presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жакшы болуу аста-аста...

Бийлик булагы эл, эл козголсо сел
Бүгүнкү күндөгү кырдаал боюнча төмөнкүдөй пикирлерге орун бердик
Кубан АБДЫМЕН, саясат таануучу:
"Катуу тартип киргизилсе"
- Кадр дайындоо башаламан жүрүүдө. Борборду айтпай-ак коелу, айыл өкмөттөрүн басып алуулар курчуду. Мунун бардыгын кантип иретке келтирсе болот?
- Учурда абал оор. Талап-тоноолор аз келгенсип, жер басып алуу аракети башталды. Ушунун бардыгы убактылуу өкмөттүн ишин алсыратууда. Мындай кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Анүчүн катуу тартип киргизип, бийлик системасын бир нукка түшүрүү зарыл. Ал эми жергиликтүү деңгээлдеги бийлик төбөлдөрүнүн ыраатсыз алмаштырылышы нормалдуу көрүнүш. Бишкектеги кырдаал жөнгө салынган соң, ал маселе да чечилет.
- Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өтүүгө даярбы?
- Убактылуу өкмөт ушундай пикирин билдирди. Менимче, бул жакшы саамалык. Аны колдошубуз керек. Мурдагы конституциялык түзүлүштү өзгөртүү - мезгил талабы. Антпесе, беш жылда эмес алты айдын ичинде жаңы революция болуп кетиши ыктымал. Жаңы Башмыйзамды референдум жолу менен кабыл алуу зарыл. Андан кийин парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоодо жеңген партия коалициялык өкмөттүн курамын бекитет.
- Башпрокуратура президенттин туугандарына жана жакын адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул кырдаалды ого бетер ырбатпайбы? Анткени Алайда Нурлан Сулайманов, Ажибай Калмаматов, Нургазы Айдаровду коргоо комитети түзүлсө, нарындыктар экс-мэр Нариман Түлеевге кысым көрсөтпөө талабын коюшту.
- Менин жеке пикиримде, Башпрокуратуранын чечими туура. Күнөөсү барлар жоопкерчиликке тартылат. Таза болушса жазадан кутулушат. Бирок, кылмыш иши кайсы критерийлердин негизинде ачылганын түшүндүрүү начар жүрүп аткандыгын моюнга алыш керек.
- "Жаңы бийликтин курамындагылар эски режимдин - Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин адамдары. Алар жашоону оңору арсар" деп күмөн санагандар арбын...
- Ушул өңүттөгү пикирлерди көп уктум. Анда чындыктын да үлүшү бар. Бирок, маселе башкада. Ошол эле Роза Отунбаева эки бийлик тушунда тең тышкы иштер министрлигин жетектеген. Роза айым кийинчерээк оппозицияга ооп, Акаев, Бакиев режиминин кулашына зор салым кошту. Мындайлардын катарына КСДП лидери Алмазбек Атамбаев, "Ата мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди кошсок жарашат. Ал эми убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрүнүн тагдыры парламенттик шайлоодон кийин чечилет.
- 7-апрелдеги окуя коңшуларга кандай таасир этиши ыктымал?
- Биздеги революция Казакстанды айтпасак да, башка мамлекеттерге таасирин тийгизиши мүмкүн. Маселен, Өзбекстандагы кырдаал биздикине салыштырмалуу беш эсе оор…
- Кыргызстан өтө оор учурду башынан кечирүүдө. Мындан үчүнчү күчтөр пайдаланып кетпейби?
- Ири державалар түгүл, жакынкы Ташкент менен Астана дагы кызыга карап турган чагы. Бир эле жерден "кылт" этсек, эгемендиктен кол жууп калышыбыз толук ыктымал. Андыктан Роза Отунбаева башында турган убактылуу өкмөт ар бир кадамын акыл калчап жасаганы оң. Кыргызстандын эгемендүү, эркиндикти сүйгөн мамлекет экенин дүйнөгө таанытууга мезгил жетти. Жаңы бийлик эл аралык аренада тең укуктуу, тең салмактуу сүйлөшө алгандай деңгээлге көтөрүлсө, анда биздин кылыбызды кыйшайтканга эч кимдин духу жетпейт.





Токтогул КАКЧЕКЕЕВ, саясат таануучу:
"Эми артка кылчактоого болбойт"
- Убактылуу өкмөт Конституциянын эмес атайын декреттердин негизинде иш жүргүзүүдө. Укук негизинен алып караганда, бул мыйзамдуулукка жатабы?
- Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мүчөсү. БУУнун уставында "эгер мамлекетте диктатордук жана ырайымсыз бийлик орносо, аны эл төңкөрүүгө акылуу" деп жазылган. Курманбек Бакиевдин региондорго бөлмөй саясаты, өзүмбилемдиги бүгүнкүдөй кырдаалга кептеди. "Акжолчу" депутаттар бийлик фундаментин түптөөгө опол тоодой салым кошту. Жыйынтыгында мамлекет кызыкчылыгын тебелеген мыйзамдар жаралды. Демек, "акжолчу" парламент легитимсиз деп бүтүм чыгарууга болот. Андыктан, убактылуу өкмөттүн жогорудагы кадамын колдойм. Мындан бөлөк жол жок эле.
- Алгач бийликчил депутаттардын колу менен президентке импичмент жарыялап, андан соң Жогорку Кеңешти таратса болбойт беле?
- Буга чейин мындай тажрыйба кеңири колдонулган. Жаңы бийлик ушул жолду тандаса, кырдаалдан оңой чыкмак. Бирок, чечим кабыл алынды. Эми артка кылчактаган жарабайт.
- Мамлекет башчысынын кол тийбестигинен ажыратуу чечими туурабы?
- Сексенден ашуун жаш бала шейит кетип, жүздөгөн адам жарадар болду. Алмончоктой уулдарынан айрылган ата-энелер боздоп-сыздап, жолдошунан ажыраган келиндер кара кийип отурат. Ошого карабастан Бакиев "карачечекей жети тууганыма, эки уулума жана үй-бүлөмдүн коопсуздугуна кепилдик бергиле" деген талабын коюп атат. Эмне, карапайым калктан дагы анын үй-бүлөсү жогору турабы? Деги президент Кыргызстанда кандуу кагылыш орун алганын, ага өзү чоң түрткү болгонун сезер бекен? Бет тырмоочулуктун, ажаандыктын да чеги болот эмеспи.
- Убактылуу өкмөт президент менен сүйлөшүүгө барбайбыз дейт. Ошол эле учурда Бакиев бийликти өткөрүп бербестигин жарыялады. Тирешүүнүн аягы эмне менен бүтүшү ыктымал?
- Бакиевдин минтип тырышканынан эчтеке чыкпайт. Мамлекет башчысы катары жеңилгенин жонтериси менен сезгени оң. Чындап эле мамлекетти, элдин келечегин ойлосо, Кыргызстан үчүн күйсө, отставкага кетиши зарыл. Тирешүүдөн пайда жок, андан мамлекет, карапайым калк гана жапа чегет.
- Убактылуу өкмөттүн иштөө мөөнөтү алты ай. Андан кийин бийликке кимдер келет деп ойлойсуз?
- Бакиевдин түбүнө кимдер жетти? Ашынган кошоматчы, акыл көрөңгөсү тайыз, тажрыйбасыз, туруктуу позициясы жок кадрлар. Жаңы бийлик эски режимдин катачылыгын кайталабашы керек. Эл үчүн күйгөн, чынчыл инсандар жооптуу кызматка дайындалса гана Кыргызстан оңолот. Эгер карт бөрүлөр кайрадан бийликке келсе, азыркы бийликтин аброю төмөндөйт.
- Өлкө башчысы Курманбек Бакиев эл аралык уюмдар Кыргызстандагы окуяны изилдеп баа бериши керектигин, эгер алар күнөөлүү деп тапса жоопкерчилик тартууга даяр экендигин билдирди. Эл аралык уюмдар акыйкат териштирерине ишенесизби?
- Жок.




Эсенгул ӨМҮРАЛИЕВ, коомдук ишмер:
"Убактылуу өкмөт өзүн легитимдүү кылуусу зарыл"
- Айрым чет элдик басылмалар убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеваны сындаган макалаларды басты. Маалымат "согушу" нени каңкуулайт?
- Мунун бир нече жүйөөсү болушу мүмкүн. Айрым топтор ушул аркылуу убактылуу өкмөткө сунуш киргизүүнү каалашы ыктымал. Андан кийинкилери кандайдыр бир кызматка илинип калууну көздөшсө, кээлери жаңы бийликке сес көрсөтүүнү пландагандар.
- "Орус бийлигинин колдоосу астында 7-апрелдеги төңкөрүш жүзөгө ашты" дегендерге кошуласызбы?
