30.04.10 - 13-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Наадандыкта чек болбойт

Бейиштин төрү кимдин курмандыгы болду?

7- апрелдеги талап-тоноочулуктан жапа чеккен ишканалардын арасында Токмок шаарындагы сүт, табигый шире, лимонад чыгарган завод жана чоң трассанын оң жагында жайгашкан ажайып кооз салынган "Гавайи" кафеси да бар. Көпчүлүктүн айтымында, бул ишканалардын Максим Бакиевге тиешеси бар деген маалымат боюнча мародерлор кол салганы айтылат. Бирок алардын ээлери, бир тууган ишкерлер Кайрат жана Журат Абдуллаевдин айтымында, бул ишканалардын Максим Бакиевге эч кандай тиешеси жок. "1997-жылы жоопкерчилиги чектелген "Үмүт и К" ишканасын каттатып, ошол кезде кичи цех ачып, ишти балмуздак чыгаруу менен баштаган элек. Кичинеден каражат топтоп, тынымсыз эмгегибиздин аркасы менен сүт азыктарын, суусундук, эт жана табигый ширелерди чыгарып, үлкөн комбинатка айландырдык. Учурда биздин комбинаттан чыккан лимонаддар Кыргызстандын бардык соода түйүндөрүндө сатылууда. Мурда бизден чыккан продукцияны коңшу айылдагылар эле билсе, эми Казакстан жана жакынкы өлкөлөр да билип калышкан. Себеби продукциянын сапаты жогору, наркы базар баасынан төмөн болгон. Экспортко чыгарылган товарлар 70%ды түзгөн. Мындан сырткары кайрымдуулук иштерин жасап, карапайым калкка материалдык жардамыбызды да берип турдук. Мисалы, Гидростроитель айылындагы Ленин атындагы мектептин имаратын оңдоп, суу түтүктөрүн жаңылап, ооган ардагерлер коомуна, Токмок жана Кант шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга, балдар үйүнө, Ивановка айылындагы психикалык балдар ооруканасына да жардамыбызды аябай келгенбиз. Ушундай кыйын заманда Токмок, Кант шаарларынан Ысык-Ата районунун, Чүй районунун 1000ге чукул жашоочусу иш менен камсыз болгон. 7-апрелде бизге кол салат деп эч оюбузга келген эмес. Мародерлор "Гавайини" талкалагандан кийин заводго кол салышты. Ал жерде иштеген жумушчулар 1500гө жакын мародерлерду заводго киргизбөөгө аракет кылып, 150-200дөй киши араң кармадык. Бирок, заводдун короосундагы машинелерди талкалап, өрттөп кетишти. Ал аз келгенсип, жашаган үйүбүзгө барып көз көрүнөө тоноп, талкалап, акыры өрттөп тынышты" дейт ишкер Журат Абдуллаев .
- Чындыгында ишкана кимге тиешелүү?
- Максим Бакиевдин бул ишканага эч кандай тиешеси жок. Прокуратура да документтерин текшерип чыкты. Жыйырма жылдан бери өз алдынча иштеп жүрөбүз. Акаев убагында да иштегенбиз. Мына азыр жаңы өкмөт түзүлдү, алардын учурунда да иштейли деген ниетибиз бар. Себеби, бул жерден далай киши үй-бүлөсүн багып, нан таап жешет. Бул ишканаларды Максим Бакиев же мамлекет салган эмес. Фундаментинен баштап өз эмгегибиз менен салганбыз.
