presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Карызың болсо алып ал

"Мажбурлап таратуу токтогон"

Өткөн жылы өлкө басылмалары "Кыргызпочтасына" дооматтарды коюп, олчойгон карыздарын ала албай жатышканын жарыялашкан эле. Бул ишкананын кенебестигинен айрым гезит-журналдар да жабылып тынган. Быйыл "Кыргызпочтасынын" тегирмени кандай жүрүп жатканын сурап, экономика илиминин доктору, мекеменин башкы директору,
Жусуп ТУРГАНБАЕВге кайрылдык.
- Жусуп мырза, "Кыргызпочтасы" гезит-журналдарга миллиондоп карыз болуп кетти эле. Азыр ишкананын акыбалы кандай?
- 2009-жылы ноябрда мекеме басылмаларга жалпысынан 15 млн. сомдун тегерегинде карыз болчу. Бул сумма негизинен беш-алты, он жыл мурунку береселердин жыйындысы экен. Ошону эске алып былтыр жыл аягында карыздарды жоюнун графигин түзүп, алардын көбүн төлөп бердик. Учурда "Кыргызпочтасынын" болгону 2 млн. 300 миң сом карызы калды. Жакында бул карыз толук жоюлат. Буга мүмкүнчүлүк бар.
- Гезит-журналдарга элдин жазылуу деңгээли кандай? Кандай гезиттерге талап күч?
- Быйыл бардык гезиттерге жазылуу жакшы. Былтыркы жылга салыштырмалуу республика боюнча жазылуу 122 пайызга жогорулады. Цифра түрүндө айтсак, былтыр өлкө боюнча 118 793 адам жазылса, быйыл 139 879 окурман гезит-журналдарга жазылды. Мунун ичинен мамлекеттик басылмаларга жазылгандар көбүрөөк. Мурун өтпөгөн басылмалар пенсионерлерге мажбурланып таратылса, азыр анын баары токтотулган. Окурмандардын арызынын негизинде гана гезит-журналдар алыскы региондорго жеткирилет. Мындан сырткары "Кыргызпочтасы" чекене сатууну колго алган. Бизге жергиликтүү филиалдардан ар бир гезитке заказ түшөт. Ошону биз редакцияларга жөнөтүп, гезит чыкканда тиешелүү жерлерге жөнөтөбүз.
- Мамлекеттик гезиттерге жазылуу жакшы дедиңиз. "Кыргызпочтасында" оппозициялык маанайдагы басылмаларды таратууда чектөө барбы?
- Басылмаларды мамлекеттик, оппозициялык деп бөлүү бизде жок. Жогору жактан дагы эч кандай көрсөтмө болбойт. "Кыргызпочтасы" мамлекеттик мекеме болгону менен өкмөттөн бир тыйын албай, өзүн-өзү каржылап келатат. Биздин негизги милдетибиз - элди бардык басылмалар менен өз убагында камсыз кылуу. Ошонун эсебинен ишкана жашап жатат. Андыктан гезит-журналдардын бардыгына эле эшигибиз ачык.
- "Кыргызпочтасы" басылмаларды таркатуудан сырткары калкка дагы кандай кызмат көрсөтүп жатат?
- Азыр башка тармактар менен келишим түзүп алып, жер-жерлердеги филиалдарыбызда суу, электр энергиясы, жылуулук, байланыш төлөмдөрүн кабыл алып жатабыз. Мындан сырткары азыр банктык которуулар системасын киргизе баштадык. Муну менен "Кыргызпочтасы" мурункудай почталык жана банктык системага кирет. Азыр дүйнөнүн басымдуу мамлекеттеринде ушундай система. Мындан сырткары азыр бардык филиалдарыбызда Россиянын бардык шаарларына, темир жол, учак билеттери сатыла баштады. Эми алыскы айылдагылар райондордон эле керектүү билеттерин почта түйүндөрүнөн ала алышат.
- Азыр айылдык почта түйүндөрүнүн акыбалы начар. Почта кызматкерлери да союз маалындагыдай иштебейт. Бул жагы кандай болуп жатат?
- Туура айтасыз. Чындыгында акыркы жыйырма жылда почта тармагы каралбай калган. Биз жакында ар бир айыл, райондордогу почта түйүндөрүнүн имараттарын оңдоп, мебелдерин жаңыртып, ичин шаардагы банктардыкындай жасап чыгалы деп турабыз. Муну менен бирге почта кызматкерлерине атайын аял, эркек формаларын чыгаралы деген ниетибиз бар. Албетте форма, имарат жакшыргандан кийин элге кызмат көрсөтүү жагы да оңолот.
- Жогоруда мамлекеттен акча албайбыз, бирок, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишкана дедиңиз, мамлекеттен такыр эле жардам жокпу?
- Буга чейин мамлекет мекемени көңүл сыртында калтырып койгон. Акыркы жылдарда мыйзамдык жактан колдоо көрсөтүп, иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Азыр пособие, пенсияны жеткирүүнү бизге тапшырып, анын эсебинен кызматыбыз кеңейди. Мамлекет убагында акча бөлүп, биз аны кечиктирбей таратып берип жатабыз.
- Сөзүңүзгө аралжы, пенсионерлер почта акчаны кечиктирет, жеп коет деп айтып келишет…
- Албетте, мурун почта тармагында акча жегендер болгон. Анда почта кызматкерлери миң сомго жетпеген айлык алышчу. Орто жолдон чоң акча кымырып алган фактылар да ачыкка чыккан. Азыр анын баары токтогон. Албетте, азыраак акчаны өз кызыкчылыгына иштетип жибергендер азыр деле бар. Бирок, аларды өз маалында жоюп жатабыз. Бүгүнкү күндө почта кызматкерлеринин орточо айлыгы 2500-3000 сом. Жаңы жылдан тарта республикадагы почта кызматкерлеринин айлыгы дагы 500 сомго жогорулатылды. Мурун айлыктын аздыгынан бизге кызматкерлер токточу эмес. Азыр бизге жумушка кирүүгө кезекке туруп калышты. Кыскасы, почта тармагы эми жанданып келатат. Буюрса, эки жыл ичинде "Кыргызпочтасы" ирденип, өзгөрүүлөр болот.
Мелис СОВЕТ уулу




