02.04.10 - 26-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тагдырдын татаал жолунан

"Апамды, бир туугандарымды тапканыма өкүндүм"

Тагдырдын "сюрприздери" көп эмеспи. Өмүр бою өз ата-энесин, бир туугандарын билбей, бакма өскөн Зина аттуу айым менен баарлаштым. Башынан өткөргөн окуялары бүтпөгөн телесериал же кызыктуу тасмалардай элес калтырды. Бирок, бул кашкайган чындык дейт Зина айым.

- Ата-энемдин жалгыз кызы элем. Апам мени 36 жашында көргөн экен. Ага чейинки үч баласы чарчап калыптыр. Мен төрөлгөндө чоң той берип, атымды Бактыгүл коюшуптур. Турмушка чыгып, эки балалуу болуп калганымда ата-энем жол кырсыгынан каза болушту. Төркүнүм деп атамдын инисинин аялы, балдары менен катышып жүрдүм. Атамдын инисинин аялы Жаңыл апа өмүр бою райондук төрөтканада акушер болуп эмгектенип, пенсияга чыккан. Сенин киндигиңди өзүм кескем деп айтып калчу. Мындан төрт жыл мурун ал да рак оорусунан ажал тапты. Кантсе да медик эмеспи, айыккыс дартка чалдыгып, жакын арада көз жумарын сезди окшойт, бир күнү мени айылга чакыртыптыр. Жолдошум Качкынды ээрчитип барып калдым. Жаңыл апа аябай арыктап, өңүнөн азып кетиптир. Анын ден соолугун сурап, аркы-беркини сүйлөшүп отурганда ал мага бир сыр ачты.
- Мен ушул сырды өмүр бою эч кимге айткан эмесмин. Ыраматылык апаң да оозуңан чыгара көрбө деп далай жолу карганткан. Эми өлөрүм калды, бул сырды тигил дүйнөгө алып кеталбайм, ошондуктан сен чындыкты билишиң керек. Апаң Салиман сага чейин үч бала төрөгөн. Бирок, ата-энеңдин каны туура эмес болгондуктан, төрөгөн балдары майып же түрү суук болуп, бир күн жашабай эле чарчап калчу. Төртүнчүсү кыз болду, анын да ден соолугу начар, араңжан эле. Эптеп ушул балабыз аман-эсен төрөлсө дегенде ак эткенден так эткен ата-энеңди көрүп аяп да кеттим. Канчалык оор болсо да апаңа бул кызы да чарчап каларын айттым. Керебетине жатып алып боздосо, Кудайга үнү жетет.
Ошол күнү коңшу айылдан конокко келген боюнда бар келин толготуп келиптир. Экинчи баласы экен. Эмнегедир эгер ушул келин кыз төрөсө апаңдын кызы менен алмаштырып койсомбу деген арам ой башыма кылт эте түштү. Түнкү саат үчтөр чамасында алиги келин балканактай болгон кыз төрөдү. Жанымда эч ким жок эле. Ымыркайдын киндигин кесерим менен аны апаңдын кызы менен алмаштырып койдум. Менден бөлөк эч бир жан билген жок. Эртеси таңга жуук апаң төрөгөн кыз чарчап калды, ымыркайдын сөөгүн бейтааныш келинге бердим. Менин бул кылмышымды апаң экөөбүздөн башка эч ким билбеди. Апаңа ал кызды берип, төрөтканадан чыгарып жибердим. Ошентип, ата-энең атын Бактыгүл койгон кыз сенсиң, - деп оор үшкүрүндү.
Жаңыл апанын айтканына ишенбей, көзүмдөгү жашты тыялбай турдум. Ал мага өз энемдин кайсы айылда турарын да айтты. Жарым айдан өтүп Жаңыл апа көз жумду.
Эмнеси болсо да ал айткан дарек боюнча издеп барууну чечтим. Ата-энем Жумгал районундагы Чаек айылына жакын кыштактардын биринде жашайт экен. Жолдошум экөөбүз өз ата-энемдин үйүн сураштырып таап бардык. Бирок, биртопко кыжалат болуп турдум. Анткени, ошол учурда өз атам Турдубек жаңы эле каза болуптур. Мени төрөгөн апам кара жамынып, бала-чакасы менен үйүндө экен. Ушунча келгенден кийин Жаңыл ападан уккан окуяны толугу менен айтып бердим. Муунум калчылдап, эми эмне дешет дегендей улам жалдырап аларды карайм. Сөзүмдү аягына чейин уккандан кийин апам ыйлап жиберди. Экөөбүз биртопко кучакташып ыйладык. Менин сегиз бир тууганым бар экен. Улуулары үйлөнүп-жайланып, өздөрүнчө жашайт экен. Колунда кичүү кызы калыптыр. Кызык жери, ошол кыз менин кызыма куюп койгондой окшоштугун байкадым. Бир туугандарым, апам жолдошум экөөбүздү сыйлап, кийит кийгизип узатышты. Мен аларды кайра шаардагы үйүмө конокко чакырдым. Шаарда да бир туугандарым бар экен.
Менден кийинки иним мурда уурулук кылып, түрмөгө отуруп чыгыптыр. Кантсе да бир тууганым эмеспи деп аны менен да катышып жүрдүм. Эч жерде иштебеген иним биздин үйгө күн алыс келип-кетип жүрчү. Эмнегедир жолдошум Качкын аны жаман көрчү. Бир тууганым деп мен ага сөз тийгизбейм.
Бир күнү биз жумушта жүрсөк үйүбүзгө ууру кириптир. Бир жылдан бери чогулткан акчабызды, баалуу буюмдардан эч нерсе калтырбаптыр. Үйдү сапырып бир нерсе издешсе керек. Кечинде келип дароо эле милиция чакырдык. Жолдошум сенин иниң эле уурдады деп шектене баштады. Мен бир тууганыма болушам. Ошентип, үйгө кирген ууру иним болуп чыкты. Эмне кыларымды билбей калдым, аны милиция кармап кетти. Инимдин итчилиги айылдагы апама, башка бир туугандарыма да жетиптир. Аны уккан апам сарсанаа болуп үйгө келди. Уулун каргап-шиледи, бирок аны түрмөгө отургузбай чыгарып алалы дейт. Мен аны кечирсем да күйөөм кечирбеди. Сен табылган туугандарыңды же мени танда деди. Апам болсо мени энем, төркүнүм десең иниңди алып чык, болбосо топурагымды түйүп берем деп таарынат. Ортодо чайналып кеттим. Бир чети мени жарга такаган апама да таңгалдым. Башка тарбияда өскөндүктөн алар менин кандаш жакындарым болсо да, ортодо билинбеген кандайдыр бир тосмо турчу.
Күйөөмө айтпай апам экөөбүз милицияга бардык. Бирок, алар инимдин башка да кылмышы бар экенин айтып бошотпой коюшту. Апам аны түшүнгүсү келбей, мен атайылап милицияга бергендей таарынып, кетип калды. Үйгө келсем күйөөм алар жок эле жашап жүргөнсүң, катышпай эле койчу дейт. Мурда эжекелеп келип турчу башка бир туугандарым да келбей калышты. Телефон чалсам алышпайт, сүйлөшсө да кайдыгер, суз. Иним сегиз жылга кесилди. Ага албетте мени күнөөлөштү. Атүгүл сенин бизге керегиң жок деген сыяктуу жүрөк ооруткан сөздөрдү айтышты. Көңүлүм чөгүп, күйөөмдү күнөөлөп, ага да таарындым. Өзүмдүн өсүп келаткан үч баламды көрүп, мен жалгыз эмесмин деп өзүмдү сооротуп, капыстан табылган жатындаш бир туугандарымды, мени жарык дүйнөгө алып келген өз энемди унутууга аракеттендим. Бул жашоодо аларга жолукпай эле койсом болмок экен дедим.
Андан бери үч жыл өттү. Азыр байланышпайбыз. Бир жолу сиңдим телефон чалып, ал-абалымды сурады. Мурда таарынып жүргөн сиңдимдин мындай мамилесине таңгалып аткам. Сөзүнүн аягында акча сурайт. Буга чейин ага далай жолу акча бергем. Бул жолу жок дедим. Ал трубканы "тарс" эттире коюп салды. Ошол бойдон чалган жок. Депрессияга кабылып, биртоптон кийин өзүмө келдим. Мага эми балдарымдын амандыгы, жолдошумдун жанымда болгону гана жетиштүү деп ойлойм. Башка эч кимдин кереги жок.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА