23.04.10 - 10-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Төө кыядан өттүбү, же...

"Жетим-Тоону Максимдин өнөктөштөрү "жей" башташкан"

Кыргызстан жалаң тоо-суусунан башка эч нерсеси жок деп ушу убакка чейин айтылып келген. Бирок ошо тоолордун алдында беш-алты миллион элди алпештеп гана бага турган табигый байлыктар мол экендигин эчен жылдан бери белгилүү коомдук ишмер, табигый байлыктар жана экономика боюнча эл аралык эксперт Базарбай МАМБЕТОВ какшап келет. Бүгүн да бу тармакта эмнени колго алуу зарылдыгы тууралуу ой бөлүштү.
- Бүгүнкү күндө жаратылыш байлыктарын иштетүү боюнча 1200дөн ашык фирма расмий катталган. Лицензиялардын жарымынан көбү мыйзамсыз экс-президентке, анын жакын адамдарына берилген. Айтылуу өкмөт мыйзамсыз берилген лицензияларды кайрадан мамлекетке өткөрүү камылгасын көрүш керек. Антпесе эл ишенимине арзыбайт. Башаламандык улана берет.
- Лицензияларды артка кайтарса болот дейсиз. Мындай аракет мыйзамда каралганбы? Анүстүнө менчик ээлери да тынч отурбаса керек...
- 7-апрелден тартып укуктук талаадан четтедик. Иштин баарын азыр атайын декреттердин алкагында жүргүзүүдө. Андыктан алтын, күмүш, жез, көмүр казган фирмаларды декреттин негизинде токтотуп койсо болот. Себеби, лицензиялар мыйзамды одоно бузуу менен берилген. Бу жерде корко турган нерсе жок.
Утурумдук өкмөт мүчөлөрүнүн экономика, өндүрүш тармагын колго алууга дарамети жетпей аткандай. Бардыгын иретке келтиргендин ордуна портфель бөлүштүрүүгө көп убактысын сарптап жатышкансыйт. Орус премьер-министри Владимир Путин айтмакчы, булар да мурдагы эле чырмоокко чалынып, оңко-чоңко ата баштады. Отунбаева жетектеген өкмөт тез аранын ичинде экономиканы жандандыруу, мамлекет байлыктарын колго алуу жаатында аракеттенбесе, ойдогудай натыйжа чыкпайт.
- Декреттин негизинде эле лицензияларды кайрып алса болот экен. Ушундай иш башка өлкөлөрдө болгонбу?
- Африканын Гвинея республикасында көтөрүлүш болгон. Жаалданган эл эски жана жаңы бийликти да укпай, накта хаос орногон. Айласы кеткен жаңы өкмөт мыйзамсыз берилген жер байлыктарынын бардыгына мораторий жарыялап, аларды элдин менчигине өткөрөбүз деген. Ошондо гана эл тынчтанып, өлкөдө тынчтык орноп, жаңы бийликти таанышкан.
- Күйүүчү май таңсыктыгы учурдун орчундуу көйгөйүнө айланды. Оор кырдаалдан чыгуунун жолу барбы?
- Бу маселеге тээ мурдатан көңүл бурулушу керек болчу. Кыргыз бийлиги чечкиндүү кадамдарды жасаганда, бүгүнкүдөй кризиске тушукпайт элек. Жөнөкөй мисал, Кадамжай районунда Түндүк-Сох, Чоңкара-Калча деген аймактардагы нефти менен газ запасы совет доорунда изилденип такталган соң, Ташкентте жайгашкан союздук мекемелерге өткөрүлгөн. Бул жерлер 1960-жылдын аягынан тартып ишке кирип, бүгүнкүгө чейин мунай сордурулуп келет. Бирок, түшкөн киреше Өзбекстандын бюджетин толтурууда. Бизге кокон тыйын да төлөшпөйт.
Менин эсебим боюнча жогорудагы үч мунай чыгуучу жерден жылына 100 миң тонна продукция өндүрүлөт. Мындан сырткары, өзүбүздө нефти өндүрүүчү жерлер бар. Анын аркасында түштүк аймагын көгүлтүр от, күйүүчү май менен камсыздаса болот.
- Кыргызстандын территориясында жайгашкандан кийин мунай жайлары бизге таандык болушу керек эмеспи. Бийлик билермандары буга неге көңүл бурбайт?
