presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Туура же туура эмес...

Конституциялык сот неге таратылды?

Убактылуу өкмөттүн чечими менен Конституциялык сот таратылды. Буга удаа эле президент Курманбек Бакиевдин кол тийбестиги да алынып салынды. Консоттун ишмердүүлүгүнүн токтотулушуна убактылуу өкмөт чечимдерин жокко чыгаруу аракети себеп болгону айтылат. Бирок бул мыйзам чегинде туура же туура эместиги жөнүндө азырынча адистер тарабынан ынанымдуу пикирлер айтыла элек. Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова Консоттун таратылышын катачылык деп эсептейт. Анткени Конституциялык сот демократиялык өлкөнү курууга керек. 2009-жылы Конституцияны өзгөртүүдө катачылыктар кеткен. Азыр Башмыйзамдын жаңы долбоору даярдалып жатат. Эми өлкөнү бир үй-бүлөнүн башкаруусуна жол бербеш керек. Ал үчүн Конституция Венециялык комиссиядан өтүүгө тийиш.
Азимбек Бекназаровдун айтымында, Конституциялык сот президенттин бийлигин узартуу, үй-бүлөлүк башкарууну мыйзамдаштыруу боюнча гана алектенип келген. Президент өз ыйгарым укуктарын аткара албай калганда аны ким аткара тургандыгын президенттик кеңешме аныктайт дегенди эки сөз менен алмаштырып, мамлекеттик кеңешме аныктайт деп корутунду берген.
Негизинен Конституциялык сотту жоюу, калтыруу же кайрадан түзүү боюнча аракеттер буга чейин деле болуп келген. 2005-жылдын март ыңкылабында да Акаевдин бийлигин узартып берди деп Ч.Баекова башында турган Конституциялык сот күнөөлөнгөн.


Бекем тургула!
Айбаттуу айымдар
"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, укук коргоочу Чолпон Жакупова, "Интернет-саясат, жарандык демилге" фондусунун төрайымы Таттуу Мамбеталиева жана жарандык коом коалициясынын лидери Динара Ошурахунова азыркы убактылуу өкмөттүн тушундагы рейдерлик басып алууларга каршы убактылуу өкмөттүн ишин көзөмөлгө алуу үчүн жарандык көзөмөл комитетин түзүштү. Чолпон Жакупова кадрлардын негизсиз дайындалышы, К.Бакиевдин кадрлары сотсуз-сураксыз алмашып жатканына кооптонуп, 2005-жылы биз ушундайларга жол бергенибиз үчүн бийлик күчтөнүп, бизди тебелеп-тепсегенге өткөн. Азыр да рейдерлик аракеттер токтобой жатат. Ошондуктан өкмөт бул катачылыктарды өз убагында оңдошу керек. Комитет маалыматтарды интернет-сайтка жарыялайт жана аны эч ким өзгөртө албашы үчүн коргоо чараларын көрөт дейт. Таттуу Мамбеталиеванын билдиришинче, азыр маалыматтар аймактардан да келип жатат. Айрым райондордо акимди бир күндө бир нече жолу алмаштырган фактылар бар.


Дагы эле
Орустар оор көрбөдү

Кыргызстандагы азыркы кыйын кырдаалды жөнгө салууда алгачкылардан болуп дагы эле Россия кол сунду. Кыргыз делегациясынын Москвадагы сүйлөшүүсүнөн кийин вице-премьер Алексей Кудрин Москва Кыргызстанга 30 млн. доллар жеңилдетилген кредит, ал эми 20 млн. доллар кайтарымсыз жардам берерин билдирди. Премьер-министр В.Путин эгер зарыл болсо жардам дагы көбөйтүлө турганын айтты. 30 млн. доллар кредит "Россельхозбанк" аркылуу берилет. Ал эми 20 млн. элди социалдык жактан коргоого жумшалат. Мындан тышкары, россиялык мунайзат компаниялары Кыргызстанга 25 миң тонна күйүүчү майды гумжардам катары жөнөтөт. Бул жазгы талаа жумуштары үчүн керек. Россиянын айыл чарба министринин айтымында, 1,5 млн. тонна үрөн да жөнөтүлүшү мүмкүн.
Эскерте кетсек, буга чейин Россия 450 млн. доллар өлчөмүндөгү ири жардамды өткөн жылы жөнөткөн.


Океан ары жагынан
Кол сунушту

АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Роберт Блейк жаңы түзүлгөн Кыргызстандын бийлигин тааныбаганы менен Кыргызстанга жардам берерин айтты. Азырынча 100миң доллар медицина тармагына берилмекчи. Эки күндүк иш сапары менен келген Р.Блейк убактылуу өкмөттүн башчысы Р.Отунбаева менен жолугушту. Ал Кыргызстанда демократияны калыбына келтирүү, жаңы шайлоо өткөрүү, Башмыйзамды өзгөртүүгө АКШ көмөк көрсөтөрүн билдирди. Бир саат болгон сүйлөшүүдө транзиттик борбор боюнча сөз козголгон жок. Роза Отунбаева Америка Кыргызстандагы абалды терең түшүнөт, андыктан жетишерлик жардам көрсөтөт деп үмүттөнөт. Буга чейин бир катар оппозиционерлер Америка авиабазасын калтыруу үчүн Кыргызстандагы адам укуктарына көз жумду деп даттанып келишкен. Эки тараптын сүйлөшүүсүндө Р.Отунбаева мамкатчы Х.Клинтон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү боюнча да сөз болгон.


