23.04.10 - 6-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Айныды

Колу кандуу К.Бакиев ушунчалык кокуй
беле…

Капырай, ушунчалык дагы жандимилик болобу. Бийлигинен ажырап, калкынан айдалган К.Бакиев "батьканын" алаасынан башын чыгарып, атпай журттун башын айланткан билдирүүсүн таратты. Ушунусу менен өзүнүн бийлик, байлык үчүн баарына даяр, ар-намыстан, пенделик касиеттен алыс чыныгы жүзүн аалам алдында дагы бир жолу тастыктап отурат. Баскан изин кетмендеп салчу Бакиевдин дүйнөлүк маалымат каражаттарына тарап кеткен билдирүүсүн окурмандар өз баасын берсин деген максатта атайылап басып отурабыз. Улут катары "бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарбасак", бу ойрон болгуруң оюнун токтотпойт окшоп калды.

"Урматтуу достор, айымдар жана мырзалар. Менин элим оор трагедияны баштан өткөрүп жатат. Өздөрүн бийлик атаган банда жай адамдарды өлтүрүп, үй-жайын талкалап жатышат. Талап-тоноо кадимки көрүнүш болуп калды. Өлкө он жылдап артка кетти. Мен Кыргызстандын президенти жана Конституциянын гаранты катары, калкымды азапка тушуктурган кыйроолор үчүн өзүмдөн жоопкерчиликти алып сала албаймын жана мыйзам алдында буга жооп берүүгө даярмын. Бирок, бул мени бандиттерге багынып, өз элимди кыйындыкка таштап кетүү дегендикти билдирбейт. Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирем.
Биринчи. Мен дагы бир жолу каза болгондордун жакындарына көңүл айтам.
Экинчи. Мен өзүмдүн кызматтан кеткенимди моюнга албайм. Себебин түшүндүрүп берем. Мындан тогуз ай мурда Кыргызстандын эли мени президент шайлашкан, мен элге кызмат кыламын деп ант бергем. Мени бул анттан кайтара турган күч жок. Өлүм гана токтото алат. Мен, Курманбек Бакиев, дүйнө коомчулугу тааныган Кыргызстандын президентимин.
Үчүнчү. Бийликти алууга жанталашкан бандиттерди баары билип койсун, алар башка бирөөнүн эркин аткаруучулар, эч кандай легитимдүүлүккө ээ эмес. Кыргызстан эч кимдин колониясы боло албайт. Менин элим эркин болгусу келет жана эркин болот. Заманбап, көз карандысыз, демократиялык мамлекетти куруусун улантат.
Төртүнчү. 2010-жылдын 7- апрелинде Кыргызстандын Конституциясына таянып, өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизгем. Мен Кыргызстандын ар бир атуулу банданын буйругун аткаруу менен өздөрүн мыйзамдан чыгарып, кылмыштын катышуучусу болуп каларын, арты жакшылык менен бүтпөсүн түшүнүүсүн каалар элем. Кылмыш үчүн токтоосуз жазаланасыңар.
Бешинчи. Мен дүйнөлүк коомчулуктун лидерлерин прецедент түзбөгүлө, бандаларды легитимдүү бийлик катары тааныбагыла деп чакырар элем. Эл аралык иликтөөлөр жүргүзүлүп, адамдардын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү, мародерлорду, улуттар аралык жаңжал салуучуларды жазалоону талап кылам.
Алтынчы. Мен КМШ өлкөлөрүнүн саясый лидерлерине кайрылам. Биздин эркиндигибизге жана эгемендүүлүгүбүзгө жыйырма жыл толо элек. Орой күчкө жол бербегиле. Сиздер өзүңөрдүн элиңердин алдында жооптуусуңар.
Жетинчи. Кыргызстандын атуулдары, биз жалгызбыз дегенге ишенбегиле. Биздин ишеничтүү досторубуз бар. Алар аз эмес. Биз кыйын учурда аларга таянып, өлкөбүздү чоң кыйроодон сактап калабыз.
Сегизинчи. Мен Кыргызстандагы жашоо конституциялык жолго түшүүсү үчүн бардыгын жасайм. Кандай гана кырдаал болбосун, бандиттерге биздин элдин тагдырын аныктоого жол бербейм. Мен ишенем, менин элимдин эрки башаламандыкты жеңе алат.





