26.03.10 - 2-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

Осмонакундун "капуту" жана "опуту"…

Мурдагы мамкатчы Осмонакун Ибраимов "мартабалуу кызматтарда жакшы эле эмгектендим. Убагында өлкө идеологиясын өзүм каалагандай калчадым. Эми бизнестин ичегисине кан куюп, финансылык абалымды чыңдай турган кез келди" деп ымандай сырын жакындарына төгүптүр. Бизге жеткен маалыматка ишенсек, экс-чиновник борбордогу соода түйүндөрүнүн бирин ижарага алып иштетүүнү пландап аткан экен. Катуу чамынганына караганда, Осмонакун аке бизнес чөйрөсүнө "революция" жасоого көңүлү бардай. Бирок, Акаев заманындагыдай өзүм билемдикти ишкерликте да колдонуп ийеби деп коркуп атабыз.

Желке тазарды, Жээнбеков эл болду!

Электр энергиясынын наркы кымбаттаганына байланыштуу керектүү тамак-аш, кызмат көрсөтүү акысы кыйла жогорулады. Ал эми социал-демократчыл депутат Асылбек Жээнбеков өзүнө караштуу сауна, ресторандардагы бааны эки эсеге чейин арзандата баштаптыр. Маселен, Оштогу банясында баарлашкан аксакалдар "Асылбек молодец, эй! Былтыр мончо акысы 120 сом болсо, быйыл минтип 60 сом менен "па-арлашып" атабыз. Буюрса, пенсия толук мончого кетет окшойт" деп далысын кытыр-кытыр эте тырмап турушат. Көрдүңөрбү, Жээнбековдун амалкөйлүгүн. Ал Үсөновчосунан пенсионерлерди пикет-митингге чыгарып убара тартпай эле, капчыкты ушунакайча кагып коет. Жашаң, жашаң, Асылбек Шарипович!

П.М. пилди деле "жейт" го

Айыл чарба министри Искендербек Айдаралиев мамказынаны чычканчасынан "кемирген" адамды жоопту кызматка дайындаптыр, эй! Мындай кулак делдейткен кабарды Башпрокуратура таратты. Маалыматтарга караганда, Чүй облустук прокуратурасы Аламүдүн райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын П.М. аттуу ачендигине жана А.Б. деген баш бухгалтерине каршы төрт кылмыш ишин ачыптыр. Буга тиги экөөнүн 148 миң 250 сомдук бюджеттик каражатты жана 41 миң 682 сомдук бензинди "шимип" жибергени түрткү болгон экен. П.М.-ге ага чейин (2007-жылы) 172 миң 680 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик кредитти сол чөнтөккө сойлотуп жиберген деген киненин негизинде кылмыш иши козголгон тура. Кайран эргулдун бул "кылыгын" билбей калганбы, айтор, айыл чарба министри өткөн жылдын 17-июнунда буйрук чыгарып, П.М.-ди жоопту кызматка дайындаган. Кечээги чиновниктин канчалык деңгээлде "бөө" экендиги изилдөө иштеринин жыйынтыгында билинет.

Депутаттардын сүт тиши качан чыгат?

Ынтымак курултайынын төр кеңешинин төрага орунбасары Абдыжапар Тагаев журналист журтчулугун түгөл жыйып "Айрым депутаттар мыйзам жазганды таптакыр билбейт" деп агынан жарылды. Тагаевдин пикиринде, мыйзам долбоорлору министрлик жана мекемелер тарабынан жиликтенип, анан гана парламентке сунушталат. Чайнап берилген "ашты" депутаттар жакшы талкуулабай, чийки бойдон "жутуп" жиберишет экен. Буга улай "Кабыл алынган мыйзамдар орто жолдо элге жетпей "какап" атышат. Андыктан Жогорку Кеңеш өз "терисин" алмаштырып, заман талабына жооп бергидей деңгээлге көтөрүлүшү зарыл. Ошондой эле эл өкүлдөрү эки мөөнөттөн ашык шайланбашын көзөмөлгө алыш керек" деген оюн кыстара кетти.

