presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ойлонгулачы…

Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?

Республика аймагында кырдаал дале курч. Асыресе түштүк чөлкөмүндө абал жөнгө салына элек. Президент Курманбек Бакиев 7-апрелдин түнү Ошту көздөй сызып, ошондон бери түрдүү аракеттерди көрүп атыр. Тирешүү ушул калыбынан жазбаса, ал өлкөнүн бүтүндүгүнө доо кетириши ыктымал.


Ажонун аман-эсен экенине 8-апрелде күбө болдук. Ал Кыргызстан калкына кайрылуу катын жолдоп, кандуу шаршембиге кыпындай да тиешеси жоктугун билдирди. Ошол эле күнү Би-Би-Си жана "Эхо Москвы" үналгыларына кеңири маек куруп, убактылуу өкмөттү тааныбастыгын, оппозиция бийликти күч менен басып алгандыгын шардана кылды.
Бакиев 12-апрелден тартып ачык күрөшкө өттү. Тейит айылында жердештерин түгөл чогултуп "мени өлкөнүн басымдуу бөлүгү колдойт. Ошентсе да утурумдук өкмөт менен сүйлөшүүгө даярмын" деди. Миңге чукул адам мамлекет башчынын сөзүн кубаттап, кол чаап коштоп турушту.
Бардыгынан да анын "алар (оппозиция) мени күч менен басам деп ойлошпосун. Мага күч колдонушса, мен деле чара колдоном. Кыргызстан канга боелуп калат…" таризинде күпүлдөгөнү уккандардын алласын оозунан түшүрдү.

"Уулумду дайындаганым калпыс иш болуптур"
Убактылуу өкмөт 13-апрелде Жалал-Абадда элдик курултай өткөрүүнү пландаган. Бу күнү президенттин жактоочулары да Жалал-Абаддын борбордук аянтына жыйналып, аз жерден эки тарап кырылышып кете жаздады. Кызуу кандууларга теңелбейли дештиби, убактылуу өкмөт мүчөлөрү курултайды 14-апрелде өткөрүү чечимине келишти.
Эл алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Бакиев мурдагы позициясынан жазбастыгын, утурумдук бийликти тааныбастыгын дагы бир ирет кайталады. Ошентсе да анча-мынча чындыктын четин кылтыйтканын акыйкаттык үчүн айта кетүүбүз абзел. А киши минтет: "Мени инилерин кызматка койду деп айыпташат. Эми алар өз ишин мыкты билген адистер болсо не кылайын? Жаныш мурдагы режимдин тушунда деле жооптуу кызматты аркалаган. Уулум боюнча… Азыр ойлосом баламды агенттиктин жетекчилигине дайындап катачылык кетирипмин. Бирок, ал кичинесинен бизнес менен алектенген. Максим экономиканы башкарса, өлкө казынасы уурдалып-тонолбойт деп ойлодум да…"
Жергиликтүү жана эл аралык басылмалардын жазышынча, президенттин "курултайына" 3-5 миңдин тегерегинде киши катышкан. Ажонун талапкерлери "Биздин легитимдүү президент - Бакиев!", "Жаш жигиттердин өлүмүнө оппозиция күнөөлүү!" маанисинде жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.
Чогулушта экс-губернатор Кошбай Масиров жалындуу сөз сүйлөп, жалал-абаддыктар кулунун (Курманбек Бакиевди - Н.К.) талаага таштабастыгын шардана кылды. Ушундай эле "обонду" "ак жолчу" депутат Кубанычбек Жолдошев созгонун эскерте кетели. Жогорудагы эки инсан кожоюнун кыйын кырдаалда таштабай, чолпонбайчасынан төшүн тосуп коргогонун жигитчилик сапат катары баалаганыбыз оң. Болбосо, кечээ эле "урматтуу Курманбек Салиевич" деп келиндей жүгүнгөн 20дан ашуун "ак жолчу" депутат президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрүштү. "Ак жолчулардын" мындай кылыгы айласыздан жылмайтат…