- КМШ президенттери 1992-жылдын февралында Бишкекте чогулуп, атайын келишимге кол коюшкан. Жыйынтыгында, союздан калган мүлктөр кайсы мамлекетте жайгашса, ал ошол республикага тиешелүү деген тыянакка токтолушкан. Ушул келишимдин негизинде Түндүк-Сох, Чоңкара-Калчадагы мунай кендери Кыргызстандын карамагына калышы керек эле. Тилекке каршы, Аскар Акаев башында эле ага кайдыгер мамиле жасаган. Ошондон бери аталган аймактарда 70ке чукул газ, нефти мунараларын өзбек туугандар өз пайдасына иштететүүдө.
Курманбек Бакиевдин тушунда деле бул маселеге көңүл бурулбады. Мурдагы өкмөт башчысы Игорь Чудинов 2008-жылы Баткенге барып, мунай чыккан аймак менен жакындан таанышкан. Бирок, анын да тиши өткөн жок. Ушул факт биздин алсыздыгыбызды айгинелеп туру. Эми жаңы бийлик жогорудагы нефти өндүрүүчү жерди мамлекеттештирүүгө белсене киришүүсү абзел.
- Макул, мунай сордуруучу эки жайды кайрадан менчиктеп алалык. Бирок, чийки продукцияны иштетүүгө чамабыз келеби?
- Жок. Тескерисинче, бизде өтө чоң мүмкүнчүлүк бар. 1996-жылы Жалал-Абад облусунда нефтини кайра иштетүүчү завод курулган. Анын жылдык кубаттуулугу 500 миң тоннаны түзөт. Былтыр завод болгону 24 миң тонна чийки зат (19 миң тонна мазут, калганы дизелдик май) иштетиптир.
Мен Каримовго аябай суктанам. Акыркы 20 жыл аралыгында Өзбекстан эки ири нефти, көгүлтүр от сордуруучу компанияны түптөдү. Ал эми биз колубуздагы токочту тарттырып, коңшулардын көзүн карап отурабыз.
- Нарындыктар Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө каршы чыккан. Элдин нааразычылыгына карабастан эски бийлик кенди чалгындоо укугун кытайлык компанияга ыйгарган. Лицензия мыйзамдуу берилгенби?
- Бул боюнча менде толук маалымат жок. Ошентсе да Жетим-Тоо жеткиликтүү аныкталбаган темир кени экендигин адистер жакшы түшүнөт. Мурдагы бийлик тушунда тендер жарыяланбай эле жең ичинен кытайлык компанияга лицензия берилип калган. Инвесторлордун артында Максим Бакиев жана анын достору турганы ачыкка чыккан соң, маселе чатакка айланган. Ушу тапта экс-президенттин уулу сыртта башкалкалап жүрөт. Демек, ишкана өкүлдөрү менен бетме-бет сүйлөшүү жүргүзүүгө ыңгайлуу учур келди. Жетим-Тоону изилдеп аткан фирманын чалгындоо иштерин жасоого мүмкүнчүлүгү жетсе, анда ага талап коюш керек. Кыргызстандын кызыкчылыгына дал келчү сунушка макул болушса, кеп башка. Болбой эле өздөрүнүн "обонун" созо беришсе, анда кытайлыктардын кеткени оң. Кайрадан мыйзам чегинде тендер жарыялап, перспективалуу компания лицензия алышы зарыл.
- Убагында Талас облусундагы Талды-Булак алтын, жез казылуучу кен башкалардын колуна мыйзамсыз өтүп кеткенин айттыңыз эле. Ал эми Андаш, Жерүй кендеринин деле убайын көрбөй атабыз. Адис катары булардын келечегине кандай баа бересиз?
- Талды-Булакты англиялык "Лера" аттуу компания алдамчылык менен сатып алган. Ага ошо кездеги аткаминерлердин кошкон салымы зор. Бу туурасында кезинде кеңири макала жазгам.
Талды-Булак негизинен үч участокко бөлүнөт. Алгачкы бөлүгүн бат эле чалгындап бүтүшкөн. Иликтөөнүн соңунда алтын менен жездин запасы мол экендиги тастыкталган. "Лера" кендин болочоктогу акциясын Лондондогу алтын биржасына сатыкка коюп, аны 56 млн. долларга пулдашкан. Андан түшкөн каражатты калган 2-3-участокту изилдөөгө жумшашмак. Мына ошондо Лондондун Би-Би-Си сыяктуу абройлуу басылмаларына "Талды-Булакты мародер компания чалгындап жатат. Алардын мындай аракети мыйзамсыз" деп пикиримди ачык билдиргем. "Леранын" жеткен аферист фирма экендигине көзү жеткен өнөктөштөрү андан жаа бою качышкан. Ошондон бери аталган аймакта иш токтоп калды.
