16.04.10 - 16-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Орус ооматы келдиби?

Ооганстандын бетин ары кылсын
7-апрелдеги окуялардан кийин өз пикирин дароо ачык билдирген Россия гана болду. Ушундан улам, демек, буга чейин кыргыз-орус алакасы жайында эмес тура деген ой пайда болду.

Расмий Москва Кыргызстандагы абалды турукташтырууга ар тараптан жардам беребиз деген менен, орустун айрым саясатчылары биз жөнүндө жеке пикирин байма-бай айтып жатышты. "Русская служба новостей" радиосунан, теледен мамлекеттик думанын төрага орунбасары, ЛДПР партиясынын лидери В.Жириновский Кыргызстанга токтоосуз орус армиясын кийирип россиялык режим орнотуу керек, антпесек биз бүткүл Борбордук Азияны жоготуп алабыз. Кыргызстанга Америка же Кытай, же исламисттер кирип, 700 миң орус мекендештерибизди кубалап чыгат деди.
Россия президенти Д.Медведев Кыргызстан жөнүндөгү пикирин Вашингтондо билдирди. Анын айтымында, азыр өлкө граждандык согуштун алдында турат. Эгер ал башталса Кыргызстанга ар кандай экстремисттер менен террористтердин кирип алуу коркунучу бар. Ошону менен Кыргызстан экинчи Ооганстанга айланышы мүмкүн.
Ушундай маанайдагы сөздөр буга чейин эле ар кандай саясатчылар тарабынан айтылып келсе да, 7-апрелдеги окуядан кийин орус президентинин бул сөзүнө маани бербей коюуга болбойт. Д.Медведев андан ары Кыргызстан кезектеги легитимсиз абалда турганын айтып, айрым кыргыз саясатчыларын абалды турукташтыруу үчүн өз кызыкчылыгын курмандыкка чалып, жеке дымактан оолак болууга чакырды. Андан ары Д.Медведев авиабазаны чыгаруу же калтыруу кыргыз бийлигинин иши. Эгемендүү мамлекеттин чечимине биз ак же көк деп айталбайбыз деди.
"Straftor" ааламдык аналитикалык компаниясынын эксперти Марко Палич азыр Кыргызстандагы убактылуу өкмөт россиячыл. Ошондуктан "Манас" абамайданындагы америкалык база жөнүндө сүйлөшүүдөн майнап чыкпайт, баары Москва айткандай болот деп билдирди.
Өткөн жылы К.Бакиев Москвада Америка базасын чыгарам деп айтып, анан кайра анын атын эле өзгөртүп калтырып койгондо орус жетекчилиги сыпайы гана биз эгемендүү республиканын чечимине эч нерсе деп айта албайбыз деп жооп берген. Бүгүн көпчүлүк дүйнөлүк саясатчылар Бакиев ошол убадасын аткарбай жазаланып отурат деп билдирип жатышат. Азыр убактылуу өкмөт Россия жардам берет деп чоң үмүт артууда. Бирок кантип, кандай шарт менен деген суроолор белгисиз бойдон.
Азыркы кырдаалга Америка да россиялыктарга үндөшкөн пикир билдирди. АКШ Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпейт. Эң кызыгы, казак президенти Нурсултан Назарбаев Барак Обамага "Манас" абамайданындагы транзиттик борборуңарды жаап, Казакстанга аскердик база жайгаштыргыла деген сунушун берди. Эгер бул кабыл алынса, анда АКШ Кыргызстан менен көп деле сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт.
Россияга айрым маселелер боюнча көз каранды экенибизди эске алсак, убактылуу өкмөт да, кийинки бийлик да Москванын кабак-кашына жараша иш кылары белгилүү. Себеби, миллионго чамалаш кыргызстандыктар Россияда иштеп жүрөт. Россия бир эле күйүүчү май менен кыргыз экономикасынын абалын өзгөртүп коюшу мүмкүн.
Эгер бир жыл мурдагы Россиянын Кыргызстанга көрсөткөн жардамдарын эске албаганда, алар "Манастагы" АКШ авиабазасы чыкса, күзүндө эле Камбар-Ата-1 курулушун башташмак. Себеби, акыркы үч жылда Россиянын Борбор Азияга таасири солгундап кеткен. Кыргызстанды колго алса биз аркылуу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстанга тымызын таасирин күчөтмөк.
Россиянын "Справедливая Россия" партиясынын лидери Сергей Миронов биз Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпейбиз. Бирок кайдыгер карай албайбыз. Гуманитардык жардам көрсөтүп эле тим болбостон коомдук да жардам беришибиз керек. Себеби, кыргыз коомчулугунда бардык маселени чечүү үчүн бир гана бийликке кысым көрсөтүү салты калыптанып калышы мүмкүн. Бул өтө коркунучтуу дейт. Коомдук жардам беребиз дегенде С.Миронов саясый партиялар, коомдук уюмдар кызматташса деген маанайда айтат.
Эгер Кыргызстандын азыркы абалына терең үңүлсөк, түзүлгөн кырдаалдан чыгарууга, өлкөнү турукташтырууга дагы эле Россия жөндөмдүү. Балким Россия өзүнүн чыныгы позициясын К.Бакиев маселеси бир жаңсыл болгондон кийин билдирер. Тарыхта кыйын кезең башка түшкөндө Россияга көп кайрылдык. Азыр да ушундай болуп турат. Алардын жакшылыгын көрүп, эртеси эле унуткан да күндөр болгон. Бул ирет орустар жети өлчөп бир кесери көрүнүп калды.

