presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кыргыз болгуңар келеби?

Кыргызда эки намыс бар: бири куру намыс, экинчиси, улуттук намыс

Талаш жок, кыргыздар дээринде мыкты, байыркы калк. Көптөгөн кылымдар бою миң сандаган катаал тагдырды башынан өткөргөн. Кыргыз калкын жексен болуудан сактап келген эң негизги дөөлөт - бул кыргыздардын көп кылымдар ичинде көроокат чогултпай, руханий байлык чогулткандыгында. "Манастай" улуу дастандарды, ыр-күүлөрдү жаратуу, уул-кыздарын ат жалында ойногон шамдагайлыкка, эрдикке үйрөтүү кыргыздын башкы байлыгы болгон.
Ал эми руханий байлыкты унутуп көроокат жыйнаган калктар, далай күчтүү мамлекеттер ың-жыңы жок бул жалгандан жок болду. Алар руханий байлыктын баркын элес албай дүнүйөнүн кумарына азгырылып, өз баштарын өздөрү жуткан. Анткени дүнүйөкорлук өзүмчүлдүктү өстүрөт. Ал эми өзүмчүлдүк күч алган элден ыйман качат, пейил бузулат, биримдик жоголуп, ынтымак кетет, улуттук ар-намыс унутулат. Андай эл бара-бара эл болуудан калат. Кыргыздарды кылымдардан кылымдарга сактап келген дагы бир кудуреттүү дөөлөт - бул калк арасындагы талаш-тартыш, чыр-чатак, арыз-муң, пикир келишпеген ырк бузулуулар сыяктуу көйгөйлөрдү "ийри отуруп, түз бүтүргөн" калыс жыйындар чечкен.

Кимге карап түздөнөбүз, Кимбайке?
Адеп эгемендикке ээ болгонубузда, ир алды экономиканы "гүлдөтүп" туруп, билим-илим, маданиятка анан кезек беребиз дегендер көп болду эле. Жашырбай айталы, бүгүн ошол позиция өлкөбүздү чөгөлөтүп турат. Натыйжада маданият да, башкасы да жайдакталды. Жашообуз жыргап кетти деген бир дагы адам жок. Нысабы жок коомдо эч ким көрдүйнөгө тойгон эмес. Эсептеп көрсөңүз, жаңы эгемендик алганда төрөлгөн балдар быйыл 20 жаштын ар жак-бер жагында. Бул муундун басымдуу бөлүгү чачыранды идеологиянын, дүнүйөкорлуктун, кан жыттанган детектив тасмалардын таасиринде чоңойду. Ал эми улуулар, асыресе бийлик башындагылар өз чөнтөгүн кампайтуу кумарына азгырылып, эл тагдырын, жаш муунду тарбиялоону унутту. Эми качанга чейин биз ич ара чабылып- чачыла беребиз деген суроо көңүл өйүтөт.
Биз эмнеге революция болгон сайын өзүбүздү өзүбүз тоноп, Бишкекти Бээжинди чапкандай талкалайбыз? Албетте бул маданиятыбыздын, улуттук аң-сезимибиздин төмөндүгү. Анын да себеби бар, айыл жетекчисинен мамлекет башчысына чейинки бийликтин адилеттүүлүгү, камкордугу, көсөмдүгү жетишпесе, улуттук ар-намыска элди тарбиялоо мүмкүнчүлүгү өзүнөн өзү жоголот. Кантип эл ырыскысын уурдаган бийлик же оппозиция лидери өз элин адилеттүүлүккө, бирөөнүкүн тонобогонго тарбиялай алат? Буга чейин миллион жолу айтылып келген чындыктар бар, мисалы, кайсы бир өлкөдө тартип болбосо, анда ал мамлекетте мыйзам иштебейт. Эгер мыйзам иштебесе, анда ал өлкөдө тынчтык болбойт. Эгер тынчтык болбосо, ал өлкө өнүкпөйт. Өнүкпөгөн өлкө эртеби-кечпи кыйрап, мамлекетүүлүгүн жоготот.