Андаш Талды-Булактын жогору жагында жайгашкан. Аталган кенди изилдөөгө жергиликтүү калк тикесинен тик туруп каршы чыккан. Эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү барганда да Андашты алдамчылардын колуна карматпайбыз деп айткандарынан кайткан эмес. Акырында агездеги премьер-министр, учурдагы убактылуу өкмөттүн 1-орунбасары Алмазбек Атамбаев ортого түшсө да жергиликтүү эл макул болбой койгон. Мына ушундай тоскоолдуктарга карабай, алтын кенин "Андаш аурум майнинг" компаниясы чалгындап баштаган. Аталган фирма менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда кандай келишим түзүлгөнү коомчулукка бүдөмүк. Өндүрүлгөн продукциянын канчасы мамлекетке, канчасы Талас өрөөнүн өнүктүрүүгө кетери так көрсөтүлгөн жок. Ошентип "Андаш аурум майнинг" компаниясы алгачкы активин Лондондогу биржада 40 млн. долларга саткан. Андан өлкө казынасына канча пайда түшкөнү белгисиз.
СССР доорунда чалгындалып бүткөн алтын кендеринин бири - Жерүй. Эгемендикке ээ болгондон бери анын бактысы ачылбай койду. Кендин акциялары башаламан сатылып кеткен. Бүгүнкү күндө Жерүйгө алты чет өлкөлүк компания кожоюндук кылат. Тагырагы, экс-ханзаада Максимдин өнөктөштөрү Елисеев, Гуревичтер Жерүйдү россиялык "Золото полюс" фирмасына өткөрүп беребиз деп чечишкен. Сырттан караган адамга Жерүйдү сатуу процесси мыйзам чегинде жүргүзүлгөндөй таасир калтырат. Бирок, бул тармакты ичинен билген адистер алтын кендери коррупциянын накта чордонуна айланганын анык түшүнөт.
Мени элге сөзү өткөн кадыр-барктуу адамдардын бийликке жер байлыктарын мыйзамсыз пулдап атасыңар деп калыс пикир билдирбегени кайгыга салса, биресе таңгалдырат. Ошол эле "Кыргызалтын" ААКсында эмгектенген адамдар жаратылыш байлыктарын иштетүүдөн мамказына жарытылуу пайда таппаганын эң сонун билет. Мынакей, кыргыз интеллигенттеринин деңгээли, чыныгы жүзү.
Азыр деле кеч эмес. Бардык жаратылыш байлыктарын мамлекеттештирсе болот. Мындан Кыргызстандын экономикасы оңбогондой киреше табат. Өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулууну кааласак, ириде ушуларды жүзөгө ашыруу зарыл. Өткөндү унутуп, бардыгын актай барактан баштоочу мезгил келди.
- Кезинде Кумтөр маселеси дагы чоң чууга айланган. Кыргыз өкмөтү былтыр "Кумтөр оперейтинг компани" (КОК) менен жаңы келишимге кол койду. Эми экономикабызга оңбогондой каражат түшөт деп элди кубандырган. Ушул келишим калктын ишенимин актадыбы?
- Былтыр КОК 16,7 тонна продукция өндүрүп, 532 млн. доллар таза киреше тапкан. Ал эми андан республикалык бюджетке араң эле 28 млн. доллар түштү. Ортодогу айырмачылыкты сезип атасызбы?
Жогорку Кеңештин трибунасынан экс-премьер Игорь Чудинов, мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча жаңы келишимди колдоп бергиле, жылына 90 млн. долларды бюджетке түшүрүп турабыз дешкен. Канакей ошол убадалар?
Алыс кетпей коңшу Өзбекстанга саресеп салалы. Расмий Ташкент инвесторлорго жер байлыктарын иштеткиле, бирок, ички дүң жыйымдын 50%дан ашыгы бизде калат деген талап коюшат. А Чудинов өкмөтү мактап-жактаган келишимде дүң жыйымдын 13%ына Кыргызстан ээлик кылат деп жазылган. Ушулбу бийликтин өз элине, мамлекетине жасаган жакшылыгы? Мен муну жеткен алдамчылык, чыккынчылык катары баалайм. Өз элине чындап күйгөн патриот инсандар мындай кадамга барбайт эле.
Кыргызстанда жаңы бийлик орноду. Өкмөт өткөндөн сабак алып, Акаев, Бакиевдин катачылыгын кайталабаганы оң. Анүчүн келишимди кайрадан карап чыгып, канадалык ишкерлерге талап коюшу керек. Алар ага макул болбой баш тартышса, өздөрүнөн көрсүн. Анда Кумтөрдү мамлекеттин карамагына өткөрүүдөн бөлөк арга жок. Жаңы бийлик ушундай эрдик жасарына ишенем.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19