09.04.10 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Акыйкаттык болсо

Калың бапкеден кабар болоор…

Ынтымак курултайына катышкан укук коргоочу, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова терроризм менен күрөшкөн биздин күч органдарынын, коопсуздук комитетинин дарегине катуу сын айтты. Ал турсун алардын мыйзамсыз аракетин ашкерелеген далилдер бар деген калың папкени президентке өз колу менен тапшырды. Азыр Россияда болгон акыркы окуядан кийин терроризм менен аеосуз күрөшүү зарыл экенин дүйнө коомчулугу айтып жатат. Ал эми Кыргызстандагы окуялар боюнча А.Абдрасулованын пикири төмөнкүдөй.

- Азиза айым, сиз өткөн жылы Жалал-Абад менен Нарындагы окуялар мыйзам чегинде болгон жок деп айтып келесиз. Бул боюнча кандай далилдериңиз бар?
- Эң башында баса белгилеп айта кете турган сөз, мен алардын күнөөсү жок, апакай деп айтпайм. Алардын күнөөсүн сот далилдеш керек болчу. Себеби, Жалал-Абаддагы эки ага-ини атылардан бир-эки күн мурда жергиликтүү коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Ошондо аларды атасы барып чыгарып кеткен. Чыгарганда да жөн чыгарбай акчасын берип чыгарып кеткен. Эми мен айтып жатам, эгер алардын күнөөсү болсо сот жообуна тартпастан туруп эмнеге чыгарып жиберишти? Кыргызстан өлүм жазасынан баш тарткан. Демек, аларды кое берип, эртеси артынан барып атып салбай, кылган күнөөсүнө жараша иликтеп, тергеп, сот жообуна тартуу керек эле. Биздин иликтөөбүз боюнча ал үй-бүлө май чыгарып оокат кылган. Ага чейин кылмыш жасаган эмес, курал кармап колго да түшпөгөн. Эми эки ага-иниден 9 бала жетим калып отурат. Атасынын айтуусу боюнча аларга жергиликтүү күч органдары 2006-жылдан бери аңчылык жүргүзүп, акча үмүт этип жүрүшкөн. Ага-инилер атылгандан эки күн өтпөй экөөнүн тең аялдарын алып барып камашкан. Биринин аялын бошотуп, экинчисин 7 жылга кесип жиберишти. Аны да жергиликтүү укук коргоочулар күнөөсү жок деп жатышат. Азыр артында калган тогуз бала жетимишке чыккан чоң атанын колунда калды. Аларга пособие алайын десе жергиликтүү органдар справка бербейт экен. Ошондо биздин расмий бийлик алар Өзбекстандын жарандары терроризм боюнча атайын чет өлкөдөн даярдыктан өткөн деп чыккан. Бирок жергиликтүү эл аларды Кыргызстандын жараны деп ырастайт. Ошондуктан да аларга справка берилбей жатат. Эгер өлгөнү чын болсо эмнеден өлдү ошону жазып справка бериш керек эле да. Же бизде өлдү деп да справка берилбейби?
- Бирок курултайда министр М.Конгантиев алар менен атышууда биздин кызматкерлерден да бирөө каза болду дебедиби?
- Ошентип айтты. Бирок биз, укук коргоочулар ошол өлгөн кызматкердин атын айткыла, үй-бүлөсүнө жардам берели, анын ысымын эл урмат менен атап жүрүш керек десек, бул мамлекеттик сыр деп айтпай жатышат. Колго түшкөндөрдү соттогондо да сот укук коргоо кызматкери атып өлтүрүлдү деген беренени алып салууга мажбур болду. Себеби, анын аты аталбады. Демек, эч ким өлгөн эмес. Баарынан да Өзгөндө эч бир күнөөсү жок Мамадалиев дегендердин үйүн аткылап өрттөп жиберишкен. Үйдө боюнда бар келин, он төрт жашар бала жана секелек кыз болгон. Алар үйдү аткылап жатканда полдун фанерасын бузушуп, жертөлөгө качып кирип ошондон аман калышкан. Кийин үй күйүп бүткөндөн кийин алар биз барбыз деп үн чыгарса, сойлоп келгиле деп буйрук берген. Ошол убакта атасы менен 22 жаштагы баласы Өзгөндүн базарынан кеч келсе, үйү күйүп жатат. Эч нерсе түшүнүшпөйт. Күч органдары аларды да колго түшүрүп, боюнда бар аялды жер сойлоткону аз келгенсип, ички кийимине чейин чечиндирет. Он төрт жашар баланы көгала кылып сабаганын видеого тартып алгам. Мен алар менен Оштун СИЗОсунда жолуктум. Алар өтө карапайым кишилер. Жергиликтүү элдин айтымы боюнча Өзгөндөн ары чыгышкан эмес экен.
- Сиз Ноокат окуясы боюнча да бийлик тарабынан туура эмес иштер болду дегенсиз?
- Ноокатта 39 киши камалды. Алардын арасында камалган эки аял экстремисттик диний уюмга мүчө болгон эмес. Ноокаттагы окуя экс-акимдин шалаакылыгынын натыйжасында чыккан. Ал Курман айт майрамын акимияттын аймагында өткөрөбүз деп убада берип кайра ал сөзүнөн танып кеткен. Чындыгында Ноокатта массалык башаламандык болгон. Акимияттын терезелери талкаланган. Эгер кылмыш иши козголсо, ушул боюнча козголуш керек эле. Ал жерде Өзбекстандын бир да жараны болгон эмес.
- Демек, сиз ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевдин курултайда сизге берген жообуна ынанбайт экенсиз да?
- Ооба. Себеби бул боюнча менде далилдер бар.
Келдибек НАЗИРОВ
P.S. Биз Азиза Абдрасулованын айткандарын тактоо үчүн коопсуздук комитетине жана ИИМге кайрылып көрдүк. Бирок ал жактан жооп алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Маек 7-апрелге чейин болгон.




