presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Ариэль Коэн
СССР боюнча, кийин Шериктеш өлкөлөр боюнча америкалык чоң адис Ариэль Коэн "Уолл стрит жорнел" басылмасына бапыйта жазды: "Орусия Кыргызстандагы Роза революциясына көзү түз. Буга чейинки Евразия чөлкөмүндөгү "түстүү" ыңкылаптарга көңүлү анчейин болгонуна карабастан бу жолу дзюдочунун "дүк" эте чапканындай чапчаң кыймылын көрсөттү. Соңку эки жыл ичинде бала Буштун евразиялык чабуулун чалкасынан салуу боюнча Орусия олбурлуу иштерди жасап-өтөгөнгө үлгүрдү: грузин согушу жана бул мамлекеттин НАТОго мүчө болуу тилегинин ташкапканы, Януковичтин Украина президенттигине келиши жана Киевдин батыш-таанымдан бейтарап абалга өтүшү, эми болсо Орто Азияда америкалыктардын аксак саясатка аргасыз өтүшү айдан ачык болуп туру…"

Хиллари Клинтон
АКШ мамлекеттик катчысы Х.Клинтон Кыргызстан убактылуу өкмөтүнүн жетекчиси Роза Отунбаевга ишемби күнү гана телефон чалды. Ага чейин Вашингтон Орусия менен түзүлгөн чабуул ракеталарын кыскартуу келишимин жууп атышкан көрүнөт, дейт америкалык адистер, ошол эле мезгилде мамлекеттик администрация Курманбек Бакиевден олдоксон алыстап, азырынча Роза Отунбаева башында турган убактылуу өкмөттү да тааныдым деп колун суна элек. Тез арада Ак үй "Манастагы" аскер базасын көңүлүнө бекем түйүп, Роза Отунбаевага Вашингтонго келип кетүү мүмкүнчүлүгүн берип, жакыр өлкөгө айланган республикага бериле турган каржы жардам кабелтең болоорун эртерээк билдириши керек. Болбосо, Р.Отунбаева орунбасарын ордолуу Кремлге шашылыш жөнөттү, дейт океандын аржагындагы басылмалар.

Пол Куинн-Жаж
Эл аралык кризис тобунун регионалдык кеңсесинин директору Пол Куинн-Жаж Кыргызстанда жарандык тирешүү өрдөп кетиши арсар деп эсептейт. Эксперттердин айтымында, Бакиев балакетти баштагысы келсе, андан элдин колдоосу эмес, катылып жаткан ири суммадагы акчасы гана негизги курал болуп бериши мүмкүн.
Пол Куинндин сөзү боюнча ушу тапта Кыргызстандын коопсуздугуна убактылуу өкмөттүн ич ара жиктелип бөлүнүүсү чоң коркунуч түзөөрү бышык. Алардын арасында харизмалуу жетекчи жок, ошол эле учурда "кыргыйлар" да бар, дейт эксперт.

Роберт Блейк
Вашингтон мамкатчысынын Түштүк жана Чыгыш Азия боюнча жардамчысы Р.Блейкти атайын Бишкекке аттандырды. Бишкекте убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушат. Гумжардам жана башка жардамдарды сунуш кылат. Алдыдагы шайлоо маселелери, демократиялык кайра куруулар боюнча маалымат алат. "Манас" өткөөл базасынын тараза ташы кыймылдайт.
Блейк өзү К.Бакиев, анын талапкерлери менен жолукпай турганын ырастады.

Людмила Жуланова
Казакстанда демократиялык партиялар көп экен. Арасында "Ак жол" деген да бирөөсү жүрөт. Орунбасары Людмила Жуланова деген айтыптыр "…7-апрелде Бишкектен түркүн-түстүү кабар келип атты. Кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин текшерген баш болбоду. Кечке чейин Бакиевдин бийлигинен эчтеке калбай турганын гана бир түшүндүк. Жеке өзүм, кан төгүү менен бийликке жетүүнү эч убакта колдобойм…"

Ахмет Давут оглу
Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева менен Түркиянын мамлекеттик тышкы иш министри Ахмет Давут оглу ортосунда телефон сөз болду. Түрк туугандар Кыргызстан өлкөсүндөгү акыбалга карата кабатыр болгонун, абалдын калыбына келерин каалап, кандай жардам болсо да даяр экендигин айтты.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??