26.03.10 - 3-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Оп, майда
Бир орунда турмай жок
Кыргызстандын тышкы соода алакасы өткөн жылы 4 млрд. 491,9 млн. долларды түздү. Бул жөнүндө мамлекеттик бажы кызматынын статистика башкармалыгы билдирди. Бул көрсөткүч 2008-жылкы суммадан 1 млрд. 178,2 млн. долларга аздык кылган. Эки ай ичиндеги быйылкы көрсөткүч 660,18 млн. долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 148,53 долларга көптүк кылат. Импорт 33,91 млн. доллар, экспорт 114,62 млн. долларга өсүптүр.


Түтүн кайдан?
ЧКМ билдиргендей, өткөн жумада Кыргызстан боюнча 23 өрт кесепети катталган. Борбордогу Аламүдүн базарында чоң өрт чыккан. Бишкектеги "Эркингүл" кафесинин экинчи кабатындагы сулуулук салону да күйүп кеткен. Токтогул районунда орто мектеп да жалында калган. Жалындын очогу директордун кабинетинен чыккан. Эбеп-себеби текшерилип жатат.


Эрдикпи же…
"Жоомарт" кыймылынын лидери Нурлан Мотуев кечээ редакцияга келип "Учур" гезитинин эки компьютерин жерге чаап салганын билдирди. Көрсө, окуя мындай болгон экен. Гезиттин акыркы санына президент болуудан түңүлбөгөн кадимки доктор Апастын маеги жарыяланат. Ал маекте Мотуевдин аброюна шек келтирген маалыматтар бар экен. Нурлан Мотуев "Учур" гезитинин редакциясына барганда бардык кызматкерлер качып кетип, жалгыз журналист калат. Доктор Апастан ким интервью алган десе ал айтып бере албайт. "Мени негизсиз маалыматтар менен шыбап жүргөн гезиттер бар. Алардын бирин сотко берсем Мурзалиева деген судья ишти аягына жеткирген эмес. Ошондуктан соттун алы гезитке жетпесе өкүмдү өз колум менен чыгардым" дейт Мотуев.


Сагымбай кайра "төрөлдү"
Улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун төрт жыл бою "бел чечпей" жаздырган "Манасы" акыры колго тийди. "Манасын" жазып жаткан Ыбырай Абдракмановго "жакшылап жаз, эмгегибизди азыркылар билбесе кийинки муун билер" дечү тура жарыктык. Сагымбай атабыздын ат башындай алтынга бергис асыл мурасын Айнагүл Алымжанова жетектеген "Кеңеш" коомдук бирикмеси өз каржысына чыгарып отурат. Китеп КРУИАнын корреспондент мүчөсү, филология илиминин доктору Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси менен жарык көрдү. Түзүүчүсү белгилүү манас таануучу Самар Мусаев. Көрсөң көңүлүң толгон китептин салмагы 7 килдей бар. Салыштыра келгенде Жусуп Мамайдын 8 томдугу бул китептин жанында баладай эле болуп калат экен. Ал эми мааниси жагынан "ар бир сөзү бир аттык" Сагымбайдын саптарына теңдеш барбы?


Кирсе чыккыс кредит
Улуттук рейтинг агенттиги деген дүйнөлүк уюм 2008-2009-жылдар боюнча өлкөлөрдүн кредитке жөндөмдүүлүк тепкичин түзүп чыгыптыр. Ал тизмеде Кыргызстан СС деген деңгээлде турат. Мунун жандырмагы - жетишсиз кредит жөндөмдүүлүгүн түшүндүрөт, башкача айтканда, алган карызын толугу менен төлөй албайт деген сөз. Тепкичтин эң чокусунда (өтө жогорку кредит төлөмдүүлүк - ААА) Швейцария жана Америка жайгашкан.


