөрүү талап кылынат. Анткени япон ата-энелер баланын ыйы жаман күчтөрдү кубалап, ден соолугу чың болушуна жардам берет дешет.

Даярдаган
Мелис СОВЕТ уулу