presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Атылган октун анты бек

Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

6-7-8- апрелде Талас жана Бишкектеги башаламандыктан ок жеген адамдардын биртобу борбордун ар кайсы ооруканаларына түшкөн. Алардын көбү N№4 шаардык оорукананын сыныктар бөлүмүнө жаткырылып, белгилүү дарыгер, травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек ЖУМАБЕКОВдун колунан операция жасалып, дарыланышууда. Жабырлануучулардын абалы боюнча аталган борбордун директорун кепке тарттык.


- Биздин ооруканага 6-апрелден жетисине караган түндөн баштап эле жаракат алгандар түшө баштаган. Себеби, 6-апрелде Таласка барып, аяктан ооруканага түшкөн элүүдөн ашык адамдын тогузун бул жакка которуп келгем. 7-апрелде түштөн баштап Бишкектеги аянттан жабыр тарткандар келе баштады. 7-8-апрелде бизге 208 адам кайрылды. Анын жүз он алтысын биринчи күнү биздин борборго жаткырдык, калгандары амбулатордук түрдө дарыланып, жараттары тигилип, чыгып кетишкен.
8-апрелде 22 адам түштү, алардын он жетиси амбулатордук жардам алышты. 9-апрелде жабыркаган он беш адам кайрылды. Анын ичинен он экиси амбулатордук түрдө дарыланды. 10-апрелде да кайрылгандар болду. 12-апрелде ок жеген сегиз адам келди. Булар биринчи күнү эле жарат алып, шок болуп үйүндө жатып, анан эптеп бир жерден дарыланып келгендер. Ал эми калгандары башка ооруканаларга жатып, бизге которулгандар. Үчүнчүсү, мародерлор, алар чачма окко кабылып, коркуп эч жакка барбай, болбой калганда гана бизге кайрылгандар. Ал эми төртүнчү топтогу адамдар бизге келбей деле коюшса болмок, алардын жараттары жеңил эле болчу. Убактылуу өкмөттүн жаракат алгандарга төлөнүүчү компенсациясын уккандан кийин мен да барып ошол акчага илинип калайын дегендер кайрылышууда. Бизде учурда 140 адам жатат. Албетте, түшкөндөрдүн көбү ок тийгендер.
- Бул борбордон ошол учурда канча адамга операция жасалды?
- Биринчи күнү 180 адамга операция жасадык. Он операциялык столдо он бригада иштедик. Биринчи, экинчи күндөрү бир да адамды өлтүрбөй, аман алып калдык. Жыйырма адам өтө оор абалда түшкөн. Мээсине ок жеген, бир адамдын көзү агып калган, ички органдары, жамбаш, омуртка, ар кандай мүчөлөрү жабыр тарткандар болгон. Бир да адамды өлтүрбөй кармап турганбыз, тилекке каршы, реанимацияда оор абалда жаткан эки адам кайтыш болду. Калгандарын жакшылап дарылап, бөлүмдөргө котордук. Учурда реанимацияда бирөө бар. Анын абалы өтө оор, башына ок кирип, башка жагынан чыгып кеткен, мээси катуу жабыркаган.
- Реанимацияда катуу ооруп жаткандардын аты-жөнү такталбай атат деген маалымат тарабады беле?
- Бизде аты-жөнү такталбаган бирөө бар эле. Аны телевидениеге көрсөткөндөн кийин туугандары келип, таанышты. Реанимацияда жаткан адамдын аты-жөнү белгилүү.
- Жабыркаган кээ бир адамдардын колу-буту ампутация жасалат деген сөздөр болду эле...
