09.04.10 - 12-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Океан ары жагынан салам

Америкада тогуз жылдан бери жашап, Кыргызстандын желегин желбиретип келаткан мушкер Алмазбек РАИМКУЛОВ менен интернет аркылуу байланышып, маек курдук. Албетте, Алмазбек мырза менен маңдай-тескей отуруп кенен баарлашсак, маектин маңызы башкача болот беле? Эң негизгиси, анын Кыргызстанга болгон атуулдук сезими, элин, жерин сагынып атканы кебинен байкалды.

Алмазбек РАИМКУЛОВ:
"Тууганчылдыкты, калың капчыкты гана карманып отура берсек, саздан чыкпайбыз"
Алмазбек РАИМКУЛОВ 1977-жылы 18-февралда туулган. Он төрт жашынан тартып КР эмгек сиңирген спорт чебери, машыктыруучу Кален Асановдон сабак алып, машыга баштаган. Он беш жашында спорт чеберине талапкер болсо, он тогуз жашында КРнын спорт чебери болгон. Андан кийин 23 жашында эл аралык спорт чеберине жеткен. 2000-жылы Сиднейде өткөн олимпиадада төртүнчү орунду ээлеп, КР эмгек сиңирген спорт чеберлигине татыктуу болгон. Алмазбек Раимкулов эл аралык мелдештерде бир нече жолу жогорку ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын желбирегин желбиреткен. Кыргызстандын он жолку чемпиону. 2001-жылдан тартып профессионалдуу бокска аралашып, АКШнын Лас-Вегас шаарында жашап, спортко машыгып келатат. 2005-жылы үч жолку дүйнөнүн чемпиону, Атланта олимпиадасынан алтын байгени уткан кубалык Хоел Касамайор менен дүйнөлүк чемпиондук таймашка чыккан. Бирок, бул таймашта жеңиш Алмаз тарапта болсо да калыстар тобу эки мушкерге бирдей баа беришкен. Себеби, таймаш болордо Алмазбек Раимкуловго АКШ желеги менен чыгуу сунушталган эле. Андан Алмазбек баш тарткан.
2006-жылдын сентябрь айында Түндүк Американын НАБФ версиясындагы чемпиондукту жеңип алган. Алмазбек мексикалык мушкер Х.Рамирести нокаут менен жаткыра чаап салган.


- Олимпиада оюндарында Кыргызстандын тарыхында чейрек финалга жеткен биринчи кыргыз спортчусу болдуңуз. Балким, финалга жетээр белеңиз?
- Чындыгында олимпиада деле бизнестин бир түрү, ал жерде акча да чоң роль ойнойт. Менин олимпиадага катышып, чейрек финалга жетип андан-ары финалга чыгарыма да акча роль ойноп, бирок биз эч нерсе кылалбай калдык. Ошол кезде биздин министрликте спорт боюнча түшүнүгү жок адамдар отурушкан. Эгер ошол жерде спортту мыкты түшүнгөн адамдар отурса, мындай болмок эмес. Бул жердеги жетекчиликте спортту мыкты билген, өздөштүргөн адамдарды узак убакытка отургузуш керек деп ойлойм.
- Профессионалдык бокска сизди ким чакырды, кантип аралашып калдыңыз?
- Атактуу "Гермес-профи" спорт клубунун жетекчиси, спорт агенттигинин жетекчилеринин бири Александр Воиновдун сунушу боюнча чакырылып келгем.
- Америкага алгач барганда кыргыз боксчусу катары өзүңүздү кандай сездиңиз?
- Албетте, жаңы барганда кыйынчылыктар көп болду. Менеджер, промоутер табалбай, тил билбей кыйналдым. Бирок канчалык кыйналсам да күн сайын машыгууга барып, америкалыктар менен сүйлөшүүгө аракеттенип жүрдүм. Ошол кезде эле менин негизги максатым - өз өлкөмдүн даңкын чыгаруу эле.
- Азыр рейтинг боюнча канчанчы орундасыз жана дүйнө чемпиондугу үчүн рингге чыгууга мүмкүнчүлүк кандай?
- Дүйнөлүк чемпиондукка чыгууга үч рейтингдик күрөштөн кийин мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда менеджерим Влад Вортон менен байланышты токтоттум. Азыр кайрадан башка менеджерлер менен сүйлөшүп атам. Ошондон улам менде ашыкча убакыт пайда болуп, үй-бүлөмө көбүрөөк көңүл бөлө баштадым.
- Кыргызстандан профессионалдык бокста дагы кимдер бар?
- Азырынча уга элекмин, бирок келечекте чыгат деп ойлойм. Үмүт чоң.
- КМШ өлкөлөрүндөгү сиз сыяктуу спортчулардан кимдер менен байланыштасыз?
- Дүйнөнүн профессионалдык бокс боюнча чемпиону Султан Ибрагимов, Костя Цзю, Өзбекстандан Кайрат Ахмедов, Казакстандан Бейбут Шуменов менен байланышым бар.
- Көптөн бери чет мамлекетте жүрөсүз, Кыргызстанга кайтып келүү оюңузда барбы?
- Бул жактан менин тапкан каражатым үй-бүлөмдү, жакындарымды эч нерседен кем кылбай багууга толук жетет. Мындан ары да өсүүгө мүмкүнчүлүгү чоң келечектүү өлкөдө жашап атам. Бирок, бул менин өлкөм эмес. Бул жерде өзүмдү дайыма бөтөн сезем. Мага кыргызча баарлашуу, өзүмдүн үйүм, өз мекенимде жүргөндөй жакын туугандарым, досторум дайыма жетишпейт. Мен эч качан америкалыктардай кыялга баткан эмесмин. Америкага кетүүгө ошол кездеги кырдаал мажбурлады. Тилекке каршы, биздин өлкөдө спортчулардын өсүүсүнө шарт жок. Кыргызстандагы жакындарымды, өлкөмдү убактылуу таштап кетсем да өз потенциалымды өркүндөтүп, өлкөмдү дүйнөгө таанытууга шарт түзүлдү деп ойлойм. Мен машыктыруучумдун, жакындарымдын жана күйөрман-дарымдын үмүтүн актап, алардын үмүтүн өчүрбөйм деген ойдомун.
Келинчегим Динара экөөбүз азыр Кыргызстанга келгенде кандай иштерди аткарабыз деп жакшы пландарды түзүп, ошолордун үстүндө иштеп атабыз. Кыргызстанга келгенде дасыккан спортсмендер үчүн даярдоо мектебин ачып, Борбордук Азия боюнча профессионалдык мушкерлердин союзун түзсөмбү деген максатым бар. Ушунча жыл профессионал мушкерлердин дүйнөлүк борборунда жашап, көптөгөн тренер, менеджер, промоутер, бизнесмендер менен мамилелешип, өзүм үчүн эле эмес келечекте биздин өлкөгө профессионалдык спортту өркүндөтүүгө тажрыйба топтоп атам деп ойлойм. Андан сырткары, бул жерде баштаган бизнесимди да андан ары өстүрүп, Кыргызстанда кайрымдуулук фондун ачсамбы деген тилегим бар.
- Акыркы жолу Кыргызстанга качан келдиңиз эле?
- 2002-жылы баргам.
- Кыргыз кызга үйлөнүпсүз. Европа кыздары сизге турмушка чыгам деп чуркаган жок беле?
- (Күлдү) Учурунда андайлар көп болгон. Атүгүл үйүмө чейин келип алгандар да болду. Азыр деле майрамдарда открыткаларды жөнөтүп турушат. Бирок, биздин кыздарга эч кимиси жетпейт. Менин келинчегим Динара мээримдүү, акылдуу, назик, түшүнүктүүлүлүгү менен европалык айымдардан айырмаланып турат. Айрыкча ата-энем бул жакка келгенде кыздардын түшүнүгүнө таңгалып, менин кыргызга үйлөнгөнүмдү жактырды. Учурда Лас-Вегас шаарында үй-бүлөм, ата-энем, кызым Малика менен жашайм.
- Кыргыз жаштары менен чет өлкөлүк жаштардын айырмасы байкалабы?
- Бул жерден мен өз өлкөбүздөн мүмкүнчүлүгүн көрсөтө албаган кыргыздын жаштарын көп жолуктурдум. Бияктагы жаштар өз өлкөсүн өзгөчө баалары байкалат. Эгерде биздин жаштарга өзүнүн мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө жардам берилсе, алардын келечеги кең деп ойлойм.
- Сиздин оюңузча чет өлкөгө кеткен кыргыздарга эмне жетишпейт?
- Менимче, Кыргызстандагы жаштардын мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө адилеттүүлүк жетишпейт. Анткени бияктан Кыргызстандан өз максатын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алалбаган, бирок абдан акылдуу, өтө тың жаштар менен жолугууга туура келет. Тың жаштардын чет өлкөлөргө кетүүсүн токтотуу үчүн биздин өлкөдө аракетчил, максаты бар, алдыга умтулган адамдардын культун түзүүбүз зарыл. Мындай сапаттарды бардык жерге жайылтып, төмөндөн жогору көтөрүүгө өбөлгө түзүшүбүз шарт. Эгер тууганчылдыкты гана кармап, капчыктын калыңдыгын ойлоп, жалкоо болуп, демилгеси жок, алдыга умтулбай тура берсек, анда саздан оңой менен чыга албайбыз.
- Сизге биртоп кызыктуу сунуштар болсо керек?
- Жана айтып кеткендей, мендеги эң негизги максат - өлкөмдүн даңкын чыгаруу. Биздин каада-салтты унутпай, ошол эле мезгилде учурдун талабына ылайык алдыга умтулууга аракеттенем. Азыркы өсүп келаткан жаштарды өлкөбүздүн барк-баасын билип, Ата мекен үчүн кызмат кылууга үндөйт элем. Мага жолуккан ар бир кыргыздын Кыргызстанга деген патриоттулугун ойготууга аракеттенем. Алардын кээ биринин көзүнөн өз өлкөсүнө, элине ишеними жоголгону байкалып турат. Ошентсе да биз Кыргызстандын жараныбыз. Бияктан мага чоң сумманы убада кылып, АКШ желегинин алдында таймашка чыкпайсыңбы деген сунуштар түшкөн. Бирок, андайдан дайыма баш тартам. Атүгүл АКШ жараны болуумду да сунушташкан.
- Жашоонун маңызы сиз үчүн эмнеде?
- Азырынча жашоонун маңызын сезелекмин. Менин негизги девизим - кандай гана ишти колго алба, андан максималдуу жыйынтык чыгаруу. Колго алган иштин кичине-чоңуна карабай жан-дилиң менен аягына чыгуу зарыл. Эгер ал иштин маңызын чыгаралбасаң, анда таптакыр киришпей эле койгон дурус.
- Океан ары жагынан эмнени жоготуп, эмнени таптыңыз?
- Мен бул жерден убакытты баалаганды үйрөндүм. Келечектеги жашоомо абдан көп максаттарды койгом. Ошолордун баарын иш жүзүнө ашыруу үчүн убакытым жетеби деп ойлоп кетем, себеби убакыт ушунчалык тез өтүп атат. Өзүм так болуп, убакытты туура пайдаланбасам баары текке кетет.
- Кыргыз элине эмнени каалар элеңиз?
- Кыргыз элине чын жүрөгүмөн бакыт жана ийгилик каалайм!
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА,
38-67-13, nazik@bv.kg