presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Адилеттиктин жолу канча?

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

80 ден ашык адамдын өлүмү, бийликтин алмашуусу карапайым адамдар арасында эйфорияны жараткан менен, азыркы мамлекетти башкаруу жаатында түгөнбөс суроолорду жаратты. Ушулардын тегерегинде коомдук ишмер
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ ой бөлүштү.
- Аликбек мырза, азыркы түзүлгөн кырдаалда биз укуктук жолго кандайча түшөбүз? Абалдан чыгуунун жолдору барбы?
- Маселе саясый жактан чечилген менен юридикалык жактан абдан оор. Эгер К.Бакиев арыз жазбаса же ага импичмент жарыяланбаса, маселе чечилбегендей көрүнөт. Бирок Лениндин "төмөндөгүлөр каалабайт, ал эми өйдө жактагылар башкара албайт" деген сөзү бар эмеспи. 7-апрелдеги окуяны мен "Кара 7-апрель" деп атоону ылайык көрдүм. Биринчиден, ушундай болот деп эч ким күткөн эмес. Чыңалуу чегине жеткендиктен ок атылганына карабай биздин кырчындай жаштар бийликти качууга аргасыз кылды.
Ал эми юридикалык жактан азыркы кырдаалдан чыгуу үчүн бизде бир жол турат. Бул - референдум жолу. Референдумга президенттин ыйгарым укугун токтотуу, парламентти таратуу, өкмөттү кетирүү маселесин кийирсе болот. Ошону менен бул маселе чечилет. Бирок бул үчүн БШК өтө таза кишилердин курамынан түзүлүшү керек. Ага бардык саясый күчтөрдүн өкүлдөрү кирсе жакшы болмок. Ошонун баары бекитилгенден кийин бул институт легитимдүү болот. Ошол референдум менен Конституция маселесин да чечип алмакпыз. Мен азыр бул ойду жолугушууларда сунуштап жатам. Абал өтө эле татаал. Азыр жанагы кызмат бөлүшмөй ж.б. майда-чүйдө иштерди кое туруп, эң ириде биз мыйзамдуу жолго түшүшүбүз керек. Алмаштыруу керек десе эле баарын жаңылаган болбойт. Саясый кызматтар эле алмаштырылса жетиштүү.
- Учурдагы кооптуу деген маселелердин катарында түндүк-түштүк, уруучулдук сыяктуу маселелер бар. Абалдан булардын таасирин байкатпай чыгып кетүүгө болобу?
- Албетте болот. Бул үчүн өтө ийкемдүү саясат керек. Мен түндүктө да, түштүктө да иштегем. Карапайым адамдар арасында булар боюнча эч кандай маселе жок. Албетте ыплас саясатчылар муну курал катары колдонот. Бул жерде менин позициям так: кайсы улут, кайсы жерден, кайсы уруудан болбосун жакшы менен жаманы бар. Кимдин ким экенин өз элинде, өз жеринде эл жакшы билет. Биз "уят" жана "эл эмне дейт" деген эки сөздүн маанисин кеңири жайылтышыбыз керек. Эл эч качан мыкты кадрларды жерине карап бөлбөйт. Мен бир кезде түштүктөн атаандаштык жол менен депутат болуп шайлангам. Түндүк менен түштүктү куштун кош канатына салыштырып жүрбөйбү. Бир канатсыз кыргыз эли жок болот. Ошону баарыбыз билишибиз керек.
- Кандай дейсиз, утурумдук өкмөт бүткүл элдин ишеничине кире алабы? Дегеним, түзүлгөнүнө бир жума болбой ар кандай сөздөр чыгып кетти. Ар кандай кызматтарга кайра эле өз адамдарын коюу, бир күндө жетекчиси үч-төрт жолу алмашкан мекемелер бар.
- Чынында абал өтө оор. Ар кандай окуяларды мен да угуп жатам. Укмак түгүл кашкайган фактылар бар. Кечээ эле Бакиев бийлигинин жанында коррупцияны гүлдөтүп жүргөндөр азыркы убактылуу өкмөттү да тегеректеп жүрүшөт. Эгер алар таза, чыныгы профессионал болсо менин каршылыгым жок. Мамлекеттик кызматкерлер Акаев бийлигиби же Бакиев бийлиги болобу, кайсы режим болбосун таза иштеш керек. Ал эми ыплас, коррупцияга малынган, криминал менен байланышкан адамдарга мамлекеттик кызматтан орун берилбөөгө тийиш. Муну азыркы өкмөт да эске алыш керек.
- Сиз деле тышкы иштер тармагында иштегенсиз. Эмне үчүн утурумдук өкмөттүн курамына кирбедиңиз?
- Мага убактылуу өкмөттө тышкы иштер министрлигин жетектеп бер деген сунуштар түштү. Бирок мен андан баш тарттым. Себеби, мен Бакиев бийлигине оппозиция болуудагы максатым кызмат эмес болчу. Эң негизгиси, элдин турмушунун оңолушуна, демократияга салым кошсок болгону. Азыр ушунун үстүндө иштеп жатам. Учурдагы кырдаалдан чыгуу үчүн өтө көптөгөн кишилер кайрылып жатат. Мен өз ойлорумду жакын арада сөзсүз элге билдирем.
- Азыр дүйнөлүк коомчулук Кыргызстандагы абалды турукташтырууга салым кошуп, жардам беребиз деген менен убактылуу өкмөттү да, К.Бакиевди да иш жүзүндө колдогон бирөө болбоду. Биз тышкы күчтөрдүн курмандыгы болуп жаткан жокпузбу? Анткени 7-апрелге чейин андагы оппозиция транзиттик борбор кетсин деп Россияга ашкере ыктагандай болушту…
- Тышкы саясат өтө кылдат нерсе. Биз геосаясат жактан өтө кооптуу кырдаалда турабыз. Андыктан биздин өз алдынча саясый жүзүбүз болуш керек. Адам менен мамиле түзгөндө анын деңгээлине, мүнөзүнө, жадагалса чөнтөгүнө жараша мамиле болот го. Тышкы саясатта да мамлекеттер менен мамиле жасоодо ушуга басым жасалат. Экинчиден, жоопкерчилик деген бар. Сөз бердиңби, аны аткар. Бул жакты кууйбуз, тигини кетиребиз дегенде этият болуш керек. Азыр убактылуу өкмөттүн башка өлкөлөр менен кантип сүйлөшүп жатканы мага белгисиз. Эгер транзиттик борборго келсек, ал боюнча бир киши чечим кабыл албаш керек. Чындап элдик бийлик орното турган болсок, мындай иштерди референдум аркылуу элге алып чыкканыбыз оң. Мындай дүйнөлүк тажрыйбада бар.
- Азыр Кыргызстанда ОБСЕнин, ООНдун жана АКШ, Россиянын өкүлдөрү жүрөт. Алардын бири бир тарапты, экинчиси башка тарапты колдоп, абалды андан ары татаалдантып жибербейби?
- Андай болушу мүмкүн эмес. Анткени тыштан келген өкүлдөр абалды эң сонун түшүнүп турат. Азыркы режимдин кулаганына тышкы саясатчылар чоң баа берип жатат. Мындай болот деп эч ким күткөн эмес.




