presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз кыйырынан
Талас:
Эл тынчыган менен көңүлдө тынчтык жок

Башаламандык биринчи Таласта башталып, стабилдүүлүк да биринчи Таласта орноду. Расмий эмес маалыматтарга караганда, революция күнү таластык 4 бала окко учкан. Ал эми Талас облустук ички иштер башкармалыгы басылып алынган кезде көп курал-жарак белгисиз топтун колуна өтүп кеткен.
Элдик көтөрүлүштөн эки күн өтпөй курал-жарактар "сен мени тааныбайсың, мен сени тааныбайм" болуп, биринен бирине 1000-1500 сомго чейин ич ара сатыла баштаган деген маалымат бар. Азыркы убакта элде канча курал-жарак бар экенин Талас облустук ИИБ расмий билдире элек. Алгачкы күндөрдө ички иштер органдарына винчестр үлгүсүндөгү 2 мылтык 2 огу менен, 203 согуштук ок, 2 кулакты тундуруучу граната, 2 көздөн жаш агызуучу ок, 7 "Калашников" үлгүсүндөгү автомат 29 огу менен кайтарылып берилген эле. Мындай иш-чара азыр да уланууда.
Шейшемби күнү Талас шаарынын ишкерлери Манас ордого түлөө өткөрүп, шейит кеткен жигиттерге куран окутушту. Аксакалдар эл тынчтыгын тилеп бата беришти. Эл башына кыйын кез келгенде Талас шаарынын ишкерлери тикесинен тик туруп, өз жердештерине материалдык, моралдык жардам көрсөтүшүүдө. Талап-тоноолорду болтурбоо үчүн кечкисин көчө кайтарган "Талас жаштар уюмунун" балдарына ишкерлер тамак-аш, күйүүчү май берип, жаракат алгандарга акчалай жардамдарды көрсөтүшүп, коомчулуктун ыраазычылыгын алууда.
Аталган региондо саясый кырдаал стабилдүү боло баштаганы менен ич ара кызмат талашуу жүрүп жатат. Мисалы, кээ бир топтор элдик бийлик койгон губернатор Койсун Курманалиевага каршы. Жергиликтүү тургундардын маалыматы боюнча Талас облустук губернаторунун милдетин аткаруучу Койсун Курманалиева Акаевдин заманында Таш-Арык айыл өкмөтүнүн төрайымы болуп иштеп турганда мамлекеттик резервдеги жер үлүштөрүн туура эмес пайдаланган. Айыл өкмөттүк шайлоодо фальсификациясы ачылып, төрайымдыкты өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Бирок кийин кандайдыр бир жол менен Талас облусунун губернаторунун орунбасары болуп иштеп турган дешет билгендер. Азыркы учурда Талас эли губернаторлукка ыйлайыктуу таза жана татыктуу адам издеп жаткандыгы тууралуу кеп жүрүүдө.
Кечээ Бишкектеги таластыктар "Байсуу" кафесинде 7-апрель күнү Ак үй астында каза болгон жигиттерге куран окутту. Куран окутулган жерге учурдагы Ички иштер министри Болот Шерниязов катышып, андан жердештери президент Бакиевди тез арада кармоону талап кылды. Ошондой эле сөз алып сүйлөгөндөр Талас шаарына бул региондон каза болгон жигиттердин айкелин коюуну сунуштады.


Нарын:
Теңиртоолуктар нааразы
Нарын шаарынын жаштары Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кызматтан алынышына нааразы. Алар "…убактылуу бийлик кадр маселесинде өтө эле шашып жатышат. Жасап жаткан иштери менен жалпы журтка алынып бараткан Нариман Түлеевди ойлонбой алып коюшту. Айрыкча саясый абал курч турган бүгүнкү шартта мэрди алмаштырып, коомчулукту козутуунун кажети жок эле. Эгер буга чейинки кылмыш иштери болсо абал турукташкандан кийин териштирип алышса болот эле го" дегендей ойлорун айтып чыгышты.
Ошондой эле 14 кишиден турган убактылуу өкмөттүн курамына теңиртоолуктардын кирбей калышы да алардын намысына тийип жатыптыр. Мындан тышкары, элдик көтөрүлүштүн эпицентри Теңир-Тоодон башталса, анын эпкини менен хан тагынан кетип, канчалаган балдарыбыз каза болуп жатса, жаңы бийлик бир жолу келип койгонго жараган жок деген сөздөр да айтылууда.

