19.03.10 - 8-бет: Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ары карап ыйлап, бери карап күлүп

"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
(Уландысы. Башы өткөн санда)
- Себеп?
- Сурооңузга жооп берерден мурда аскер базасын жайгаштыруунун башкы максатына токтолсом. Совет доорунда ордолуу Ошто десанттык полк курулган. Медведев администрациясы базаны дал ошол аймакка жайгаштырууну пландоодо. Ал эми кыргыз бийлиги аскер базаны Баткен дубанына орнотууну сунуш кылган.
Ак үйдөгүлөр түштүктө аскер база турса эле терроризм, наркобизнеске чоң сокку урулат деген ойго бекишкендей. Жеке мен мындай пикирге кошулбайт элем. Анткени, расмий Москванын Тажикстандагы аскер базасы наркобизнес, терроризмге каршы күрөш жүргүзө албады. Буга турмуш өзү күбө.
Маектин мурдагы бөлүгүндө Россиянын экономикалык потенциалы төмөн экендигин айттык. Мындан улам, орус бийлиги жок дегенде Кыргызстанга окшогон чакан мамлекетке өзүнүн базасын жайгаштырып, ал аркылуу Орто Азия чөлкөмүндө таасирин сактап калуу жандалбасын көрүп атыр.
- Ташкент - Москва ортосундагы карым-катнаш бузулган деле жок го. Анда коңшулар түштүккө салынчу базадан неге кооптонот?
- Өзбекстандын тышкы саясаты өзгөрүлмөлүү. 1990-жылдары Батыш менен жылуу алака түзгөн. Андан соң Россияга ыктап кетишти. Алортодо беш өлкөдөн куралган ГУАМ (Грузия, Украина, Азербайжан, Молдова) уюмуна киришти. Ачык айтылбаса да, аталган уюм Кремлге каршы тымызын аракет жасачу. Кийинчерээк Өзбекстан ГУАМдын катарынан чыкты. 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин Вашингтон - Ташкент мамилеси кескин начарлады.
Каримов администрациясы эми кайрадан АКШга ыктай баштады. Себеби, а киши Москвадан пайда чыкпасын түшүнүп калды. Былтыр Кыргызстан Америка базасын өлкө аймагынан чыгаруу чечимине келгени эсиңиздеби? Ташкент мындай урунттуу кырдаалды пайдаланууну көздөп, Американын базасын Ханабадга жайгаштыруу сунушун киргизген. Жыйынтыгында ала допучан туугандар чоң жеңишке жетишти. Аскердик кызматташууга байланыштуу эки мамлекет ортосунда жаңы келишим түзүлдү. Ага ылайык, өзбек жарандары АКШда эмгектенүү укугуна ээ болду. Ал келишим дале күчүндө.
Ташкенттин түштүккө жайгашчу орус аскер базасынан кооптонгудай жөнү бар. Цхинвалдагы окуяда орус солдаттары Гориге чейин кирип кетишкен. Натыйжада, карапайым калк гана зыян тартты. Бул аркылуу Москва Грузияга сес көрсөткөнүн айтпасак да түшүнүктүү. Ушул өңдөнгөн баш оорунун Ташкентке дегеле кереги жок.
Кыргызстан тышкы саясатын жөндөй албаганы аз келгенсип, өз кызыкчылыгын коргогонго алсыз. Ошол эле "Гансини" мисал тарталы. АКШ аскер базасы бизде 2001-жылдан бери турат. Андан жарыбаган ижара акысынан сырткары, кандай пайда тапканыбыз коомчулукка бүдөмүк.
Кыргыздар негизинен тышкы саясатта туруксуздугун көрсөтүп келет. Айткан убаданы толук аткарбайбыз. Ак үйдүн 7-кабатындагылар Москвадагы визитинен кийин эле "Манастагы" база кетсин!" обонун созуп калат. Андан көп өтпөй Вашингтондон алакандай кат келди эле, базанын статусун өзгөртүп, жүк ташуучу борборго айландырып койдук. Минтип олку-солку саясат жүргүзгөн мамлекет менен кимдер кызматташууну кааласын?
- Аналитиктердин баамында, Кыргызстан - Өзбекстан мамилеси сууп баратыптыр. Мында чындыктын үлүшү канчалык?
- Билинбегени менен, эки өлкөнүн "группировкалары" ортосунда кармаш жүрүүдө. Ага жергиликтүү деңгээлдеги чатактардын арбышы кошул-ташыл болуп, Бишкек -Ташкент алакасы муздап бараткандай таасир жаратууда. Болбосо, Каримов "кыргыз жаранын атып сал же барымтага ал" деп буйрук бербейт да. Бирок, мындан республикалык масштабдагы чатак оту тутанышы ыктымал. Андайга жетпейли десек, Өзбекстан менен чегара маселесин чечиш керек.
- "Виктор Янукович Кремлдин колдоосу астында президенттик такка отурду" дешет. Ал эми кечээ жакында премьер-министр Владимир Путин Грузиянын оппозиция лидери Нина Бурджанадзени кабыл алганы маалымат каражаттарында кенен чагылдырылды. Бул нени каңкуулайт? Ушундай кырдаалда Москва кыргыз оппозициясына колдоо көрсөтүшү мүмкүнбү?
- Оппозиция бийликке жетиш үчүн ички-тышкы күчтөргө таянары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ал эми Януковичти Россияга жан тарткан лидер деп шарттуу гана айтсак жарашат. Себеби, Украинанын батыш бөлүгү Москвага дайыма каршы. Орустарга өлкөнүн чыгышы гана кичине боор бериши ыктымал. Негизи Януковичтин президенттикке шайланышы менен эле Россия - Украина алакасы жакшырып кетет деген калпыс түшүнүк. Кандай болгон күндө да украин бийлиги Батыш, Европа өлкөлөрү менен мамилесин үзбөйт. Тескерисинче, жакшыртат.
Кыргыз оппозициясында биримдик, таасирдүү фигура жок. Анан кантип Россия аларга жардам көрсөтсүн? Сырткы күчтөр жөндөн жөн эле оппозицияга кол сунуп, каражат бөлбөйт.
- Экс-президент А.Акаев 2005-жылдагы март ыңкылабы Американын колдоосу астында жүзөгө ашканын кыйыткан жайы бар…
- 2005-жылы оппозицияны Батыш каржылады деген болбогон сөз. Март окуясында Баяман Эркинбаев, Рыспек Акматбаев сындуу жигиттер, дагы биртоп ишкерлер орчундуу роль ойноду. АКШ көмөгү менен Ак үйгө келгени чын болсо, кыргыз бийлиги батышчыл саясат жүргүзбөйт беле? Президент анткен жок. Бакиевдин иш-аракети Вашингтонго караганда, Кремлге жан тарткандай таасир калтырат.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