- Биздин борборго түшкөндөрдү андайдан сактап калдык. Бирок, экинчи этап менен операция жасап, жабыркаган сөөктөрдү чогултуп карматыш керек. Мындай оорулууларга операцияны учурда бекер жасап беришибиз керек. А өкмөт тарабынан мындай нерсе эч качан каржыланган эмес. Бүгүнкү күнгө чейин бейтап өзү сатып алып жүрчү. Азыр эл аралык донорлорго жардам сурап кайрылып атабыз. Кудай буюруп, жардам болсо жабыркаган жүздөн ашык оорулуулардын сөөктөрүн чогултуп, буттарына тургузууга аракет кылабыз. Негизи ок тийген сөөк оңой менен бүтпөйт. Жөнөкөй сөөк алты айда бүтсө мындайда жылдап созулуп кетет. Мисалы, бизде азыр ооган согушунан кийин жыйырма жыл өтсө дагы ок тийген сөөгү чирип кетип, азыркыга чейин дарыланып жүргөндөр бар. Эми азыркы жабыркаган жүздөн ашык адамдын баары менин мойнума жүктөлөт. Бизге жаңы технологиянын аппараттарын алып бергиле, ушуларды буттарынан тургузуп алалы деп жаңы өкмөткө айтып атам. Антпесе, кийин ушул адамдардын баары майып болуп калат. Ушулардын артынан жаңы өкмөт бийликке келдиңер, булар окко учту, денесин тосту деп атабыз.
- Учурда алар тараптан жардам болуп атабы?
- Азырынча өкмөт тарабынан эч кандай жардам боло элек. Моралдык жардам болуп атат. Бирок, саламаттык сактоо министрлиги милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан дары-дармек ала бергиле, биз төлөп беребиз деп атышат. Биз дарыларды фирмалардан алып атабыз, аларга кандай шартта төлөп берет, бул да чоң суроо. Эң негизгиси, бизге жеке адамдардан, фирма, компаниялардан жардам түшүп атат. Биз аларга эмне керектигин айтып, тизмесин жазып берип атабыз. Чынын айтканда жардам бергендердин көбү менин досторум, жакын адамдарым. Менин телевидениеден чыгып сүйлөгөнүмдү көрүп, муктаждыгыбызды билип, жардамдашып атышат. Үч айдан бери ооруканада азык-түлүк калбай калган эле, бирөө уй союп келди, дагы бири картошка алып келди. "Байтур", "Неман" компаниялары, досторум Болот Абдылдаев, Мурат Саралинов, Данияр Байызбеков, Садыр Жапаров, андан тышкары Тоң районунун адамдары 19 миң сом, Балыкчы шаарынын тургундары 10 миң сом жардам беришти. Аларга терең ыраазычылыгымды билдирем.
- Оорулууларга жардам берген дарыгерлер да жабыр тартышып, кээси окко учту. Силердин ооруканада андайлар болгон жокпу?
- Тилекке жараша андайлар болгон жок. Бейтаптар түшүнүү менен кабыл алып атышты. Себеби, бир учурда ооруканага 200 адам келип түшкөндө кандай кабыл алуу болот? Оорулуу түшөрү менен ар бир адамга беш дарыгер бөлүнүп, ошол жерден түз эле реанимацияга алып кирип, наркозун да берип, операциясын да жасап аттык. Кудайга шүгүр, бардыгын аман алып калдык. Анткени биздин борбор ушундай чукул кырдаалга ылайыкташтырылган. Ошол күндөрү бизде запаста дары-дармектер бар эле.Ошону менен чыгып кеттик. Экинчи күнү эл аралык Кызыл жарым ай коому жардам берди. Ар кандай компаниялар дары-дармектерин беришип, бейтаптарды куткарып калдык.
- Сизге кезекке турган, мурда пландаштырылган операциялар кандай болуп атат?
- Пландаштырылган операциялар кырдаалга байланыштуу токтоп турган. 13-апрелден баштап мурдагыдай жасала баштады. Учурда 140тан ашык ок жеп жабыркаган адамдар дарыланып жатышат. Эң негизги керектүү аспаптарды алып алсак жакшы болот эле. Тилекке каршы, булар биздин борбордо айлап-жылдап жата тургандар. Аларды сакайтып чыгарышыбыз керек.
Дарыгер Сабырбек Жумабеков биз менен баарлашкандан кийин кезектеги операциясын жасоого кетти. Палаталарда жаракат алып жаткан бейтаптар менен сүйлөштүк.
