presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Аман эле болгула

Курултай куну кеттиби?

17- мартта элдик курултай Алмазбек Атамбаевдин Алматы көчөсүндө жайланышкан "Форум" имаратынын жанында өттү. Бирок курултай деп аталган менен ал жыйындын табияты кадимки эле митингден айырмаланган жок. Ушунун өзү эле оппозиция жыйын же нааразылык акциясын өткөрсө салтка айланган күн тартибинен четтей албаганын ырастайт. Ар дайым Текебаев, Отунбаева, Тургуналиев, Сариев, Бекназаров ж.б. анабашылар узун сабак сөз сүйлөйт. Кептин мазмуну баштан аяк бийликти бир беткей жамандап, оттон алып көргө салуу.
Бийлик ынтымак курултайын өткөрөрүн жарыялагандан кийин ага барбай өздөрүнчө элдик курултай өткөргүсү келген оппозиция дегеле курултайдын маани-маңызын төмөн түшүрүп жибергенин 17-марттагы митинг ырастады. Курултай эмес, митинг дешсе эле болмок экен.
Митингге ИИМ ырастагандай 1,5 миң адам бардыбы же оппозиция айткандай 7 миң киши келдиби, кеп анда эмес. Оппозиция чакырган жыйынга эл эмне үчүн келди деген суроонун астында ой калчоо зарыл. Эгер эл чын эле тарифтердин көтөрүлгөнүнө нааразы болсо, оппозиция лидерлери чечендигин көрсөтпөй, так ошол баалардын көтөрүлүшүнөн жабыркаган кишилерди сүйлөтүп трибунага чыгарыш керек болчу. Ошондо оппозиция элди атайын дүрбөтпөгөнү ырасталмак. Демек, 17-мартта өткөн элдик жыйындын максаты экономикалык мүнөздө эмес, саясый мүнөздө болгону аныкталды. Ө.Текебаев, Р.Отунбаева, Т.Сариев, Т.Тургуналиевдин сүйлөгөн сөздөрү буга чейин айтылып келаткан нерселер гана болду. Жыйынтыгында туруктуу иштей турган координациялоочу орган түзүлүп, анын башына Роза Отунбаева шайланды. Андан кийин дубандардан келген делегаттарга да сөз берилди.




  Ай, тыйылбайт го

Баңгизат бардагынан

Ооганстандагы апийимдин түшүмү 2010-жылда да азайбайт. Мындай бүтүмдү ООНдун генералдык катчысы Пан Ги Мун коопсуздук кеңешмесиндеги докладында көрсөткөн. Азыр Пан Ги Мун иш сапары менен Москвада жүрөт.
Ооганстанда героиндин чийки заты болуп эсептелген апийим өстүрүлөт. Ал дүйнөлүк өндүрүлгөн баңгизат көлөмүнүн 90 пайызын түзөт. Россия героинди колдонуу боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы орунда турат. Алардын үлүшүнө 21 пайыз туура келет. Ошондо россиялыктар бир жылда 80 тонна героин колдонот. Мунун айынан Россияда жыл сайын 30-40 миң киши өлүп турат.
2009-жылда Ооганстандын баңгизат боюнча күрөшүүчү полициясы 36,5 тонна апийим, 5 тонна героин тартып алышкан. Мындан тышкары 29 миң литр героин жасоого керектүү суюктук тартылып алынган. Бул операцияга Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары катышкан. ООНдун баш катчысы Ооганстан боюнча маселени Россия менен талкуулап, Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери менен да сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бирок Россия ар дайым ооган маселесин жөнгө салууда ШОС, ОДКБ уюмдарын кеңири пайдаланууну сунуштаганы менен, ООН менен АКШ буга бир тараптуу жооп берген эмес.





  Караңгылык

Кулак качан ачылат?

"Азаттык" радиосу Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында уктурулбай калганына байланыштуу ушул жумада ОБСЕнин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында пикет өттү. "Азаттыктын" берүүлөрү күн санап жер-жерлерде эфирге чыкпай, угуучулар кабатыр болуп жатышкан.
Мисалы, февраль айында Кызыл-Кыя шаарында "Роял" радиосу кызматташуудан баш тарткан. Андан кийин 10-мартта "Манас жаңылыгы" телеканалы, 11-мартта радио "Окей", 12-мартта Нарындагы "Нарын Алмаз" радиолору "Азаттыктын" берүүлөрүн токтотушкан. Пикетке Топчубек Тургуналиев, Болот Шерниязов, Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, ж.б. оппозициядагы адамдар катышып, бийлик муну атайын жасап жатат деп айыпташты. Топчубек Тургуналиев 2005-жылы март айында да "Азаттыктын" берүүлөрү уктурулбай кырдаал ушундай болгонун өзгөчө белгиледи.
ОБСЕнин Бишкектеги өкүлчү-лүгүнүн жетекчи орунбасары Лион Дарий "Азаттыктын" берүүлөрү көпчүлүк жерлерде уктурулбай калганына кабатыр болгонун белгилеп, "Азаттыктын" уктурулуп турушу Кыргызстанда сөз эркиндигинин бар экендигинин белгиси катары сыпаттады.
Негизинен Кыргызстанда "Азаттык" радиосунун менчик толкуну жок. Ошондуктан алар жергиликтүү радиолор менен байланышат. Азыр "Азаттыктын" берүүлөрүн Баткендеги "Салам" радиосу үзгүлтүксүз уктуруп жатат. Радионун интернет сайты ачылбай калганы жөнүндө да сөз болду.