Келдибек НАЗИРОВ




  Селде да тазалансын

"Муфтиятта корпоративдик башкаруу болушу керек"

Кайсы мамлекет болбосун, массалык тополоң болгондо дин адамдары элди ынтымакка чакырат. Учурда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгында муфтий алмашып, ич ара келишпестиктер болуп жатканы жашыруун эмес. Ошентсе да муфтият өкүлдөрү курман болгон адамдарды узатууда өз милдетин аткарышып, элди биримдикке, сабырдуулукка чакырышты. Учурда өлкөдөгү дин маселеси кандай болушу керектиги тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Каныбек ОСМОНАЛИЕВ оюн билдирди.

- Чынында Кыргызстанда оор трагедия болду. Бирок, азыркы талаш-тартышыбыз башаламандыкта каза болгон адамдардын тырмагына да татыбайт. Ошентсе да дин маселеси боюнча өз оюмду билдирүүгө акым бар деп ойлойм. Убактылуу өкмөттүн декрети менен биз азыр өз ордубузда иштеп жатабыз. Легитимдүү статусубуз бар. Муфтий Мураталы Жуманов аз мурда оорусуна байланыштуу ишин таштап, ордуна Абдышүкүр Нарматовду коюп кетти. "Бул легитимсиз, уставга туура келбейт" дешип азыр мусулман жамааттары нааразычылыктарын билдирип, талаш маселе жаралып калды.
Буга чейин биз ислам динин заманга ылайыкташтырып, модернизациялоо маселесин көтөрүп жүргөнбүз. Ошол маселенин бышып жетилгени мына бүгүн билинип жатат. Ошондуктан өкмөттүн, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын атынан мусулман жамааттарынан муфтийди ала коюп, ордуна башка бирөөнү кое коюуну токтотууну суранат элем. Муфтияттын сабырдуу, салабаттуу саясат жүргүзө турган мезгили эми келди.
Менимче, активдүү жамааттардын лидерлери чогулуп мамлекеттик комиссиянын катышуусунда бир жумушчу топ түзүлсө. Анын башында убактылуу муфтий болсо. Ошол топтун жетекчилери муфтияттын уставын кайрадан иштеп чыгышы керек. Экинчиден, бүгүн ара жолдо турган модернизациялоо боюнча долбоорду иштеп чыгуу зарыл. Муфтияттын бийлигин өзгөртүү керек. Башкача айтканда, муфтийдин жеке бийлиги болбош керек. Бул биздин абдан принципиалдуу позициябыз. Биринчи орунга корпоративдик башкаруу чыгыш керек. Корпоративдик башкаруу бул уламалар кеңеши. Уламалар кеңешинде кыргыздын кылымдык каада-салтын, саясатын, исламдын баалуулуктарын барктаган адамдар кирсе, муфтий алардын алдында жоопкерчиликтүү кызмат кылса дээр элем.
- Каныбек мырза, учурда башка конфессиялар, башка дин өкүлдөрү өлкөдөгү кырдаалга кандай карап жатышат?
- Мен учурда Кыргызстандагы бардык конфессиялардын лидерлери менен сүйлөштүм. Аларда азыр баары тынч. Жакында эле Ташкенттен Орто Азия митрополити Владимир келип, православдар менен убактылуу өкмөттүн демилгесин колдоп жатышат. Бирок, өлкөбүздөгү протестанттар, православдар мамлекеттик саясатка көп кийлигишпейт. Алар азыр Кудайга кызмат кылуусун тынч улантышууда.
- Ошенткен менен кырдаалдан пайдаланып, ар кандай диний чыр-чатактарды уюштуруп ийгендер болушу мүмкүн деп чочулагандар көп…
- Ооба, андай ойлор да айтылып жатат. Кыргызстан жаштарынын арасында өлкөдө ислам мамлекетин куруш керек деп жүргөндөр бар. Бирок, биз алардын лидерлери менен сүйлөшүп, кыргыз эли эч качан фундаменталдык фанатик мусулман болгон эмес экендигин түшүндүрдүк. Кыргыздын негизги өзөгү, наркы - каада-салты. Ислам- ошол каада-салт менен айкалышкан адат, саясат. Азыр вахабиттер, салахиттер, суфиттер чыгып атышат. Ошолордун баарынын башын бириктирип, мен жогоруда айткан модерндик жумушчу топко чогулушубуз зарыл. Бул Кыргызстандын светтик мамлекет экендигине жараша саясат жүргүзүү дегендик болот.
- Азыр Мураталы ажынын ордуна Абдышүкүр Нарматов жөн келген жок. Бул киши исламдын кайсы бир агымынын кишиси болушу мүмкүн деген пикирлер бар.
- Эми азыр ар кандай жоромолдор айтылып жатат. Аны да алмаштырабыз дегендер чыкпай койгон жок. Менимче, муфтиятта биринчи кезекте кыргыз элинин кызыкчылыгы болуп, кыргыздын каада-салты биринчи орунга коюлуп, андан кийин башка диний саясаттар жүргүзүлүшү керек.
- Сиздин көз карашыңызча Абдышүкүр ажынын муфтийликке келиши туурабы?
- Азыр биз муфтийди убактылуу деп жатабыз. Канткен менен алар өз уставын бузуп, туура эмес иштерди жасап алышты. Ушундай катаал учурда курман болгон балдардын канынан муфтийлик кызмат айланып кетсин деген сөздөрдү айтып жатабыз. "Азырынча корпоративдик топ менен иштеп тургула. Кийин элге алып чыгып, уламалар кеңеши, курултай аркылуу өз дымагыңарды чечип алуучу мезгил келет" деген шартты койдук.
- Демек, ушундай кыйын учурда Муратаалы ажынын кызматты өткөрүп бериши туура эмес турбайбы?
- Жок, андай эмес. Ал кишинин жеке муфтийлик башкаруу болсун деген позициясын мурун эле айтып келгем. Негизи ал муфтийликти эбак өткөрүп бериши керек болчу. Бирок, "мен оорума байланыштуу кеттим, сен муфтий бол" дегендин өзү туура эмес. Эгер ал чындап эле кеткиси келсе, уламалар кеңешин чакырып туруп кызматты өткөрүп бериши керек болчу. Ошондо мындай чатак чыкпайт эле.
- Учурда өлкөдө диний ажырымдар, пикир келишпестиктер болбош үчүн сиз жетектеген комиссия эмне иш кылып жатат?
- Биз бардык активдүү диний жамааттардын лидерлери менен сүйлөшүп, корпоративдик башкаруу идеясына үч-төрт күндө ынандырып койдук. Буга бардык жамаат макул болуп жатат.

Мелис СОВЕТ уулу