26.03.10 - 9-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Уктуңарбы, эй?

"Бардыгына борбордук агенттик жооп бериши керек!"

Инновация, инвестиция жана өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик (ИИӨБА) түзүлүп, анын башчылыгына Максим Бакиевдин дайындалышы коомчулукта түрдүү пикир жаратканы белгилүү. Оппозиция өкүлдөрү буга караманча каршы чыгып, президент өз уулуна өлкө экономикасын дүңүнөн карматып жиберди деп баалашкан. Ал эми "Асаба" партиясынын ордо кеңешинин төрагасы Турат ДҮЙШЕЕВ мындай ойго кошулбайт. "Тескерисинче, ИИӨБАны колдоп, конструктивдүү программаларды сунушташыбыз керек" дейт ал.


- "Асабада" Акылбек Үмөталиев деген экономист бар. Ал мындан алты жыл мурда "өлкө каражатын ой келди чача бербейли. Анүчүн финансыны көзөмөлдөй турган орган түзүү зарыл" деген эле. Ошонун негизинде мамказынага көзөмөл жүргүзүүчү мекеменин долбоору даярдалган. Акылбек мырза аны партиябыздын агездеги теңтөрайымы Роза Отунбаевага көрсөткөн. Тилекке каршы, Роза айым саясат менен көбүрөөк алпурушуп, ага анчейин көңүл бурган эмес. Ошону менен Үмөталиевдин идеясы көмүскөдө калып кеткен.
- Демек, Ак үй "асабачылардын" идеясын уурдап, инновация, инвестиция жана өнүктүрүү боюнча борбордук агенттик түзгөн экен да?
- Антип айткандан алысмын. Кеп мааниси башкада. Бизде министрлик, агенттик аттуудан көп нерсе жок. Алар жылына миллиондогон, миллиарддаган каражаттарды сарптайт. Бирок иштин жыйынтыгы ойдогудай эмес.
Жакында өкмөт башчысы менен президентке конструктивдүү программабызды жөнөтөбүз. Анда борбордук агенттиктин ишмердүүлүгүн жакшыртуу жаатында сунуштар айтылат. Маселен, министрликтердин бири калбай өздөрүнүн программасын иштеп чыгышы керек. Анын аткара турган функциясы, милдети так көрсөтүлүшү абзел. Ошого жараша ИИӨБА каражат бөлүп эле тим калбастан, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп турмакчы. Жыйынтыгында коррупциянын деңгээли азайып, экономика өнүкмөк. Эгер мамлекет алдыга эмес артка кетсе, бардыгына бир орган - борбордук агенттик гана жооп берет. Мындай кырдаал ИИӨБАнын аброюн, эң башкысы жоопкерчилигин арттырат.
Бизде борбордук агенттиктен сырткары үч өнүктүрүү фонду бар. Аларды жоюп, ИИӨБАга кошуш керек. Мунун аркасында айлык акы өңдүү чыгымдар азаят. Анүстүнө саны бар, сапаты жок фонддордун кажети канча?
- Өнүктүрүү фонду дыйкандарга жеңилдетилген кредит таратууда. Бирок анын үстөк пайызы өтө жогору экендиги көпчүлүктүн нааразычылыгын туудурду. Бу жаатта кандай сунуш киргизер элеңиз?
- ИИӨБА айыл чарбасына кам көргөнү жакшы. Бирок, агенттик бир нерсени эсепке албагандай. Маселен, кредит алгандан кийин бир ай өткөн соң үстөгүн төгө башташың керек экен. Ушул кантип болсун? Күзүндө араң түшүм жыйналат эмеспи. Андыктан, кредиттин мөөнөтүн 2-3 жылга чейин узартуу талапка ылайык.
Борбордук агенттиктен каражат бөлүштүрүүчү компаниялар чет мамлекеттики эмес, Кыргызстандыкы болушу зарыл. Бул финансы кайсы максаттарга жумшалып аткандыгын ачык айкын көрсөтүүгө өбөлгө түзөт. Эл аралык аферисттерге алданып калуу сыяктуу көйгөйлөрдөн арылабыз.
- Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун шарапаты менен биртоп жаңы министрликтер жаралып, айрымдарынын статусу ылдыйлап, кээлери жоюлуп кетти. Ал эми "асабачылардын" программасында ушул маселе каралганбы?
- Президенттин жаңылануу саясаты азырынча аягына чыга элек. Мындан улам, биздин партия айыл чарба министрлигин жоюп салууну сунуштайт.
- Эмне үчүн?
- Себеби, айыл чарба министрлиги өз милдетин так аткара албай жатат. Министрликке чегерилген каражаттын жарымынан көбү айлык акыга сарпталат экен. Экинчиден, республика аймагында мамлекет карамагындагы айыл чарба объектилери жокко эсе. Бардыгы жеке менчикке өтүп кеткен. Андай болсо, килейген министрликти кармап туруунун пайдасы жок го дейм.
- Айыл чарба министрлигин "оомийин" кылдык дейли. Анда анын функциясын кайсы мекеме аткарат?
- Президенттик аппараттын алдында атайын айыл чарба департаментин түзгөн ыңгайлуу. Ал чакан болгону менен, мобилдүү иштеп, министрликтин милдетин кыңк этпей аткарат. Андан үнөмдөлгөн каражатты дыйкандарга арзан баада солярка, жер семирткич, үрөн өңдүү пайдалуу иштерге жумшаганыбыз артык.
- Өлкө башчысы жакында бир катар министрликтер Ошко көчүрүлөрүн жарыялады. Ал канчалык деңгээлде өзүн-өзү актайт?
- Өкмөт түгүл, борборду Ошко көчүрүү зарыл. Учурдагы кырдаал ушундай кадамды талап кылууда.
- Муну жүзөгө ашыруу үчүн миллиондогон каражат сарпталат эмеспи. Ага мамлекеттин чамасы жетер бекен?
- Макул, сиз айткандай, "о-уу, Ошту борборго айлантсак мынча миллион коройт" деп коркуп отура берели. А бирок маселе акчада эмес, өлкө келечегинде болуп атпайбы. Ушул калыптан жазбай кете берсек, жакынкы 4-5 жылда түштүктөн айрылып калышыбыз ыктымал. Эгемендүү эмес, бирөөгө көзкаранды мамлекет экениңди көрүп ал анан.
- Акыркы мезгилде ашынган уруучулдардын саны арбып бараткансыйт. Менин билишимче, "Асаба" партиясы уруучулдукка караманча каршы. Бүгүнкү күндө ал позицияңардан жазган жоксуңарбы?
- Кыргыздар улут катары бириге албай аткан кезибиз. Мурда төбөсү көрүнгөн саясатчылар түндүк-түштүккө бөлүнчү эле. Учурда уруучулдукка бөлүнмөй модага айланып бараткандай таасир калтырат. Мамлекет буга катуу чара колдонбосо болбойт. Уруучулдуктун кесепетинен Кыргызстаныбызды жоготуп алышыбыз толук мүмкүн.
- Кантип?
- Өткөндө кайсы бир уруунун жыйынына катыштым. Кечээ эле жооптуу кызматты аркалагандар, айталык, экс-мамкатчы Дастан Сарыгулов, экс-спикер Алманбет Матубраимов, мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев бакыйган уруу лидерлерине айланып калышыптыр. Менин таңгалганым, аты аталган инсандар убагында оппозиция короосунда жүрүшкөн. Ал жактан пайда чыкпасын түшүнүшкөнбү, айтор, бүгүн минтип уруучулдук ураанын көтөрүп чыгышты. Ушундай көрүнүштөн улам, алардын башкы мүдөөсү - кандай жол менен болбосун бийликке жетүү турбайбы деп ойлосок болчудай.
Кыскасын айтканда, биз жер-жерлерге бөлүнгөндү токтотуп, мамлекеттин эртеңин ойлонгонубуз оң. Бизге сырттан бирөөлөр келип өлкөбүздү сактап бербейт. Дагы бир жолу кайталап коеюн, ашынган уруучулдарды тартипке салыш керек.
- Түрмөгө тыгып дейсизби?
- Анчалыкка жетпейбиз го. Бирок, буга карата атайын мыйзам кабыл алуу зарыл. Маселен, мамлекет структурасын уруучулдуктун негизинде түзөбүз дегендерге олчойгон айып пул салуу жагын карасак болот. Эң негизгиси, Сарыгуловго окшогон аксакалдар уруучулдукту саясатка айландырып, саясый курал катары колдонушпаса дейт элем.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Мамлекеттик
материалдык резервдер фондунун төрагасы
Эрлан ЖАМГЫРЧИЕВге:
Былтыр сиз жетектеген фонддон 33,3 млн. сом уурдалганы Эсептөө палатасынын жылдык отчетунда айтылды. Мынча ири сумманын "көздөн кайым" болушуна не себеп? Буга өзүңүздү канчалык деңгээлде айыптуумун деп эсептейсиз?
Экс-депутат
Муратбек МАЛАБАЕВге:
1. Өткөн жылдын соңунда Кыргызстанга кайтып келгениңиз маалым. Буга байланыштуу "финансы генийи" "добро" алуу үчүн Ак үйдөгү таасирдүү фигуранын алкымын миллиондогон "жашылбай" менен "майлады" деген аңыз кеп желдей тараган. Ага кеткен каражат көлөмүн жана ал кайсы үлкөн экенин ачык айта аласызбы?
2. Үсөнов өкмөтү түзүлөрдүн алдында "мен дагы бир министрликке дайындалам" деп өпкө какканыңызды уккан жайыбыз бар. Ал максатыңыз неге жүзөгө ашпай калды?
Билим берүү министри
Абдылда МУСАЕВге:
Эсептөө палатасынын жылдык отчетуна ылайык, былтыр Билим берүү министрлигинде 1 млн. сом кумга сиңген суудай жок болуптур. Мунун себебин айта аласызбы?
"Ата мекен"
партиясынын мүчөсү
Равшан ЖЭЭНБЕКОВго:
Ак үйдүн 7-кабатынан кызмат сунушталса, "мен министрликтен башкага барбайм" деп моюн толгогон имишсиз. Андан көп өтпөй өзүңүзгө караштуу басылмадан кыргыз бийлигин каралаган кайрылуу жарыяладыңыз. Эгер Бакиев бийлиги мүдөөңүздү канааттандырса, оппозициядагы таламдаштарыңызды таштап кетет белеңиз?
Мурдагы тышкы
иштер министри
Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВго:
1. 2007-жылдагы апрель митингинде оппозицияга "мен силерди Кремлдин айрым лөктөрү менен жолуктурам. Бирок, муну биздин бийлик билбесин" деген экенсиз. Ошол эле маалда Ак үйдөн үмүт үзбөй, үлкөн кресло үмүт этип жүргөнүңүз элита каймактарынын эсинен алигиче чыга элек. Ушул көрүнүш сиздин кандай саясатчы экениңизди айгинелебейби?
2. Сизге каршы кылмыш иши козголгондон кийин үй-бүлөлүк бизнесиңизге да "атака" башталганын эшиттик. (Жаңылбасак, Аликбек мырза маалымат каражаттарына байма-бай маек куруп, өмүрү ишкерлик менен шугулданбаганын билдирген). Сыр болбосо, ал бизнестин кайсы түрү эле?
Экс-депутат
Осмонбек АРТЫКБАЕВге:
Айрым күчтөр сизге кысым жасап, бизнесиңизди тартып алганы тар чөйрөдө айтыла баштады. Мындан улам "Кыргызстанда тынч жашоо өтпөйт окшоп калды. Бөлөк мамлекетке кетип, жаңы бизнес ачпасам элеби…" деп катуу жинденипсиз. Кайсы өлкөгө журт которууну ойлонуп жатасыз?
"Агым-пресс"