Асанбай Сатылганов, 40 жашта:
- Мага 7-апрелде саат үчтөрдө Ак үйдүн алдындагы дарбазанын ичинен ок тийди. Снайперлер аттыбы же башкасыбы, башаламандыкта билинбей калды. Бирок, солдаттар атты деп ойлобойм. Эки ок тийди, бирөө шыйракка, бирөө белге тийди. Экөө тең тешип өткөн. Мени менен катарлаш турган беш-алты балага да тийди. Жанымда досторум бар эле, алар ооруканага алып келишти.
Төрт балам бар, майда-чүйдө курулушта иштеп аткам. Жаңы жумуш баштаганыма бир эле жума болгон. Келинчегим бала менен үйдө. Чындыгында жашоого мүмкүн болбой калган. Мен жалгыз иштейм, тапкан акчам ичкен тамагыбызга да жетпейт. Бийликке кул болуп калдык. Жакшы эле чыдадык, бирок чыдоонун да чеги болот да. Мени эч ким чакырган жок, балдарымдын келечеги үчүн бардым.
Руслан Желекеев:
- Мага ок Ак үйдүн дарбазасынын сыртынан тийди. Каяктан, ким атканын билбей калдык. Ок колума тийди. Чынында жашообуз абдан оорлоп кеткен. Үйүбүз жок, батирде турабыз. Келинчегим экөөбүз тең иштейбиз, тапкан акчабыз эч нерсеге жетпейт, баары кымбат. Эптеген эле жашоону көрүп калдык. Өзүм курулушта иштечүмүн.
Палатанын дарыгери Константин Роменский:
- Палатада жаткандардын жаракаттары акырындап айыгып келатат. Эми булар 1-2 айга жакын дарыланышат, муундарын салыш керек. Операциядан төрт айдан кийин иштей берсе болот. Бирок, оор нерсени көтөрбөөлөрү керек.
Коңшу палатага кирип, ал жерде жабыркаган бейтаптар менен баарлашалы десек, борбордогу улуттук диаспоралардын биринен аялдар отурган экен. Айтымында, алардын биринин күйөөсүнө да ок тийип, ооруканада жатыптыр. Мурунку күнү башка диаспорадан ооруканага жардам бергендерге нааразычылыгын билдирип "биздин диаспора мындан мыкты жардамын берет" деп опулдап отурду. Ооруканага түшкөн миллиондогон акчаларды жогору жактагылар сугунуп, бул жакка келбейт, андан көрө акчаны бейтаптардын колуна бербейби таризинде улуттар аралык араздашууга алып келе турган сөздөрдү сүйлөп, оорулууларды тиги диаспоранын жардамын албагыла деп үгүттөп да атты. Ошентип беш-алты аял оорулууларга ызы-чуу салып, жагымсыз кырдаалды түзүштү. Палатадагы ызы-чуудан улам кирген врачка "сыртка чыгып тур, булар менен өзүмчө сүйлөшө турган сөзүм бар" деп, тынчтандырууга аракет жасаган ал жердеги журналисттерге кол көтөргөнгө чейин барды. Ооруканада мындай ызы-чууну көзөмөлдөй турган коопсуздукту сактаган күзөтчүлөр да жок. Болгону участкалык милиция кызматкери гана бар экен. Аны менен кырдаал тууралуу сүйлөшкөнүмдө атын атагысы келбеген участкалык милиционер "биз мындай ызы-чууну тыйганга алыбыз жетпей калды. Мен барсам, милициялар элге ок аткан деп мага атырылышат. Катуу күчөп баратканда ички иштер башкармалыгынан милиция чакырабыз. Учурда аларда да милиция жетишсиз болгондугун айтышат. Айтор, абал оор..." дейт.
Адамдар дарыланып жаткан жерде мындай башаламандык бар экендиги оорулуулар үчүн да кооптуу. Түштөн кийин Сабырбек Жумабеков менен байланышканыбызда бул окуя боюнча кечирим сурап, абал тынчтанганын айтты.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??