  Чүмбөт сыйрылды

Алдап жеген аш болбойт

Баткенде каржы полициясы финансы пирамидасын уюштуруучуларынын ишмердүүлүгүнө чекит койду. "Интернационал" фонду жана "Мир kg." коомдук бирикмеси лицензиясы жок эле элден акча чогултуп жүргөнү ашкереленген.
Алар алгачкы капиталы жок финансы пирамидасын түптөп, мыйзамсыз каражат топтошкон. Азыр бул боюнча кылмыш иши козголуп күнөөлүүлөргө айып коюлду.
Каржы полициясы ошону менен бирге Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл өкмөтүнүн жер боюнча адисине кылмыш ишин козгоду. Ал кайра бөлүштүрүү фондундагы жерден 73,89 гектарды ижарага мыйзамсыз берип жиберген. Бул иш жалган документтер аркылуу жүргүзүлгөн.


  Дурусу да бурушу да бар

Тестирлөөнүн тек жайы

Орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө жалпы республикалык тестирлөөгө катышуу үчүн каттоо иштери башталды. Тестирлөө боюнча бир топ терс пикирлер айтылып келе жатканына карабай ЖОЖдорго өтүү үчүн мындан башка жол табылбай турат.
Быйылкы жылда окуучулар негизги тест менен кошо предметтик тест да тапшырышат. Бул иш-чара 21-майдан 31-майга чейин уланат. Тестирлөө кыргыз, өзбек, орус тилдеринде жүргүзүлөт. Өткөн жылда окуучулар бул үчүн 220 сом төлөшкөн. Ал эми быйылкы жылдагы наркы азырынча белгисиз.
Окуучуларды ушундай ыкма менен жогорку окуу жайларына тандоодо төгөрөгү төп келген балдар тандалат деген түшүнүк туура эмес. Муну ЖОЖ окутуучуларынын көпчүлүгү ырастайт. Ошондуктан тестирлөөдөн кийин аңгемелешүү же экзамен алуу сунушун айтышат. Бирок бул жерде кайрадан паракорлук башталып кетеринен чочулагандар көп. Адистер арасында тестирлөө сыяктуу жалпы республикалык экзамен алууну сунуштагандар да бар. Себеби, окуучулардын көпчүлүгү бир гана тестирлөөгө ыңгайлашып, алардын чыныгы билимин текшергенге мүмкүн болбой жатат.
Бетти даярдаган Келдибек НАЗИРОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"
email • архив • редакция 
19-март, 2010-ж.:
1-бет
Элмара тамадаларды тизип "партия" түздүбү?
2-бет
Оюндан "от" чыгып бут сынды
3-бет
Сая-саалы
4-бет
Актанмай менен мактанмай
5-бет
Кыргыз кыйырынан
6-бет
Биз качан электр кадырына жеттик эле?
7-бет
Курултай куну кеттиби?
8-бет
"Россиянын Орто Азияга таасири азайып барат"
9-бет
"Мажбурлап таратуу токтогон"
10-бет
Эки түркүктү бекемдесек
13-бет
Сот адилеттиги ушубу?
14-бет
"…Жигитте да жигит бар, азаматы бир бөлөк"
15-бет
Бүтпөгөн курултайлар, ыраазы кылбаган отчет жана оппозиция
16-бет
Ооруктагы оор күндөр
17-бет
Суукта майкечен жүргөн Дайыр Исмадияров
18-бет
Бала бакчалар "баса" баштадыбы?
19-бет
Таманы тарыхта калган, жасаганы көкүрөктөн өчпөгөн ата-апалар
20-бет
йттырбай келген жоо
22-бет
Тазаруунун майрамы
23-бет
Байлыкты тапкан эмес, күтө билген бай
24-бет
МИҢ ТҮРКҮН АДАМ
25-бет
Чемпион жаңыланды
26-бет
Кыргызстан Голливудга айланабы?
27-бет
Сүт эмүүчүлөр классы





??.??