Бир облуста эки элдик губернатор
Ошентип, утурумдук өкмөттүн курултайы 14-апрелде башталды. Тилекке каршы, ал аягына чыккан жок. Чогулган элге 30-40га чукул аялдар келип жыйынды бүлгүнгө учуратты. Алар "сахнаны" толук ээлеп, жаңы бийлик өкүлдөрүн "лам" деп ооз ачырышпады. Тирешүүдөн пайда чыкпасын түшүнгөн элдик курултайчылар журт которууга аргасыз болушту.
Шаршемби күнү Жалал-Абадда кызык жагдай түзүлдү. Чогулган элдин бир тарабы губернаторлукка Жусупжан Жээнбековду шайлап жиберишти. Атүгүл убактылуу өкмөт Жээнбековду кызматка бекиткен жарлыгын да жарыялаган. Андан көп өтпөй жаңы бийликтин өкүлү Азимбек Бекназаров облус жетекчилигине Бектур Асановду дайындады. Ушу тапта Жалал-Абадда кимдин чыныгы кожоюн экендиги белгисиз.

Кайрадан ок атылды!
15-апрель мамлекет башчысы үчүн чечүүчү мезгил болду окшойт. Бу күнү ордолуу Ошто жаңы бийликтин элдик курултайы өткөрүп аткан. Ош губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен мэрдин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов жаштарды провокацияга алдырбоого чакырды. Мелис мырза "Бакиев биякка келатыптыр. Бирок, аны эч ким өткөзбөйт" деп оозун жапкыча аппак кийинишкен бакиевчилердин колоннасы көзгө урунду. Даана тирешмей ошондо башталды. Губернатор орунбасары Кушбай Тезекбаев "Бакиевге орун жок!" деп кыйкырса, элдин агымы Курманбек Бакиевди сүйлөтпөй койду.
Интернет-сайттардын бири экинчи борбордогу көрүнүштү мындайча сүрөттөйт: "Саат 11.20лар чамасы эле. Кыжыры кайнаган адамдар бири-бирине ачуу тилдерин агытып, мушташып жатты. Арадан 40-50 мүнөт өткөн соң президенттин машинесине чабуул жасалды. Ага жооп иретинде Бакиевдин жансакчылары автоматтан ок атты. Президент "темир тулпарына" түшкөн бойдон белгисиз багытты көздөй жол тартты…"
Баса, шаршембинин түнү Бакиев орус премьер-министри Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Муну Путиндин маалымат кызматы да тастыктады. Ошентсе да экөөнүн ортосунда кандай сөз жүргөнү коомчулукка жарыяланган жок. Бейрасмий маалыматтарга караганда, президент жакын арада өлкө аймагынан чыгып кетиши мүмкүн.

Өрүк зарлуу Баткенде
Түштүктөгү башка аймактарына салыштырмалуу Баткен облусунда абал тынч. Дубанда болгону орчундуу бир эле көйгөй бар. Ал - жергиликтүү тургундардын губернаторлукка Мамат Айбалаевди дайындоо талабы. Карапайым калктын пикиринде, Айбалаев элдин оюндагыдай иштейт. Социалдык маселелерден тартып чегарага көйгөйүнө чейин чечүүгө кудурети жетет. Бирок, баткендиктердин аруу тилеги жакын арада жүзөгө ашары күмөн. Себеби, убактылуу өкмөттүн буйругу менен облус жетекчилигине Карамат Орозова "конгон".




  Падышанын көз жашы…

6-7-8-апрелдеги окуяларды иликтөө максатында эркин комиссия түзүлгөнү маалым. Комиссия мүчөлөрү президент Курманбек Бакиев менен жолугушуу өткөрдү. Белгилүү укук коргоочу Төлөйкан ИСМАИЛОВА сүйлөшүүнүн жүрүшүнөн кеп салды.

