presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ат жалында маек
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"
- Жаңы бийлик агартуу тармагын өргө сүрөө үчүн алгач кайсы көйгөйлөрдү чечкени оң?
- Билим берүү системасын реформалоо зарыл. Аны жүзөгө ашырууну мектеп партасынан баштоо талапка ылайык. Учурда мектеп программасында көп мүчүлүштүктөр кеткен. Маселен, пайдасыз предметтер арбын. Окуучулардын келечекте ким болору бүдөмүк. Анүчүн мектеп базасында алгачкы кесиптик билим берүүнү жолго коюш керек. Негизи Кыргызстандын мекенчил атуулун тарбиялоо - бүгүнкү күндүн башкы темасы. Анткени бизде билим берүү министрлиги бар. Аты эле айтып тургандай, ал жаштардын сабатсыздыгын гана жоет. Ал эми адам ресурсун өнүктүрүү, тарбиялоо деген маселелер четте калып атпайбы. Бүгүнкү күндө окуучулардын ден соолугу начар экендиги көпчүлүккө маалым. Анын аркасында коомго саламаттыгы бекем, мекенчил, ар тараптуу инсан тарбиялай албай атканыбыз чын. Жаңы бийлик ириде кыргыздын келечеги кең уул-кыздарын тарбиялоого милдеттүү.


Табылды АКЕРОВ,
саясат таануучу:
"Башка кадам жасоо мүмкүн эмес эле"
- Убактылуу өкмөттүн Конституциядан четтеп, революциялык жолду тандаганы туурабы?
- 7-апрелде чыныгы элдик революция болду. Оппозиция лидерлеринин басымдуу бөлүгү камалгандыгына байланыштуу нааразычылык акциясына чыккандарды эч ким башкарган жок. Карапайым калк өзү көтөрүлүп, Бакиев бийлигин кулатты. Учурда убактылуу өкмөт декреттин негизинде иш жүргүзүүдө. Менин жеке пикиримде, бул туура чечим. Мындан башка кадам жасоого мүмкүн эмес эле. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ынтымакка келип, кадрларды дагы декреттин алкагында дайындашы керек. Антпесе, накта башаламандык ошондо болот.


Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, коомдук ишмер:
"7-апрель сабак болушу керек"
- Мурдагы бийлик тушунда булганбай, таза иштеген чиновниктердин катарына кимди кошот элеңиз?
- Андай адамды кездештирүү мүмкүн эмес. Жакшылап изилдесең, кандайдыр бир катачылыгын сөзсүз табасың. Мындай шартта аткаминерлер боюнча сөз козгоонун кажети жок. Жогорку постту ээлеген инсандар акыйкат, калыс саясат жүргүзсө бүгүнкүдөй трагедиялуу тагдырга тушукпайт элек. Эми 7-апрелдеги окуя бардыгыбызга сабак болушу керек.


Орозбек МОЛДАЛИЕВ, саясат таануучу:
"Бир адам эмес, жалпы режим күнөөлүү"
- Айрым "акжолчу" депутаттар Жогорку Кеңеш президентке импичмент жарыялоого даяр экендигин билдирди. Эл өкүлдөрүнүн мындай кадамын кандай баалайсыз?
- "Акжолчулар" Бакиевдин жардамы менен мандатка ээ болушкан. Шефинин башына кара булут айланганда импичмент жарыяламакчыбыз дегени - эки жүздүүлүктүн жеткен чеги. Андай кыйын экен, өз убагында президенттин өзүнө кырдаалды так, даана жеткиришпейт беле. Алардын түштөн кийин "баатырсынгандары" өтө уят иш. Акылдары болсо унчукпай эле отурушса жакшы болмок.


Гүлнара ДЕРБИШЕВА, ЖК депутаты:
"Таарынбачы…"
- Эл өкүлү катары Кыргызстандын бүгүнкүдөй туңгуюкка кептелишине салымым бар деп ойлойсузбу?
- Иним, таарынбачы. Ушул суроого жооп бербей эле коеюнчу…


Султан РАЕВ, мурдагы маданият министри:
"Бардыгынан экономиканы жогору коюшту"
- Маданият агенттигине министрлик статусун ыйгаруу демилгесин колдойсузбу?
- Албетте. Маданият агенттигинин структурасын жаңылап, министрлик статусун ыйгарыш керек. Натыйжада өлкөнүн маданият тармагынын өнүгүшүнө кеңири жол ачылат.
- Анда неге жетекчи катары маданият министрлигинин "териси" алмашып жатканда унчукпадыңыз?
- Былтыр башкаруу системасын реформалоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия жетекчилигине Маданият министрлигинин структурасын өзгөртпөстөн, баштапкы калыбында калтырыңыз деп эки жолу кат жазганбыз. Тилекке каршы, биздин сөздү эч ким уккан жок. Маданияттан мурда экономиканы көтөрөлү деген жооп алдык.