  Кулак салсаңар боло

Бегиш ААМАТОВ, коомдук ишмер:
"Биз мекенге чыккынчылык кылдык"
- Азыр өлкөдө болуп жаткан саясый кырдаалга кандай баа бересиз?
- Биз жалпы Кыргызстандын эли жыйырма жылдан бери мамлекет куралбай келебиз. 1993-жылы легендарлуу парламент кабыл алган алгачкы Конституция чү дегенде эле президентке жаккан жок. Себеби, президенттин бийлиги өтө чектелген эле. Ошол Конституцияда жеке адам же айрым топтор бийликти өз энчисине басып алуу өтө оор кылмыш деп жазылган. 1993-жылы жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин көпчүлүк депутаттар Аскар Акаевге сиз да, биз да кетели, тарыхыбызды жаңы Конституция менен жаңы барактан баштайлы дедик. Бирок ал көнгөн жок. Көрсө, өлкөгө 2 млрд. доллар келе жаткан экен.
Биз Кумтөр долбоорун колдободук. Кийин кокусунан эле өлкөгө казак президенти Нурсултан Назарбаев келип, "Руханияттын" сыйлыгын филармонияда алып калды. Анан ошол жерде Башмыйзамыңарды окуп чыктым, президентте эч кандай укук жок экен. Муну да эл шайлаган, андыктан Конституцияны кайрадан карап чыккыла деди. Көрсө, А.Акаев Н.Назарбаев менен Каркырада бир күн түнөп, Кумтөр жана башкалар жөнүндө сүйлөшүп алышкан экен. Ошондогу Конституцияда аны бир эле парламент өзгөртөт деп жазылган. Бирок Акаев аны референдум менен өзгөрттү. Ошол жерден мыйзам бузулуп, ал мамлекетке чыккынчылык кылды. Бул өтө оор кылмыш. Кийинки биздеги болгон туура эмес иштер, азыркы балдардын атылышы, Үзөңгү-Кууш, Каркыранын сатылышы, Аксы окуясы ж.б. баары ошол чыккынчылыктын айынан.
- Убактылуу түзүлгөн өкмөттүн негизги аракети кандай болушу керек?
- Кайсы жерде Башмыйзамды сыйласа, аларда абал ар дайым туруктуу. Эч кандай тополоң болбойт. Кан төгүлбөйт. Кечээ бизде Акаевди Бакиев айдагандай эле Бакиевди булар айдап чыкты. Азыркы убактылуу өкмөт өлкөгө туруктуулукту камсыз кылыш керек.
Булардын үстүнөн көзөмөл кылган убактылуу коомдук парламент керек. Эгер көзөмөл болбосо өз билгенин кыла берет. Алты айдын ичинде да көп иш жасап коюшат. Кайталап айтайын, баары 93-жылкы Конституциянын негизинде болсун. Ал иштей баштаса кол тийбестик деген дароо жоголот. Анан Акаевди да, Бакиевди да жоопко тартса болот. Азыр убактылуу өкмөт иштеп турсун. Бирок биз бийликти 93-жылкы эң алгачкы Конституция менен жаштарга, жаңы муунга өткөрүп беришибиз керек. Калгандары элден, Кудайдан кечирим сурасын. Акаев, Бакиев бийлигинде иштеген кадрлар жеп-ичмей боюнча жугуштуу илдетке кабылган.
Уучубуз куру эмес, билимдүү жаштарыбыз көп. Алды Гарвард университетин бүтүп жатат. Биз жаштарга мамлекет куруп бере албадык. Жок дегенде эл менен жерди эсен-соо колдоруна тапшыралы. Жаштарга татыктуу жашоо куруп берүүнүн ордуна ишсиз калтырдык, тентиттик, акырында аттык. Акаев менен Бакиевге кошоматтанып, жакшысыңар дедик. Балдарыңар мыкты, акылдуу дедик. Ошентип биз Мекенге чыккынчылык кылдык. Конституцияны өзгөрткөндөр, кыргыздын жерин саткандар, баары жазага тартылышы керек. Эгер буларды жасабасак кайра эле кан төгүлөт. Жыйырма жыл кандай жашасак ошондой жашай беребиз. Азыркы убактылуу өкмөттө иштегендер Акаев менен Бакиевдин "оорусун" жуктуруп алышкан. Айрымдары кыргыз жеринин сатылышына добуш беришкен.
- Коңшу өлкөлөр биздеги кыйын кырдаалга калыс сөз айтып, туруктуулукту камсыз кылууга көмөк көрсөтпөй жатканын кандайча түшүнөсүз?
- 1989-жылы Желтоксон окуясында казак эли кыйналып запкы көрүп турганда Бишкекте кыргыз жаштары аларды колдоп көтөрүлүшкөн. Анжиян окуясында өзбектер кыргыз жерине качканда орун бердик, батырдык. Азыр бизде 100гө жакын киши өлдү, миңден ашууну жарадар болду. Бирок казак бийлиги да, өзбек бийлиги да унчукпады. Жок дегенде көңүл айтса болот эле да.
Мына Польша президенти делегациясы менен кырсыктан курман болду эле, Россия аза күнүн жарыялады. Ошого карабай Медведев менен Путин да кыргызга жардам беребиз деп жатышат. Биздин эки коңшубуз жок дегенде орусчалык болбоду. Себеби Акаев менен Бакиевди колдоп жүрүп Каркыраны, пансионаттарыбызды алышты. Акаев качканда башпаанек беришти.
Бетти даярдаган
Келдибек НАЗИРОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
16-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Чындык үчүн арналып чымын жаны,
Чыркырады аянтта кызыл каны.
2-бет
Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул БАКИРОВ:
"Чакан ГЭСтин директору менен сүйлөштүм"

3-бет
Бизди да уккула
4-бет
Оп, майда
5-бет
Жер - кыргыздын бактысыбы же бүтпөс шорубу?
6-бет
Туура же туура эмес...
9-бет
"Катуу тартип киргизилсе"
10-бет
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, коомдук ишмер:
"Бардыгын референдум менен чечсе болот"

11-бет
Сабырбек ЖУМАБЕКОВ:
"Жабыркагандар майып болуп калышы ыктымал"

12-бет
Убактылуу өкмөт: убадалар, максаттар
13-бет
Мамлекеттүүлүктү ким ойлойт?
14-бет
Сейит ЖААНБАЕВ,
Билим берүү академиясынын кызматкери:
"Адам ресурсу, тарбиялоо четте калбадыбы"

15-бет
Кыргыз кыйырынан
16-бет
Орус ооматы келдиби?
18-бет
Жунгли закону
19-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
20-бет
Кыргыз болгуңар келеби?





??.??