26.03.10 - 14-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Эки коон, бир дарбыз...

Өпкөлүкпү… төкмөлүкпү?
Кыргыз эли илгертен куюлуштуруп сүйлөп, ырдап, комузда кол ойнотуп, сөз кереметин иргеп, төкмөлүк өнөрдү төргө өткөрүп келет. Ар бир эле адам турган жеринде куюлуштуруп, комуздун коштоосунда төгүп кете албасы анык. Көкүрөгүндө көрөңгө, көмөкөйүндө сөз байлыгы, акылында ай-ааламды чапчыган ой уюткусу бар, чындап талант даарыган чыгаандар гана төкмөлүктү аркалай алышат. Мындай адамдарды баалашып, урмат-сый көргөзүп келишкен. Ал эми бүгүн Токтогул, Жеңижок, Алымкул, Осмонкул, Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы аталарыбыз калтырып кеткен төкмөлүк өнөрдүн баа-баркы канчалык?


Учурда көзгө басар улуттук каналыбызда ар ай сайын жаш төкмөлөрдүн "Айтышы" болуп келатат. Болсун. Төкмөлөр өссүн, көбөйсүн. Бирок саны бар сапаты жок, ойду-тоону оттогон, төкмө эмес, өпкө акындардын кимге кереги бар? Өткөн жуманын ишемби күнү УТРКдан СССР эл артисти, белгилүү төкмө акын Эстебес Турсуналиевди эскерүү айтышы көрсөтүлдү. Айтышта айрымдары кыргыздын ыргагы, обону түгөнүп калгансып жарашса-жарашпаса да казакча айгайлап жатышты. Акындардын кандай айтышканы өз эрки дечи. Бирок, миллиондогон кыргыздын маңдайында, болгондо да улуттук каналда кыргыз акындарынын казакча кайым айтышын кандай түшүнөбүз? Же Эстебес Турсуналиевдин түпкү теги казакпы? Же төкмө акындар ырчылардан үлгү алып, казакча "жырлаганды", "айтысканды" мода көрө башташканбы? Муну төкмөлүк эмес, өпкөлүк, акындык эмес, аша чапкандык десек туура болчудай.
Мунусу аз келгенсип айтышта "төкмө сымалдарыбыз" эл алдында өзүн, өнөктөшүн айга-күнгө теңеп мактаганын көрүп, айласыздан баш чайкайсың. Өнөктөштөрдүн бири супсак, мааниси көртурмуштан алыстай албаган сөздөрдү эптеп уйкаштырып айтышын аяктаса, экинчиси "калпыдың сөздүн каймагын" деп айтышты улап жатат. Тантыраган кепте кайдагы каймак? Азыркы "төкмө акындарга" бири-бирин мактоо сөз каймагы катары сезилсе, элдин, көрүүчүлөрдүн көңүлүнө көк сүттөй эле тиет.
Мактоо демекчи, жакында Ошко барган президентти дагы бир "төкмө сымал" Кудайга теңеп салды. Мындай одонолугу менен ал ажонун кадырын көтөргөн жок. Тескерисинче, ал өзүнүн ким экендигин көрсөтүп, төкмөлүктүн төбөсүн каңдап, тебелеп-тепседи. Бул төкмөлүк эмес, кошоматтык, арзыматтык.
Билишибизче, кезинде маркум акын аталарыбыз салмактуу кептен чубашып, ортого омоктуу ойлорду таштап, тарыхтан, ата-баба салтынан кеп козгоп айтышып, оңтою келгенде чымчышып, азыркыдай арзымат айтышуулардан качышкан. Чогулган эл алардын чукугандай сөз тапкычтыгынан, ташка тамга баскандай таамайлыгынан, күү менен сөздү камырдай жуурулуштура ырдаганынан ырахат алышкан. Азыркылардын айтышканын угуп отуруп жүрөгүң айланат. Атын атабай эле коелу, өткөн айтышта бир акын Эстебес атабыз тууралуу жакшы айтып келип, аягында "тиги дүйнөдө бойдок жүрсө болгону" деп тескери кетти. Айтыштын деңгээли улуу болбой эле куру болуп калды.
Албетте, азыр Жеңишбек, Элмирбек, Амантай, Аалы, Азамат, Шекербек сыяктуу мыкты төкмө акындарыбыз бар. Бирок, алардан кийинкилер өздөрүн "өтө чоң талант" сезип алышканы өкүнүчтүү. Мейли, төкмөлүк өнөргө аралашып калган соң төкмө атала беришсин. Бирок, шибегени капка кантип катабыз? Алардын айтыштарында келегей кептер, оркойгон одонолуктар, чачкын ой, алакөөдөндүк, мактанчаактык ачык көрүнүп, тарыхтын тамчысы, төкмөлүктүн илеби байкалбай жатса кантип аларды төкмө атайбыз?
Төкмөлүккө баш койгон жаш талант алгач элинин тарыхын жакшы билип, айтыш өнөрүндөгү улуулардын жөрөлгөсүн унутпашы керек. Ооздон чыккан ар бир сөзүнө маани берип, салмактуу, салабаттуу айтышууга аракет кылышы абзел. Кургак жамак, өзүнүкү түгөнүп калгансып өзгө элди тууроо, шылып түшөм деп шылдың болуу төкмөлүк эмес. Эл талантыңарга эмес тантырагыңарга күлүп жатканын аңдап, айтылгандарды эске алгылачы, айланайын "төкмө акын сымалдар".
Мелис СОВЕТ уулу




  Шыпаагер

Химикат дарылардан, сапатсыз азык-түлүктөн адамдар ууланып жатат

Ушу тапта элдик дарыгерликке кайрылып, чөп дарыларга маани бергендер арбын. Ошентсе да дары чөптөр менен дартынан айыгып кетүүгө болот дегенге бардык эле адамдар ишене беришпейт. Чындап эле дары чөп менен толук сакайып кетүүгө мүмкүнбү?