Өспөйт деп ким айтты!?
Улуттук статистика комитети Кыргызстанда быйыл январь-февраль айларында 16 млрд. 769 млн. сомдук продукция өндүрүлдү деп билдирди. Азык-түлүк, суусундук жана тамеки продукциялары эле 1 млрд. 937,6 млн. сомду чапчыптыр. Металл өндүрүшү, даяр металл жасалгалар 12 млрд. 569,6 млн. сомго жетиптир. Текстиль жана тигилген кийим-кечелер 571 млн., калган оокаттар 367 млн. сомду түздү дейт.


Бешенеге беш миң жазылды бекен?..
Кыргызстандык жазуучу Алексей Торк "Русская премия" сыйлыгын алчу финалисттердин катарына илинди. Бул сыйлык 2005-жылы негизделген. Орусча жазган чет өлкөлүк авторлорго ыйгарылат. "Чакан проза" бөлүгү боюнча Алексей Торктун "Фархад жана Ширин" аңгемелер топтому украиналык Алексей Курилконун "Үмүтсүздөрдүн үркөр тобу" аттуу повести менен байге талашат.
Байгенин жеңүүчүсү 5 миң доллар, 2-орунга 2 миң доллар, 3-орун 1,5 доллар өлчөмүндө сыйлык алышат. Жеңүүчү 12-апрелде аныкталат.


Кыйкымчыл ала допулар
Өзбекстан тажиктердин жүк тарткан вагондорун өз аймагынан өткөрбөй атканына эки ай болду. Азыр Өзбекстанда көбүнесе күйүүчү май, алюминий өндүрүшү үчүн чийки зат, курулуш материалдарын жана башка жүктөрдү тартып келе жаткан миңдей вагон токтоп турат. Мурдарак өзбек тарап Тажикстандын вагондорунун кармалуусун техникалык себептерге байланыштуу деген. Бирок тажик өкмөт башчысы Акил Акилов муну "жөн гана шылтоо" деди. Өзбекстан аймагында токтотулгандардын ичинде Рогун ГЭСине керектүү техника, курулуш материалдары, Ооганстандагы эл аралык коалициянын аскерий эмес жүктөрү бар экен.


Эми редакторлор кыймылы түзүлөбү?
Кечээ Бишкекте көз карандысыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн жыйыны өттү. Анда өлкөдөгү басма сөз эркиндигин чектеген көрүнүштөр, журналисттерге кол салуулар боюнча талкуу жүрдү. Мындай абалга каршы туруу үчүн редакторлор биригип кез-кезде чогулуп туруу керектиги айтылды. Жыйында ММКларды кайрадан каттоо боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканы тууралуу сөз болуп, бул бийликтин өзүнө жакпагандарын жаап салуу ниети деген божомол айтылды. Жыйынга чакырылган президент катчылыгынын өкүлдөрү келишкен жок.


МАИчилер солун да, оңун да толтуруп жатат
Кечээ Бишкек мэри Нариман Түлеев ШИИБнин жол коопсуздугун күзөтүү бөлүмүнүн кызматкерлерине жаңы чыккан Daewoo Nexia маркасындагы жыйырма унаа тапшырып, алардын ишин мыкты деп баалады. Эгер быйыл унаалардан түшкөн салык эки жүз миллион сомдон ашса, жол коопсуздугун күзөтүүчүлөргө 10 квартира берилет деп убада кылды. 2009-жылы Бишкектеги машинелерден түшкөн салык 150 млн. сом болгон. Ал эми алардын сол чөнтөккө солонгону канча "лимон" болду экен?


Ким кимди багынтат…
Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Эмил Каптагаевдин айтымында, өлкө аймактарында элдик курултайдын аткаруу комитеттерин түзүү иштери башталды. 17-мартта Бишкекте өткөн элдик курултайда бийликке жети талап коюлуп, анын аткарылышына 24-мартка чейин мөөнөт берилген. Э.Каптагаев ынтымак курултайы бийликтин азыркы саясаттан кайтпасын ырастаганын, ошондуктан оппозиция бийликти кетирүү талабы менен жер-жерлерде нааразылык акцияларды баштайт дейт. Президент Курманбек Бакиев ынтымак курултайында оппозиция альтернативдүү программаларды сунуштоонун ордуна жалаң сындоого өтүп алды деген болчу.


"Агым-пресс"