  Жаңы тарыхтан

Аксы окуясын кимдер кол жоолук кылган?

Ачыгын айталы, 2002-жылы 17-мартта Акаев бийлигинин огунан улам жүз берген Аксы окуясын кимдер гана пайдаланган жок?.. Далай саясатчылар алты жигитинен айрылган аксылыктардын муң-зарын жөн гана курал катары колдонуп, элдин артына жашынып жүрүп атын чыгарып, атургай өзүнүн кээ бир жеке маселелерин чечип саясый имидж жасап алды.
Мындай окуялардын эң орчундуусу катары 2005-жылы 24-мартта "учкундан жалын тутанып" отуруп, эл эски бийликти кулатканын айтса болот. Бүгүн бийликте да, оппозицияда да ушул окуяны бетине кармап кадыр-барк күтүп, максатына жетип, ошондой эле аны өзүнүн жей турган наны катары пайдаланып келаткандар бар. Керек болсо ушунча убактан бери Азимбек Бекназаровду Бекназаров кылып келаткан да ушул Аксы окуясы. Кезегинде аксылыктар Бекназаровго өз ишенимин берип, төшүн окко тосту. Намыс үчүн болсо да кайра-кайра депутаттык мандаттуу кылды. Ал эми Бекназаров аксылыктар үчүн эмне берди?..

Эскере кетсек, 2002-жылы 17-мартта Аксыда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылыгын билдирип жана ал учурдагы өз депутаты А.Бекназаровдун камалышына нааразы болуп райондун борборуна карай жөө жүрүш менен бара жаткан элге бийлик ок чыгарган. Бул күнү төрт киши курман болуп, эртеси, 18-март күнү райондун борбору Кербенде милициянын аткан огунан дагы бир жигит, токмогунан бир киши каза тапкан. Бир канча адам милиция кызматкерлери тарабынан аеосуз сабалган. Көрүнүп тургандай, ок милиция кызматкерлери тарабынан жөн эле сактануудан же чочуп кеткенден чыккан эмес. Жүрүшкө чыккан эл ичинен алты кишинин төртөө 17-мартта, ал эми экөө эртеси атылып, сабалып жатпайбы. Башкача айтканда, мындан аксылыктарды атууга күн мурунтан буйрук берилгенин түкшүмөлдөсө болот. Учурунда бул окуяга байланыштуу айыпталып, сот жообуна тартылган бардык мамлекеттик кызматкерлер акталып кетишкен. Революциядан кийин президент Курманбек Бакиев мурдагы прокурорлорго дагы, андан кийинки прокурорго дагы Аксы окуясын аягына чыгаруу боюнча катуу тапшырма берген. Элмурза Сатыбалдиевдин учурунда бул ишке чекит коюлгандай болгон. Тилекке каршы, серепчилер мында деле чабактар гана тутулуп, дөө-шаалар суудан кургак чыкканын айтышат.
Аксы окуясы бийликке да, элге да биртоп сабак берди. Ошолордун ичинен бийлик башына иш түшкөндө кол алдындагы кызматкерине керек болсо өз элин атууга буйрук берип, бирок жооп берүүгө келгенде четке чыгып, тиги бечараны отко салып берерин эске түйүп коюу керек. Ошол эле учурда аксылыктардын кайсы бир бөлүгү курулай сөзгө алданып, ким бирөөнү идеал тутуп алуунун акыры өкүнүч менен бүтөрүн түшүндү. "Эл үчүн кан-жанын аябайт, акыйкат, адилет, элдин ырыскысын жебейт, ар бир карапайым адам үчүн күйөт" деген кишиң деле кара курсагынан бийик тура албаган көрпенде экенин билди.
Болгону бийликтин огунан курман болгон албан-субандай алты жигиттин, анан дагы айтылуу боордошубуз Шералы Назаркуловдун үй-бүлөсү үчүн гана 17-18-март күндөрү кайгы алып келген кара күн катары кала бермекчи. Баса, Аксы окуясы тууралуу саясатчылардын бир нече китептери, башка биртоп материалдар да жарык көрдү. Аларда деле акыйкаттык жүз пайыз чагылдырылганына ишенүү кыйын. Буга кийин тарыхчылар өз баасын берер.
Анткен менен аксылыктардын окко тике караган эрдиги эч качан унутулбайт. Өткөн 17-мартта Боспиекте окко учкандарды эскерүү митинги болду. Ага жүздөй адам катышты.
Зайырбек АЖЫМАТОВ