Эне тилин ардактабаган элдин улуттук намысы болбойт
Сакалчан К.Маркс "тил - иш жүзүндөгү аң-сезим" деген экен. Эгер андай болсо улуттук аң-сезимди өстүрөбүз десек, анда биринчи анын тилин өстүрүп, өнүктүрүшүбүз керек экени буга чейин чыгармачыл интеллигенция тарабынан кайра-кайра айтылып келген. Тилекке каршы, учурда эне тилибиз 20 жыл мурун кандай болсо так ошондой абалда. Акаев кезинде Орто Азия өлкөлөрүнөн жалгыз гана Кыргызстан орус тилине расмий статус бергени кыргыз тилинин өнүкпөшүнө атайын эле коюлган тосмо болгондой. Чындыгында Б.Силаев, Н.Танаев, И.Чудиновго окшогон кыргызча сүйлөй албаган өкмөт башчылар турганда кыргыз тили эч качан өнүкмөк эмес.
"Кыргыздар орус тилин билет деп эле мамлекетти башка элдин балдарына башаламан башкарта бергендин өзү туура эмес. Эми премьер-министрди карап жыйындарда министрлер, губернаторлор, акимдер баары орусча сүйлөөгө, иш кагаздарын орусча жүргүзүүгө, айылдан келген адамдарды кабыл албай коюуга же арыздарын орусчага которуп берүүгө мажбур болушат. Бул бир гана Мамлекеттик тил мыйзамынын эмес, өлкөнүн негизги улутунун өкүлү болгон республиканын калкынын 70 пайызын түзгөн кыргыз адамынын укугунун бузулушу деген сөз да. Бул эртеби-кечпи кайрадан уютку улуттун чайпалып, мамлекеттеги тартиптин ыдырашына апкелчү калпыс жол" деген эле кыргыз эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев кайсыл бир жыйында. Чындап эле ушундай маселелерден улам кыргыз журту 24-мартта бир чайкалды эле, 7-апрелде дагы бир чайкалды. Анын бетин ары кылсын, бирок мындай кырдаал өзүнөн өзү мамлекеттин ыдырашына шарт түзөт.
"Эне тил өнүкпөй туруп улуттук аң-сезим калыптанбайт. Улуттук аң-сезим калыптанбай туруп, улуттук ар-намыс ойгонбойт. Улуттук ар-намыс ойгонбой туруп, улут өзүн өзү таанып билбейт. Өзүнүн ким экенин билбеген улут өзүнүн жолун таппайт. Өз жолун таппаган улут - өспөйт. Бүгүнкү күнү биздин "мыкты" деген саясатчылардын көбү бир өрөөндүн деңгээлинен өйдө ой жүгүртө албай, трайбалисттик жолго түшүп кетип атканы да ошол улуттук аң-сезимдин калыптана электигинен улам болууда. Бир улут "кыргыз" жана "киргиз", "түндүк" жана "түштүк" болуп бөлүнүп атканы да ушундан" дейт улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Баяс Турал.
Жогорудагыдай мисалдардан улам, эгер улуттук аң-сезимибизди ойготкубуз келсе, анда таптакыр мурдакыдай жашаганга болбой калганын туйсак болот. Эгер улуттук аң-сезим калыптанбаса, анда улуттук ар-намысыбыз өспөй калары айдан ачык. Ал эми мындай баалуулуктардын жоголушу - бул мамлекеттүүлүктүн кыйрашы.

Өз лидериңди эмес мекенди сакта, мекендеш
Эгер сырткы күчтөр бүгүнкүдөй кырдаалдан пайдаланып ата-бабаларыбыз кан-жаны менен сактап келген кыргыз мамлекеттүүлүгү жоюлуп, жерибизди коңшу өлкөлөр бөлүп алса, анда буга он беш жыл бийликте отурган акаевдик, анын системасын беш жыл ийгиликтүү уланткан бакиевдик кландар, анан күтүлбөгөн жерден бийликке келген бүгүнкү убактылуу өкмөт күнөөлүү болот. Жалпы эле папке кармап, шапке кийип жүргөндөр 1991-жылы асмандан топ этип түшүп калган эгемендүүлүгүбүздү сактап калбагандыгы үчүн арттагы бабаларыбыздын арбактарынын, каны кыргыз болгону менен келечекте казак же өзбек, болбосо орустун кулу болуп төрөлүп, менчик мекени жок кала турган муундардын алдында баш-оту менен жооп берет.
Учурда эл ичинде саясатка байланышкан ар түрдүү ушактар жортуп жүрөт. Мисалы 7-апрелге чейин, азыр деле эл ичинде мындан он күн мурдагы оппозицияны, бүгүнкү кездеги убактылуу өкмөт мүчөлөрүн Россиянын премьер-министри Путин каржылап жатканы, атургай орус өкмөт башчысы бизге көмүскө президент дайындап койгону, келечектеги президент өзү кыргыз, бирок мурун КГБда иштеген Путиндин кесиптеши экени, ал келгенде биз Россиянын карамагына өтүп, жашообуз майкөл-сүткөл болору айтылып, бул айрымдарды кубантып жүргөн. Өзүңүз ойлоп көрсөңүз, Кыргыз Республикасына президент дайындап койгондой Путин биз үчүн ким? Мейли бул ушак дейли, бирок эмне үчүн биздин элде сырттан туруп алып ички саясатыбызга киришкен, керек болсо элди эки тарап кылып кайраштырып, анан аларды арачаламыш болуп өлкөбүздү басып алгысы келгендерди колдогондор бар?
Курманбек Бакиев "мага, бир туугандарыма, үй-бүлөмдүн коопсуздугуна кепилдик бергиле, антпесеңер бийликти тапшырбайм, кашык каным калганча кармашам" деди. Албетте, 7-апрелде болуп өткөн окуяга саясый баа берүү менин ишим эмес. Ага тарых гана өз баасын берет. Бирок, К.Бакиев жогорудагы сөзү менен дагы да болсо элдин кызыкчылыгына караганда өз бир туугандарынын кызыкчылыгын жогору коерун далилдеп койду. Ар бир адам үчүн өз өмүрү кымбат. Эмне үчүн алты-жети бакиевдер үчүн алтымыш-жетимиш же андан да көп адам каза болуш керек? Эгер кандайдыр бир кландын эмес мамлекеттин кызыкчылыгы тууралуу кеп болуп жатса, анда өлкөнү коргоп кан төгүү чыныгы сыймык болор эле… Куру намыска алдырып кыргызды кыргызга каршы коюунун, эки региондун бири-бирине муш кезешинин өзү айбанчылык. Бул бизде улуттук намыс жок экенин далилдейт.