Ар кайсы жакты карабай
Мыйзамдуу жол түзүү зарыл

Кыргызстандагы укук коргоочулар азыркы түзүлгөн кырдаалдан легитимдүү жолго түшүүнүн жолун көрсөтүшөт. Бул жол - спикер Зайнидин Курмановду кызматынан четтетип, ордуна КСДП фракциясынын лидери Роза Отунбаеваны алып келүү. Ошондо ЖК президентке импичмент жарыялап, убактылуу өкмөттү мыйзам жолунда беките алат. Буга чейин Ж.Каниметов, Н.Молдобаев, Б.Наргозуев сыяктуу бир нече депутаттар президентке импичмен жарыялоо демилгесин көтөргөн. Учурда көпчүлүк депутаттар телефондорун өчүрүшүп, кырдаалдын кай тарапка кыяшая турганын күтүп жатат.
Бирок укук коргоочулардын көтөргөн маселеси жөндүү. Себеби, бул жол мыйзамдуу жолго чыгууга жардам берет. Муну менен убактылуу өкмөт толук кандуу легитимдүү аракет жүргүзө алат. Мындан тышкары, өлкө тагдырын чечкен көптөгөн документтерди жана мыйзамдарды кабыл алса болот.


Кан төгүлүп атса
Кайдагы инвестиция

7- апрелдеги окуя бир эле кыргызстандыктарды эмес, биздеги инвесторлорду да катуу чочутту. 8-апрелде Таласта беш жүз адам чогулуп "Копер Голд" компаниясына келип үч күндө оокатыңарды жыйнап, аман-сооңордо чыгып кеткиле деген. Бул маалыматты компаниянын өкүлдөрү таратты. Чыкпасаңар өрттөп жиберебиз деп коркутушкан. Компания беш жылдан бери Таластын Талды-Булагында кен чалгындоо иштерин жүргүзөт. Ушундай эле абалдан "Андаш Майнинг" компаниясы да кооптонуп турат.
Чындыгында Кыргызстан өз күчү менен кен чалгындоо иштерин жүргүзө албайт. Эгер мыкты кендер табылса, ал миңдеген жумушчу орундарын ачууга өбөлгө түзөт. 7-апрелдеги окуяда биртоп чет өлкөлүк ишкерлер да жабыркаган. Мына ушундай көрүнүштөрдөн кийин Кыргызстанга инвесторлордун келиши арсар болуп калды.


Даярдаган Келдибек НАЗИРОВ




  Унутулбайт

"Убадабыздан тайысак арбак урат"

10- апрель күнү кыргыз эли "ажыдаар менен арбашып" жатып окко учкан уулдарын акыркы сапарга узатышты. Алардын сөөгү кыргыздын кыраандары жаткан "Ата-Бейит" мемориалдык жайына, баатырларга ылайык зыйнат-ызаты менен жерге берилди.
Шейит кеткен кулундарына бир ууч топурак салып калууну көздөгөн журт "Ата-Бейитке" убап-чубап келип жатышты. Сөздүн кудуретине айла жок экен, 20-25 миңдей көпчүлүктү төкмө акындар Элмирбек Иманалиев, Шекербек Калыков, Азамат Болгонбаев жүрөк сыздаткан кошогу менен ого бетер кайыштырып турушту. Акындар сөөктөн өткөрө айтышкандай бул азаматтардын акыйкат-чындык үчүн жүрөгүн тоскону чындыгында суктанарлык, муундан муунга, укумдан тукумга үлгү болорлук чыныгы эрдик болуп калды. Акыйкатында кыргыз элинин "түгөнгөн сайын түтөгөн", өкүмзордукка, адилетсиздикке чыдабаган нукура табиятын далилдеп турган бул жигиттерди өлдү дешке болобу? Кыргыз барда кызыл туудай желбиреп колубузда, кыйналсак кайрат берип оюбузда турмагы бар эмеспи. Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романындагы Бекназар баатыр айткандай, акыры башта бир өлүм болгондон кийин ардуу, намыстуу азамат мындай зыйнаттуу өлүмдү ат башындай алтынга да сатып алалбасы төгүнбү?!
Ошол күнкү баатырларды жерге берүү тажиясында убактылуу өкмөт башчысы Роза Отунбаева, мүчөлөрү Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркулов, каза болгондордун жакындары сөз сүйлөштү. Баарынан дагы "шыпшайдардын" огунан мерт болгон Жолдош Кудайбергеновдун иниси Бакыттын "…агамдын акыркы сөзү "Кыргыздар качпагыла! Кайтпагыла!" болуптур дегени көпчүлүктү теңселтип өткөндөй болду окшойт. Ал эми убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн сөздөрү негизинен "…бул жигиттердин каны бизди таза, адилет, ак кызмат кылганга милдеттендирет" дегенди туюндуруп турду. Өмүрбек Текебаев "эгер биз берген убадабыздан тайып, айткан сөзүбүзгө турбасак, бизди ушул курман болгондордун арбагы урат" деп айтты. Жаңы бийликке келгендердин мындай сөздөрү ылайым эле ушунча жигиттердин каны менен келген жаңы күндөрдүн, үмүттөрдүн боосу бек болуп, бийлик адилеттигинен тайбаса, элибиздин ынтымагы чың, эртеңи жарык болсо деген ой-тилектин учкунун жандырып тургансыды…
Ырас, ушу шейит кеткендердин алдында жалпы кыргыз журту көп нерсеге милдеттүүбүз. "Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып" жашап кетүү өз колубузда тургансыйт. "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" деген сөзүбүз бар эмеспи. Эң негизгиси, эркечтерибиз (бийлик башындагылар) эле көп, ошолор туш-тушка жамырабай, сүзүшпөй, жарга чыга качышпай, баштаган жолу түз болсо экен. Ал эми баатырларыбыздын топурагы торко болсун. Алар кыргыз эли менен кылымдап бара берээр.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??