Мамбетов неге маалкатат?

Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетовду бир жолу да Майлы-Суу шаарына басып барбаганын бул шаардан барган ынтымак курултайынын делегаты Наталья Войвенко билдирди. Анткени уулуу заттар мол көмүлгөн бул шаарда радиациянын көлөмү нормадан ашып барат. Жергиликтүү оорукананын абалы өтө кейиштүү. Бирок бул көрүнүштөр министрдин тынчын албайт. Далай ызы-чуу болгонуна карабай, бир да жолу Майлы-Сууга барган эмес. Дагы бир делегат бу министрликтин ишин комиссия текшерүү керектигин айтып чыкты.
Курултайда башка министрлер суроолорго жооп берип, келгиле, кабыл алабыз деп жатышса, Марат мырзанын текеберленип отурушу өтө өөн көрүндү.

"Агым-пресс"




Ат жалында алтооз сөз
Сиз үчүн 24-март кандай күн?
Мирослав НИЯЗОВ, коомдук ишмер:
- Бизде социалдык-экономикалык абал аябай төмөндөп кетти. Дүйнөдө артта калган, чабал мамлекеттердин катарына кошулдук. 24-марттын жемиши ушул.
Асанбек СТАМОВ, эл жазуучусу:
- Бул эми чоң деле майрам эмес да. Аны эске деле албайм.
Турдукан ЖУМАБЕКОВА,
ЖК депутаты:
- Мезгили келгенде бул күн тарыхтын алтын барактарында жазылып калары калетсиз. Анткени эл жапырт көтөрүлүп, агездеги режимге каршы экендигин ачык билдирип чыгышкан. Ошонун негизинде революция кан төгүүсүз жүзөгө ашты.
Сулайман РЫСБАЕВ, педагогика илиминин доктору, профессор:
- Менин жашоомдо 24-март андай деле зор роль ойнобойт. Аны майрам катары белгилейли десек, ал коомго, адамдардын жандүйнөсүнө терең өзгөрүүлөрдү алып келе алган жок. Жеке эле мен эмес, көпчүлүк ушундай ойдо болсо керек.
Анаш КАДЫРОВА, коомдук ишмер:
- Бүтүндөй кыргыз эли Акаев бийлигин кулатканын эч ким танбас. Бул күндүн маани-маңызы жыл өткөн сайын тереңдей берет деген ишеничим бар. Андыктан 24-март чыныгы элдик революция катары тарыхта калат жана аны майрам катары татыктуу белгилешибиз зарыл.
Токтогул КАКЧЕКЕЕВ,
саясат таануучу:
- Экс-президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөнү өзү каалагандай башкарып, ири объектилерди басып алганы мени таңгалдырып жүргөн. Ошондой зор режимге каршылык көрсөтүп, төңкөрүш жасаганы үчүн кыргыз элиме ыраазы болуп отурам.
Акин ТОКТАЛИЕВ, укук коргоочу-адвокат:
- Бул күнү мамлекеттик төңкөрүш болду. Март окуясынан кийин маалымат каражаттары кысымга алынып, карапайым калк оюн ачык билдиргенден коркуп калды. Элдин ой-мүдөөсү, аруу тилеги дээрлик аткарылган жок. Жогору жактагылар эл үчүн эмес, жеке кызыкчылыгын көздөп эмгектенип атышат.
Элнура КУЛУЕВА, "Асман.kg" гезитинин башкы редактору:
- Карапайым калк 24-мартта адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты, чындыкты коргоп калуу максатында массалык митинг уюштурган. Бийлик элдин талабы, каалоосу менен эсептешпеген жагдайда ушундай окуя болорун турмуш өзү айгинеледи. Ал бардыгына сабак болушу керек.
Кадыралы АРТЫКОВ,
обончу-композитор:
- Бу датага байланыштуу коомдо эки ача пикир айтылып жүрөт. Биринчи топтогулар 24-мартта чыныгы элдик революция жүзөгө ашканын баса белгилешсе, айрымдары ал күндү төңкөрүш катары баалашат. Жеке мен биринчилерди колдойм.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