Бизде деги улуттук лидер барбы?
Балээниби… Эгер улуттук лидерибиз бар болсо ушундай башаламандык болмок беле. Улуттук ынтымакты улуттун лидери жаратат. Ошо лидердин кадыр-баркы калк арасында да, айыл өкмөтү, аким, губернаторлордун арасында да жогору болуш керек. Мына, Түркия дегенде эле Ататүрк эске түшөт. Себеби ал накта улуттук лидер. Азыр Түркиянын өзүндөгү билим берүү тармактарын караңыз, түрк боордоштордун Кыргызстанга ачкан билим берүү окуу жайларын караңыз, баарында Ататүрктүн руху, духу бар. Мунун өзү баягы биздин советтик доордогу улуу Лениндин баскан изин өөп, Ленин деп уктап, туруп дегендей, жеке инсанга сыйынуучулуктай көрүнүшү мүмкүн. А чынында маселе башкада, убагында Ататүрк кетирген саясый катачылыктар, жаза таюулар деле болгон. Бирок түрктөр бир лидерди туу тутуп, бир лидерди пааналап, анын байрагынын алдында улуттук биримдигин калыптандырган.
Белгилүү эле бир саясатчыбыз айтты эле, биздин саясатчыларыбыз ойноло берип четтери сүрүлүп эскире баштаган карталардай деп. Азыркы саясатчыларыбыздын баары бир-биринин төркүнүн, сырын өтө жакшы билишет. Эл болсо кайсы саясатчынын кандай экенин, кандай болгонун, алдыда кандай болорун аябай жатка билип калышты. Бүгүн бир кездеги акаевчилер, кийинки бакиевчилер, анан бир кездеги оппозиция көгүлтүр экрандан кайра-кайра акыл айтып, кызмат талашып, салаттай аралашып жатып калды. Бул улуттук лидер жоктугунун бир мисалы. Чындыгында улуттук лидерди ар тараптан бышырып, тартипке салып, мактаганда мактап, тилдегенде тилдеп, саясый чөйрө, коом өзү тарбиялаш керек эле. Антпесе Кыргызстандагы саясат кээде "жөөттөшүп", кээде "калмакташып" кете берет өңдүү. Ким бирөөнү макташ керек болсо асманга учура көкөлөтүп мактаган, жамандасак жердин жети кабатына киргизе жамандаган, өзүбүздү өзүбүз буттан тартмайыбызды аңдап, сезбесек, келечегибиз бүдөмүк эле бойдон кала берчүдөй.
Мындан аркы жашообузду, келечек максатыбыздын багытын түздөп жүргүзүү үчүн ир алды өзүбүздү оңдошубуз керек экен. Бизде болуп жаткан революциялар сырткы түзүлүшү боюнча гана жүрүүдө. Дүкөндөр талкаланып, кландар алмашып дегендей… Мындан оңолуп кетпейбиз. Оңолуу үчүн улуттук ар-намысыбызды чыңдоо саясатын жүргүзүп, ал саясат мамлекеттик деңгээлдеги түбөлүктүү багыт болуусу зарыл. Бизде азыр улуттук ар-намыс бөксө, пейил тар, ыйман качып, акчанын кулуна, дүнүйөкорлуктун торуна чалынгандан чалынып баратабыз. Элибиз байысын, өлкөбүз бакубат жашоого жетсин, бирок эң негизгиси - каныбыздагы "кыргызмын" деген сыймыктануу, улуттук ар-намысты ыйык тутуу жаралмайынча эч качан өспөйбүз.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??