presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Оп, майда

200 млн.доллар кайда?
Улуттук банктын төрага орунбасары Заир Чокоевдин айтымында, апрель окуясынан соң "Азияуниверсалбанкынан" 200 млн. доллар сыртка чыгарылып кеткен. "Бул акчалар кайда кеткенин, шектүү операцияларга мунун байланышы бар же жок экенин иликтеп жатабыз. Ишке жолтоо болбос үчүн прокуратурага айрым чектөөлөрдү алып салууну сунуштадык" дейт Заир мырза.

Казына кайра каралат
Кыргызстандын убактылуу өкмөтү өлкөнүн 2010-жылга бекитилген бюджетин кайра карап чыгат. Бул тууралуу кечээ каржы министрлигинин милдетин аткаруучу Темир Сариев билдирди. "Президенттин демилгеси менен болгон реформалар финансы башкаруу системасын талкалаган. Мыйзамсыз структуралар түзүлгөндүктөн, Кыргызстанда бири буйрук кылган, экинчиси жооп берген эки өкмөт иштеп келиптир. Бюджет 13,5 млрд. сом дефицит менен кабыл алынган. Ошондуктан чыгашалар кескин азайтылып, кирешелер көбөйтүлөт" дейт министр мырза.


Френсис Бекон: убакыттын көбүн досторуң уурдайт
Акын, журналист Олжобай Шакирдин "Күмүш сырга" аттуу афоризмдер жыйнагы белгилүү журналист Алым Токтомушевдин редакторлугу астында жарык көрдү. Жыйнакка орто кылымдагы англис философу Френсис Бекондон тартып бүгүнкү күнгө чейинки ойчул-акылмандардын, акын-жазуучулардын чекеге тийген кетмендин сабындай таамай сөздөрү чогултулган. Китеп Бишкек шаарынын бардык китеп дүкөндөрүндө сатылууда.


Убактылуу өкмөт унутпашы керек
Жума башында 7-апрелде курман болгондордун туугандары окуянын күнөөлүүлөрүн иликтөө комиссиясына өздөрүн кошууну талап кылышты. Алардын адвокаты Чолпон Темирбаеванын билдиришинче, жаңы бийлик каза болгондордун үй-бүлөсүнө компенсация эле төлөп бербестен, жетимдерге пособие, студенттерге стипендия чектеш керек. "Мындан сырткары, укук коргоо органдары иликтөө иштеринин жүрүшү тууралуу күн алыс бизге маалымдап туруулары керек" дейт адвокат. Учурда каза болгондордун туугандары "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесин түзүшкөн. Бирикмеде азыр 40 адам бар.


Маданиятка Садык Шер-Нияз келсе…
Кыргызстандагы чыгармачылык уюмдардын жетекчилери агенттик деңгээлине түшүп "аты арыбай" жаткан маданият тармагы боюнча "күйгөндөн айткан бир сабагын" ортого ташташты. Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов маданиятка "майдачыл" мамиле жарашпай турганын, улуттун рухий көрөңгөсү дал ушул маданият экенин, ансыз алыска бара албай турганыбызды, кийинки мезгилде бул тармакка жарытылуу көңүл бурулбай калганын, баарыдан мурда жигердүү жетекчилер келбей жатканын айтып өттү. Ошону менен бирге маданият министрлигин калыбына келтирип, министр катары "Айтыш" фондусунун негиздөөчүсү, кинорежиссер Садык Шер-Ниязды алып келүү керек деген оюн билдирди. Бул сунушту баары колдошуп, убактылуу өкмөткө кайрылуу жөнөтүштү. Түпкүлүгүндө данеги бар бул демилгеден балким майнап чыгып калар.


Кашы-көзүнө карабай
Учурда "ээрден" алып түшүү эпидемиясы ар бир мекеме-ишканада күч алды. Капырай, Акаев, Бакиев заманында иштеп-жашагандыгың үчүн күнөөлүсүңбү? Мындай көрүнүштү УТРКдан да байкоого болот. Андагы атпай кыргызга алынып калган Нуржамал Бурханова, Гүлжан Кулмамбетова өңдүү таанымал дикторлорду "силер Бакиевдин тушунда башкача сүйлөчү элеңер" дешип эфирге чыгарбай этегинен тартып жатышыптыр. Мындай айыпты ошол УТРК жетекчилерине койсо жарашар эле. Анткени алар Бакиевдин камчысын батыра чаап турганы чындык. Ал эми катардагы дикторлордо эмне күнөө? Ошондой эле дикторлук кесипке ар ким эле "аттанып" түшө албасын эске алсак, мындай такшалган кадрлардан кол жууп калуу оңой, табуу кыйын экенин эстен чыгарбасак.


Элди сүйүнтүп, адистерди күйүнтүп
Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн, электр тармагындагылардын айтуусунда, электр энергиясына болгон тариф бүгүнкү күндө 72 тыйынга түштү. Буга чейин 1 сом 50 тыйындан төлөп койгондордун каражаты эми кийинки айдын төлөмдөрүнөн чыгышталат. Буга көпчүлүк сүйүнгөн менен, адистер электр тармагы капиталдык оңдоого муктаж экенин айтышууда.