- 2005-жылы силерде талап-тоноочулук болгон эмес, эмне үчүн азыр ушундай мародерлердун кылтагына илиндиңер?
- Бул жерге белгисиз кишилердин үгүтү менен келишти. Бизди көралбастар, криминалдык чөйрөдөгүлөр, атаандаштар элди алдап, тоноого жолдомо беришкен. Араң турган мародерлор алардын айтканына ынанышып, бизге кол салышты.
- Силерге кол салган адамдар алыстан келишпесе керек, аларга кандай чара колдонолу деп атасыңар?
- Азыр биз өз алдынча чара колдонбойбуз. Кырдаал дагы кандай болот, тополоң чыгып кетпесин деп кармап турабыз. Бизге ашыкча башаламандыктын кереги жок. Азырынча биз боюнча туура эмес кеткен маалыматтарды тууралап, атыбызды булгап, алдап кеткендерди ишендирип, аларга андай эмес деген багытта иштеп атабыз. Бул мародерлукту бир тараптуу караганга болбойт. Бул жерде атаандаштык да чоң роль ойноп кетиши ыктымал. Башка да көп факторлор бар. Алар мамлекетте стабилдүүлүк орноп, бир калыпка келгенде мыйзам чегинде жай-жайына коюлат деген үмүттөмүн.
- Талкаланган кафени мындан ары да иштетүүнү ойлоп жатасыңарбы?
- Азырынча өз күчүбүз менен кафени калыбына келтирүүгө аракеттенип атабыз. Ал эми завод иштеп атат, ичиндеги жабдыктарды мародерлордон коргоп калдык. Элден сүт алып, жумушчулар иштей баштады. Учурда мамлекеттик заводдор иштебей турат. Мисалы, Токмок шаарындагы сүт азыктарын чыгаруучу чоң ишкананы бир жылдан ашык эч ким иштете албай токтоп турат. Биз болсо өз ишканаларыбызды күнү-түнү уктабай иштетип, элди эмгек орду менен камсыз кылып атабыз. Өндүрүштөн түшкөн пайдага эч ким карабай саз болуп сасып жаткан жерди кургатып, ылайды тазалап, таза сууну ташып куюп, ага балык кое берип, кооз кафе салган элек. Бейиштин төрүндөй сулуулукту тартуулап, кичинекей балдар ойноочу аянтча, эс алуучу жайлар бардык шарттары менен эле. Сырттан келген туристтер атайын ушу жерге келип тамактанып кетишчү. Эми мамлекет жардам берип, колдоо көрсөтсө жайдын башында "Гавайини" ишке киргизсекпи деген ниет бар.
- Мамлекет тарабынан силерге кандай жардам көрсөтүлөт?
- Бүт баарын бухгалтерия санап, чыгымды эсептеп, өкмөткө көргөзгөнбүз. Чыгым өтө көп болду. Ишкерлер союзуна, быяктагы айыл өкмөттөрүнө да чыгымды эсептеп өткөрдүк. Калганын Конституциянын, Кудайдын мыйзамдары менен убагы келгенде чечербиз. Эң негизгиси, элибизде тынчтык болсун!

