23.04.10 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Дагы кимде сунуш бар?

Коомдук ишмер, жазуучу Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ:
"Курултайлар системасын сунуш кылдык"
- Чоюн агай, 7-апрелде болуп өткөн окуялар жөнүндө ой бөлүшсөңүз?
- Мен мисалы, шейит кеткендердин ичинен өзүм тааныган эки баланы айтып берейин. Биздин айылдан Кожобеков Малик деген эл тааныган, өмүр бою актив болуп жүргөн киши бар эле. Кийин ушул Чүйдө жашап калды. Ошонун кырк бештеги Рахат деген баласы колуктусу, карындашы үчөө - элдин баары курултайда жүрүшсө биз кантип барбай коёлу деп барышыптыр. Аңгыча алдыда желек көтөрүп бараткан жигитти алардын көзүнчө снайпер ыргыта атыптыр. Өзү өрт жигит эле, жетип барып желекти колунан ала коюп, алдыга чуркап жөнөптүр. Мына, ошол биздин айылдык баланы турган эле жерден снайперлер атып өлтүрүп жатат. Аркасында жаш балдары калды. Тартиптүү үй-бүлөдө өскөн, токтолуп калган ошол жаш адам, эмне зомбиби? Эми экинчи бир жигит тууралуу айтайын. Кошунам бар эле Сыртбек деген. Ошонун жыйырма беш жаштагы Адилет деген уулу окууну бүтүп, зыңгырап абдан мыкты жигит болуп чоңойгон. Былтыр энеси каза болгон. Ал дагы колуна желек көтөрүп, элди баштап жүргөндөрдөн экен. Аны дагы снайпер атып өлтүрүп жатат. Мына, мен билгенден эки бала. Ушундай эл баштаган, туу түбүндө турган сексенден ашык баланын баары тең зомби болуп калабы?
- Бакиев деле элдик ревоюциянын шарданы менен бийликке келбеди беле. 7-апрелдеги окуянын келип чыгышына эмне себеп болду?
- Ооба, 24-мартта да элдик революция болгону чын. Бирок бийликке келген Бакиев революциянын идеалын сатып кетти. Толук кандуу революция болуш үчүн ал үч нерсени ишке ашырышы керек: биринчи - саясый түзүлүш жана мамлекеттик башкарууну; экинчи - экономикалык түзүлүштү түп тамырынан өзгөртүүсү зарыл. Анан ушулардын үчүнчү натыйжасы катары маданий революция келип чыгат. Бакиев ушунун бирин жасадыбы? Жок. Алсак мамлекеттик түзүлүш жана башкарууну беш жыл бою өзгөртпөстөн, өзүнүн жеке бийлигин чыңдоонун гана үстүндө болду. Ал эми акыркы структуралык кайра түзүүлөрү чет элдик шылуундар менен иштешкен баласы Максимди өлкөдөгү экинчи таасирлүү фигурага айлантты. Үй-бүлөлүк, кландык, авторитардык диктатураны орнотту. Эми экономикалык саясатын алалы. Акаев мамлекет менчигин тоталдуу жеке менчиктештирип, соңунда 1998-жылы жерди Конституцияны бузуу менен жеке менчикке чыгарды. Ал эми Бакиев Акаевдин курсун андан да ары тереңдетип, стратегиялык багыттагы мамлекеттик менчиктерди жеке менчикке чыгарды. Мисалы, кенди. Ушул кенге байланыштуу калың эл анча билбей калган бир факт бар. 2007-жылдагы ноябрь Конституциясында сунушталган түзөтүүлөрдө ал адепки тексттерде жок болчу. Мисалы, ошол түзөтүүлөр сунушталган тексттердин өкмөттүк гезиттерге ("КТ", "ЭТ") жарыяланган варианттарын караңыз, биринде да жок. Ал эми ноябрдын түнүндө кабыл алынган, алдына депутаттар, үстүнө Бакиев кол койгон, элге чыгарылбаган, ачык жарыяланбаган текстте: "Жер жана башка жаратылыш байлыктары жеке менчикте болушу мүмкүн" деп жаратылыш байлыктарына жеке менчик укугу Конституцияга ууру киргизилип кеткен. Кийин декабрь Конституциясында бул текст ноябрь Конституциясынан келген текст катары билинбей орун алып калды. Бул Бакиевдин, анын ишкер уулу Максимдин өз келечектерине карай чапкан ууру жолу болчу. Орус элинде "энеңди поп эптеп кетсе, эми кимге барып даттанасың, мужугум" деген эски макал бар. Конституциянын гаранты өзү баштап Конституцияны минтип ууру оңдоп жатса, калың эл каерге барып, кимге даттанабыз? Мындай оңдоолор М.Бакиев Нарындагы Жетим-Тоо баштаган республикадагы ири кен объектилерине өз чеңгелин сала баштаганында үй-бүлөгө жемишин төгө баштаган эле. Эң соңку стратегиялык "Түндүкэлектро", "Чыгышэлектро" тармактарын итбекер сатып алышкандарын айтпаганда.... Ушинтип Бакиев революциянын идеалдарын бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына курман чалды. Ал эми акыркы кызыл кыргын окуясы менен ал өзүнүн легитимдүүлүгүнө биротоло өзү чекит койду. Ошон үчүн биз өткөндөгү 7-8-апрелдеги революцияны март революциясынын экинчи этабы катары карашыбыз керек. Аны канын төгүп, кырчын өмүрүн кыйып алып келген кыргыздын кыраан уулдарына түбөлүк таазим кылышыбыз зарыл.