Коркконго кош көрүнчү эле
Бакиев "…кол жуучу жайыма кире калсам кош ок терезеге тийип, бөөдө кокус боло жаздадым" деп кокуйлады. Ак үйдү "коен жатагынан" бери билгендер ажонун андай "жайында" ай өтүп, күн тийип турган терезе жоктугун, атургай терезелерине замбирек эле болбосо, анча-мынча ок өтпөй турганын айтышты. Сыягы, көзүнө кош көрүнсө керек...


Күйүүчү май күйүтү
"Күйүүч май маселеси учурда оор. Муну биз жашырбайбыз" дейт маалымат жыйынында журналисттерге жооп берген убактылуу өкмөт башчысынын орунбасары Темир Сариев. Анын айтымында, "Газпром" 5 тонна күйүүчү майды Казакстандан алып келет. Россия 20 тонна жиберет. "Бул азырынча айдоо иштерин бүтүрүүгө жетет" дейт ал.


  Бизди да уккула

"Бийлик милийсаларды "резинадай" эле колдонот"
(Уландысы. Башы 3-бетте)
- К.Бакиевдин ММКларга берген маалыматында биз солдаттарга ок атууга уруксат берген жокпуз, алар өзүлөрү ата баштады деп айтты. Милиция кызматкерлери кандай кырдаалда уруксатсыз ок ата алышат?
- Милийсалар ок чыгарган жок. Автомат менен атышты деп айтып атышат, ал жерде куру дүрмөт (холостой) октор болгон. Аны менен элди психологиялык жактан гана коркутат. Чыныгы октор милицияга бул жерден деле берилген эмес. Ушул жерден милициянын атын сатып, жаманатты кылыш керек болдубу, айтор, камуфляж кийип алып элди атып жүрүштү. Мисалы, Ак үйдүн алдына академиянын 16-17-18 жаштагы балдарын тизип коюшту. Алардын артына ИИМдин кызматкерлери турушту. Ошол тургандардын ары жагынан милиция формасын кийип алышып, чыга калып автомат менен атып жок болуп кетишти дешти. Көрсө, снайперлер эчак эле даярдалган экен. Болору болду, бул тарых. Эми бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биримдикке келишибиз керек. Азыр Кыргызстанда жашаган жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн күч органдарынын күчү өтө керек болуп турат.
- Учурда милиционерлерге көчөдөн кол салуулар болуп атат дешет.
- Чындыгында азыр милиция кызматкерлери форма кийип көчөгө чыккандан чочулап атышат. Себеби, бирөөнүн жакындары каза болду. Негизи милициянын мыйзамын өзгөртүш керек. Биз аткаруучу бийлик болуп саналабыз. Милицияга кирип атканда ант беребиз. Акаевдин убагынан бери бийлик милиционерлерди "резинадай" эле колдоно баштады. Бакиевдин убагында да колдонду. Мыйзам милиция кызматкерлеринен башталса болмок. Мисалы, милиция дем алыш күндөрү да иштейт. А эмне үчүн аларга кошумча акча төлөнбөйт? Милиция таң аткандан түнкү саат он экилерге чейин иштешет. Ал да башкалардай убагында үйүнө барып бала-чакасы менен отуруш керек. Түнкүсүн шашылыш тревога болсо күчөтүлгөн режимде чыгышат.
Бул жерде Таластан жабыркап келген милиционерлер жатышат. Аларга үй-бүлөлөрү, келинчектери келишет. Күйөөм ооруканада, акча жок көрүнгөн жерден карыздап алып тамак-аш алып келдим дешет. Эл кыйналды дейбиз, эл ичинде ошол милиция кызматкерлери деле кыйналып жашашат. Ушундай кырдаалда жетекчилер биринчи кезекте келип, материалдык жардам бериши керек болчу. Бизди дарылап, жакшы карап аткан дарыгерлерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Баарын бекер дарылап атышат.
Мамлекеттин келечегин ойлосок. Ички коопсуздукту бекемдебесек, эч качан оңолбойбуз. Таластын качып кеткен экс-губернатору аны сактайбыз деп жабыр тарткан милиция кызматкерлеринен эл алдында материалдык жана моралдык кечирим суроого тийиш.
Президентке, анын тегерегиндегилерге кылмыш иши козголду. Ал жерди эмне үчүн штурмга алышпайт, аларды кармаш керек. Кан төгүлөт деп чочулап атышат. Бишкек шаарында, ар кайсы аймактарда кан төгүлүп, ата-энелер балдарынан айрылып атышат. Бардыгы кан төгүлүп башталдыбы, аягы кан төгүлсө да токтотулушу керек. Муну аскер адамы катары айтып атам. Кээ бир жетекчилер көлөкөсүнөн коркуп, өздүк курамын алдыга салып, өзүлөрү ар кайсы жерге качып жанын сактагандар өз ыктыяры менен кетиши керек. Бул милициянын принциптери катары эсептелет.
Ооруканада жаткан милийсалар М.Конгантиевге ыраазы болушканын, окуянын аягына чейин штаб жанында милиционерлер менен чогуу болуп, качпай, тигилер менен бирге таяк жегенин айтышты.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, 38-67-13, nazik@bv.kg




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??