presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Этектеген эски дарт

Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?

Мындан беш жыл мурун, 24-мартта эл толкуну менен эски бийлик кулаган. Ошол мезгилде шаар четиндеги жерлер басылып алынып, бир катар жаңы конуштар пайда болгон эле. Агезде да азыркыдай карапайым элдин үлүш жерлерин басып алуулар болуп, биртоп жер кайра ээлерине кайтарылган болчу. Эми минтип 82 адамдын өмүрүн алган төңкөрүштүн чуусу басыла электе кайра жер басып алуулар күч алды.

Деги 83 гектар кимге тиешелүү?
Учурда шаардын дээрлик бардык тарабында жер басып алуулар күч. Кара-Жыгач жаңы конушунун жанындагы 83 гектар жерди 9-апрелде миңдеген адамдар барып басып алышкан. Окуя болгон жерге барганыбызда топ-топ болуп бөлүнгөн адамдар архитектуранын адамдарысыз, атайын жер бөлүштүрүү адистерисиз эле ал жерди "татынакай" бөлүштүрүп алышыптыр. Аягына көз жетпеген жер тилкесин өзүнө энчилеп алган топ башылардын айрымдары жерлерди тизме боюнча ар бир адамга узун-туурасын 20 метрден кылып бөлүп коюшкан.
Кечирээк жер алган топ башылар агылып келгендердин ким экенин, кай жактан келгенин сурап отурбай эле паспорту менен тизмелеп жатышты. 4 сотыхтан жер алгандар, топ башылар менен сүйлөшө келсек, бул жер чоңдордун жери болгондуктан басып алганын айтышты. Алардын айтымында, аталган жер Марат Султанов, Кубанычбек Жумалиев, Аскар Салымбеков, Акылбек Жапаров, Камчыбек Жолдошбаевге тиешелүү экен. Бирок, жер 23 "подставной" адамдын наамына катталган дешет. Кызыгы, бул жерден бир кезде "Турак-жай" федерациясынын жетекчиси Анвар Алдековго алданган адамдарды да кезиктирдик. Көрсө, бул жерде көп жылдан бери Анвар Алдеков элге убада кылып келген 74 гектар жер да бар экен.
Эл чогулган жерге келген шаар мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов бул жер элдин үлүш жери экенин, эч кандай жер берилбей турганын айтты. Бирок, эл тараган жок. Бүгүнкү күндө аталган жерге кыйкырык менен каптап кирип, элди сүрүп чыгарган олбурлуу жигиттер ээлик кылып турушат. Узун кулак топ башылардын айтымында, алар Аскар Салымбековдун адамдары имиш. Бирок, балдар өздөрүн элдик дружинанын адамдары катары тааныштырышууда. Аларга чейин Камчыбек Жолдошбаев лөкүйгөн жигиттери менен келип, жер ээлегендерди "таптап" коерун билдирип, жер басып алуучуларды коркутуп кеткен.

Үй салсаң баары бир бузулат
Төрт күн ичинде Ататүрк паркынын жогору жагы, Маевка айылынын, Пригородный, Калыс-Ордо жаңы конушунун төмөн жагындагы айдоо аянттары, Бишкектин Түштүк дарбазасынын аймагындагы парктык аймак, "Зеленострой" муниципалдык мекемесинин жерлери, Щербаков-Элебесов көчөлөрүнүн кесилишиндеги, турбаза аймагындагы жерлер басылып алынган. Мындан сырткары, түштүк магистралынын, Байтик баатыр, Душанбе көчөлөрүнүн жээгиндеги жерлер, Рухий мурас жаңы конушунун жогору жагы басылып алынган. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловдун айтымында, жер басып алуу мародерлукка тете. Андыктан басып алуучулар мыйзам чегинде жоопко тартылат. "Басылып алынып жаткан жерлерге, айрыкча шаардын түштүк аймактарына генплан боюнча көп кабаттуу үйлөр, парктык зоналар курулат. Андыктан бул жерлерге жеке үйлөр курулбайт. Эгер кимде-ким жеке үй кура турган болсо, түрттүрүлөт. Бул жерлер шаардын алтын фонду болуп эсептелет" дейт убактылуу шаар мэри. Тилекке каршы, буга кулак түргөндөр аз.

ИИМ, мэрия иштеп жаткандай…
Учурда басып алуучуларды токтотуу үчүн шаардык, райондук штабдар түзүлүп иштей башташты. Шаардык штабга Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Азиз Суракматов жетекчилик кылууда. Штабдын курамына укук коргоо, мамлекеттик каттоо кызматкерлери, ОГУКС, жеке үй куруу департаментинин (ДИЖС), муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчилери киришкен. Азиз Суракматовдун айтымында, учурда жер басып алуу токтобой келет. Андыктан күнү-түнү күзөтүү болуш керек. "Элге жер шаардык генплан боюнча берилерин түшүндүрүүү зарыл. Муну менен бирге эле эски жыл менен кызыл китеп берип койбос үчүн мамлекеттик каттоого көзөмөлдү күчөтүш керек" дейт шаардык штаб башчы.
Ал ортодо ММКларга ИИМ министрлигинин маалымат жана коомдук байланыш башкармалыгы Бишкектеги бардык жер басып алуу фактылары катталып жатканын билдиришти. Башкармалыктын билдиришинче, укук коргоо кызматкерлери жер-жерлерге чыгып оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Баса белгилей кетсек, КР мыйзамында жер басып алгандарды 172-статьянын 1-беренеси боюнча ("Өз алдынча жер басып алуу") кылмыш жоопкерчилигине тартуу каралган.