Тайырбек САРПАШЕВ, коомдук ишмер:
"Провокацияларга алдырбайлы"
- Россия президенти Дмитрий Медведев Кыргызстанда кырдаал тынчыбаса экинчи Ооганстандын кейпин кийип калышы ыктымал таризинде пикирин билдирди. Сиз буга кошуласызбы?
- Эми бул орус президентинин жеке пикири. А мен өз өлкөмдүн жараны катары мындай ойду таптакыр колдобойм. Себеби, Кыргызстан бөлөк мамлекеттерден элинин күчтүүлүгү, патриоттуулугу, эркиндикти сүйгөнү менен айырмаланарын дагы бир ирет даңазалады. Буга 7-апрелдеги кайгылуу окуя күбө. Учурдан пайдаланып, жалпы мекендештеримди ынтымакка чакырып, ар кандай провокацияларга алдырбоону өтүнөм.


Сейит ЖЕТИМИШОВ, жазуучу:
"Мамлекет башчысы жооп бериши керек"
- Президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана биртуугандарынын коопсуздугуна кепилдик берилсе гана отставкага кетерин билдирди. Мына ушундай кайгылуу окуядан кийин Бакиевдердин Кыргызстанда жашаганга моралдык укугу барбы?
- Курманбек Салиевичтин мен ок атууга буйрук кылган эмесмин дегенин радиодон уктум. Менин жеке пикиримде, Бакиев президент катары, куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы катары ок атылганын билбей калууга эч негиз жок. Президенттин, башкы командачынын уруксатысыз эч ким ок чыгара албайт. Ошондуктан кандай гана формада болбосун, Курманбек Салиевич жооп берүүгө тийиш.


Мирослав НИЯЗОВ, коомдук ишмер:
Ушунча кочкордун башы бир казанда кайнайбы?
- Жаңы бийлик элдин ишенимин акташ үчүн кандай кадам жасашы зарыл?
- Ириде тартип орнотушу абзел. Тартип болбосо, бардык аракеттен майнап чыкпайт. Убактылуу өкмөттүн кадр саясаты көпчүлүктүн купулуна толбой атат. Бири бири менен портфель талашып, биринин сөзүн бири укпай жатканы даана байкалып турбайбы. Мындай көрүнүштү тез арада жоюш керек. Болбосо, ал жакшылык менен аяктабайт.
Кыргыздын "Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" деген макалы бар. Муну эстегенимдин жөнү мындай. Ушунча кочкордун башы бир казанда кайнар-кайнабасын ким билет...


Улан МЕЛИСБЕК, Кыргызпатенттин экс-директору:
"Үчүнчү революция жүзөгө ашпайт деп…"
- 7-апрель сиз үчүн кандай мааниге ээ?
- Ошол күнү он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жаштар окко учту. Андыктан, 7-апрель тарых барактарында кандуу окуя катары жазылып калары калетсиз. Мындан ары бийлик башына кимдер келбесин, элдин, мамлекеттин келечегин биринчи орунга коюшу зарыл. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин кейиштүү тагдырынан сабак алгандары оң. Болбой эле эски режимдин жолоюна - үй-бүлөлүк, диктатуралык бийликти орнотууга жандалбасташса, анда Кыргызстанда үчүнчү революция жүзөгө ашпайт деп эч ким кепилдик бералбайт. Кудай ошого жеткирбесин дейли.


Учурда Курманбек Бакиевди көөлөп атабыз. Туура, а кишинин күнөөсү бар. Бирок, аны ушундай деңгээлге "ак жолчуларга" окшогон хамелеондор жеткиргени талашсыз. Демек, бу жерде кеп жалгыз адам туурасында эмес, жалпы режим боюнча жүрүп атканын түшүнүшүбүз керек.
Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail:nurkan@vb.kg, тел.:38-67-19







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??