- Азыр убактылуу элдик өкмөттүн өкүлдөрү парламенттик республикага өтүшүбүз керек деп жатышат. Ушул маселеге карата оюңуз кандай?
- Мени да көптөн бери терең ойлондуруп келаткан маселе ушул. Өткөндө К.Бакиев мамлекеттик башкаруу системасын реформалап, анан ЦАРИИнин карааны калдайып чыгып, артынан М.Бакиевдин кулагы көрүнүп, анан ал чет өлкөлүк бай аферисттер менен аралаша баштаганда мамлекеттин көздөгөн багыты опурталдуу жолго түшүп калганын көрүп, мен да аябай бушаймандандым. Ошондо бул ата-баланын чексиз бийлигине эмнени каршы коюуга болот деп тынчым кетип, эки ай бою күндөп-түндөп жаңы китебимди жаздым. Китеп "Кыргыз Эл Мамлекети - Теңрикут" деп аталат. Ушуну оппозиция курултайы жана ынтымак курултайына чейин жарыялап үлгүрөйүн деп жан сабап иштеп жатып, аягында жүрөгүм катуу мыкчылып, кардиология ооруканасына жатып калдым. Андан соң сыртка дарыланууга кетип, апрель революциясынын жана кийинки окуялардын түздөн түз күбөсү боло алган жокмун. Бирок, азыр менин колумда ошонун алдыңкы күндөрү ооруп жатканымда жазылган кыргыз улуттук укукчул мамлекети кандай болушу керектиги тууралуу өзүмдүн концепциям турат. Аны тийиштүү жерлерге, адамдарга сунуштоодомун. Биздин вариант президенттик дагы, парламенттик дагы республика эмес, экөөнүн касиетин ширелиштирген мамлекеттүүлүктүн өзүнчө концепциясы. Убактылуу бийликтин өкүлдөрү айтып жаткан парламенттик республикага келе турган болсок, айрым күмөндүү суроолорум бар. Макул, башкаруу формасын өзгөрттүк дейли, өкүлчүлүктүү бийлик башкы орунга чыксын дейли, бирок бул Конституция мен жанагы айткан революция сөзсүз ишке ашырууга милдеттүү болгон экономикалык түп тамырынан кайра курууларды өзүндө камтыйбы? Башкача айтканда, стратегиялык эң башкы байлыктарды, мисалы, жерди, кенди мамлекеттик менчикке кайрып келе алабы? Маселе ушунда. Революциянын лидерлерин алсак, булар менин билишимче мамлекеттүүлүккө карата түрдүү көз караштагы адамдар. Мисалы, менин баамымда Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, А.Бекназаров, И.Исаков. Э.Каптагаев мамлекетчилдер. Булар стратегиялык байлыктардын баары тең мамлекеттин гана менчигинде болушун жактагандар. Ал эми А.Атамбаев жана Т.Сариев ж.б тууралуу мен муну айта албайм. Булар либералдар. Алар стратегиялык багыттагы менчиктердин жеке колдордо кала беришин каалашы ыктымал. Мындай ажырымдар улам ачыкка чыгып, балким келечекте кандайдыр жиктелүүгө да өтүшү мүмкүн. Анда кайрадан революциянын эмне үчүн жасалгандагы максаты, идеалы өзү ишке ашпай калуу коркунучу бар. Анда бул лидерлерди да улам кийинки лидерлер сүрүп, Акаевдин кансыз, Бакиевдин кандуу каргашалуу окуялары кайталана бериши ыктымал. Ошондуктан эң биринчи иретте кыргыз улуттук укукчул мамлекетинин философиялык концепциясы өзү иштелип чыгышы керек. Биз ушуну иштедик.
- Бир сөз менен айтканда, сиз сунуштап жаткан концепциянын маани-маңызы эмнеде?