  Эл ишенбеген чындык

Чегарачылар кыргызды эмес, кытайларды коргошобу?

Өткөн жылы Нарын облусундагы Ак-Сай, Арпа жайлоолорунда жер сатылгандыгы тууралуу чуулгандуу кеп чыгып, теңиртоолуктар көтөрүлгөн эле. Ал чыр аягына чыгып, Нарынга барган президент, премьер-министр элге эч кандай жер сатылбаганын айтышкан. Ошентсе да эл арасында бул маселе кайра жанданып, Нарын эли бийликке ишенкиребей турат. Мунун себебин сурап, Ат-Башы районунун тургундарына жана Саламат Аламановго суроо узаттык.

- Азиз мырза, кыргыз-кытай чегарасы мурунку бийликтин убагында эле такталган. Эл эмне үчүн бул маселени кайра козгоп, нааразы болуп жатат?
Азиз Мамбетмусаев, Казыбек айылынын тургуну:
- Учурда Ат-Башыдагы кыргыз-кытай чегарасы ачык эле турат десек болот. Үсөлек заставасында азыр абал өтө кооптуу. Бул жерден чегарачылар козголгуча кытай тараптан келген адам тың ат менен Ат-Башыга кирип кетсе болот. Ушу сыяктуу кооптуу белдер учурда бекемделбей турат. Союз мезгилинде кыргыз-кытай чегарасында 12 застава курулуп, эки комендатура түзүлгөн. Азыр алар жоюлуп, Торугарт бажы постунун жанында Балжууран-Сайда 8-пост, андан 65 чакырым бери ичкеридеги Коргон-Ташта мурунку Муз-Төр чегара посту турат. Бул постто кыргыз чегарачылары кыргыздарды коргобой эле, кытайларды коргогондой болуп калды. Себеби, бул жерден Ак-Сай, Арпага барчулар беш-алты жерден документ топтоп, тизме түзүп жатып посттон араңдан зорго өтүшөт. Чегаранын өзүндө 1973-жылы курулган тикенек зым менен тосулган система иштебей ээн турат. Системанын ары жагында КСП (контрольно следовательная полоса) - айдалган тилке бар. Муз-Төр постундагы солдаттар ошол тилкеге жетиш үчүн 30-40 чакырым таш жолду басып өтүшөт. Эгер азыркы Муз-Төр заставасы Үсөлек, Котур-Таш заставаларына көчүрүлсө, биринчиден, күйүүчү май, убакыт үнөмдөлөт, экинчиден, чегарабыз бекемделет, үчүнчүдөн, эл кыйналбайт. Бүгүнкү күндө мунун баары тескерисинче болуп жатат. Өз жайытыбызды пайдалана албай көп кысымдарга дуушар болобуз. Бул боюнча ынтымак курултайында премьер-министр Данияр Үсөновго билдиргем. Чегара кызматынын төрагасынын орунбасары Акылбек Нишанов жакында ичкеридеги постту алабыз деп убада берди. Бул аткарылабы, жокпу азырынча белгисиз.
- Бул маселелер өткөн жылы чечилген жок беле?