- Менимче, бул калпыс түшүнүк. 7-апрелдеги окуя биздин ички маселе. Бышып жетилген эл Ак үйдү төңкөрдү. Ага сырткы күчтөрдү, Россия сыяктуу ири державаларды аралаштырбаш керек.
- 2005-жылдагы окуядан кийин дүйнө коомчулугу өз баасын берген. Бу
саам гуманитардык, экономикалык жардам көрсөтөбүз дешкени менен, апрель төңкөрүшүнө саясый баасын айтыша элек. Мунун себеби неде?
- Анүчүн убактылуу өкмөт өзүн легитимдүү кылышы абзел. Ошон үчүн дүйнө коомчулугу унчукпай турду. Жакында убактылуу өкмөт декрет кабыл алды. Учурда өкмөттүн курамы дээрлик түзүлүп калды. Эми сүйлөшүү жүргүзсө болот.
- Алмазбек Атамбаев шейшемби күнкү маалымат жыйынында расмий Москва жаңы бийликти колдоорун билдирген. Анын эртеси орус өкмөтүнүн басма сөз кызматы Атамбаев менен Путин жолукпагандыгын жарыялады...
- Атамбаевдин маалымат жыйынын телевизордон көрдүм. Жаңылбасам, ал Россиянын айрым бийлик төбөлдөрүнө жолукканын билдирди. Бирок, конкреттүү фамилия айтылган жок. Эң башкысы, талылуу маселелер чечилиптир.
- "Ала-Тоо ынтымагы" коому президент Курманбек Бакиевге бир нече сунуш киргизген. Азыркы бийликке жардам көрсөтүп жатасыздарбы?
- Аксакалдардан түзүлгөн топ атайын билдирүү тараттык. Бүгүнкү убактылуу өкмөттү колдойбуз. Сырткы жана ички күчтөрдү ынтымакка келүүгө чакырабыз. Азыркы өкмөткө эч кандай талап койгон жокпуз. Болгону алдыдагы шайлоолорго ресурс топтобой, калыстык орнотуш керек. Кийинки бийлик келген соң орундарын бошотуп бериши талапка ылайык.
- Сиздин баамыңызда бийлик түзүлүшү кандай болгону оң?
- Жер шарында 100% парламенттик республиканы кездештирүүгө мүмкүн эмес. Мыйзамга ылайык, президенттин ыйгарым укугу чектелет. Күчтүү парламент өкмөт менен биргеликте экономикалык, өзөктүү тармактарды тескейт. Менин жеке пикиримде, убактылуу өкмөт ушул системаны тандоо аркылуу туура кадам жасады.
- Негизги рычаг кайсы органдын колуна өтөт?
- Башкы күч кайсы бир органдын колунда болбойт. Бу жерде бийликтин тең салмактуулугу сакталат. Маселен, Жогорку Кеңеш бюджетти жана премьер-министрди бекитет. Өкмөт башчысы министрлерди, жергиликтүү бийликти дайындап, аларды тескейт. Ал эми президенттин компетенциясында - тышкы маселелерди карап, парламент менен өкмөттүн ортосунда арбитрдик функцияны аткарат. Андан башка милдети жок.
- Убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев үч айдын аралыгында жаңы Конституция референдумга коюларын айтты. Дегеле, бизге кандай Башмыйзам ылайыктуу?
- 1993-жылдагы жана андан кийинки конституциялар жарабайт. Башмыйзам парламенттик республиканын табиятына шайкеш келиши керек.
- Курманбек Бакиев алигиче отставкага кете элек. Эки тараптын тирешүүсүн канткенде жөнгө салса болот?
- Убактылуу өкмөт укуктук негиздерден четтеп, революциялык жол менен кетти. Мындай шартта Башмыйзам жараксыз деп табылып, президент ыйгарым укугунан ажырайт. Учурда ОБСЕ өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Балким алар ортого түшүп, Бакиевди алып кетиши ыктымал.
- Жаңы бийлик экс-чиновниктерге кылмыш ишин козгоду. Бакиевдин тушунда иштеген адамдар бийликке келбеши керек деген ойдо жүргөндөр четтен табылат. Анда кадр маселеси кантет?
- Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү кызуу кандуулукка алдырып жаткандай. Кадр даярдоо бир күндүк иш эмес. Ал көп убакытты талап кылат. Ошон үчүн мурдагы жана кийинкилер баарыбир бийлик бутактарына келет. Албетте, кадрдын дараметине, тажрыйбасына өзгөчө басым жасалат.
Бетти даярдаган
Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??