  Бээ көрдүңбү, төө көрдүңбү...

Шектүү шекинет

Ушул жылдын 4-мартында Баткен облусунун Айрыбаз чегара постунда биздин жерге өзбекстандык эки адам чегараны мыйзамсыз бузуп киргендиктен атылып, бири ошол жерде каза болуп, экинчиси жарадар болгондугу маалымдалган. Жарадар болгон өзбек жаранын Кызыл-Кыя шаарындагы райондор аралык ооруканага алып келип жаткырышкан. Бирок арадан бир жума өтпөй жарадар болгон өзбек ооруканадан качып кеткени дайын болду.

Биринчиден, атылгандар жөнөкөй адамдар эмес өзбек чегарачылары болуп чыкты. Алардын бири офицер чининде экен. Бул боюнча биздин чегара кызматынын төрагасы да коомчулукка так маалымат берген эмес. Жөн гана кыргыз чегарачыларынын аракети туура экендигин, муну менен өзбек тарап макул болгонун билдирген. Бирок оор жарадар болгон киши ооруканадан кантип качып кетти деген суроо ойлондурбай койбойт. Экинчиден, өзбек чегара кызматкерин Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн бир кызматкери, кыргыз чегара кызматынын бир кызматкери кайтарууга алган. Ушундай, кайтарууда турган киши кантип качып кетет? Буга ким көмөктөшкөн сыяктуу суроолорго бүгүн жооп жок. Көрсө, жарадар кишини өзбек коопсуздук кызматы алып чыгып кеткени дайын болду. Себеби, Айрыбаз постунда жана кыргыз-өзбек башка чегара постторунда эки тараптын чегарачылары контрабанда менен шугулданаары эч кимге жашыруун эмес. Ошол күнү алар чегара кызматынын төрага орунбасары Чолпонбек Турусбеков ырастагандай, чегараны бузуп кирген эмес. Себеби, өзбек тарап мындай деп ойлобойт. Тескерисинче алар ошол жерге согуш техникаларын алып киришкен. Чолпонбек Турусбеков бул маалыматты ырастаган менен, жарадардын кантип качып кеткенин жана алардын аскер кишилери экенин айтпай жатат.
Эмне болгон күндө да жарадар аскер кызматкеринин уурдалып кетиши биздин бетибизге жабылган көө болду. Эмне үчүн уурдап кетти деген суроого божомол менен жооп издөөгө болот. Алар кыргыз чегарасына алгач жолу кирген эмес. Мурдатан тааныш болуп контрабанда боюнча тыгыз кызматташканы көрүнүп турат. Эгер алар жөнөкөй жарандар болгондо онго жакын постто турган куралчан кишилер эки адамды атпай эле колго түшүрсө болот эле. Ошондо да эмне үчүн жарадар чегара кызматкерин өзбектер уурдап кетишти, уурдабай эле ал айыккандан кийин ишти териштирип, анан өзбек тарапка берсе болбойт беле деген суроо көптөгөн шектүү иштерден кабар берет. Биринчиден, жарадар өзбек кызматкерин кыргыз тарап кайтарууга алып, окуя боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү. Эгер тергөө башталса контрабандалык иштердин бети ачылып, мунун артында турган өзбек аткаминерлери ачыкка чыкмак. Ошондуктан муну өзбек кызматтары атайын жасады. Экинчиден, Айрыбаздагы кыргыз чегара кызматкерлери өздөрүнүн шектүү иштеринен чочулап, жарадар жоокерди атайын качырып жиберди. Себеби, ал эки тарап жасап жаткан контрабандалык иштердин баарын ачыкка чыгармак.
Эмне болгон күндө да бул окуя араң турган кыргыз-өзбек алакасына доо кетирди. Чегарага аскер техникаларын алып келүү мыйзамсыз болсо да өзбек тарап муну жасап жатат. Эми алар өз жаранын алып чыгып кеткенден кийин биздин чегара кызматына ар түрдүү дооматтарды айта бериши толук мүмкүн. Айланып келип бул окуядан карапайым калк жабыркайт. Бул окуяга өзбек тарап дал ушундай окуя менен жооп бербейт деп эч ким кепил боло албайт.
Баткенге негизинен контрабандалык жүк катары Өзбекстандан солярка, бензин, азык-түлүк жана жер семирткич келери белгилүү. Ал эми Кыргызстандан буудай, ун азыктары жана кийим-кечек кирет.
Ошентип өзбектер өз жаранын мекенине алып кеткенине азырынча эч ким деле көңүл бурган жок. Бирок бул боюнча сөзсүз күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш.
Келдибек НАЗИРОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??