- Президент Курманбек Бакиевге өтө оор суроолорду узаттык. А киши "мен убактылуу өкмөттүн мыйзам жолуна түшүшүнө көмөктөшүүм керек. Мүмкүн болсо Роза Отунбаевага жолугуп сүйлөшөйүн. Кыргызстан деген чакан мамлекетибизди сактап калалы" деди. Ошондой эле үй-бүлөсү жана биртуугандарынын коопсуздугуна кепилдик берилсе отставкага кетерин жашырбады.
Мамлекет башчысы 7-апрелдеги кайгылуу окуяга күнөөсү бар экендигин моюнга алды. Бакиев: "Сыртка чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк чоң эле. Бирок, мен өлкөмдү таштап качпайм. Кырчындай жаш жигиттердин каны төгүлгөнүнө абдан өкүнөм. Айыбым далилденсе жоопкерчиликке тартылууга даярмын. Анүчүн эл аралык уюмдардын катышуусунда акыйкат териштирүүлөр жүрсүн. Молдомуса Конгантиевге окшоп таландыга калтырбашын суранам" деп ыйлады. Кыскасы, ушул жолугушуу боюнча убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага кабарладык. Алар кандай чечим чыгарарын өздөрү чечет.
- Президент кандуу кагылышка өзүн канчалык деңгээлде катыштыгым бар дейт?
- Чындыгында окуя ушундайча аяктарын күтпөсө керек. Президенттин айтымында, улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Мурат Суталинов кабинетине чуркап кирип, эл куралдарды тартып алганын айткан соң абалдын оорлогонун туюптур. Болгону ушул.
- Президент Ак үйдөн качан чыгып кеткенин айттыбы?
- Түштөн кийин. Чай ичүүчү бөлмөсүнө эки ок тийген соң аргасыздан өкмөт үйүн таштай качыптыр.
- Үй-бүлөсү жанында бекен?
- Жок. Жанында бир туугандары гана бар. Жубайы Татьяна Бакиева 6-апрель күнү Москвага учса, эки уулу чет өлкөдө жүрүптүр. Бирок, кайсы мамлекетте экенин ачыкка чыгарбады.
- Жаныш Бакиев менен сүйлөштүңөрбү?
- Ооба. Ак үйдүн үстүндөгү снайперлер тобу ага баш ийерин жашырган жок. "Мен өз милдетимди так аткардым. Президенттин өмүрүн коргодум" дейт ал. Ал эми "Форум" ишканасынын алдындагы митинг боюнча эч нерсе билбептир. Тактап айтканда, улуттук коопсуздук кызматы, ички иштер министрлиги өз милдетин аткарган. Жаныш мырза аларга буйрук берген эмес экен.




Маалымат майданында

Учурда эмне деген ойлор, суроолор Бакиевдин жүрөгүн эзип атканын өзүнөн башка тирүү жан билбейт. Биз болгону а кишинин жергиликтүү жана чет элдик басылмаларга берген маектеринен үзүндү келтирели:

o Жок, жок, жок. Мен сизге ачык айтайын. Тарифтердин жогорулашы жарандардын куралчан көчөгө чыгышына шарт түзмөк эмес…
o Кандай болгон күндө уюштуруу иштери мыкты болуптур. Буга мен да, күч органдары да даяр эмес эле…
o 7-апрелдеги окуяга Россияны күнөөлөбөйм. Владимир Путин, Дмитрий Медведев менен мамилем жакшы…
o Менин түштүктө турганымдын себеби - кан төгүүгө жол бербөө. Бул жакта дагы куралчан балдар көчөдө жүрөт. Криминалдык чөйрө баш көтөрүп калды…
o Менден "эмнеге башка мамлекетке кетпейсиз?" деп сурашат. А эмнеге качышым керек? Куралчан топ бийликти басып албадыбы…
o Телевизордон өлгөндөрдү жерге берүү зыйнатын көрдүм. Аябай оор болду. Мен өмүрүмдө мындай сарсанаага баткан эмесмин. Өтө оор…
o Менимче, жаш балдарга спирт ичимдигин беришкен окшойт. А балким, кандайдыр бир таблеткаларды кошушкандыр. Болбосо, жигиттер мынчалык кыйкырып, агрессияга алдырбайт эле. Мунун бардыгын такташ керек…
o Экономикалык, саясый жактан утулган оппозицияга эмне керек эле? Кан төгүү…
o 5 жыл аралыгында экономика жанданды. Биз менен Америка, Кытай, Россия сыяктуу ири державалар эсептеше баштады…





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??