- Өткөн жылы Торугарттагы бажы постун Коргон-Ташка алып келебиз деген маселе көтөрүлгөндүктөн эл каршы чыккан. Торугартта суу жок, аба ырайы катаал деген болбогон шылтоо. Тескерисинче, Коргон-Таштын аба ырайы катаал. Азыр чегарадагы пост 6 чакырым бери Нарзан деген жерге келет деген сөздөр болуп жатат. Ал бери жылса нары жактагы жайлоолорду эл пайдалана албай, баягы чыр кайра чыгат. Эл үчүн посттун бир метр эле бери жылышы чоң зыян. Ансыз да жогоруда айткан көзөмөл системасы менен Какшаал тоосундагы нейтралдуу тилкенин ортосунда кыргыздардын далай жери калып кеткен. 37 жылдан бери ошол жерлерди пайдалана албай келатабыз. Кыскасы, союз тарагандан бери кыргыз посттору берилеп эле келатат. Анан кантип эл нааразы болбой койсун.
- Алмаз мырза, жердештериңиз неге бийликке ишенбей жатышат?
Алмаз Мамбетов, Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну:
- Былтыр кытайлар кирип келип там салганда Кара-Булуң, Казыбек, Кара-Суу айылдарынын тургундары чыр салышып, тигилер кайра көчүп кетишкен. Андан кийин комиссия түзүлүп текшерилген. Эл кытайлар эмне себеп менен былтыр үй салышты, кийин кайра келишеби деген ой менен бийликке ишенбей жатат. Кытайлардын биздин чегарага кирип келип үй салганынын себебин бийликтегилер элге түшүндүрүп берген жок. Борбордон келишип эле "болду, маселе чечилди, алар чыгарылат" деп коюшту. Буга ишенип калгыдай эл келесоо эмес да. Ошондуктан миң айтылса да эл аларга ишенбей жатат. Учурда Жетим- Тоодо кытайлар жүрөт. Бул боюнча эл сураса Аскар Салымбеков изилдөө жүрүп жатат дейт. Улуулардын айтымында, изилдөө союз мезгилинде эле аяктаган экен. Ушундайлардан улам эл бийликке ынанбай жатат. Азыр Кара-Сууда жол салууга келген 20 кытай жашап жатат. Буларды көрүп эл дагы ызы-чуу боло баштады.
- Саламат Кулембекович, учурда нарындыктар президенттин, өкмөт башчынын "Ак-Сай, Арпа сатылган жок" дегенине ишенбей жатышат. Эл жөн толкубайт эле. Жер сатылып кеткен жокпу?
Саламат Аламанов, кыргыз өкмөтүнүн делимитация, демаркация боюнча делегациясынын жетекчиси:
- Жерди сатуу деген чоң маселе. Президент же премьер-министр жөн эле бир жерди сатып ийе албайт. Жер сатуу деген эреже да жок. Эл эч качан чындыкка ишенбейт. Тескерисинче, аларга козуткан кеп жакыныраак болот. Чындык деген элдин ишенген-ишенбегенине карабайт. Чындык дайыма чындык боюнча кала берет. Ошондуктан, мен буга эч кандай комментарий бере албайм. Мен Ак-Сай, Арпада жер сатылды дегенге ишенбейм. Буга биздин мыйзам жол бербейт. Кыргыз-кытай чегарасы жүз пайыз такталган.

Мелис СОВЕТ уулу