- Ток этер жерин айтканда, эгемендиктен берки өткөн 19 жылы эми өткөөл мезгил деп саналышы керек. Ошого тең, биз эми Кыргыз Республикасынан Кыргыз Эл Республикасына айланышыбыз зарыл. Бул деген эмне? Бул - Кыргыз Эл Республикасында мамлекеттик эң башкы байлык да элдики, эң башкы бийлик да элдики болушу керек деген сөз. Байлыкты жогоруда айттык, стратегиялык багыттагы менчиктердин бардыгы тең Мамлекет - Элдики гана болушу керек. Ал эми башкы Бийлик дегенибизчи? Бул не? КР Конституциясын карасак, анда "суверендүүлүктүн ээси - эл", "элдик бийликтин үстөмдүгү", "бийлик бутактары өз ара шайкештикте биргелешип иштейт" деген ушул кезге чейин жарым жан, же таптакыр эле иштебей келаткан эң маанилүү статьялар бар. Биз ушул өңдүү базалык статьяларга таянуу менен кантип бийликти элдики кылуунун жолун издедик. Курултай системасын киргиздик. Кайталайм, бир гана курултайдын эмес, курултайлардын системасын киргиздик, б.а. Курултай, Чоң Курултай, Улуу Курултай. Мындай система бизге ар бир бийлик бутагын өз ичинде, тик вертикалында иреттөөгө, кыйыр вертикалында бийлик бутактарынын ишин өз ара шайкештикте ырааттоого жана президенттик бийликтин үстүнөн көзөмөл болууга, тийиштүү учурда ага импичмент жарыялоого мүмкүндүк түзгөн чыныгы элдик бийликтин үлгүсүн берди. Биз азыркы ааламдашуу шартында улуттук укукчул мамлекетти куруп гана аман кала алабыз. Ырас, биз сунуштап жаткан үлгү бир гана вариант. Мындай варианттар эл ичинде дагы да болушу мүмкүн. Ошондуктан бул жолку конституциялык реформа да өтө тез, чапчаң жана шашкалак жүргүзүлбөсө болот эле... Мына, убактылуу өкмөт Башмыйзамды шашылыш сунуштап жиберди. Менимче, бул жолу деле жаңылып жатабыз.
- Конституция тууралуу сөз кылып калдык. Конституциялык соттун таркатылышына кандай карайсыз?
- Негизи, туура эле таркатылды. Анткени ушунча жылдан бери элдин эсебинен жан баккан Консот чечүүчү учурларда элдин кызыкчылыгына төп келген бир да бир тарыхый чечимин чыгара албады. Конституцияны сактаган сакчыларыбыз билгизбей өздөрү бузду. Орой айтканда, президент ишканасын элпек тейлеп берген ашканага айланды. Бул айрыкча биз азыркынын Курманжаны атап келген айым Ч.Баековага мүнөздүү. Конституциянын референдум текстине кирбеген бир да бир сөзү, бир да бир үтүрү өзүм билемдикке салып оңдолушу керек эмес. Ал эми Ч.Баекова баштаган Консоттун мүчөлөрү 2003-жылкы редакцияга тексттин маани-маңызын түп тамырынан бери өзгөрткөн оңдоолорду киргизишкен. Мисалы, "келерки президентти шайлоо жүргүзүлөт" деген өңдүү тексттерди "президенттикке кезектеги шайлоо жүргүзүлөт" деп митайым, ууру оңдошуп, А.Акаевди 4-ирет президенттикке өткөрүп кетүү үчүн конституциялык деңгээлде жол чабышкан. Мындай ууру ыкма 2003-жылкы Конституция редакциясында жыш. Ошон үчүн март революциясынын биринчи күндөрүндө биринчилерден болуп Конституцияны өзгөртүш керек деп безилдеп чыккан дал ушул Чолпон-"Курманжан" айым болучу. Анын кийин К.Бакиев тушунда да жогоруда айтылган кен байлыктарды жеке менчикке чыгарган ууру статьяны да "байкабай" калганын жогоруда айттык. Чолпон айымдан кийинки Консот төрайымы С.Сыдыкова да мурдагы көчтү улап, К.Бакиевдин Конституцияда жок түзүмдөрдү киргизгенине көз жуумп, атургай Максим Бакиевди так мураскору кылып Конституцияга алып өтүүгө өзү жан үрөдү. Демек, бул форматтагы Конституциялык сот элдин ишенимин актаган жок деп бүтүм чыгарууга негиз бар. Тек, бир жагдай - ушунча жыл элдин эсебинен жыргап жан баккан Консот эң акыркы жолу кантөккүч К.Бакиевдин элге каршы канкор аракетине эч жактан сунуш күтүп отурбай, "жок" деп өзүнүн тарыхый бүтүмүн чыгарып туруп, анан өз ыктыярлуу тарап кетсе абийирлери аз-маз таза калмак... Биз сунуштап жаткан Конституция концепциясында Конституциялык соттун бүтүмү эң акыркы чечүүчү сөз эмес. Эгер анын бүтүмүнө шек туулса, анда ал улуу курултайда жокко чыгарылат же калтырылат. Ушунда гана мамлекетте калыс адилеттүүлүккө жол чабылат.
Зайырбек АЖЫМАТОВ