Буга жооп издеп профессор, хирург,
фитотерапевт МА ФЕЙ ИБРАГИМди кепке тарттык. 62 жаштагы дарыгер табигый чөптөрдүн жардамы менен он бештен ашык ооруну айыктыра алат экен.


- Ма Фей мырза, Кыргызстанга келгениңизге канча жыл болуп калды? Дары чөптөр менен кандай ооруларды айыктырасыз? Дарылангандар дарттан толук айыгышабы?
- Суук өткөн оорулар, сасык тумоо, гайморит, баш оору, шакый, ашказан оорулары, ашказан жарасы, гастрит, он эки эли ичеги оорулары, кант диабети, боор, бөйрөк, өпкө, аллергия, мастит сыяктуу илдеттерди айыктырам. Мунун баарын бир гана дары чөп менен айыктырып келатам.
- Медицина өнүккөн заманда дары чөптөр менен дарылоого адамдар ишенишпейт да. Сиз сакаюуга кандай кепилдик бере аласыз?
- Албетте, кимдин кайсы жерге, кандай доктурга көрүнүүсү өз эрки. Мага ишенбеген адамдар деле бар. Алгач дарылана баштаганда айрымдарда "чын эле чөп менен айыгабызбы?" деген күмөн саноолор болот. Азыр да биринчи келгендер көп ишене беришпейт. Бирок мага келген оорулуулардын дээрлик баары айыгып кетишти. Бул табигый чөптөр менен дарылоо ынанымдуу, таасирдүү экенин тастыктап турса керек. Адам оорусун кандай шартта, кандай ооруканада дарыланары өзү чечет. Бирок, бычаксыз операция жасап, айыктырууга менде толук мүмкүнчүлүк бар.
- Мисалы кайсы ооруну операциясыз, таза айыктыра аласыз?
- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда геморройдон жапа чеккендер көп. Аял, эркек дебей геморройго кабылып жатышат. Муну мага бул оору менен кайрылгандар көп болгондуктан айтып жатам. Геморройду операция жасаганда таза айыгат деп жүрүшөт. Геморройду кестирип салгандан кийин кайра эле пайда болгон учурлар бар. Анүстүнө операциядан кийин жамалган жерлер айрылып кетиши мүмкүн. Ага салыштырмалуу мен чөптөн жасалган дарылар менен геморройдун атын өчүрүп таштайм. Сакайган адам бул илдеттин бар экенин унутуп калат.
- Демек, табигый чөптөрдүн жардамы менен толук айыгып кетүүгө мүмкүн экен да?
- Албетте, болгону дарылоо процесси узагыраак жүрөт. Химикат дарыны ичип алып бат сакайып кеткен менен, кийин анын өткө, боорго, бөйрөккө тескери таасирлери болот. А чөптөр акырындык менен адамды илдеттен арылтып, башка органдарга зыяны болбойт. Азыр химикат дарыларсыз эле адам организми экологиялык жактан сапатсыз продуктулар менен ууланып бүттү. Муну ар бир адам эсине тутуп, дарыны көп иче берүүдөн сактанышы керек.
- Кайрылгандар кайсы илдеттен жабыр тартып жатканын кантип аныктайсыз?
- Тамырын кармап, оорусун билем. Мага келгенге чейин заманбап медициналык жабдуулар менен дартын аныктап келгендер болот. Мен койгон аныктама менен врачтардын медициналык диагнозу көп учурда дал келет.
- Дары чөптөрдү кайдан аласыз?
- Көбүнчө Кытайдан алып келем. Кыргызстанда дары чөптөр азыраак.
- Сизге кайсы аймактардан көп кайрылышат?
- Токмок, Нарын, Жалал-Абад, Казакстандан да келип дарыланып турушат.
- Кыргызстанда жүргөнүңүзгө 17 жыл болуптур. Кайсы оору менен ооругандар көп экенин байкадыңыз?
- Жогоруда айткандай, геморрой, кант диабети, ашказан жарасы мен келгенден бери күч алды. Ар кандай оор жумуштардан, бирде ток, бирде ач болгон кезде адамдын ички функциясы бузула баштайт. Жашоонун кыйындыгынанбы, айтор, акыркы кездерде өлкөдө боор, бөйрөк, өпкө, ашказан ооруларынан жабыр тарткандар кескин көбөйүп кетти.
- Сиз 62 жашта эмес, элүү жаштагыдай көрүнөт экенсиз. Мунун сыры эмнеде болду экен?
- Мен такыр кара чай ичпейм. Тамеки тарпайм, спирттик ичимдиктерден алысмын. Чөптөн гана жасалган чай ичем.
- Дайыма чөп чай ичүү адамды алсыратат го...
- Чөп чай, чөп дары ичкендин эрежеси, өлчөмү болот. Чөп чайды тамактан кийин жатаар кезде ичиш керек. Күн сайын аз-аздан ичип көнгөн оң. Баштаганда эле көп ичип жиберүү адамдын көңүлүн айнытып жибериши мүмкүн.
Мелис СОВЕТ уулу