"Баскынчылардын" башында баягылар эле турат
Жер басып алуучулар топ-топ болуп уюшуп, парктык аймактарды, айдоо аянттарын эч кыйынчылыксыз басып алышты. Шаар прокурорунун милдетин аткаруучу Кубан Абыловдун айтымында, учурда иликтөө топтору иштеп жатат. Бул топтор милиция кызматкерлерине көмөк көрсөтүү үчүн түзүлгөн. "Чынында азыр милиция кызматкерлери формачан элге баруудан коркуп турушат. Ошондуктан атайын топтор менен иштешип жатабыз. Жер басып алуучулардын артында дагы деле 2000-2005-жылдардагы жер басып алууну уюштургандар турат. Алардын тизмелери такталып жатат. Биз аларды кармап, элди таратабыз" дейт Кубан мырза. Ошол эле маалда Свердлов райондук башкы башкармалыгынын өкүлдөрү алардын толук кандуу иштешине эч кандай шарт түзүлбөгөнүн айтышат. "Басылып алынган жерлерге баруу үчүн бизде транспорт жок. Күйүүчү май, тамак-аш берилбей жатат. Шаар бийлиги бизди керектүү нерселер менен камсыз кылса иш натыйжалуурак болмок" дейт атын атагысы келбеген милиция кызматкери.

Ашык дөөлөт акыры аңга түртпөс бекен?
Жер басып алуучулардын 60-70 пайызы жаштар. Кээ бир улгайган адамдар балдарын да ээрчитип алышкан. Басып алуучуларды байкап отуруп үч топко бөлүүгө болот. Биринчи топ - беш-алты жылдап ижарада жашап, алакандай жерге зар болгондор. Экинчи топ - ашык дөөлөт баш жарбайт болуп, жери, үйү турса да дагы жер алып койсом дегендер. Үчүнчү топ - кадимки эле байлар, мурдатан эл атынан жер алып, кайра сатып бизнес кылгандар. Мындайлардын өз ара байланыштары бар.
Жер басып алуучулар менен аралашып жүргөнүбүздө топ башылардын бири "президенттик инаугурацияга чейин курулушту башташ керек" десе, бир жигит "жаңы бийлик үчүн кан төксөк, эмнеге жер ала албайт экенбиз" деп эрдемсиди. Жерибиз, акчабыз жок деп баргандардын 30 пайызынын минген машинелерин көрүп, аларды жардыга, үйү жок адамдарга кошууга болбойт. Бирок, басып алуучулардын арасында итке минип калгандар да аз эмес экенине күбө болдум.

Жогору жак жооп кылды
Жер басып алуулар боюнча Бишкектин вице-мэри Бакыт ДҮЙ-ШЕНБИЕВге байланышканыбызда буларды айтып берди:
- Эки-үч күндөн бери ортодон алдамчылар олжого туйтунбасын деген ниетте элге жеке менчик үй салуу үчүн жер берилбесин түшүндүрүп жатабыз. Албетте, үй-жайы жоктордун акыбалын да түшүнөбүз. Ошондуктан биз шаар четиндеги жерлерге көп кабаттуу үйлөрдү салалы деп турабыз. Азыр көп адамдар муну түшүнүп, тарап кетип жатышат. Кетпей, ушул жерге там салабыз дегендери да бар. Аларды акыл-эстүүлүккө чакырат элек. Беш сотых жерге жер там куруп бир адамдын муктаждыгын чечкенден көрө, кабат үй салып 50 үй-бүлөнү үйлүү кылган оң эмеспи. Азыр капиталдык курулуш башкармалыгы менен бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз.
- Эми ошого эл түшүнүп тарап кетеби?
- Мен түшүнүүдөн башка жол көрбөй турам. Ал жердин ээси турса, барып эле басып алуу туура эмес. Биз жер-жерлерде элден акча чогултуп жүргөн алдамчылар бар экенин да билебиз. Ошондуктан жер басып алуучулар аларга алданып, "уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок" болбогула дээр элем.
- Басып алынган жерлер мурунку чиновниктерге тиешелүү деп жатышпайбы?
- Эми ал жерлер кимге тиешелүү экенин азыр так айтуу мүмкүн эмес. Биздин азыркы милдетибиз мыйзамдуулукту, мамлекеттик, жеке менчикти сактоо болуп жатат.
Бакыт МЫРЗАБЕКОВ, Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы:
- Азыр жеке эле Кара-Жыгач айыл өкмөтүндө эмес, жалпы Аламүдүн району боюнча жер боюнча комиссиялар түзүлдү. Комиссия жер басып алуучулар өздөрү тандап, ишеним көрсөткөн адамдардан турат. Эми ал комиссиялар айыл өкмөт башчылары, акимчилик, мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте иштешет. Алар басып алынган жерлер менчикпи, ФПСке тиешелүүбү, же үлүшкө тийген айдоо жерби, такташат. Ошондон кийин гана берилер-берилбеси ачык болот. Өкүнүчтүүсү, азыр эл арасында бузукулар көп болуп, көпчүлүктү козутуп, тарабай жатышат.
Мелис СОВЕТ уулу, сүрөттөр автордуку








кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??