кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
30-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Данияр ҮСӨНОВ 5 млн. доллар төлөп качканбы?
2-бет
Жаныш кармалбаса Кыргызстанда тынчтык болбойт
3-бет
Акаевге 110 иш, Бакиевге 23 шиш, тоюс иш
4-бет
Эмнеге эл билгенди ИИМ менен УКМ билбейт?
Же буйрутма өлүмдөр качан ачылат?

5-бет
Темир САРИЕВ:
"Үчүнчү республиканы түзүп жатабыз"

6-бет
Кызганыч
7-бет
Энергетиканы кантип омкорушкан?
8-бет
Тактыкта айып жок
9-бет
Бакай ата, барсыңбы?
10-бет
Өкмөт жаштар тууралуу айта берет, бирок кылбайт
13-бет
Бейиштин төрү кимдин курмандыгы болду?
14-бет
"Акабызды коргойбуз!" деп кыйкыргандар болуптур
15-бет
Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйбы же Батька Бакиевге эмнеге жан тартат?
16-бет
Улуттук театрдын узу
17-бет
Чыгыш медицинасы боюнча адис Медер БИШКЕК:
"Санжардын өлүмүнө Алтынбек күнөөлүү эмес"

18-бет
Үч-Теректин үч кызынын үмүтү чоң
19-бет
Бомбейкат
20-бет
Сунушумду кабыл аласыңарбы?
22-бет
Билгенден билелегиң көп
23-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
24-бет
БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ
25-бет
Ал мекенди жүрөгү менен да, куралы менен да коргогон
26-бет
Минип жүрүп атын жоготкон кыргызым ай!
27-бет
Сөзирмемдер
28-бет
Грек-рим күрөшү
29-бет
"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
30-бет
Улуу жеңишти утурлап


п»ї

"Эч кимге айтпа"
Финансы полиция кызматынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаев энергобарон Алексей Ширшов менен экс-депутат Юрий Даниловдун банкка сактаган миллиондорун таап чыккан. Аны өлкө казынасына оодарайын десе утурумдук өкмөттөгү үлкөн бирөө "азырынча муну эч кимге айтпа" деп оозун жааптыр. Жаңы бийликтин мындай кылыгын түшүнбөй башыбыз маң. Убактылуу өкмөттөгүлөр тиги олигархтардын байлыгын маданияттуу түрдө "басып" алууну пландашкандан сообу деги?

… Сууга салса чөкпөгөн
Алижан Төрөбеков аттуу адам убагында Свердлов райондук салык кызматын жетектеген. Бир эле райондун финансысын эмес, өлкөдөгү финансы тармагын толук тейлеп, Бакиевдердин үй-бүлөсүнө чемодан-чемодан "жашылбай" ташыганы тар чөйрөгө маалым. Утурумдук өкмөт Төрөбековдун өмүр таржымалын жакшы билбегендей. Болбосо аны Ленин райондук салык кызматынын башчылыгына бекитпейт эле. Алижан мырза балким жаңы бийликтегилердин бирине "кошелоктук" милдетти аткарып аткандыр...

УТРК кайра удургуйбу?
Мурдагы айыл чарба министри Александр Костю ктун жубайы, кадимки Ташбоо Жумагуловдун кызы Ширин Жумагулова УТРК гендеректирлигине тымызын кызыгып атыр. Максатын жүзөгө ашырыш үчүн жаңы бийликке чабарман жөнөткөндөгү кербези. УТРК ичи ансыз да удургуп турганда мунун аягы кандай бүтөр экен? Улуттук телеканалдын азыркы жетекчиси Кубат Оторбаев деле оңой жигит эмес. Жумагулованын чалмасына чалынып калбаса керек.

"Саясатка аралашпайм, бирок…"
Туңгуч президент Аскар Акаевдин ат кошчусу Каныбек Иманалиев жаңы бийликке үмүт артып туру. Атүгүл "мен саясатка аралашпайм, мага жогорку окуу жайлардын бирин эле бергиле" таризинде суранганын уккандар да бар. Анын көздөгөнү Кыргыз-Түрк "Манас" университети дешет.

Суталинов кимге "сатылды?"
Апрель окуясын иликтеген бейөкмөт уюмдар кандуу кагылыш улуттук коопсуздук кызматынын чагымчылыгы аркасында жүзөгө ашканын жарыя кылды. Ал эми биздин маалыматтар боюнча, УКК төрагасы Мурат Суталинов менен премьер-министр Данияр Үсөнов окуянын сценарийин түзүүгө көмөктөшүптүр. Андай болсо эки берен кимге "сатылды"? Кимдин заказын аткарды? Айтор, ушуга окшогон суроолорго бүгүн жооп жок. Айтмакчы, бүгүнкү күндө Суталинов Москвада баш калкалап жүрүптүр.

Ормоновдон оомат кетти…
Парламенттеги "Ак жол" фракциясынын лидери Улукбек Ормоновго кайсы бир бала бакчаны мыйзамсыз менчиктештирген деген кине тагылып, кылмыш иши ачылды дешет. Анын артынан "Дастан" заводун жетектеп тургандагы былыктары чукулуп, айтылуу аферист Ширшов менен финансылык карым-катнашы боюнча да кылмыш иши козголгон имиш. "… бирде жигит жөө жүрөт" демекчи, Улугбек Зулпукаровичтен оомат кеткени ушубу?

"Агым-пресс"












??.??