  Ат жалында

Курманбек Бакиевдин бул билдирүүсү боюнча эл аралык жана кыргызстандык коомдук ишмерлер төмөнкүдөй ой-пикирлерди билдиришти
Адиль Ахметов, Казакстан парламентинин депутаты, ОБСЕ парламенттик ассамблеясы президентинин атайын өкүлү:
- Бул билдирүү эч нерсени өзгөртө албайт. Элди ал өзү аттырган. Муну эл кечирбейт. Ал Кыргызстанга кайтууга канчалык аракет кылбасын, андан майнап чыкпайт. Мен Бишкекте эки жолу болдум. 85 адамдын каны төгүлүптүр. Ушундан соң Бакиевдин мындай билдирүү жасашына моралдык укугу жок. Ал мындай билдирүүнү жүз жолу кайталаса да эч нерсе чыкпайт. ("Интерфакс-Казакстан")
Темир Сариев, убактылуу өкмөт башчынын орунбасары, каржы министринин милдетин аткаруучу:
- Бакиевдин арыз жазып берип, кайра эптеп башпаанек таап алган соң "мен президентмин" дегени анын туруктуу эмес экенин дагы бир жолу дүйнө коомчулугуна далилдеди. Көрсө, бул кишиге бийлик гана керек экен. Элди басмырлап, канын соруп, кордоп, өзүм жыргасам деген саясатын ал ушул билдирүүсү менен эле айгинелеп койду. Минтип бийлигине жармашкандан көрө, курман болгондордун туугандарына, кыргыз элине көңүл айтып, кечирим сураса жакшы болмок. ("Азаттык")
Феликс Кулов, экс-премьер-министр:
- Бакиев эркек катары убадага бекем тура албасын дагы бир жолу көрсөттү. Ал тандем түзүлгөн убакта да убадасына кагаз жүзүндө кол коюп, кийин танып кеткен. Андыктан анын бул билдирүүсү мен үчүн таңгалычтуу деле эмес. Өзүнүн отставкасын жокко чыгарган билдирүү жасоо менен ал өзүн жалпы коомчулукка каршы койду. Андыктан бул кадамы үчүн, буга чейинки кылган аракеттери үчүн ал мыйзам чегинде жооп бериши керек. Керек болсо Бакиевдин түбөлүктүү президенттигинин үстүнөн болгон соодалашуусун токтотуу үчүн "мындай президенттин кереги жок" деген маселени элдик референдумга коюш керек. Бул канчалык эрте болсо, өлкөнүн стабилдүүлүгү үчүн ошончолук жакшы. (АКИpress агенттиги)
Марс Сариев, саясат талдоочу:
- Чынында Курманбек Бакиев Белоруссияга окшогон чоң күчтөрдүн марионеткасы, колжоолугу болуп калды. Президенттигин таштап, өлкөнү оор акыбалга алып келгенден кийин ушундай билдирүү жасабай эле койсо болмок. Ал өзү бул өлкөдөгү абалды курчутуп, башаламандыкты жаратарын сопсонун эле түшүнүп турат. Менимче, бул башка күчтөрдүн оюну. Бакиев азыр өлкө тагдырын ойлобой эле тургандай.
Айылчы Сарыбаев, экономика, финансы институтунун директору, экономика илиминин доктору:
- Анын билдирүүсүнөн кийин менде "Бакиев наркоман же акыл эсинен айныган" деген күдүктөнүү пайда болду. Жанагынча адам курман болуп жатканына карабай дүйнөлүк коомчулукка "мен өлсөм да президенттиктен кетпейм" деш акылы ордунда адамдын айтканы эмес. Мага Бакиев менен Лукашенко таң аткыча арак ичип, эртеси Бакиев ушуну айткандай сезилди. Анын айтканынан эч кандай президенттиктин да, адамдыктын да жыты жыттанбайт. Азыр Бакиев Кыргызстан эмне болсоң ошо бол деп калгандай. Орусча айтканда, ал азыр "затравленый зверь" кейпин кийип турат.
Өмүрбек Текебаев, убактылуу өкмөт башчынын орунбасары:
- Бул билдирүүсү менен Бакиев оңолбос адатын кайра бир жарнамалап алды. Анын бул адаты бийликке келгенде эле башталган. Ошондо ал алгач II чакырылыштагы парламентти мыйзамдуу деп таанып, эртеси III чакырылыштагы Жогорку Кеңешти легитимдүү деп чыккан. Парламентти таратам деп тараткан жок. Үй-бүлөлүк башкарууну токтотом деген эле, анысы Акаевден ашып түштү. Ноябрда кабыл алынган Конституцияга кол коюп, кайра жоопкерчиликти депутаттарга арта салып андан баш тартты. Эми минтип өзү отставкага арыз жазып, кайра танып отурат. Бул жолу ал өз колу менен жазган арызын тануу менен Кыргызстан элинин эле эмес, аны колдогон өлкөлөрдүн да ишениминен тайды. ("24.kg" агенттиги)
Россия Тышкы иштер министрлиги:
- Курманбек Бакиев өз колу менен кызматтан кеткендиги тууралуу арызын жазып, Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнө бергендигине, ал коомго жарыялангандыгына байланыштуу Москва мындан ары аны президент катары тааныбайт. Андыктан мындан ары анын президенттик ыйгарым укугу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.
Иса Өмүркулов, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу:
- Бакиевдин бийлигинин аркасы эмне болгонун көрдүңүздөр да. Ал элди буга чейин алдап келген, дагы да алдай берет. Президент болсо неге өлкөдөн качып кетет? Андай кыйын президент экен, элдин алдына келип 85 адамдын өлүмүнө жооп бербейби. Ошондон кийин президентмин десе туура болот.
Бетти даярдагандар
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
Мелис СОВЕТ уулу