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





  Убарасы көп убада

"Экинчи сорттогу адам болуп калдык"

7- апрелден кийин Казакстанда соода-сатык менен жан баккан кыргыз жарандары чегарадан өтө алышпай кыйналууда. Чегараны ачуу маселеси боюнча убактылуу өкмөт башчылары Казакстан жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, бирок, натыйжасыз. Жакындан бери Казакстандагы кыргыз жарандары ал жактан чыгарылып атат. Расмий эмес маалыматтарга таянсак, Казакстан жетекчилери күнүгө жыйырма кыргызды мамлекеттен чыгаруу буйругун берген экен. Казакстанда иштеген мекендештер менен баарлаштык.
Асел ТУРСУНБАЕВА: - Астанада иштегениме он чакты жыл болуп калды. Мурда Казакстандын территориясына кириш үчүн беш күнгө миграциялык карточка берчү. Кийинчерээк 90 күнгө узартышкан. 7-апрелдеги тополоңдон кийин биз ал тарапка баралбай калдык. Казакстан менен Кыргызстандын чегарасына мүшөктөргө кум салып үйүп, согушка даярдангансып пулеметту да коюп коюшуптур. Биз Казакстанга алпарган товарларды калтырып, кийинки жолу келгенде алчубуз. Ал жакта товарларыбыз турат, эмне болду билбейбиз. Өткөндө тааныштардан ала келгиле десек, макул деп алып келатып, бажыканадан алдырып жибердик деп колубузга жарым сумманы көтөрүп келди. Мына, бир айга чукулдап калды, иш жок, чегара качан ачылат деп акыркы каражатыбызды сарптап отурабыз.
Руслан САМИЕВ: - 7-апрелден кийин Казакстанда соода кылган кыргыздарды казактар абдан куугунтукка ала башташты. Мурда эле казак милицияларынын кордугун көрүп келсек, эми алар көзкөрүнөө кылдан кыйкым таап, бизди кууп атышат. Өткөндө Маевкадагы түрктөрдүн тамдары өрттөлгөндө казактардын да кыздарын зордуктап, кыйнап өлтүрүптүр деген ушак тарап кетиптир. Казактар бизди көчөдө бастырбай калышты. Өткөндөгү төңкөрүштө бир казак бизнесменин өлтүрүп, бетин тилип кетишиптир, а бул жакта канча кыргыз жүрөт деп атышат. Убактылуу жашаган батирлерге базардан тапкан тыйындарыбызды да алып келгенден коркуп калдык. Себеби, казактар кыргыздарды көз көрүнөө тоноп алган учурлар болуп атат. Укук коргоо кызматкерлерине да кайрылалбай калдык.
Нурболот АКЫЛБЕКОВ: - Бул жактагы казактардын телевидениеси Кыргызстанда баягы эле кебетеси суук, аракка тоюп алган кишилер көчөдө автомат көтөрүп жүрүшөт деп айтып атышат. Силерде маданият, интеллект жок, жашооңордун деңгээли төмөн, ушуну менен жүрүп отурсаңар он жылга чейин туруктуулук орнобой, көз карандысыздыгыңарды жоготуп, Казакстанга же Россияга кошуласыңар деп кыргыздардын намысына тийишет. Беш миллион калкыңардын жарымы башка жакта тентип жүрөт, мээси иштебегендер калышты дейт. Ал эми биз менен базарда отурган өзбектер тескерисинче, бизде силердей калк болсо кана деп тамшанышат. Базарда европа жана кыргыз товарлары деп бөлүнөт. Учурда кыргыз товарлары түгөнүп, контейнерлер бошоп калды. Кыргыздардын аялдары да аракты көп ичишет экен деп, айтор, биздин тескери жагыбызды эле көрүп калышты.
Самара АБДУРАСУЛОВА: - Азыр Казакстан менен Кыргызстандын чегарасы жабык болгону менен акча төлөп өтүп атабыз. Мурдагы 5000 сомдук товарды азыр 10000 сомго өткөрүп атат. Ошондо биздин жолкиребиз да акталбай калды. Алматы, Астананын базарларындагы товарлардын көпчүлүгү "Дордойдон" келчү. Чегаранын жабылганына байланыштуу базарларда мурдагыдай товар жок, аз, кымбат. Мен Алматыда иштейм, бул шаарга каттоого туруп алгам, ошондон улам соодамды улантуудамын. Күнүгө рейд жүрөт, базарда соода кылган кыргыздардын миграциялык карточкасын текшерип, дароо эле автобуска салып, чегарага алып келип таштап атышат. Менин документтерим так болсо да кыргыз экенимди билишип, айып сала беришет. Базарда соода кылган казак досторубуз бизди көп учурда коргоп атышат. Эртерээк чегара ачылып, ишибиз жүрүшсө экен деп күтүп атабыз.
Надырбек КАЛДАРОВ: - Астанада иштегенибизге көп болду. Кыргызстандагы башаламандыктан кийин 90 күндүк миграциялык карточканы кыскартып, беш күн кылып салды. Эгер беш күндөн өтүп кетсе, 18 миң теңге айып салат, же камашат. Кээсин бул жакка жүктөп келип, чегарага төгүп салышат. Биз бул жактагыларга экинчи сорттогу адамдай болуп калдык. Өзгөчө 7-апрелден кийинки окуя бизге абдан терс таасирин тийгизүүдө. Милиционерлер үй-үйлөрдү кыдырып, батирде турган кыргыздар болсо документтерин текшерип, кылдан кыйкым таап Кыргызстанга кетирип атышат. Кыргызстанга биротоло келип жашайлы десек, ылайыктуу иш жок, кантип жашайбыз, билбейм. Чегара маселесин биздин жетекчилик эртерээк чечип берсе жакшы болор эле…
Убактылуу өкмөт чегара боюнча аракет кылып жаткансыйт, бирок майнап жок. Бул маселе тезинен чечилбесе, бир жарылуу болушу мүмкүн.

Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА