02.04.10 - 17-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Бий аянт

Атын аян берип койгон

Акыркы кезде батыштын эстрадасын туурап, бийчилердин коштоосунда ырдаган ырчылар көп. Ошол ырчылардын ырына көрк кошуп, сахнада ар кандай жанрдагы бийлерди бийлеген тал чыбыктай ийилген кыргыздын жаш кыздары көрүүчүлөрдүн көз жоосун алары талашсыз. Ушул жалаң кыздардан турган "Береке" бий ансамблинин администратор-уюштуруучусу Акыл ЖЕҢИШБЕК уулу төмөнкүлөрдү айтып берди.

- "Береке" бий ансамблине үч жыл толду. Ушу убакыттын ичинде "Берекеден" бир нече кыз тарбияланып, бийчи болуп чыгышты. Негизи үч жаштан 25 жашка чейинки кыздар бийдин ар түрдүү жанрларын аткарышат. Бирок, көбүнчө улуттук бийге басым жасалат. Андан сырткары чыгыш, заманбап бийлери менен да коштолот. Былтыр жайында Түркияда өткөн бийчилердин фестивалына катышып, Кыргызстандын атынан жакшы ийгиликтер менен кайтышты. Жакында, 5-майда спорт ордосунда отчеттук концерт берүү планыбыз бар.
- Ар бир несенин башталышы каражатты талап кылат эмеспи. Силердин демөөрчүңөр барбы? "Береке" кантип түзүлүп калды?
- Анын ачылуусуна жетекчиси Айнура Кыдыралиеванын эмгеги зор. Айнура өзү үч жашынан бери бийлейт. Азыр ал 21 жашта. Жеке жашоосуна байланыштуу ортодо азыраак тыныгуулар болуптур. Эс тарткандан бери эле бийчилер тобун ачып, кыздарга бий үйрөтүп, кыргыздын улуттук бийин алыска алып чыксам деген жакшы ой-максаттары бар экен. Буга чейин бийлеп жакшы ийгиликтерге жетишкендиги тууралуу дипломдору, сертификаттары, сыйлыктары бар. Бул топту ачаарда кандай ылайыктуу ат койсом деп ойлонуп жүргөн кезде түшүнө аян бериптир. Түшүндө бул топтун аты берекелүү, майлуу-сүттүү, элине жакшы кызмат кылган ансамбль болсун үчүн "Береке" кой деген экен.
- Акыркы кезде ырчылардын көбү бийчилердин коштоосунда сахнага чыгып ырдап атышат. Силердин бийчи кыздарга да чакыруу болобу?
- Биздин бийчилерди чакыргандар көп. Мисалы, Бек Борбиев, Динара Акулова, Неля менен Урмат, Самат Дөөлөтбаков, Ильяз Абдразаков, Анжелика жана башка ырчылардын концертинде бийлешкен. Андан сырткары жакында өзбек элинин ырчылары Шахзода, "Божалар" тобу келгенде да биздин топтогу кыздарды чакырышты. Топ ачылгандан бери бийлеп, абдан такшалып калган кыздар бар. Алар катышкан концерттерден сертификат, диплом жана башка сыйлыктарды алышкан. Учурда "Берекетте" 300дөн ашык кыздар бийлешет. Баардыгы жаш курагына жараша топко бөлүнөт да ошого карата жетекчиси Айнурадан сабак алышат. Ошондон улам Айнуранын убактысы абдан тар. Албетте, ушунча кыз менен тил табышып иштөө абдан оор. Анүстүнө ал жерде кичинекей, али эч нерсени түшүнө элек кыздар да бар.
- Бул топко кыздарды алууда кандай талаптар коюлат?
- Кыздарды талантына жараша кабыл алабыз. Эң алгач жөнөкөй бийден башталып, татаалданып кетет. Жакшы бийлегендер сахнага чыгышат. Кээси бийди хобби катары кабыл алса, кээ бири бий үчүн жашап аткандай, ал эми башкасы болсо атактуу ырчылар менен бетме-бет жолугушуп, бийлегенди жактырышат. Формасын, фигурасын бир калыпта сактап, сулуу болуш үчүн бийлегендер бар. Өзүнүн фигурасын, формасын бир калыпта сактайм деген кыздар ошол эле учурда сахнага чыгып, эл көзүнө көрүнүп, таланттарын көрсөтүшөт. Бой жеткен кыздар турмушка чыгып кеткен учурлар болот. "Аял затынын бактысы үй-бүлөдө" дейт жетекчиси Айнура. Ал өзү деле турмушка чыкканда жолдошум каршы болсо чыгармачылыкты эмес, үй-бүлөнү тандап кетишим мүмкүн деп айтып калат. Бирок, "Береке" бий ансамбли эч качан жабылбайт деп ойлойм. Бизге бийлейм деп келгендер арбын. Ким кайсы учурда окуйт же иштейт, убактысына жараша машыгуу сааты түзүлгөн. Ар бир бийчинин жеке жашоосу менен бий өнөрү айкалышып, бири-бирине жолтоо болбошу керек. Айнуранын ата-энеси топтогу кыздардын формасын сактоо үчүн үйүнөн бир чоң бөлмөнү бошотуп берген. Учурда бир бөлмө толтура үч жылдан берки кыргызча, чыгыш, заманбап бийлерине ылайыкташкан костюм, бут кийимдер бар.
- Түркияга барганда маданият агенттиги жардам бердиби же өзүңөр демөөрчү таап бардыңарбы?
- Ар бир кыздын бийине жараша кийген кийимдери, бут кийимдери бир топ акчаны чапчыйт. Азырынча демөөрчүбүз деле жок. Негизи топко демөөрчү болгон Айнуранын ата-энеси жана өзүнүн аракети. Ал эми маданият агенттиги биздин бийчи кыздар тууралуу жакшы билишет. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде өтө турган иш-чараларга сөзсүз чакырышат. Ырчыларды жандап бийлеген бийчи кыздар бекер бийлешпейт, алардан түшкөн каражатка форма тиктирип, өзүн-өзү каржылаганга аракет кылышат. Андан тышкары учурда кыргыздын тойлору ырчы-бийчилерисиз өтпөй калбадыбы. Алардан да атайын чакыруу түшөт. Биздеги ар бир бийдин татаалдыгына жараша баасы бар.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Өнөрдү сынаар кез келди

XXI кылымдын манасчысы май айында белгилүү болот

Буга чейин белгилүү тележурналист Шайырбек АБДРАХМАН быйылкы мурас жылынын алкагында "Манас-мурас" жана республикалык "Айтыш" коомдук фонддору менен биргелешип XXI кылымдын манасчысын тандоо үчүн эл аралык сынак уюштуруу түйшүгү менен жүргөнүн кабарлаганбыз. Манас ааламы улуттук маданияттын туу чокусу болгондуктан бул иш-чаранын жүрүшүн чагылдырып турууну да моюнга алганбыз. Байге фонду 1 млн. сомдон ашкан сынак жакындап келатат.

- Шаке, манасчылардын сынагы качан башталат?
- Биздин уюштуруу комитет иштеп чыккан жобо боюнча сынактын тандоо туру 1-майда, саат 9.00дө улуттук тарых музейинде өтөт. Бул тандоо туруна 16 жаштан жогорку Кыргызстандан жана башка мамлекеттерден келген бардык манасчылар катыша алышат. Өнөрпоздорду каттоо саат 9.00дөн 10.00гө чейин жүрөт. Бул убактан кечиккендер сынакка катышпайт.
- Тандоо турунун шарты кандай?
- Ар бир манасчы "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинен калыстар тобу тандаган эки окуяны айтып бериш керек. Ар бир окуяга 10 мүнөттөн убакыт берилет. Манасчынын үнү бүтүп калса, сөзү маанисиз боло баштаса же окуяларды чаржайыт, ирээтсиз айтса, калыстар тарабынан мөөнөтсүз токтотулат.
- Мындан канчоо жеңип чыгат?
- Калыстар тандоо турунан 5 манасчыны тандап, алар биринчи айлампага ат салышат. Ал таймаш 2-3-4-майда саат 9.00дө тарых музейинде өтөт. Мында манасчылардын убактысы чектелбейт. Ар бир манасчы "Манас" эпосун эң башынан баштап, токтогон жерине чейин айтат. Ирээти кезек кагаз аркылуу такталат. Жогорку айлампадан өткөн үч манасчы жарым финалга жолдомо алат. Жарым финал жана финал 15-майда саат 16.00дө Т.Сатылганов атындагы филармонияда уланат. Үч манасчы "Манас" эпосун эң башынан баштап, бири-бирин улап айтат. Ирээти кезек кагаз аркылуу чечилет. Эки саатта жалпы убакыт берилип, кезек 20 мүнөттөн алмашылып турат. Финалга эки манасчы тандалат.
- Анан экөөнүн бирин тандоо кандай жол менен жүрөт?
- Финалдык таймаш тема аркылуу жүрөт. Берилген бир теманы эки манасчы тең айтат. Нааразылык болбош үчүн бирин-бири укпай турган шарт түзүлөт. Ар бир манасчыга 1,5 сааттан убакыт берилет.
- Эки манасчы тең мыкты болсо XXI кылымдын манасчысы экөө болуп калабы?
- Бул дагы сынактын жол-жобосунда каралган. Мындай кезде улуттук нарктуулукту сактап, эки манасчынын жашы улуусуна жол берилет.
- Эгер эки дастанчы тең бир жылда, бир күндө төрөлүп калсачы?
- Андай болгондо калыстар чечет.
- Калыстар тобунун мүчөлөрү кимдер?
- Бул азырынча жашыруун боюнча калсын. Албетте, манасчылык өнөрү боюнча болуп жаткан эл аралык сынактын калыстар тобунун курамы кызматына же байлыгына карата тандалбайт. Биз мүмкүн болушунча бул элдик өнөрдүн ийне-жибине чейин билген, кара кылды как жарган калыс жарандарды сынатабыз.
- Манасчыларга коюлуучу негизги талаптар кандай?
- Биринчиден, манасчы эпосту толук жана ирээти менен билиши керек. Ошондой эле жобо боюнча берилген темага так жооп берүүсү, аткаруу чеберчилиги жана сахнадагы маданияты, улуттук кийими калыстардын көз кырында болот.
- Сынактын демөөрчүлөрү кимдер?
- Башкы демөөрчүлөрүбүз "Манас-мурас" жана "Айтыш" коомдук фонду, калгандары "Замандаш" ассоциациясы, улуттук Т.Сатылганов атындагы филармония, улуттук тарых музейи. Дагы да кыргыздын кымбат өнөрүнө кайдыгер карабаган эр-азаматтарды демөөрчүлүккө чакырат элек. Баса, Манас темасына тартылган сүрөтчүлөрдүн эмгектерин да кабыл алабыз. Ушул жана башка маселелер боюнча сурап билүүчү телефондорубуз: (0312) 303616, (0312) 303614 (0555) 999 351, (0772) 657-647. Электрондук дарек: azamatakyn@mail.ru
Зайырбек АЖЫМАТОВ