Миллиондор кайда?
Нарын облустук коррупция жана паракорлук менен күрөшүү ассоциациясынын төрагасы Тойчубек Айдаралиев бир кезде Нарын облусуна бөлүнүп, бирок пайда-батасы билинбей кеткен каражаттар кайда кетти деген маселени кабыргасынан коюп жатат. Анын айтымында, Нарынга 2000-2006-жылдарда Кумтөрдөн жазгы айдап-себүү иштери үчүн бөлүнгөн 7 млн. 40 миң сом, ошондой эле "Жүрөгүм менин тоолордо" аттуу марафондо топтолгон 3 млн. 455 миң сом кумга сиңгендей жок болуптур. "Ушуну уялбай жегендер унчукпай эле "кусуп" беришсе, болбосо элдик бийлик келди, эми баарыбир аш кылдырбайт" деп ачуусун араң токтотуп турган чагы.

Акыйкат үчүн аттанып…
Теңир-Тоо боюнча Ала-Тоо аянтында акыйкаттык үчүн шейит кеткендердин саны такталууда. Азыркы учурда алардын жалпы саны 25тен ашып калды деп жатышат. Аларды жерге берүү тажиясына губернатор Адыл Эсенбеков баштаган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышууда.

Бири келип, бири кетип…
Кочкорлук туугандар мурдагы аким Байтерековду "тапанчасы" менен кошо айдап жиберишкени аз келгенсип, анча-мынча жыйган малын жайыттан эле айдап, бөлүп алышыптыр. Анын ордуна келген акимди эртеси эле эшикке чыгарып коюшкандыктан аты-жөнү да эч кимисинин эсинде жок. Азыр жаңы аким Рыспай Сарыбаев "кедейкандык" кылууда. Бул аралыкта Жумгал районунда да бир аким ээрден оосо, бирөө ээрге мингенге үлгүрдү. Кыскасы, кызыктардан Теңир-Тоо термелип турган чагы.


Ысык-Көл:
"Авроранын" абалы кандай?

Ысык-Көл облусундагы "Дидар" жаштар уюмунун лидерлери Замир ИСМАИЛОВ менен Ызат САМИЕВ аймактан төмөнкүлөрдү кабарлашты.
Ысык-Көл облусу боюнча азыр абал тынч эле. Кээ бир жерлерде кызмат талашмай болуп атат. Жергиликтүү айылдын эли мамлекеттик структураларга жаштарды аралаштыруу талабын коюшууда. 7-апрелде өткөн башаламандыкта көл жээгиндеги бир да пансионат жабыр тарткан эмес. Айылдык жаштардан түзүлгөн "Дидар" уюму ар бир пансионатка бөлүнүп, мародерлуктан, талап-тоноочулуктан сакташкан. Пансионаттар азыркы күнгө чейин жаштардын көзөмөлүндө болуп, коопсуздугу каралууда.
"Аврора" пансионатынын директору Роббек Молдоисаевди кетирип, анын ордуна иш билги жаштарды коелу деген сунуштар болгон. Бирок, пансионатта иштеген кызматкерлер Роббек мырзанын жакын тааныштары, туугандары болгондуктан келе турган жаңы кызматкерден баш тартып, нааразычылыктарын билдирип, мурунку директорду ордуна алып калууну көздөшүүдө. Расмий эмес маалыматтар боюнча Роббек Молдоисаев быйыл жай мезгилинде пансионатты мамлекет каржылай албайт деп, жасалма жол менен банкротко учуратып, өзүнө менчиктештирип алуу планы бар экен.

Жаштар иш талап кылышууда
Тополоңдо качып кеткен пансионат жетекчилерин жергиликтүү айыл өкмөттүн эли сүйлөшүүгө чакырган. Бирок, пансионат директорлору толук келген эмес. Жергиликтүү эл пансионаттарда мыйзамсыз түрдө көл жээгине чейин курулган тосмолорду алып салууну талап кылышып, үч күн мөөнөт беришкен. Себеби, жергиликтүү эл көл жээгин жээктеп басалбай калышкан, бул мыйзамга туура келбейт дешет. Буга чейин далай жолу жогору жакка кайрылып, натыйжалуу жыйынтыкка жетишкен эмес. Эгер үч күндүн ичинде жээкте тосулган тосмолорду алышпаса, анда жаштар өз колубуз менен алабыз дешет. Бирок, эч кандай талап-тоноочулук, мародерлук болбогонун баса белгилешти. Андан тышкары, иш жок бош жүргөн жаштардын жетимиш пайызын жергиликтүү мамлекеттик мекемелер жумуш орду менен камсыз кылышын талап кылышууда.

Алактаган айыл өкмөттөр
Учурда убактылуу өкмөт Ысык-Көл облусунун губернатору кылып Мирлан Асанакуновду дайындады. Ал эми айыл өкмөтүнүн башчыларынын бардыгын алмаштырабыз дегендер болууда. Анткен менен жергиликтүү эл иштеп аткан айыл өкмөт башчыларынан буга чейин жасаган кызматы боюнча эл алдына отчет бердирип, ошого жараша иш алып барарын айтышкан. Учурда Ысык-Көл облусундагы айыл өкмөт башчылары элине отчет берүүгө камынып туру.

"Агым" пресс







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??